4-берене
Күчүндө · 06.10.2026 редакциясы
Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза процессуалдык кодексине ("Эркин-Тоо" гезити, 2021-жылдын 16-ноябры, № 122-133) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) 102-берененин 1-бөлүгү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"1. Иш жүзүндө кармалгандан кийин тергөөчү шектүүнүн кармалгандыгы жөнүндө анын жакын туугандарынын кайсы бирөөнө, жубайына, ошондой эле адвокатына кабарламаны жиберүү жана алуу фактысын белгилөөгө мүмкүнчүлүк берүүчү кабарламаларды кепилденген жеткирүү сервиси аркылуу токтоосуз кабарлоого милдеттүү. Кабарламаны көрсөтүлгөн сервис аркылуу жиберүү үчүн техникалык мүмкүнчүлүк же болбосо зарыл болгон маалыматтар жок болгон учурда, кабарлама тиешелүү кабарлама жиберилген жана дарек ээси тарабынан алынган фактысын белгилөөгө мүмкүндүк берүүчү СМС-билдирүү, электрондук почта же телекоммуникациянын башка ушуга окшош формалары аркылуу жөнөтүлөт. Тергөөчү шектүүнүн өзүнө да акысыз кабарлоо мүмкүнчүлүгүн берүүгө милдеттүү. Жүргүзүлгөн кабарлоо жана аны жүзөгө ашыруунун ыкмасы тууралуу тиешелүү белги кармоо жөнүндө токтомго коюлат. Кабарламаларды кепилденген жеткирүү сервисинин иштөө тартиби, ошондой эле көрсөтүлгөн сервис аркылуу кабарламаларды (кабарлоолорду, чакыруу кагаздарын, документтерди) жиберүү, жеткирүү жана белгилөө Министрлер Кабинети тарабынан аныкталат.";
2) 196-беренеде:
а) 1-бөлүк төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"1. Күбө, жабырлануучу, ошондой эле эркиндикте жүргөн шектүү же болбосо айыпталуучу суракка чакыруу кагазын жөнөтүү жана алуу фактысын белгилөөгө мүмкүндүк берүүчү кабарламаларды кепилденген жеткирүү сервиси аркылуу жиберилүүчү чакыруу кагазы менен чакырылат. Анда ким жана кандай сапатта, кимге жана кайсыл дарекке чакырылып жаткандыгы; суракка келүү убактысы (күнү, сааты), адвокатты чакыруу укугу, ошондой эле жүйөлүү себептерсиз келбей коюунун кесепеттери көрсөтүлүүгө тийиш. Кабарламаларды кепилденген жеткирүү сервиси аркылуу чакыруу кагазын жиберүү үчүн техникалык мүмкүнчүлүк же болбосо зарыл болгон маалыматтар жок болгон учурда, чакыруу кагазы тиешелүү чакыруу кагазы жиберилген жана дарек ээси тарабынан алынган фактысын белгилөөгө мүмкүндүк берүүчү СМС-билдирүү, электрондук почта же телекоммуникациянын башка ушуга окшош формалары аркылуу жөнөтүлөт. Жогоруда көрсөтүлгөн ыкмаларды колдонуу мүмкүнчүлүгү жок болгон учурда, кабарлоо кол койдуруп алуу менен тапшырылгандыгы жөнүндө кабарлоосу бар тапшырык кат аркылуу жиберилүүчү чакыруу кагазы менен жүзөгө ашырылат. Чакырылуучу жок болгон учурда, ага өткөрүп берүү үчүн чакыруу кагазы анын үй-бүлөсүнүн жашы жеткен мүчөлөрүнүн бирине колун койдуруп алуу менен тапшырылат. Кабарламаларды кепилденген жеткирүү сервисинин иштөө тартиби, ошондой эле көрсөтүлгөн сервис аркылуу кабарламаларды (кабарлоолорду, чакыруу кагаздарын, документтерди) жиберүү, жеткирүү жана белгилөө Министрлер Кабинети тарабынан аныкталат.";
б) 2-бөлүк күчүн жоготту деп таанылсын;
3) 226-берененин 1-бөлүгү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"1. Атайын тергөө аракеттерин жүргүзүүнүн жыйынтыгында укуктары чектелген адамдар чектөөнүн орун алгандыгы тууралуу тергөөчү тарабынан кабарламаны жиберүү жана алуу фактысын жазууга мүмкүндүк берүүчү кабарламаларды кепилденген жеткирүү сервиси аркылуу кабардар болууга тийиш. Кабарламаларды кепилденген жеткирүү сервиси аркылуу кабарлама жиберүү үчүн техникалык мүмкүнчүлүк же болбосо зарыл болгон маалыматтар жок болгон учурда, кабарлама тиешелүү билдирүү жиберилген жана дарек ээси тарабынан алынган фактысын белгилөөгө мүмкүндүк берүүчү СМС-билдирүү, электрондук почта же телекоммуникациянын башка ушуга окшош формалары аркылуу жөнөтүлөт. Кабарламаларды кепилденген жеткирүү сервисинин иштөө тартиби, ошондой эле көрсөтүлгөн сервис аркылуу кабарламаларды (кабарлоолорду, чакыруу кагаздарын, документтерди) жиберүү, жеткирүү жана белгилөө Министрлер Кабинети тарабынан аныкталат.";
4) 242-беренеде:
а) 1-бөлүк төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"1. Эркиндикте жүргөн айыпталуучу суракка чакыруу кагазын жиберүү жана алуу фактысын белгилөөгө мүмкүндүк берүүчү кабарламаларды кепилденген жеткирүү сервиси аркылуу жиберилүүчү чакыруу кагазы менен чакырылат. Кабарламаларды кепилденген жеткирүү сервиси аркылуу чакыруу кагазын жиберүү үчүн техникалык мүмкүнчүлүк же болбосо зарыл болгон маалыматтар жок болгон учурда, чакыруу кагазы тиешелүү чакыруу кагазы жиберилген жана дарек ээси тарабынан алынган фактысын белгилөөгө мүмкүндүк берүүчү СМС-билдирүү, электрондук почта же телекоммуникациянын башка ушул сыяктуу формалары аркылуу жөнөтүлөт. Жогоруда көрсөтүлгөн ыкмаларды колдонуу мүмкүнчүлүгү жок болгон учурда, кабарлоо колун койдуруп алуу менен тапшырылгандыгы жөнүндө кабарлоосу бар тапшырык кат аркылуу жиберилүүчү чакыруу кагазы менен жүзөгө ашырылат. Чакырылуучу жок болгон учурда, ага өткөрүп берүү үчүн чакыруу кагазы анын үй-бүлөсүнүн жашы жеткен мүчөлөрүнүн бирине колун койдуруп алуу менен тапшырылат. Кабарламаларды кепилденген жеткирүү сервисинин иштөө тартиби, ошондой эле көрсөтүлгөн сервис аркылуу кабарламаларды (кабарлоолорду чакыруу кагаздарын документтерди) жиберүү, жеткирүү жана белгилөө Министрлер Кабинети тарабынан аныкталат.";
б) 3-бөлүк күчүн жоготту деп таанылсын;
5) 247-берененин 2-бөлүгү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"2. Тергөөнү токтото туруу менен тергөөчү бул тууралуу жабырлануучуга жана (же) анын өкүлүнө кабарламаны жиберүү жана алуу фактысын белгилөөгө мүмкүндүк берүүчү кабарламаларды кепилденген жеткирүү сервиси аркылуу кабарлоого, ошондой эле тергөөнү токтото туруу жөнүндө токтом боюнча прокурорго 5 сутканын ичинде даттанууга мүмкүн экендигин, бир эле убакта ага (аларга) түшүндүрүүгө милдеттүү. Ушул Кодекстин 246-беренесинин 1-бөлүгүнүн 2-пунктунда каралган негиздер боюнча тергөө токтотулуп турган учурда, айыпталуучуга жана анын адвокатына ушундай эле тартипте кабарланат. Кабарламаларды кепилденген жеткирүү сервиси аркылуу кабарлама жиберүү үчүн техникалык мүмкүнчүлүк же болбосо зарыл болгон маалыматтар жок болгон учурда, кабарлама тиешелүү кабарлама жиберилген жана дарек ээси тарабынан алынган фактысын белгилөөгө мүмкүндүк берүүчү СМС-билдирүү, электрондук почта же телекоммуникациянын башка ушуга окшош формалары аркылуу жөнөтүлөт. Кабарламаларды кепилденген жеткирүү сервисинин иштөө тартиби, ошондой эле көрсөтүлгөн сервис аркылуу кабарламаларды (кабарлоолорду, чакыруу кагаздарын, документтерди) жиберүү, жеткирүү жана белгилөө Министрлер Кабинети тарабынан аныкталат.";
6) 249-берененин 3-бөлүгү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"3. Тергөөнүн кайра башталышы жөнүндө шектүүгө, айыпталуучуга жана адвокатка, ошондой эле жабырлануучуга жана (же) анын өкүлүнө кабарламаны жиберүү жана алуу фактысын белгилөөгө мүмкүнчүлүк берүүчү кабарламаларды кепилденген жеткирүү сервиси аркылуу билдирилет. Кабарламаларды кепилденген жеткирүү сервиси аркылуу кабарлама жиберүү үчүн техникалык мүмкүнчүлүк же болбосо зарыл болгон маалыматтар жок болгон учурда, кабарлама тиешелүү кабарлама жиберилген жана дарек ээси тарабынан алынган фактысын белгилөөгө мүмкүндүк берүүчү СМС-билдирүү, электрондук почта же телекоммуникациянын башка ушуга окшош формалары аркылуу жөнөтүлөт. Кабарламаларды кепилденген жеткирүү сервисинин иштөө тартиби, ошондой эле көрсөтүлгөн сервис аркылуу кабарламаларды (кабарлоолорду, чакыруу кагаздарын, документтерди) жиберүү, жеткирүү жана белгилөө Министрлер Кабинети тарабынан аныкталат.";
7) 258-берененин 3-бөлүгү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"3. Ишти кыскартуу жөнүндө токтомдун көчүрмөсүн тергөөчү прокурорго жөнөтөт, бир эле учурда кыскартуунун негиздерин көрсөтүү менен ал боюнча иш кыскартылып жаткан адамга, жабырлануучуга, алардын арызы боюнча тергөө башталган адамга жана (же) уюмга кабарламаларды кепилденген жеткирүү сервиси аркылуу кабарлайт жана аларга даттануу укугун түшүндүрөт. Кабарламаларды кепилденген жеткирүү сервиси аркылуу кабарлоо жиберүү үчүн техникалык мүмкүнчүлүк же болбосо зарыл болгон маалыматтар жок болгон учурда, кабарлоо тиешелүү кабарлоо жиберилген жана дарек ээси тарабынан алынган фактысын белгилөөгө мүмкүндүк берүүчү СМС-билдирүү, электрондук почта же телекоммуникациянын башка ушуга окшош формалары аркылуу жөнөтүлөт. Кабарламаларды кепилденген жеткирүү сервисинин иштөө тартиби, ошондой эле көрсөтүлгөн сервис аркылуу кабарламаларды (кабарлоолорду, чакыруу кагаздарын, документтерди) жиберүү, жеткирүү жана белгилөө Министрлер Кабинети тарабынан аныкталат.";
8) 260-берененин 3-бөлүгү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"3. Иш боюнча өндүрүштүн кайра башталганы жөнүндө шектүү, айыпталуучу, алардын адвокаты, жабырлануучу жана анын өкүлү, ошондой эле алардын арызы боюнча иш козголгон адам же уюм кабарлоону жиберүү жана алуу фактысын белгилөөгө мүмкүнчүлүк берүүчү билдирүүлөрдү кепилденген жеткирүү сервиси аркылуу кабарландырылат. Кабарламаларды кепилденген жеткирүү сервиси аркылуу кабарлама жиберүү үчүн техникалык мүмкүнчүлүк же болбосо зарыл болгон маалыматтар жок болгон учурда, кабарлама тиешелүү кабарлама жиберилген жана дарек ээси тарабынан алынган фактысын белгилөөгө мүмкүндүк берүүчү СМС-билдирүү, электрондук почта же телекоммуникациянын башка ушуга окшош формалары аркылуу жөнөтүлөт. Кабарламаларды кепилденген жеткирүү сервисинин иштөө тартиби, ошондой эле көрсөтүлгөн сервис аркылуу кабарламаларды (кабарлоолорду, чакыруу кагаздарын, документтерди) жиберүү, жеткирүү жана белгилөө Министрлер Кабинети тарабынан аныкталат.";
9) 279-берененин 3-бөлүгү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"3. Тараптарды соттук отурумга чакыруу жөнүндө кабарлама ушул Кодекстин 282-беренесинин эрежелери боюнча алдын ала угуу өткөрүлүүчү күнгө чейин 3 суткадан кем эмес убакытта жөнөтүлүүгө тийиш.";
10) 280-берененин 6-бөлүгү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"6. Тараптар соттук отурумдун орду, датасы жана убактысы жөнүндө ушул Кодекстин 282-беренесинин эрежелери боюнча ал башталганга чейин 5 суткадан кем эмес убакытта кабардар кылынууга тийиш.";
11) 282-берененин 3-бөлүгү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"3. Ишке катышып жаткан жактарды жана процесстин башка катышуучуларын сотко чакыруу кабарлоону жиберүү жана алуу фактысын белгилөөгө мүмкүндүк берүүчү кабарламаларды кепилденген жеткирүү сервиси аркылуу жүргүзүлүшү мүмкүн. Кабарламаларды кепилденген жеткирүү сервиси аркылуу кабарлоо жиберүү үчүн техникалык мүмкүнчүлүк же болбосо зарыл болгон маалыматтар жок болгон учурда, кабарлоо тиешелүү кабарлоо жиберилген жана дарек ээси тарабынан алынган фактысын белгилөөгө мүмкүндүк берүүчү СМС-билдирүү, электрондук почта же телекоммуникациянын башка ушуга окшош формалары аркылуу жөнөтүлөт. Көрсөтүлгөн ыкмаларды пайдалануу мүмкүнчүлүгү жок болгон учурда, кабарлоо кол койдуруп алуу менен тапшырылгандыгы жөнүндө кабарламасы бар тапшырык кат аркылуу жиберилүүчү соттун чакыруу кагазы менен жүргүзүлөт. Мында берилген тексттин сотто кала турган жана ишке тиркеле турган көчүрмөсүндө бул текстти берген адамдын фамилиясы жана кызмат орду, кабарлоону жүзөгө ашыруунун ыкмасы, аны берген датасы жана убактысы, ошондой эле аны кабыл алган адамдын фамилиясы жана кызмат орду көрсөтүлөт. Кабарламаларды кепилденген жеткирүү сервисинин иштөө тартиби, ошондой эле көрсөтүлгөн сервис аркылуу кабарламаларды (кабарлоолорду, чакыруу кагаздарын, документтерди) жиберүү, жеткирүү жана белгилөө Министрлер Кабинети тарабынан аныкталат.";
12) 404-берененин 1 жана 2-бөлүктөрү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"1. Өкүм чыгарган же башка даттаныла турган чечим чыгарган сот берилген даттануулар же сунуштар жөнүндө кабарламаларды кепилденген жеткирүү сервиси аркылуу кабарлайт жана алардын көчүрмөлөрүн айыпталуучуга же акталган адамга, медициналык мүнөздөгү мажбурлоо чараларын колдонулуу жөнүндө өндүрүш жүргүзүлгөн же жүргүзүлүп жаткан адамга, адвокатка, айыптоочуга, жабырлануучуга жана (же) анын өкүлүнө жиберет. Кабарламаларды кепилденген жеткирүү сервиси аркылуу кабарлоо жиберүү үчүн техникалык мүмкүнчүлүк же болбосо зарыл болгон маалыматтар жок болгон учурда, кабарлоо тиешелүү билдирүү жиберилген жана дарек ээси тарабынан алынган фактысын белгилөөгө мүмкүндүк берүүчү СМС-билдирүү, электрондук почта же телекоммуникациянын башка ушуга окшош формалары аркылуу жөнөтүлөт.
2. Тергөө судьясы берилген даттануулар же сунуштар жөнүндө кабарламаларды кепилденген жеткирүү сервиси аркылуу кабарлайт жана алардын көчүрмөлөрүн шектүүгө, айыпталуучуга, адвокатка, жабырлануучуга, анын өкүлүнө жана прокурорго жөнөтөт.
Кабарламаларды кепилденген жеткирүү сервиси аркылуу кабарлоо жиберүү үчүн техникалык мүмкүнчүлүк же болбосо зарыл болгон маалыматтар жок болгон учурда, кабарлоо тиешелүү кабарлоо жиберилген жана дарек ээси тарабынан алынган фактысын белгилөөгө мүмкүндүк берүүчү СМС-билдирүү, электрондук почта же телекоммуникациянын башка ушул сыяктуу формалары аркылуу жөнөтүлөт.";
13) 411-берененин 1-бөлүгү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"1. Иш апелляциялык даттануу же сунуш менен келип түшкөндө судья-баяндамачы апелляциялык инстанцияга кылмыш иши келип түшкөн күндөн тартып 14 күндөн кечиктирбестен соттун отурумун дайындоо жөнүндө аныктама чыгарат, анын убактысы жана өтүүчү жери тууралуу тараптарга ушул Кодекстин 282-беренесинин эрежелери боюнча кабарлайт.";
14) 443-берененин 2-бөлүгү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"2. Даттануу жана (же) сунуштама берилгендиги жөнүндө биринчи инстанциядагы сот ишке катышуучу адамдарга кабарламаларды кепилденген жеткирүү сервиси аркылуу кабарлайт жана 5 күндүн ичинде ишти Жогорку сотко жөнөтөт. Кабарламаларды кепилденген жеткирүү сервиси аркылуу кабарлоо жиберүү үчүн техникалык мүмкүнчүлүк же болбосо зарыл болгон маалыматтар жок болгон учурда, кабарлоо тиешелүү кабарлоо жиберилген жана дарек ээси тарабынан алынган фактысын белгилөөгө мүмкүндүк берүүчү СМС-билдирүү, электрондук почта же телекоммуникациянын башка ушуга окшош формалары аркылуу жөнөтүлөт.".
Берененин тексти 06.10.2026 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
4-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Берененин байланыштары
Беренеде аталган актылар (1)
- Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза процессуалдыкКодекс · 28.10.2021 · № 129
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/230052090/st-4" title="4-берене - Мамлекеттик органдар тарабынан адамдарга кабарламаларды кепилденген жеткирүү сервиси аркылуу билдирүү маселелери боюнча Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>