Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Жарандык авиация мамлекеттик агенттигинин “Айлана-чөйрөнү коргоо. КРАЭ-16”, “1-том. Авиациялык үн (ызы-чуу)”, “2-том. Авиациялык кыймылдаткычтардын эмиссиясы”, “3‑том. СО2 эмиссиясы” Кыргыз Республикасынын Авиациялык эрежелерин бекитүү жөнүндө» буйругу
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНЕ КАРАШТУУ ЖАРАНДЫК АВИАЦИЯ МАМЛЕКЕТТИК АГЕНТТИГИНИН БУЙРУГУ 2026-жылдын 11-августу № 13-21-10
“Айлана-чөйрөнү коргоо. КРАЭ-16”, “1-том. Авиациялык үн (ызы-чуу)”, “2-том. Авиациялык кыймылдаткычтардын эмиссиясы”, “3‑том. СО2 эмиссиясы” Кыргыз Республикасынын Авиациялык эрежелерин бекитүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 3-марттагы № 115 «Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин айрым ченем жаратуу ыйгарым укуктарын мамлекеттик органдарга жана жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органдарына өткөрүп берүү жөнүндө» токтомуна ылайык, ошондой эле Эл аралык жарандык авиация уюмунун (ИКАО) стандарттары жана сунушталуучу тажрыйбасы менен максималдуу бирдейлигин камсыз кылуу максатында, буйрук кылам:
1. Тиркемеге ылайык, “Айлана-чөйрөнү коргоо. КРАЭ-16”, “1-том. Авиациялык үн (ызы-чуу)”, “2-том. Авиациялык кыймылдаткычтардын эмиссиясы”, “3‑том. СО2 эмиссиясы” Кыргыз Республикасынын Авиациялык эрежелери мамлекеттик жана расмий тилдеринде бекитилсин.
2. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Жарандык авиация мамлекеттик агенттигинин укуктук камсыздоо бөлүмү:
– бул буйрукту катталган күндөн тартып үч жумушчу күндүн ичинде мамлекеттик жана расмий тилдерде «Эркин Тоо» газетасына жарыялансын;
– расмий жарыяланган күндөн тартып үч жумушчу күндүн ичинде бул буйруктун көчүрмөлөрүн мамлекеттик жана расмий тилдерде кагаз жана электрондук түрдө Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине Кыргыз Республикасынын ченемдик-укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн жөнөтсүн;
– бул буйрук күчүнө кирген күндөн тартып үч жумуш күндүн ичинде көчүрмөлөрүн маалымат үчүн Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясына жөнөтсүн.
3. Кыргыз Республиканын министрликтер, ведомстволор, жарандык авиация уюмдар жана окуу борборлору “Айлана-чөйрөнү коргоо. КРАЭ-16”, “1-том. Авиациялык ызы-чуу”, “2-том. Авиациялык кыймылдаткычтардын эмиссиясы”, “3‑том. СО2 эмиссиясы” Кыргыз Республикасынын Авиациялык эрежелерин аткарууга кабыл алынсын.
4. Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлигине:
“Кыргыз Республикасынын Авиациялык эрежелерин бекитүү тууралуу” Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин 2016-жылдын 27-январындагы № 1 буйругунун 1-пунктунун 17-абзацын (Кыргыз Республикасынын Авиациялык эрежелери КРАЭ-16. Айлана-чөйрөнү коргоо).
5. Бул буйрук Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Жарандык авиация мамлекеттик агенттигинин штаттык санынын жана тиешелүү жылдарга республикалык бюджетте каралган каражаттарынын чегинде жүзөгө ашырылат деп белгиленсин.
6. Бул буйрук расмий жарыяланган күндөн тартып жети күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
7. Ушул буйруктун аткарылышын көзөмөлдөө Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Жарандык авиация мамлекеттик агенттигинин укуктук камсыздоо бөлүмүнө жүктөлсүн.
| Директор | | Д.К. Бостонов |
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 2 · цитата келтиргендер: 3 · байланышкандар: 0
Цитата келтиргендер (3)
- КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН АВИАЦИЯЛЫК ЭРЕЖЕЛЕРИ-16 «Айлана-чөйрөнү коргоо» 1-том. Авиациялык үн (ызы-чуу) (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Жарандык авиация…Приложение · 11.08.2026 · № 13-21-10
- КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН АВИАЦИЯЛЫК ЭРЕЖЕЛЕРИ-16 «Айлана-чөйрөнү коргоо» 2-том. Авиациялык кыймылдаткычтардын эмиссиясы (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу…Приложение · 11.08.2026 · № 13-21-10
- КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН АВИАЦИЯЛЫК ЭРЕЖЕЛЕРИ-16 «Айлана-чөйрөнү коргоо» 3-том. СО2 эмиссиясы (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Жарандык авиация мамлекеттик…Приложение · 11.08.2026 · № 13-21-10
Шилтеме берет (2)
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 3-мартындагы № 115 "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин айрым ченем жаратуу ыйгарым укуктарын мамлекеттик…Постановление · 03.03.2023 · № 115
- Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин 2016-жылдын 27-январындагы № 1 "Кыргыз Республикасынын Авиациялык эрежелерин бекитүү жөнүндө" буйругуПриказ · 27.01.2016 · № 1