Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
Бишкек шаардык кеңешинин «Бишкек шаардык кеңешинин 2015-жылдын 8-декабрындагы № 166 «Бишкек шаарында суу менен жабдуу жана канализацияны калыбына келтирүү» долбоорун ишке ашыруу үчүн кредит алууну жактыруу жөнүндө» токтомуна өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу» токтому
БИШКЕК ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН ТОКТОМУ
2022-жылдын 29-сентябры № 45 Бишкек шаардык кеңешинин 2015-жылдын 8-декабрындагы № 166 "Бишкек шаарында суу менен жабдуу жана канализацияны калыбына келтирүү" долбоорун ишке ашыруу үчүн кредит алууну жактыруу жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу Кыргыз Республикасынын "Ичүүчү суу жөнүндө" Мыйзамына ылайык, Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасынын ченемдик актынын бузууларын четтетүү тууралуу сунуштамасын (2022-жылдын 23-майындагы чыгыш № 14/10-22) карап чыгып, Бишкек шаардык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Бишкек шаардык кеңешинин 2015-жылдын 8-декабрындагы № 166 "Бишкек шаарында суу менен жабдуу жана канализацияны калыбына келтирүү" долбоорун ишке ашыруу үчүн кредит алууну жактыруу жөнүндө" токтомуна төмөнкү өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилсин:
а) киришме "Кыргыз Республикасынын "Ичүүчү суу жөнүндө" Мыйзамын жетекчиликке алып" деген сөздөр менен толукталсын;
б) 2-пункттун 2-абзацы төмөнкү редакцияда берилсин: "8000000 (сегиз миллион) евро өлчөмүндө алынган кредитти жана пайызды жоюунун булагы болуп республикалык, жергиликтүү бюджеттер, мамлекеттик уюмдардын бюджеттен тышкаркы каражаттары жана Кыргыз Республикасынын мыйзамына карама-каршы келбеген башка булактар каржылоо булагы болуп аныкталсын;
в) 2-пункттун 3-абзацы алынып салынсын;
г) 4-пункт төмөнкү редакцияда берилсин: "4. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Бишкек шаардык кеңешинин экономика, бюджет, финансы жана инвестициялар боюнча, турак жай-коммуналдык чарба, отун-энергетикалык комплекси, транспорт, коммуникациялар жана экология боюнча туруктуу комиссияларына, Бишкек шаарынын биринчи вице-мэрине, транспорт, шаар куруу жана архитектура маселелери жана турак-жай-коммуналдык чарба маселелери боюнча Бишкек шаарынын вице-мэрлерине жүктөлсүн.".
2. Бишкек шаарынын мэриясы Бишкек шаардык кеңешинин 2018-жылдын 6-февралындагы № 54 "Бишкек шаардык кеңештин "Бишкек шаарынын Түштүк зонасындагы суу түтүк жана канализациянын долбоорлонгон тармактарына техникалык шарттарды берүү жана курулуш, реконструкциялоо, багытын өзгөртүү, кайра пландоо объекттерин кошуунун тартиби жана шарттары жөнүндө жобону жана долбоорлонгон инженердик тармактарга техникалык шарттарды берүүгө жана курулуш, реконструкциялоо, багытын өзгөрүү, кайра пландоо объекттерин кошууга уруксат берүүгө тарифтерди бекитүү жөнүндө" токтомун Бишкек шаардык кеңешинин 2015-жылдын 8-декабрындагы № 166 "Бишкек шаарында суу менен жабдуу жана канализацияны калыбына келтирүү" долбоорун ишке ашыруу үчүн кредит алууну жактыруу жөнүндө" токтомуна ылайык жеткиликтүү иштеп чыксын.
3. Бишкек шаарынын мэриясы "Бишкексуукакал" ӨЭБсы менен бирдикте 6 айдын ичинде үлүштүк каражаттарды чогултуу тартиби жөнүндө жобону даярдасын жана Кыргыз Республикасынын мыйзамы тарабынан белгиленген тартипте Бишкек шаардык кеңешине бекитүүгө киргизсин.
4. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Бишкек шаардык кеңешинин экономика, бюджет, финансы жана инвестициялар боюнча, турак жай-коммуналдык чарба, отун-энергетикалык комплекси, транспорт, коммуникациялар жана экология боюнча туруктуу комиссияларына, Бишкек шаарынын биринчи вице-мэрине, транспорт, шаар куруу жана архитектура маселелери жана турак-жай-коммуналдык чарба маселелери боюнча Бишкек шаарынын вице-мэрлерине жүктөлсүн.
Бишкек шаардык кеңешинин төрагасы
К.К. Конгантиев
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 3 · цитата келтиргендер: 1 · байланышкандар: 0
Цитата келтиргендер (1)
Шилтеме берет (3)
- Ичүүчү суу жөнүндөЗакон · 25.03.1999 · № 33
- Бишкек шаардык кеңеши 2015-жылдын 8-декабрындагы № 166 “Бишкек шаарында суу менен жабдуу жана канализацияны калыбына келтирүү”долбоорун ишке ашыруу үчүн кредитти алууга макулдук…Постановление · 08.12.2015 · № 166
- Бишкек шаардык кеңештин 2018-жылдын 6-февралындагы № 54 "Бишкек шаардык кеңештин “Бишкек шаарынын Түштүк зонасындагы суу түтүк жана канализациянын долбоорлонгон тармактарына…Постановление · 06.02.2018 · № 54 · Күчүн жоготкон