Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
КР Өкмөтүнүн (Макулдашуулардын долбоордарды жактыруу боюнча) буйругу
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ БУЙРУК 2014-жылдын 13-майы № 157-б Бишкек шаарынын калкын чарбалык-ичүүчү суу жана саркынды сууларды чыгаруу менен камсыздоо максатында:
1. Расмий тилде тиркелгендер жактырылсын:
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Европалык реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын ортосундагы "Бишкек шаарындагы суу менен жабдууну жана канализацияны реабилитациялоо жөнүндө" Насыялык макулдашуунун долбоору;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн, Бишкек шаарынын мэриясынын, "Бишкексууканал" өндүрүштүк-эксплуатациялык башкармасынын жана Европалык реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын ортосундагы Глобалдык Экологиялык Фонддун Климаттын өзгөрүшү боюнча атайын фонду (SCCF) каржылоочу Инвестициялык грант тууралуу Гранттык макулдашуунун долбоору;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Швейцария Конфедерациясынын Өкмөтүнүн ортосундагы Швейцариянын Экономикалык маселелер боюнча катчылыгы (SECO) тарабынан берилүүчү "Бишкек шаарындагы суу менен жабдуу жана канализация тутумдарын реабилитациялоо (II фаза)" долбоорун финансылык колдоо үчүн грант берүү жөнүндө макулдашуунун долбоору.
2. Кыргыз Республикасынын финансы министрине ушул буйруктун 1-пунктунда көрсөтүлгөн макулдашуулардын долбоорлоруна принциптүү эмес мүнөздөгү оңдоолорду киргизүү укугу менен кол коюуга ыйгарым укук берилсин.
3. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги "Бишкек шаарындагы суу менен жабдуу жана канализация тутумдарын реабилитациялоо" долбоору боюнча Насыялык жана гранттык макулдашууларда каралган каражаттарды жалпы бир сумма катары карасын.
Биринчи вице-премьер-министри, Премьер-министрдин милдетин аткаруучу
Д.Сарпашев
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.