Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинин “Кыргыз спутник” ачык акционердик коомунун уставын бекитүү жөнүндө» буйругу
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН СУУ РЕСУРСТАРЫ, АЙЫЛ ЧАРБА ЖАНА КАЙРА ИШТЕТҮҮ ӨНӨР ЖАЙЫ МИНИСТРЛИГИНИН БУЙРУГУ
2026-жылдын 17-апрели № 05/2-17/95
“Кыргыз спутник” ачык акционердик коомунун уставын бекитүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 23-февралындагы № 131 “Кыргыз спутник” ачык акционердик коомун түзүү жөнүндө” токтомунун 2-пунктун аткаруу максатында, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 3-мартындагы № 115 “Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин айрым ченем жаратуу ыйгарым укуктарын мамлекеттик органдарга жана жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органдарына өткөрүп берүү жөнүндө” токтомуна ылайык, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 7-мартындагы № 98 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги жөнүндө жобонун 14-пунктун жетекчиликке алып, буйрук кылам:
1. “Кыргыз спутник” ачык акционердик коомунун уставы тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинин (мындан ары – Министрлик) санариптештирүү жана мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдү өнүктүрүү бөлүмү:
– ушул буйрук катталган күндөн тартып үч жумушчу күндүн ичинде Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2010-жылдын 26-февралындагы № 117 “Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларын расмий жарыялоонун булактары жөнүндө” токтомуна ылайык анын расмий жарыяланышын камсыз кылсын;
– ушул буйрук расмий жарыяланган күндөн тартып үч жумуш күндүн ичинде анын көчүрмөсүн мамлекеттик жана расмий тилдерде эки нускада, кагаз жана электрондук түрдө, жарыяланган булагы жөнүндө маалыматты көрсөтүү менен Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн жөнөтсүн;
– ушул буйрук күчүнө кирген күндөн тартып үч жумуш күндүн ичинде анын көчүрмөсүн мамлекеттик жана расмий тилдерде, кагаз жана электрондук түрдө маалымат үчүн Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясына жөнөтсүн.
3. Бул буйрук расмий жарыяланган күндөн тартып жети күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
4. Бул буйруктун аткарылышын контролдоо санариптештирүү маселелерин тейлеген министрдин орун басарына жүктөлсүн.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары-министр Э.А. Акунбеков
Тиркеме
“Кыргыз спутник” ачык акционердик коомунун УСТАВЫ
1-глава. Жалпы жоболор
“Кыргыз спутник” ачык акционердик коому (мындан ары – Коом) Кыргыз Республикасынын Конституциясына, Кыргыз Республикасынын Жарандык кодексине, Кыргыз Республикасынын “Акционердик коомдор жөнүндө” Мыйзамына, Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасындагы инвестициялар жөнүндө” Мыйзамына, Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укуктук актыларына жана белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдерге ылайык түзүлгөн коммерциялык уюм болуп саналат. Коом өз ишмердүүлүгүн ушул Уставдын жана Кыргыз Республикасынын акционердик коомдор жөнүндө мыйзамдарынын талаптарынын негизинде жүзөгө ашырат. Коом Кыргыз Республикасынын юридикалык жактарды мамлекеттик каттоо жөнүндө мыйзамдарында белгиленген тартипте мамлекеттик каттоодон өткөн учурдан тартып юридикалык жак катары түзүлгөн болуп эсептелет жана ишмердүүлүк мөөнөтү чектелбестен түзүлөт.
4. Коомдун толук аталышы:
– мамлекеттик тилде: “Кыргыз спутник” ачык акционердик коому;
– расмий тилде: открытое акционерное общество «Кыргыз спутник»;
– англис тилинде: «Kyrgyz Satellite» Open Joint Stock Company.
5. Коомдун кыскартылган аталышы:
– мамлекеттик тилде: “Кыргыз спутник”ААК;
– расмий тилде: ОАО «Кыргыз спутник»;
– англис тилинде: «Kyrgyz Satellite» OJSC.
6. Коомдун жайгашкан жери: Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары, Киев көчөсү, 96а.
7. Коом кыргыз жана орус тилдеринде фирмалык аталышы көрсөтүлгөн тегерек мөөргө, штамптарга, бланктарга белгиленген тартипте катталуучу эмблемага, товардык белгиге жана башка индивидуалдаштыруу каражаттарына ээ болууга укуктуу.
8. Коом белгиленген тартипте Кыргыз Республикасынын аймагында жана анын чегинен тышкары туунду жана көз каранды коомдорду, филиалдарды жана өкүлчүлүктөрдү түзүүгө укуктуу.
2-глава. Уюштуруучу жана жалгыз акционер
Коомдун уюштуруучусу жана жалгыз акционери Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети болуп саналат (мындан ары – Жалгыз акционер). Жалгыз акционердин укуктарын ишке ашыруу функцияларын Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги (мындан ары – Ыйгарым укуктуу орган) берилген ыйгарым укуктардын чегинде жана Кыргыз Республикасынын акционердик коомдор жөнүндө мыйзамдарына ылайык жүзөгө ашырат. Жалгыз акционердин чечимдери Кыргыз Республикасынын акционердик коомдор жөнүндө мыйзамдарында белгиленген тартипте жазуу жүзүндө таризделет.
3-глава. Коомдун юридикалык макамы, укуктары жана жоопкерчилиги
Коом юридикалык жак болуп саналат, обочолонгон мүлккө ээ, өз алдынча балансы бар, Кыргыз Республикасынын аймагындагы жана анын чегинен тышкары банктарда эсептик, валюталык жана башка эсептерге ээ. Коом өз атынан мүлктүк жана мүлктүк эмес укуктарды, милдеттенмелерди алууга, бүтүмдөрдү түзүүгө, сотто доогер жана жоопкер болууга укуктуу. Коом өз милдеттенмелери боюнча Кыргыз Республикасынын жарандык мыйзамдарына ылайык өндүрүп алууга багытталышы мүмкүн болгон бардык өзүнө таандык мүлк үчүн жоопкерчилик тартат. Коом, Кыргыз Республикасынын жарандык мыйзамдарында каралган учурларды кошпогондо. мамлекеттин милдеттенмелери боюнча, ошондой эле мамлекет да Коомдун милдеттенмелери боюнча жооп бербейт. Жалгыз акционер Коомдун милдеттенмелери боюнча жооп бербейт жана өзүнө таандык акциялардын наркынын чегинде чыгымдардын тобокелдигин тартат. Эгерде Коомдун төлөөгө жөндөмсүздүгү (банкроттугу) Жалгыз акционердин же Коом үчүн милдеттүү көрсөтмөлөрдү берүүгө укуктуу, же башкача жол менен анын иш-аракеттерин аныктоочу башка адамдардын аракеттеринен (аракетсиздигинен) келип чыкса, мындай адамдарга Кыргыз Республикасынын жарандык мыйзамдарында белгиленген учурларда жана тартипте субсидиардык жоопкерчилик жүктөлүшү мүмкүн. Мамлекеттик органдардын жана башка уюмдардын Коомдун чарбалык ишине кийлигишүүсүнө, Кыргыз Республикасынын жарандык жана кылмыш-жаза мыйзамдарында белгиленген компетенциянын чегинде контролдоо жана көзөмөл жүргүзүү учурларын кошпогондо, жол берилбейт.
4-глава. Коомдун мүлкү жана каражаттары
Коомдун мүлкүн негизги фонддор жана айланма каражаттар, ошондой эле башка баалуулуктар түзөт. Коомдун мүлкүн жана каражаттарын түзүүнүн булактары болуп төмөнкүлөр саналат:
1) уставдык капиталдын каражаттары;
2) финансылык-чарбалык ишмердүүлүктөн алынган пайда;
3) инвестициялар (анын ичинде түз инвестициялар), гранттар, техникалык жардам;
4) банктардын жана башка финансы-кредиттик уюмдардын, анын ичинде эл аралык уюмдардын кредиттери жана зайымдары;
5) баалуу кагаздар боюнча дивиденддер жана башка кирешелер;
6) мыйзамдуу негиздерде мамлекет тарабынан берилген мүлк;
7) каржылоо чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын мыйзамдары менен тыюу салынбаган башка булактар.
Мамлекет тарабынан Коомго аны түзүүнүн жана иштөөсүнүн алкагында берилген кыймылсыз мүлк Коомго ыкчам башкаруу укугунда бекитилиши мүмкүн. Коом жоюлган учурда мындай мүлк Кыргыз Республикасынын жарандык мыйзамдарында белгиленген тартипте мамлекетке кайтарылат. Коом тарабынан чарбалык ишмердүүлүктүн жүрүшүндө алынган мүлк, эгерде мыйзамда же келишимде башкасыча каралбаса, Коомдун менчиги болуп саналат.
5-глава. Ишмердүүлүктүн максаты, милдеттери жана принциптери
Коомдун ишмердүүлүгүнүн негизги максаты Кыргыз Республикасынын технологиялык өнүгүүсүнө жана мамлекеттик жана экономикалык башкаруунун натыйжалуулугун жогорулатууга багытталган спутниктик, аэрокосмостук, геомаалыматтык жана санариптик технологияларды түзүү, киргизүү жана пайдалануу болуп саналат. Максатка жетүү үчүн Коом төмөнкү маселелерди чечет:
1) спутниктик системаларды (Жерди алыстан зонддоо,
байланыш жана башка) түзүү жана пайдалануу боюнча долбоорлорду ишке ашыруу;
2) мамлекеттин жана экономиканын муктаждыктары үчүн спутниктик маалыматтардын улуттук сервистерин түзүү;
3) мейкиндик маалыматтарын иштетүү, сактоо, талдоо жана жайылтуу боюнча санариптик платформаларды өнүктүрүү;
4) Кыргыз Республикасынын аймактарын жана экономика тармактарын, анын ичинде айыл чарбасын, суу ресурстарын, экологияны, өзгөчө кырдаалдарды, инфраструктураны жана аймактык пландаштырууну камтыган геомейкиндиктик мониторингди жана Жерди алыстан зонддоону киргизүү;
5) илимий-изилдөө жана тажрыйба-конструктордук базаны өнүктүрүү, кадрларды даярдоо;
6) инвестицияларды тартуу, анын ичинде эл аралык өнөктөштүктөрдү түзүү;
7) жогорку технологиялык кызмат көрсөтүүлөрдүн экспорттук потенциалын өнүктүрүү;
8) компетенциясынын чегинде жана санариптик өнүгүү жаатындагы мыйзамдардын талаптарына ылайык Коомдун санариптик инфраструктурасынын маалыматтык коопсуздугун жана туруктуулугун камсыз кылуу.
Коомдун ишмердүүлүк принциптери болуп төмөнкүлөр саналат: мыйзамдуулук, натыйжалуулук, ачыктык, отчеттуулук, технологиялык коопсуздук, кызыкчылыктардын кагылышуусуна жана коррупциялык көрүнүштөргө жол бербөө.
6-глава. Ишмердүүлүк түрлөрү
Уставдык максаттарга жетүү үчүн Коом итөмөнкү шмердүүлүк түрлөрүн жүзөгө ашырат (алар менен чектелбестен): спутниктик системаларды долбоорлоо, иштеп чыгуу, түзүү
жана пайдалануу;
учурууларды уюштуруу (ыйгарым укуктуу операторлор жана өнөктөштөр менен түзүлгөн келишимдердин чегинде); Жерди алыстан зонддоо маалыматтарын, спутниктик маалыматтарды, аэрофотосүрөттөрдү жана башка геомейкиндиктик маалыматтарды кабыл алуу, сактоо, баштапкы жана тереңдетилген иштетүү, талдоо, интерпретациялоо жана жайылтуу; геомаалыматтык системаларды, санариптик платформаларды жана аналитикалык сервистерди түзүү жана пайдалануу; программалык камсыздоону жана технологиялык чечимдерди иштеп чыгуу; илимий-изилдөө жана тажрыйба-конструктордук иштерди (ИИТКИ), сыноолорду, пилоттук долбоорлорду жана киргизүүлөрдү жүргүзүү; мамлекеттик органдарга, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына, юридикалык жана жеке жактарга кызмат көрсөтүү; сатып алууларды жүргүзүү жана сатып алуулар чөйрөсүндөгү мыйзамдардын чегинде товарларды/кызматтарды ишке ашыруу; экспорттук-импорттук операциялар; инвестициялык ишмердүүлүк (анын ичинде уставдык капиталдарга катышуу, туунду коомдорду, биргелешкен ишканаларды түзүү); мамлекеттик-жеке өнөктөштүк долбоорлоруна катышуу; гранттарды, зайымдарды, кредиттерди тартуу, баалуу кагаздарды чыгаруу (мыйзам чегинде); билим берүү программалары, квалификацияны жогорулатуу, компетенция борборлорун түзүү; маалыматтарды сактоо инфраструктурасын жана дата-борборлорду түзүү жана башкаруу (санариптик өнүгүү жаатындагы мыйзамдардын талаптарынын чегинде). Эгерде Кыргыз Республикасынын жарандык мыйзамдарында башкасына тыюу салынбаса, Коомдун ишмердүүлүгү ушул Уставда көрсөтүлгөн түрлөр менен чектелбейт. Айрым ишмердүүлүк түрлөрү үчүн лицензия, сертификат же атайын уруксат талап кылынган учурда, Коом аларды белгиленген тартипте тиешелүү уруксат берүүчү документтерди алгандан кийин гана жүзөгө ашырат.
7-глава. Уставдык капитал жана акциялар
Коомдун уставдык капиталы Жалгыз акционердин салымдарынын эсебинен түзүлөт жана 100 000 (жүз миң) сомду түзөт. Уставдык капитал 100 (жүз) даана жөнөкөй энчилүү акцияларга бөлүнөт, ар биринин номиналдык наркы 1000 (бир миң) сом. Коомдун бардык акциялары энчилүү болуп саналат жана Кыргыз Республикасынын акционердик коомдор жөнүндө мыйзамдарына ылайык документтик же документсиз формада чыгарылат. Ар бир жөнөкөй акция бир добушту берет. Коом, мындай акциялардын уставдык капиталдагы үлүшүнө карата чектөөлөр сакталган шартта (эгер мыйзам боюнча колдонулса), Кыргыз Республикасынын акционердик коомдор жөнүндө мыйзамдарында белгиленген тартипте артыкчылыктуу акцияларды чыгарууга укуктуу. Коомдун уставдык капиталы Кыргыз Республикасынын акционердик коомдор жөнүндө мыйзамдарына жана Жалгыз акционердин чечимдерине ылайык көбөйтүлүшү же азайтылышы мүмкүн. Уставдык капиталдын ар кандай көбөйтүлүшү/азайтылышы, баалуу кагаздарды чыгаруу (эмиссия) баалуу кагаздар рыногун жөнгө салуу боюнча ыйгарым укуктуу органда мамлекеттик каттоодон өткөндөн жана Уставга белгиленген тартипте өзгөртүүлөр киргизилгенден кийин жүзөгө ашырылат.
32. Акцияларды төлөө акча каражаттары, баалуу кагаздар, башка
мүлк же акчалай баага ээ болгон мүлктүк укуктар менен Кыргыз Республикасынын баалуу кагаздар жана акционердик коомдор жөнүндө мыйзамдарында белгиленген тартипте жүргүзүлүшү мүмкүн.
8-глава. Жүгүртүүдөгү акциялардын санын көбөйтүү жана азайтуу
Коом Жалгыз акционердин чечими боюнча жүгүртүүдөгү акциялардын санын кошумча акцияларды чыгаруу же акцияларды бөлүү жолу менен көбөйтүүгө укуктуу. Кошумча акцияларды чыгаруу жөнүндө чечими алардын санын, категорияларын (түрлөрүн), жайгаштыруу ыкмасын, жайгаштыруу баасын же анын аныктоо тартибин, төлөө формасын, жайгаштыруу мөөнөттөрүн жана башка шарттарын белгилейт. Баалуу кагаздарды мамлекеттик каттоосуз жана Кыргыз Республикасынын баалуу кагаздар жөнүндө мыйзамдарынын талаптарын сактабастан жайгаштырууга (чыгарууга) тыюу салынат. Коом Жалгыз акционердин чечими боюнча мыйзамда белгиленген тартипте, анын ичинде мыйзамда каралган учурларда кредиторлорго билдирүү менен, акциялардын бир бөлүгүн кайра сатып алуу, аларды консолидациялоо жана жокко чыгаруу жолу менен жүгүртүүдөгү акциялардын санын азайтууга укуктуу. Коом тарабынан сатып алынган өз акциялары добуш берүү укугун бербейт, алар боюнча дивиденддер эсептелбейт жана добуштарды эсептөөдө эске алынбайт.
9-глава. Акционерлердин реестри
Коом Кыргыз Республикасынын акционердик коомдор жөнүндө мыйзамдарына ылайык акционерлердин реестрин жүргүзүүнү жана сактоону камсыз кылууга милдеттүү. Коом реестрди көз карандысыз реестр кармоочуга жүргүзүүнү тапшырууга же, эгерде буга акционердик коомдор жөнүндө мыйзамдарда жол берилсе жана бардык талаптар сакталса, реестрди өз алдынча жүргүзүүгө укуктуу. Акциялар боюнча укуктар акционерлердин реестрине жазуу киргизилген учурдан тартып пайда болот. Акционерлердин реестринин маалыматтары Кыргыз Республикасынын акционердик коомдор жөнүндө мыйзамдарынын жана баалуу кагаздардын эмитенттери тарабынан маалыматты ачып берүүнүн шарттарынын чегинде жеткиликтүүлүгү чектелген маалымат болуп саналат.
10-глава. Пайда, дивиденддер жана фонддор
Коомдун таза пайдасы салыктар жана башка милдеттүү төлөмдөр төлөнгөндөн кийин Жалгыз акционердин чечими боюнча бөлүштүрүлөт. Жылдын жыйынтыгы боюнча дивиденддерди төлөө жөнүндө чечим Жалгыз акционер тарабынан кабыл алынат. Дивиденддер акча каражаттары менен, ошондой эле Кыргыз Республикасынын мыйзамдары менен тыюу салынбаган башка ыкмалар менен төлөнүшү мүмкүн. Эгерде дивиденддерди төлөө учурунда Коом төлөөгө жөндөмсүздүктүн (банкроттуктун) белгилерине жооп берсе же мындай белгилер дивиденддерди төлөөнүн натыйжасында келип чыкса, Коом дивиденддерди жарыялоого жана төлөөгө укуксуз. Коом Жалгыз акционердин чечими боюнча фонддорду (резервдик, инвестициялык жана башка) түзүүгө укуктуу. Фонддорду түзүүнүн жана пайдалануунун тартиби Коомдун ички документтери менен аныкталат. Коом Жалгыз акционердин чечими болгон учурда атайын капиталдаштыруу фондун түзүүгө укуктуу, анын каражаттары, эгерде бул Коомдун ички документтеринде каралса, уставдык капиталды көбөйтүүгө гана багытталат.
11-глава. Баалуу кагаздар жана карыз каражаттар
Коом Кыргыз Республикасынын акционердик коомдор жана баалуу кагаздар жөнүндө мыйзамдарына ылайык облигацияларды жана башка эмиссиялык баалуу кагаздарды жайгаштырууга укуктуу. Облигацияларды чыгаруу жана жайгаштыруу жөнүндө чечим Жалгыз акционер тарабынан кабыл алынат. Облигацияларды жайгаштырууга Кыргыз Республикасынын акционердик коомдор жана баалуу кагаздар жөнүндө мыйзамдарында белгиленген чектөөлөрдүн жана шарттардын чегинде, анын ичинде, эгерде мындай талаптар колдонулса, финансылык отчеттуулукка жана Коомдун иштөө мөөнөтүнө карата талаптарды сактоо менен жол берилет.
12-глава. Коомдун башкаруу жана контролдоо органдары
Коомдун башкаруу жана контролдоо органдары болуп төмөнкүлөр саналат: Жалгыз акционер – жогорку башкаруу органы; Директорлор кеңеши (эгер Жалгыз акционердин чечими менен түзүлсө) – стратегиялык башкаруу жана контролдоо органы; Башкы директор – жалгыз аткаруучу орган; Ички аудитор – контролдоо органы.
Жалгыз акционердин чечими менен, эгерде бул Кыргыз Республикасынын акционердик коомдор жөнүндө мыйзамдарына жана корпоративдик башкаруунун максаттарына ылайык келсе, Директорлор кеңешисиз башкаруу белгилениши мүмкүн. Мындай учурда стратегиялык контролдоо функциялары Жалгыз акционер тарабынан түздөн-түз же координациялык-кеңеш берүүчү орган аркылуу жүзөгө ашырылат.
13-глава. Коомдун жалгыз акционери
Жалгыз акционер Кыргыз Республикасынын жарандык мыйзамдарына жана ушул Уставга ылайык укуктарды жана милдеттерди жүзөгө ашырат. Жалгыз акционердин өзгөчө компетенциясына төмөнкүлөр кирет: Уставды жана ага өзгөртүүлөрдү бекитүү; стратегиялык максаттарды жана саясатты аныктоо; башкаруу жана контролдоо органдарын түзүү (дайындоо/кызматтан бошотуу); бюджетти, жылдык отчетту, балансты, пайда жана чыгымдар жөнүндө отчетту бекитүү; баалуу кагаздарды чыгаруу жөнүндө чечимдерди кабыл алуу; кайра уюштуруу жана жоюу жөнүндө чечимдерди кабыл алуу; Кыргыз Республикасынын жарандык мыйзамдарында каралган учурларда жана тартипте ири бүтүмдөр жана кызыгуу бар бүтүмдөр боюнча чечимдерди кабыл алуу; мамлекеттик-жеке өнөктөштүк долбоорлоруна (МЖӨД) жана эл аралык келишимдерге катышуу жөнүндө чечим кабыл алуу; Акционердик коомдор жөнүндө мыйзам менен жогорку башкаруу органынын компетенциясына киргизилген башка маселелер. Жалгыз акционердин чечимдери жазуу жүзүндө таризделет жана Коомдун органдары тарабынан аткарылышы милдеттүү.
14-глава. Директорлор кеңеши (эгер болсо)
Директорлор кеңеши Жалгыз акционердин чечими менен түзүлөт. Мүчөлөрүнүн саны, ыйгарым укуктарынын мөөнөтү жана иштөө тартиби Директорлор кеңеши жөнүндө жобо менен аныкталат. Директорлор кеңешинин компетенциясына төмөнкүлөр кириши мүмкүн: орто мөөнөттүү өнүгүү программаларын бекитүү, Башкы директордун натыйжалуулуктун негизги көрсөткүчтөрүн (Key Performance Indicators – KPI) контролдоо, лимиттердин чегинде бүтүмдөрдү жактыруу, тобокелдиктерди жана ички контролду башкаруу, комитеттерди түзүү (аудит/тобокелдиктер/кадрлар). Директорлор кеңеши Коомдун кызыкчылыгында иш жүргүзөт, стратегиялык башкарууну жана контролду камсыз кылат.
15-глава. Башкы директор
Башкы директор Жалгыз акционер тарабынан дайындалат жана ушул Уставдын жана түзүлгөн келишимдин негизинде аракеттенет. Башкы директор Коомдун учурдагы ишмердүүлүгүнө жетекчилик кылат жана Жалгыз акционерге (Директорлор кеңеши болгон учурда ага да) отчет берет. Башкы директор: Коомдун атынан ишеним катсыз аракеттенет; органдарда жана уюмдарда Коомдун атынан өкүлчүлүк кылат; келишимдерди түзөт жана бүтүмдөрдү жасайт; ички документтерди, штаттык ыраттаманы, эмгек акы төлөө системасын бекитет; Жалгыз акционердин чечимдеринин аткарылышын камсыз кылат; бухгалтердик эсепти, отчеттуулукту, аудитти уюштурат; мүлктүн жана маалыматтык ресурстардын сакталышын камсыз кылат; кызматкерлерди ишке алат жана бошотот; коррупцияга каршы жол-жоболордун жана мыйзам ченемдеринин шайкештигин (compliance) камсыз кылат; бөлөк органдардын компетенциясына кирбеген башка функцияларды аткарат. Башкы директордун бүтүмдөр боюнча ыйгарым укуктарынын чектери (наркы, түрү, тобокелдиктери) Жалгыз акционердин чечими жана/же Коомдун ички документтери менен белгилениши мүмкүн.
16-глава. Ички аудитор, ички контролдоо жана аудит
Ички аудитор Коомдун финансылык-чарбалык ишмердүүлүгүн көзөмөлдөө үчүн Жалгыз акционер тарабынан шайланат (дайындалат). Ички аудитор жылдын жыйынтыгы жана Жалгыз акционердин чечими боюнча каалаган убакта текшерүүлөрдү жүргүзөт. Коом жыл сайын жылдык финансылык отчеттуулуктун тышкы аудитин жүргүзүү үчүн көз карандысыз аудитордук уюмду тартат. Коом ички документтердин негизинде ички контролдоо, тобокелдиктерди башкаруу жана мыйзам ченемдернин шайкештиги (compliance) системасын киргизүүгө укуктуу.
17-глава. Коммерциялык сыр, маалымат жана ачыктоо
Коом Кыргыз Республикасынын жарандык мыйзамдарына ылайык коммерциялык сыр режимин белгилөөгө укуктуу. Коммерциялык сырды түзгөн маалыматтардын тизмеси, ага жетүү жана аны коргоо тартиби Коомдун ички документтери менен аныкталат. Баалуу кагаздардын эмитенти катары Коом тарабынан маалыматты ачып берүү Кыргыз Республикасынын баалуу кагаздар рыногу жөнүндө мыйзамдарында белгиленген тартипте жүзөгө ашырылат. Жеке маалыматтарды иштеп чыгаруу Кыргыз Республикасынын жеке маалыматтар жөнүндө мыйзамдарына ылайык жүзөгө ашырылат. Коом Кыргыз Республикасынын санариптик коопсуздук жаатындагы мыйзамдарынын колдонулууга тийиш талаптарынын жана ички регламенттеринин чегинде маалыматтык коопсуздук жана кибертуруктуулук чараларын камсыз кылат.
18-глава. Эсеп жана отчеттуулук
Коом бухгалтердик эсеп жүргүзөт жана финансылык отчеттуулукту Кыргыз Республикасынын акционердик коомдор жөнүндө мыйзамдарына ылайык берет. Коомдун финансылык жылы: 1-январдан 31-декабрга чейин кошо белгиленет. Бухгалтердик эсепти уюштуруу жана отчеттуулуктун аныктыгы үчүн Башкы директор жана башкы бухгалтер жоопкерчилик тартышат.
19-глава. Коомдун документтери
Коом сактоого милдеттүү: Уставды жана ага өзгөртүүлөрдү; мамлекеттик каттоо жөнүндө күбөлүктү; Жалгыз акционердин чечимдерин; баалуу кагаздардын эмиссиясынын документтерин; бухгалтердик документтерди жана отчеттуулукту; ички аудитордун корутундуларын; ички документтерди; мүлк боюнча документтерди; архив иши чөйрөсүндөгү мыйзамдарда каралган башка документтерди. Коом документтерге жеткиликтүүлүктү Кыргыз Республикасынын жарандык мыйзамдарында каралган учурларда жана тартипте камсыз кылат.
20-глава. Кайра уюштуруу жана жоюу
Коом Кыргыз Республикасынын жарандык мыйзамдарында каралган формаларда Жалгыз акционердин чечими боюнча кайра уюштурулушу мүмкүн. Кайра уюштуруу кредиторлорду билдирүү жана мамлекеттик каттоо тартибин сактоо менен жүргүзүлөт. Коом Жалгыз акционердин чечими боюнча же Кыргыз Республикасынын жарандык мыйзамдарында каралган башка негиздер боюнча жоюлат. Жоюу учурунда мүлк Кыргыз Республикасынын жарандык мыйзамдарында белгиленген тартипте бөлүштүрүлөт.
21-глава. Жыйынтык жоболор
Эгерде ушул Уставдын кайсы бир жобосу жараксыз болуп калса, бул калган жоболордун колдонулушун токтотууга негиз болуп эсептелбейт. Жараксыз жоболор укуктук жактан жол берилген же мааниси боюнча жакын жоболор менен алмаштырылат. Ушул Устав менен жөнгө салынбаган маселелер Кыргыз Республикасынын акционердик коомдор жөнүндө мыйзамдарына ылайык жөнгө салынат. Ушул Уставдын мазмуну Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын ченемдерине карама-каршы келген учурда Кыргыз Республикасынын акционердик коомдор жөнүндө мыйзамдарынын ченемдери колдонулат.
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 7 · цитата келтиргендер: 1 · байланышкандар: 0
Цитата келтиргендер (1)
Шилтеме берет (7)
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 7-мартындагы № 98 "Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги жөнүндө"…Постановление · 07.03.2024 · № 98
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 3-мартындагы № 115 "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин айрым ченем жаратуу ыйгарым укуктарын мамлекеттик…Постановление · 03.03.2023 · № 115
- КР Өкмөтүнүн 2010-жылдын 26-февралындагы № 117 "Кыргыз Республикасынын нормативдик укуктук актыларын расмий жарыялоо булактары жөнүндө"Постановление · 26.02.2010 · № 117
- Акционердик коомдор жөнүндөЗакон · 27.03.2003 · № 64
- Кыргыз Республикасындагы инвестициялар жөнүндөЗакон · 12.08.2025 · № 198
- Кыргыз Республикасынын КонституциясыКонституция · 05.05.2021
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 23-февралындагы № 131 "Кыргыз асман" ачык акционердик коомун түзүү жөнүндө" токтомуПостановление · 23.02.2026 · № 131