545-берене
Күчүндө · 06.10.2026 редакциясы
төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын: "545-берене. Кабарландыруу Сот же ыйгарым укуктуу орган ишти кароо же башка процесстик аракеттерди жүзөгө ашыруу башталганга чейин 24 сааттан кечиктирбестен укук бузуулар жөнүндө иш боюнча өндүрүштүн катышуучуларына ишти кароонун датасы жана орду, айрым процессуалдык аракеттер жөнүндө тиешелүү кабарландыруу жөнөтүлгөн жана дарек ээси алган фактысын белгилөөгө мүмкүнчүлүк берүүчү билдирүүлөрдү кепилденген жеткирүү сервиси аркылуу кабарлайт, ишти кароого же башка процессуалдык аракеттерди жүзөгө ашырууга катышуу үчүн аларды чакырат. Билдирүүлөрдү кепилденген жеткирүү сервиси аркылуу кабарландыруу жиберүү үчүн техникалык мүмкүнчүлүк же болбосо зарыл болгон маалыматтар жок болгон учурда, кабарландыруу тиешелүү кабарландыруу жиберилген жана дарек ээси тарабынан алынган фактысын белгилөөгө мүмкүндүк берүүчү СМС-билдирүү электрондук почта же телекоммуникациянын башка ушуга окшош формалары аркылуу жөнөтүлөт. Жогоруда көрсөтүлгөн ыкмаларды пайдалануу мүмкүнчүлүгү жок болгон учурда кабарландыруу кол койдуруп алуу менен тапшырылгандыгы жөнүндө тапшырык кат менен жөнөтүлүүчү соттун чакыруу кагазы аркылуу жүзөгө ашырылат. Билдирүүлөрдү кепилденген жеткирүү сервисинин иштөө тартиби, ошондой эле көрсөтүлгөн сервис аркылуу кабарлоолорду (кабарландырууларды, чакыруу кагаздарын, документтерди) жиберүү, жеткирүү жана белгилөө Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан аныкталат.".
Берененин тексти 06.10.2026 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
545-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду сайтыңыздагы барактын HTML кодуна коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/230052090/st-545" title="545-берене - Мамлекеттик органдар тарабынан адамдарга кабарламаларды кепилденген жеткирүү сервиси аркылуу билдирүү маселелери боюнча Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>