Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин «Кыргыз асман» ачык акционердик коомун түзүү жөнүндө» токтому
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ
2026-жылдын 23-февралы № 131
"Кыргыз асман" ачык акционердик коомун түзүү жөнүндө
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 11-июнундагы № 414 токтомунун редакциясына ылайык)
Жер ресурстарын сарамжалдуу колдонуу жана эсепке алуу, экологиялык мониторинг жүргүзүү, климаттык өзгөрүүлөрдү көзөмөлдөө, өтө маанилүү минералдарды табуу, өзгөчө кырдаалдарды алдын алуу үчүн пайдаланылуучу аэрокосмостук сүрөттөрдү алуу үчүн заманбап космостук технологияларды киргизүү максатында, "Акционердик коомдор жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 10-статьясына, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Бир акциянын номиналдык наркы 1000 (бир миң) сом болгон 100 (бир жүз) даана жөнөкөй энчилүү акцияларды чыгаруу жана төлөө жолу менен 100000 (бир жүз миң) сом өлчөмдөгү уставдык капиталында мамлекеттин жүз пайыздык катышуусу менен Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте "Кыргыз асман" ачык акционердик коому түзүлсүн.
Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин атынан "Кыргыз асман" ачык акционердик коомунун уюштуруучусу жана жалгыз акционери болот деп белгиленсин. (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 11-июнундагы № 414 токтомунун редакциясына ылайык)
2. Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги белгиленген тартипте:
1) "Кыргыз асман" ачык акционердик коомун Кыргыз Республикасынын юстиция органдарында мамлекеттик каттоону камсыз кылсын;
2) Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигине караштуу Финансы рыногун жөнгө салуу жана көзөмөлдөө кызматында "Кыргыз асман" ачык акционердик коомунун акцияларынын уюштуруучулук чыгарылышын мамлекеттик каттоону камсыз кылсын;
3) "Кыргыз асман" ачык акционердик коомунун уставын иштеп чыксын жана бекитсин;
4) ушул токтомдон келип чыгуучу башка чараларды көрсүн.
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 11-июнундагы № 414 токтомунун редакциясына ылайык)
3. Каракол шаарынын мэриясына (макулдашуу боюнча) Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги менен биргеликте "Кыргыз асман" ачык акционердик коомунун имаратын куруу жана жайгаштыруу үчүн Кыргыз Республикасынын Ысык-Көл облусунун Каракол шаарында жер тилкесин коммуналдык жана эксплуатациялык чыгымдарды төлөө менен акысыз пайдалануу келишиминин шарттарында берүүнү камсыз кылуу сунушталсын.
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 11-июнундагы № 414 токтомунун редакциясына ылайык)
4. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги:
1) Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Финансы, бюджет, ишкердик жана атаандаштыкты өнүктүрүү боюнча комитети менен макулдашуу боюнча Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигине "Кыргыз асман" ачык акционердик коомунун уставдык капиталын түзүүгө республикалык бюджеттен 100000 (бир жүз миң) сом бөлүп берсин;
2) "Кыргыз Республикасынын 2026-жылга жана 2027-2028-жылдардын пландык мезгилине республикалык бюджети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун иштеп чыгууда ушул токтомдон келип чыгуучу өзгөртүүлөрдү карасын.
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 11-июнундагы № 414 токтомунун редакциясына ылайык)
5. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.
6. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы
А.Касымалиев
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 3 · цитата келтиргендер: 2 · байланышкандар: 0
Цитата келтиргендер (2)
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 11-июнундагы № 414 ««Кыргыз спутник» ачык акционердик коомун «Кыргыз асман» ачык акционердик коому деп кайра атоо…Постановление · 11.06.2026 · № 414
- Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинин 2026-жылдын 17-апрелиндеги № 05/2-17/95 “Кыргыз спутник” ачык акционердик коомунун…Приказ · 17.04.2026 · № 05/2-17/95
Шилтеме берет (3)
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндөКонституционный закон · 11.10.2021 · № 122
- Акционердик коомдор жөнүндөЗакон · 27.03.2003 · № 64
3 ичинен 2 көрсөтүлдү. Толук тизме - шилтемелер панелинде.