КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН АВИАЦИЯЛЫК ЭРЕЖЕЛЕРИ-16 «Айлана-чөйрөнү коргоо» 2-том. Авиациялык кыймылдаткычтардын эмиссиясы (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Жарандык авиация мамлекеттик агенттигинин буйругуна тиркеме)
Бул документ боюнча сурооңуз барбы?Чат-боттун жообун документ менен салыштырыңыз
ЖИ мыйзамдын тексти боюнча жооп беретЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берет · акысыз
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
| | | Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Жарандык авиация мамлекеттик агенттигинин 2026-жылдын 11-августундагы № 13-21-10 буйругуна 1- тиркеме |
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН АВИАЦИЯЛЫК ЭРЕЖЕЛЕРИ-16 «Айлана-чөйрөнү коргоо» 2-том. Авиациялык кыймылдаткычтардын эмиссиясы
Өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду каттоо баракчасы
| № | Кабыл алынган күнү | Күчүнө кирген күнү | Өзгөртүүлөрдү жана/же толуктоолорду кабыл алуу актысы | Бул нускага өзгөртүү жана/же толуктоо киргизилген күнү | Өзгөртүүнү жана/же толуктоону киргизген адамдын колу |
Эскертүү: Бул нускага өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилген датасы жана бул нускага түзөтүү киргизген адамдын колу ушул Эрежелердин ээсине тиешелүү.
1-бап. Аныктамалар жана шарттуу белгилер
§1. Аныктамалар
Басымды жогорулатуу базалык даражасы — бул кыймылдаткыч деңиз деңгээлиндеги Эл аралык стандарттык атмосферанын (МСА) стратегиялык шарттарында номиналдык учуп чыгуу тартуу күчүн иштеп чыккан режимде, компрессордун акыркы баскычынын чыгуу тегиздигиндеги толук басымдын орточо чоңдугунун компрессордун биринчи баскычынын кирүү тегиздигиндеги толук басымдын орточо чоңдугуна болгон катышы. Чыгаруу соплосу — газ турбиналуу кыймылдаткычтардын газдарынын эмиссиясынан үлгү алууда, эгерде реактивдүү агымдар аралашпаса (мисалы, кээ бир турбовентилятордук кыймылдаткычтарда болгондой), анда газ генераторунан гана келген газ агымы өтүүчү сопло (негизги контур) сопло катары кабыл алынат. Ал эми реактивдүү агымдар аралашкан учурларда, жалпы чыгаруу соплосу негизги сопло катары эсептелет. Иштеп чыккан мамлекет — Конструкция тиби үчүн жооптуу уюмга карата юрисдикциясы бар мамлекет. Даярдалган күнү - бул конкреттүү аба кемесинин же кыймылдаткычтын ушул түргө коюлган талаптарга жооп берерин тастыктаган документтин чыгарылган күнү же ушуга окшош документтин чыгарылган күнү. Түтүн - Жарыктын өтүшүнө тоскоол болгон, газдардан чыккан көмүртектүү заттар. Учуучу эмес катуу бөлүкчөлөр (уэКБ) – газ турбиналык кыймылдаткычтын чыгаруучу соплосунун чыгуу тегиздигинде болгон жана 350 °C температурага чейин ысытканда бууланбаган бөлүкчөлөр. Күйбөгөй калган углеводороддор – газ үлгүсүндө камтылган бардык класстардагы жана молекулярдык салмактагы углеводороддук бирикмелердин жалпы саны, алар үлгүдө метан түрүндө бар деген шарттуу божомол менен эсептелген. Азот кычкылдары – газ үлгүсүндө камтылган азот кычкылы менен азоттун эки кычкылынын жалпы көлөмү, азот кычкылы азоттун эки кычкылы түрүндө болот деген божомолдун негизинде эсептелет. Туунду варианты - баштапкы тастыктамаланган кыймылдаткычтын ички контурунун жана күйүү камерасынын негизги конструкциялык өзгөчөлүктөрүн сактап калган жана тастыктамалоочу органдын пикири боюнча башка параметрлери өзгөртүлбөгөн ошол эле типтеги авиациялык газ турбиналык кыймылдаткычы. Эсептелген тартуу күчү — эмиссияны ченемдөө максатында, бул — нормалдуу эксплуатациялык шарттарда, б.а. деңиз деңгээлиндеги Эл аралык стандарттык атмосферанын (МСА) статикалык шарттарында жана суу бүркүүнү колдонбостон пайдалануу үчүн тастыктамалоочу орган тарабынан бекитилген максималдуу учуп чыгуу тартуу күчү. Тартуу күчү килоньютон менен туюнтулат. Рулдоо (руление) – жерде минималдуу газ режими – негизги кыймылдаткычты (/кыймылдаткычтарды) ишке киргизүүнүн баштапкы учурунан тартып учуп чыгуу үчүн күүлөнүү башталганга чейинки жана учуп-конуу тилкесинен (УКТ) четке чыккан учурдан тартып негизги кыймылдаткыч(тар) толук токтогонго чейинки руль айдоону жана аз газ режиминде иштөөнү камтыган эксплуатациялык этап. Типтин тастыктамасы — аба кемесинин, кыймылдаткычтын же аба винтинин типтик конструкциясын аныктоо жана бул конструкция ошол мамлекеттин учууга жарамдуулугунун тиешелүү ченемдерине жооп берерин ырастоо үчүн Макулдашуучу мамлекет тарабынан берилген документ. 1-эскертүү. Кыймылдаткычтын же аба винтинин тиби үчүн айрым мамлекеттер типтин тастыктамасына эквиваленттүү документ бере алышат. 2-эскертүү. Кээ бир макулдашуучу мамлекеттерде типтин тастыктамасы конструкциянын авиациялык эмиссия боюнча ошол мамлекеттин тиешелүү талаптарына жооп берерин документ жүзүндө күбөлөндүрүү үчүн да колдонулушу мүмкүн. Тартууну күчөтүү (форсаж) — кыймылдаткычтын иштөө режими, анда күйүү системасынын жабдуулары (толук же бөлүкчө) күйбөгөн күйүүчү майды камтыган абанын берилиши аркылуу камсыз кылынат. Түтүндүүлүк саны - Түтөөнүн деңгээлин мүнөздөөчү өлчөмсүз чоңдук. Эквиваленттүү методика - эквиваленттүү методика бул, 16-тиркеменин II томунда белгиленген методикадан айырмаланса да, сертификаттоочу ыйгарым укуктуу органдын техникалык корутундусу боюнча, белгиленген методика сыяктуу эле эмиссиянын деңгээлин иш жүзүндө камсыз кылган сыноо же талдоо методикасы. Эскертүү: Айрым эквиваленттүү ыкмалар Техникалык колдонмонун (Doc 9501) II томунда "Авиациялык кыймылдаткычтарды эмиссия боюнча тастыктамалоо ыкмалары" бөлүмүндө келтирилген. Бардык эквиваленттүү ыкмалар жана аларды колдонуу тастыктамалоочу ыйгарым укуктуу орган тарабынан бекитилиши керек. Учуу этабы – кыймылдаткыч эсептелген тартуу режиминде иштеген убакыт аралыгы менен аныкталган учуу этабы. Кондуруу этабы – бул кыймылдаткычтын кондуруу режиминде иштеген убакыт аралыгы менен аныкталган учуу этабы. Бийиктикке көтөрүлүү этабы - бул кыймылдаткычтын бийиктикке көтөрүлүү режиминде иштеген убакыт аралыгы менен аныкталган учуу этабы.
§ 2. Шарттуу белгилер
1. Ушул Кыргыз Республикасынын Авиациялык эрежелеринде төмөндө келтирилген шарттуу белгилер колдонулган учурларда, алар төмөнкүдөй маанилерге ээ болот:
| нлТЧ | Учуучу эмес катуу бөлүкчөлөр (уэКБ) (аныктаманы караңыз) |
| СО | Көмүртек кычкылы |
| Dp | Стандарттуу конуу жана учуп-чыгуу циклында атмосферага бөлүнүп чыккан каалаган газ абалындагы булгачуу заттын массасы. |
| Fn | Бул эксплуатациялык режим үчүн деңиз деңгээлиндеги Эл аралык стандарттык атмосфера (МСА) шарттарындагы тартуу күчү. |
| Foo | Эсептелген тартуу күчү (аныктаманы караңыз) |
| F*oo | Форсажды колдонуудагы эсептелген тартуу күчү. |
| НС | Күйбөй калган углеводороддор (аныктаманы караңыз) |
| NO | Азоттун кычкылы |
| NO2 | Азоттун кош кычкылы |
| NOx | Азоттун кычкылдары (аныктаманы караңыз) |
| SN | Түтүндүүлүк саны (аныктаманы караңыз) |
| πоо | Басымды жогорулатуу базалык даражасы (аныктаманы караңыз) |
2-бөлүм. Күйүүчү майдын төгүлүшү
§ 1. Административдик маселелер
2. Кыргыз Республикасынын Авиациялык эрежелеринин ушул жоболору 1982-жылдын 18-февралынан кийин чыгарылган, эл аралык аэронавигацияда иштеген газ турбиналуу кыймылдаткычтары бар бардык аба кемелерине тиешелүү.
3. Күйүүчү майдын атайылап чыгарылышын алдын алууга байланыштуу тастыктама ыйгарым укуктуу тастыктамалоочу орган тарабынан жүргүзүлөт.
4. Кыргыз Республикасы күйүүчү майдын атайылап чыгарылышын алдын алууга байланыштуу тастыктамалоо үчүн жооптуу мамлекеттин ыйгарым укуктуу тастыктамалоочу органы тарабынан жүргүзүлгөн күйүүчү майдын чыгарылышы боюнча сертификациялону анык деп тааныйт.
§2. Күйүүчү майды атайылап чыгарып жиберүүнүн алдын алуу
5. Аба кемелери нормалдуу учуу же жердеги иштер аяктагандан кийин, кыймылдаткычты токтотуу процессинде сопло коллекторунан атмосферага суюк күйүүчү майдын атайылап чыгарылышын алдын алуу үчүн конструкцияланат жана жасалат.
3-бап. Эмиссия боюнча сертификаттоо §1. Административдик маселелер
6. Ушул эрежелердин 7–9-пункттарынын жоболору эмиссияны сертификаттоо максатында 2 жана 3-главаларда аныкталган классификацияга кирген бардык кыймылдаткычтарга жана алардын туунду варианттарына, эгерде бул кыймылдаткычтар эл аралык аэронавигацияда иштеген аба кемелерине орнотулган болсо, колдонулат.
7. Ар бир кыймылдаткычтын эмиссия боюнча сертификаттоосун тастыктаган документте, жок эле дегенде, кыймылдаткычтын бул түрүнө тиешелүү төмөнкү маалыматтар камтылууга тийиш:
1) ыйгарым укуктуу тастыктамалоо органынын аталышы;
2) кыймылдаткычтын түрүнүн жана моделинин заводдук белгиси;
3) эмиссия боюнча сертификаттоого карата колдонулуучу талаптарга ылайык келтирүү максатында киргизилген кошумча модификациялардын ар кандай көрсөткүчү;
4) эсептик тартуу жөнүндө маалыматтар;
5) басымды жогорулатуунун базалык даражасы;
6) түтүндүүлүк санына карата талаптардын сакталышы жөнүндө көрсөткүч;
7) газ сымал заттар менен булганууга карата талаптардын сакталышы жөнүндө көрсөткүч;
8) катуу бөлүкчөлөргө карата талаптардын сакталышы жөнүндө көрсөткүч.
8. Кыргыз Республикасы эмиссия боюнча сертификацияга байланыштуу жооптуу мамлекеттин ыйгарым укуктуу тастыктамалоочу органы тарабынан жүргүзүлгөн эмиссия боюнча тастыктаманы анык деп тааныйт.
9.Кыргыз Республикасы кыймылдаткычтарга карата кыймылдаткычтарды өндүрүү үчүн жооптуу уюмдун үстүнөн юрисдикцияга ээ болгон башка мамлекеттин компетенттүү ыйгарым укуктуу органы тарабынан берилген өзгөчөлүктөрдү анык деп тааныйт.
Эскертүү. Өзгөчөлүктөрдү берүүнүн алгылыктуу процесстери жана критерийлери боюнча нускамалык материал Техникалык колдонмонун (Doc 9501) II томунда "Авиациялык кыймылдаткычтарды эмиссия боюнча сертификациялоо методикасы" дегенде камтылган.
10. Типтеги кыймылдаткыч же модел үчүн тип тастыктамасына арыз кыймылдаткычтын тибине же моделине ылайык келген учуу жарамдуулугунун ченемдериндеги белгиленген мөөнөттүн ичинде жарактуу болот, эгерде тастыктамалоочу орган бул мөөнөттү узартууга макул болгон өзгөчө учурларды кошпогондо.
11. Эгерде мындай жарактуулук мөөнөтү ашып кетсе жана аны узартуу бекитилсе, Кыргыз Республикасынын бул Авиациялык эрежелеринин талаптарын колдонуунун башталышын аныктоо үчүн колдонула турган дата тип сертификатын берүү датасы же типтин конструкциясына өзгөртүүнү бекитүү датасы же иштеп чыгуучу мамлекет тарабынан белгиленген окшош процесстин алкагында бекитүүнү берүү датасы болуп саналат, бул жарактуулук мөөнөтүн эске алуу менен.
12. Эгерде кыймылдаткычтын конфигурациясы же башка объективдүү шарттар методикаларды колдонууга жол бербесе же чек койсо, тастыктамалоочу ыйгарым укуктуу орган эквиваленттүү методикаларды колдонуу иш жүзүндө ошол эле эмиссия деңгээлин берерин көрсөткөн жетиштүү техникалык далилдерди алгандан кийин, эквиваленттүү методикаларды беките алат. Бардык мындай эквиваленттүү методикалар сертификаттоочу ыйгарым укуктуу орган тарабынан бекитилүүгө тийиш.
4-бөлүм
Үн ылдамдыгынан төмөн ылдамдыкта гана учууну камсыз кылууга арналган турбореактивдүү жана турбовентилятордук кыймылдаткычтар
§1. Жалпы жоболор
13. Бул бөлүмдө камтылган жоболор үн ылдамдыгынан төмөн ылдамдыкта учууну камсыз кылууга арналган бардык турбореактивдүү жана турбовентилятордук кыймылдаткычтарга карата колдонулат, бирок, эгерде ыйгарым укуктуу тастыктамалоо органы же кыймылдаткычтарды өндүрүү үчүн жооптуу уюмдун үстүнөн юрисдикцияга ээ болгон компетенттүү ыйгарым укуктуу орган төмөнкүлөргө карата өзгөчөлүк жасаса анда бул жоболор колдонулбайт:
1) 1965-жылдын 1-январына чейин биринчи негизги үлгү үчүн типтин тастыктамасы берилген же ушуга окшош башка белгиленген жол жобо аткарылган кыймылдаткычтардын конкреттүү типтери же андай кыймылдаткычтардын туунду варианттары;
2) кыймылдаткычтын биринчи сериялык үлгүсүн даярдоого байланыштуу конкреттүү убакыт аралыгында кыймылдаткычтардын чектелген саны.
14. Мындай учурларда кыймылдаткычтарды өндүрүү үчүн жооптуу уюмдун үстүнөн юрисдикцияга ээ болгон тастыктамалоочу ыйгарым укуктуу орган же компетенттүү ыйгарым укуктуу орган тарабынан бошотууну тастыктаган документ берилет, ал эми кыймылдаткычтын белгилөө тактасына "БОШОТУЛГАН" деген жазуу түшүрүлөт, мында мындай бошотуу кыймылдаткычтын туруктуу формулярында катталат. Кыймылдаткычтарды өндүрүү үчүн жооптуу уюмдун үстүнөн юрисдикцияга ээ болгон сертификаттоочу ыйгарым укуктуу орган же компетенттүү ыйгарым укуктуу орган бошотууга дуушар болгон кыймылдаткычтардын санын жана алардын айлана-чөйрөгө тийгизген таасирин эске алат. Бошотуулар жөнүндө маалымат кыймылдаткычтын сериялык номерин көрсөтүү менен коштолот жана ага жалпы пайдалануудагы расмий реестр аркылуу жетүү камсыздалат.
§2. Каралып жаткан эмиссия
15. Авиациялык кыймылдаткычтарды тастыктамалоо максатында төмөнкү эмиссия түрлөрү нормаланат:
а) түтүн;
б) газ сымал заттар:
1) күйбөй калган углеводороддор (НС);
2) көмүртек кычкылы (СО);
3) азот оксиддери (NОx).
§3. Маалыматтарды билдирүү үчүн өлчөө бирдиктери
16.Түтүндүн эмиссиясын өлчөөдө жыйынтыктар түтүндүүлүк саны (SN) аркылуу билдирилет.
17. Стандарттуу учуп-конуу цикли (LTO) учурунда атмосферага бөлүнүп чыккан газ сымал булгоочу заттардын (HC, CO же NOx) массасы (Dp) грамм менен билдирилет.
§4. Стандарттык шарттар
18. Кыймылдаткычтардын мүнөздөмөлөрүнө карата стандарттуу атмосфералык шарттар деңиз деңгээлиндеги МСА шарттары катары кабыл алынат, бирок стандарттуу нымдуулук 0,00634 кг суу/кг кургак абага барабар деп алынат.
19. Кыймылдаткычтын сыноолору газ сымал заттардын жана түтүндүн эмиссиясынын мүнөздүү деңгээлин аныктоо үчүн жетиштүү болгон тартуу режимдеринде жүргүзүлөт, ошондуктан кыймылдаткычтын төмөнкүдөй эсептик тартуунун (пайыз менен) сертификаттоо органы менен макулдашылган конкреттүү маанилеринде иштегенде эмиссиянын массасын жана түтүн санын аныктоого болот:
| LTO циклинин иштөө режими | Тартуу күчү |
| Учуу | 100 % Foo |
| Бийиктикке көтөрүлүү | 85 % Foo |
| Конууга киришүү | 30 % Foo |
| Жердеги аз газ режиминде/рулдоо | 7 % Foo |
20. LTO стандарттык цикли учурунда газ сымал заттардын эмиссиясы жөнүндө маалыматтарды эсептөө жана билдирүү үчүн ар бир эксплуатациялык режимде иштөөнүн төмөнкү мезгилдери колдонулат.
| Иштетүү режиминдеги иштөө убактысы (мүнөттөрдө) | |
| Учуу | 0,7 |
| Бийиктикке көтөрүлүү | 2,2 |
| Конууга киришүү | 4,0 |
| Жердеги аз газ режиминде/рулдоо | 26,0 |
§7. Түтүн
21. 23-пункттун жоболору төмөнкүлөргө карата колдонулат:
1) 1983-жылдын 1-январынан кийин, бирок 2023-жылдын 1-январына чейин чыгарылган кыймылдаткычтарга;
2) 2023-жылдын 1-январында жэ андан кийин чыгарылган, эсептелген тартуу күчү 26,7 кНго барабар же андан аз болгон кыймылдаткычтарга.
22. LTO циклинин тартуусунун төрт эксплуатациялык режиминин кайсы биринде болбосун түтүндүүлүк саны төмөнкү формула боюнча аныкталган маанилерден ашпайт:
Түтүндүүлүктүн нормативдик саны = 83,6 (Foo)−0,274 же 50 чоңдугу, бул маанилердин кайсынысы кичине болсо, ошол алынат.
§8. Газ сымал заттардын эмиссиясы
23. 26,7 кН ашык эсептик тартылуу күчү бар жана 1986-жылдын 1-январында жэ андан кийин чыгарылган кыймылдаткычтарга 25-пункттун жоболору азот кычкылдарына карата кошумча талаптарды эске алуу менен колдонулат.
24. Колдонуудагы методикаларга ылайык өлчөнгөн жана эсептелген, ошондой эле мүнөздүү деңгээлдерге келтирилген газ сымал заттардын эмиссиясынын деңгээли төмөнкү формула боюнча аныкталган ченемдик деңгээлдерден ашпайт:
көмүрсуутектер (КС): Dр /Fоо = 19,6; көмүр кычкылдыгы (СО): Dр /Fоо = 118; азот кычкылдары (NOx):
1) биринчи сериялык үлгүсү 1996-жылдын 1-январына чейин жасалган жана конкреттүү нускасы 2000-жылдын 1-январына чейин жасалган кыймылдаткычтар үчүн:
Dр /Fоо = 40 + 2πоо;
2) кыймылдаткычтар үчүн, алардын биринчи сериялык үлгүсү 1996-жылдын 1-январында же андан кийин даярдалган, же алардын конкреттүү нускасы 2000-жылдын 1-январында же андан кийин даярдалган.
Dр /Fоо = 32 + 1,6πоо;
3) кыймылдаткычтар үчүн, алардын биринчи сериялык үлгүсү 2004-жылдын 1-январында же андан кийин даярдалган болсо:
а) басымды жогорулатуунун базалык даражасы 30 же андан аз болгон кыймылдаткычтар үчүн:
· 89,0 кН ашык эсептик тартуу күчү бар кыймылдаткычтар үчүн:
Dp /Fоо = 19 + 1,6πоо;
· 26,7 кН ашык, бирок 89,0 кН ашпаган эсептик тартуу күчү бар кыймылдаткычтар үчүн:
Dp /Fоо = 37,572 + 1,6πоо – 0,2087Fоо;
б) басымдын базалык ашып кетүү даражасы 30дан ашык, бирок 62,5тен аз болгон кыймылдаткычтар үчүн:
· 89,0 кН ашык эсептик тартуу күчү бар кыймылдаткычтар үчүн:
Dp /Fоо = 7 + 2,0πоо;
• 26,7 кН ашык, бирок 89,0 кН ашпаган эсептик тартуу күчкө ээ кыймылдаткычтар үчүн:
Dp /Fоо= 42,71 + 1,4286πоо – 0,4013Fоо + 0,00642πоо Fоо;
в) Базалык басымды жогорулатуу даражасы 62,5 же андан көп болгон кыймылдаткычтар үчүн:
Dp /Fоо= 32 + 1,6πоо;
4) кыймылдаткычтар үчүн, алардын биринчи сериялык үлгүсү 2008-жылдын 1-январында же андан кийин даярдалган, же алардын конкреттүү нускасы 2013-жылдын 1-январында же андан кийин даярдалган:
а) басымды жогорулатуунун базалык даражасы 30 же андан аз болгон кыймылдаткычтар үчүн:
• 89,0 кН ашык эсептик тартуу күчү бар кыймылдаткычтар үчүн:
Dp /Foo = 16,72 + 1,4080πоо;
• 26,7 кН ашык, бирок 89,0 кН ашпаган эсептик тартуу күчү бар кыймылдаткычтар үчүн:
Dp /Foo = 38,5486 + 1,6823πоо – 0,2453Foo – 0,00308πooFoo;
б) басымды жогорулатуунун базалык даражасы 30дан ашык, бирок 82,6дан аз болгон кыймылдаткычтар үчүн:
• 89,0 кН ашык эсептик тартуу күчү бар кыймылдаткычтар үчүн:
Dp /Foo = –1,04 + 2,0πоо;
• 26,7 кН ашык, бирок 89,0 кН ашпаган эсептик тартуу күчкө ээ кыймылдаткычтар үчүн:
Dp /Foo = 46,1600 + 1,4286πоо – 0,5303Foo + 0,00642πооFoo;
в) Басымдын базалык жогорулоо даражасы 82,6 же андан жогору болгон кыймылдаткычтар үчүн:
Dp /Foo = 32 + 1,60πоо;
5) кыймылдаткычтар үчүн, алардын биринчи сериялык үлгүсү 2014-жылдын 1-январында же андан кийин жасалган жана алардын тибинин сертификатына арыз 2023-жылдын 1-январына чейин берилген:
а) басымды жогорулатуунун базалык даражасы 30 же андан аз болгон кыймылдаткычтар үчүн:
• 89,0 кН ашык эсептик тартуу күчү бар кыймылдаткычтар үчүн:
Dp /Foo = 7,88 + 1,4080πоо;
• 26,7 кН ашык, бирок 89,0 кН ашпаган эсептик тартуу күчкө ээ кыймылдаткычтар үчүн:
Dp /Foo = 40,052 + 1,5681πоо – 0,3615Foo – 0,0018πooFoo;
б) басымды жогорулатуунун базалык даражасы 30дан ашык, бирок 104,7ден аз болгон кыймылдаткычтар үчүн:
• 89,0 кН ашык эсептик тартуу күчү бар кыймылдаткычтар үчүн:
Dp /Foo = –9,88 + 2,0πоо;
• 26,7 кН ашык, бирок 89,0 кН ашпаган эсептик тартуу күчү бар кыймылдаткычтар үчүн:
Dp /Foo = 41,9435 + 1,505πоо – 0,5823Foo + 0,005562πооFoo;
в) базалык басымды жогорулатуу даражасы 104,7 же андан жогору болгон кыймылдаткычтар үчүн:
Dp /Foo = 32 + 1,6πоо.
6) тип тастыктамасына арыз 2023-жылдын 1-январынан же андан кийин берилген кыймылдаткычтар үчүн:
а) басымды жогорулатуунун базалык даражасы 30 же андан аз болгон кыймылдаткычтар үчүн:
• 89,0 кН ашык эсептик тартуу күчү бар кыймылдаткычтар үчүн:
Dp /Foo = 7,88 + 1,4080πoo;
• 26,7 кН ашык, бирок 89,0 кН ашпаган эсептик тартуу күчкө ээ кыймылдаткычтар үчүн:
Dp /Foo = 40,052 + 1,5681πoo – 0,3615Foo – 0,0018πooFoo;
б) басымды жогорулатуунун базалык даражасы 30дан ашык, бирок 104,7ден аз болгон кыймылдаткычтар үчүн:
• 89,0 кН ашык эсептик тартуу күчү бар кыймылдаткычтар үчүн:
Dp /Foo = – 9,88 + 2,0πoo;
• 26,7 кН ашык, бирок 89,0 кН ашпаган эсептик тартуу күчкө ээ кыймылдаткычтар үчүн:
Dp /Foo = 41,9435 + 1,505πoo – 0,5823Foo + 0,005562πoo Foo;
в) Басымды жогорулатуунун базалык даражасы 104,7 же андан көп болгон кыймылдаткычтар үчүн:
Dp /Foo = 32 + 1,6πoo.
§8. Керектүү маалымат.
Эскертүү: Керектүү маалымат үч топко бөлүнөт:
1) Кыймылдаткычтын мүнөздөмөлөрүн, колдонулган күйүүчү майды жана маалыматтарды талдоо ыкмасын аныктоо үчүн жалпы маалымат; 2) кыймылдаткычты (кыймылдаткычтарды) сыноо учурунда алынган маалыматтар; 3) кыймылдаткычты сыноо учурунда алынган эсептөөлөрдүн жыйынтыктары.
25. Түтүн же газ сымал заттардын эмиссиясы боюнча тастыктамаланууга тийиш болгон ар бир кыймылдаткычтын түрү үчүн төмөнкү маалыматтар берилет:
1) кыймылдаткычтын белгилениши;
2) эсептелген тартуу күчү (кН менен);
3) басымды жогорулатуунун базалык даражасы;
4) күйүүчү майдын стандарттык мүнөздөмөлөрү;
5) күйүүчү майдагы суутектин көмүртекке болгон катышы;
6) маалыматтарды чогултуу ыкмалары;
7) айлана-чөйрөнүн шарттарына түзөтүүлөрдү киргизүү ыкмасы;
8) маалыматтарды талдоо ыкмасы.
26. Тастыктамалоо максатында тартуу режимдеринде сыноодон өткөрүлгөн ар бир кыймылдаткыч боюнча төмөндө көрсөтүлгөн маалымат берилет. Тиешелүү учурларда, бул маалымат стандарттуу айлана-чөйрөнүн шарттарына ылайыкташтырылгандан кийин берилет:
1) күйүүчү майдын чыгымы (кг/сек);
2) ар бир газ түрүндөгү булгоочу зат үчүн эмиссия индекси (г/кг);
3) өлчөнгөн түтүндүүлүк саны.
27. Тастыктамалоо максатында сыноодон өткөрүлгөн ар бир кыймылдаткыч боюнча төмөнкүдөй алынган маалыматтар берилет:
1) эмиссиянын интенсивдүүлүгү, башкача айтканда, ар бир газ түрүндөгү булгоочу зат үчүн эмиссия индекси күйүүчү майдын чыгымына (г/с) көбөйтүлгөн;
2) LTO цикли боюнча өлчөнгөн ар бир газ түрүндөгү булгоочу заттын эмиссиясынын жалпы көлөмү (грамм менен);
3) ар бир газ түрүндөгү булгоочу зат үчүн Dр /Foo мааниси (г/кН);
4) түтүндүүлүктүн максималдуу саны.
28. Ар бир тастыктамалануучу кыймылдаткычтын түрү үчүн газ сымал булгоочу заттардын мүнөздүү эмиссия деңгээлдери жана түтүндүүлүк саны көрсөтүлөт.
5-бөлүм. Катуу бөлүкчөлөрдүн эмиссиясы
§1. Жалпы жоболор
29. Бул эрежелердин ушул бөлүмүндө камтылган жоболор, ушул эрежелердин 5-бөлүмүнүн § 2-синдеги көрсөтүлгөндөй, үн ылдамдыгынан төмөн ылдамдыкта гана учууларды камсыз кылууга арналган бардык авиациялык кыймылдаткычтарга карата колдонулат.
30. Тиешелүү кыймылдаткыч категориялары үчүн конкреттүү жоболор ушул эрежелердин 5-бөлүмүнүн §2-синдеги материалга ылайык колдонулат, кыймылдаткычтарды чыгарууга жооптуу уюмдун үстүнөн юрисдикцияга ээ болгон тастыктамалоочу ыйгарым укуктуу орган же компетенттүү ыйгарым укуктуу орган кыймылдаткычтын конкреттүү нускасын чыгарууга карата ушул эрежелердин 5-бөлүмүнүн §2-синде көрсөтүлгөн даталардан кийин жасалган кыймылдаткычтардын чектелген санына карата белгилүү бир убакыт аралыгында бошотуу берген учурларды кошпогондо.
31. Мындай учурларда кыймылдаткычтарды өндүрүү үчүн жооптуу уюмдун үстүнөн юрисдикцияга ээ болгон тастыктамалоочу ыйгарым укуктуу орган же компетенттүү ыйгарым укуктуу орган тарабынан мындай бошотууну тастыктаган документ берилет жана кыймылдаткычтын белгилөөчү тактасына "БОШОТУЛГАН" деген жазуу түшүрүлөт, мында мындай бошотуу кыймылдаткычтын туруктуу формулярында катталат. Кыймылдаткычтарды өндүрүү үчүн жооптуу уюмдун үстүнөн юрисдикцияга ээ болгон тастыктамалоочу ыйгарым укуктуу орган же компетенттүү ыйгарым укуктуу орган өндүрүлө турган бошотууга дуушар болгон кыймылдаткычтардын санын жана алардын айлана-чөйрөгө тийгизген таасирин эске алат. Бошотуулар жөнүндө маалымат кыймылдаткычтын сериялык номерин көрсөтүү менен коштолот жана ага жалпы пайдалануудагы расмий реестр аркылуу жеткиликтүүлүк камсыздалат.
Эскертүү: Бошотууларды берүү боюнча кошумча нускамалык материалдар Техникалык колдонмонун (Doc 9501) "Айлана-чөйрөнү коргоо боюнча авиациялык кыймылдаткычтарды тастыктамалоо методикасы" II томунда камтылган.
32. Каралып жаткан эмиссия. Бул бөлүмдүн максаты учуучу эмес катуу бөлүкчөлөрдүн (уЭКБ) массалык эмиссиясын нормалоо болуп саналат.
1) Маалыматтарды билдирүү үчүн өлчөө бирдиктери
2) уЭКБ массалык концентрациясы мкг/м3 менен билдирилет.
3) 18.3-пунктта аныкталгандай, стандарттуу учуп-конуу циклинин (LTO) ичинде чыгарылган уЭКБ массасы (LTOmass) мг менен билдирилет.
4) 18.3-пунктта аныкталгандай, стандарттуу учуп-конуу циклинин (LTO) ичинде чыгарылган уЭКБ саны (LTOnum) бөлүкчөлөрдүн саны менен билдирилет.
33. Стандарттык атмосфералык шарттар катары деңиз деңгээлиндеги Эл аралык стандарттык атмосферанын (МСА) шарттары кабыл алынат, бирок стандарттык нымдуулук 0,00634 кг суу/кг кургак абага барабар деп кабыл алынат.
34. Кыймылдаткычтын стандарттык учуп-конуу циклинин (LTO) эмиссиясы. Кыймылдаткычтын сыноолору кыймылдаткычтын нлТЧ эмиссиясын аныктоо үчүн жетиштүү болгон тартуу режимдеринде жүргүзүлөт, ошондо LTO учурундагы тартуу режимдеринде жана нлТЧнын максималдуу массалык концентрациясын, максималдуу EImass жана максималдуу EInum түзүүчү режимдерде нлТЧнын массалык эмиссия индекстерин (EImass) жана нлТЧнын сандык эмиссия индекстерин (EInum) аныктоого болот, бул тастыктамалоочу ыйгарым укуктуу орган менен макулдашылган.
35. LTOнун эмиссиясы жөнүндө маалыматты эсептөө жана көрсөтүү үчүн, LTO ар бир көрсөтүлгөн эксплуатациялык режимде тартуу күчү жана иштөө убактысынын төмөнкү чоңдуктары түрүндө берилет:
| LTO иштетүү режими | Тартуу күчү % Foo | Иштөө убактысы, мүн |
| Учуу | 100 | 0,7 |
| Бийиктикке көтөрүлүү | 85 | 2,2 |
| Конууга киришүү | 30 | 4,0 |
| Жердеги аз газ режиминде рулдоо | 7 | 26,0 |
36. Сыноо учурунда колдонулган күйүүчү майдын мүнөздөмөлөрү эске алынышы керек.
37. Сыноо учурунда кыймылдаткыч сыноо стендине орнотулат.
38. Кыймылдаткыч тастыктамаланган конфигурациянын типтүү үлгүсү болуп саналат; аба алуу үчүн чыгаруучу каналдар жана кыймылдаткычтын негизги ишине тиешеси жок көмөкчү жүктөмдөр моделделбейт.
39. Сыноо шарттары 33-пунктта көрсөтүлгөн стандарттуу атмосфералык шарттардан айырмаланганда, EImass жана EInum жол жоболорго ылайык кыймылдаткычтын күйүү камерасына кирүүчү температурага чейин стандарттуу атмосфералык шарттарда келтирилет.
§2. Учуучу эмес катуу бөлүкчөлөрдүн эмиссиясы
40. Ушул эрежелердин 42 жана 44-пунктарында көрсөтүлгөн жоболор эсептик тартуу күчү 26,7 кН ашык болгон бардык турбовентилятордук жана турбореактивдүү кыймылдаткычтардын түрүнө же моделине карата колдонулат.
41. Ушул главанын жоболору ошондой эле турбореактивдүү жана турбовентилятордук кыймылдаткычтарды башка учурда колдонууга мүмкүн болгон тармактарда колдонуу үчүн арналган, интеграцияланган күч берүүчү түзүлүш катары конструкцияланган жана эсептик тартуу күчү боюнча тастыктамаланган кыймылдаткычтарга да колдонулат.
42. нлТЧ максималдуу массалык концентрациясы. 2020-жылдын 1-январында же андан кийин чыгарылган кыймылдаткычтарга карата, жетиштүү тартуу режимдеринде өлчөө натыйжасында алынган нлТЧ максималдуу массалык концентрациясы, жол жоболорго ылайык максималдуу эмиссиянын маанисин аныктоого жана эсептөөгө мүмкүн болгондой жана жол жоболорго ылайык мүнөздүү деңгээлдерге которулган, төмөнкү формула боюнча аныкталган ченемдик деңгээлден ашпайт:
нлТЧ массалык концентрациясынын ченемдик чеги =10(3 + 2,9 𝐹𝑜𝑜−0,274).
43. НлТЧ массасы жана стандарттык LTO циклинин ичинде чыгарылган нлТЧ саны. Өлчөнгөн жана методикага ылайык эсептелген жана методикага ылайык мүнөздүү деңгээлге айландырылган нлТЧ массалык эмиссиясынын жана нлТЧ сандык эмиссиясынын деңгээли төмөнкү формулалар боюнча аныкталган ченемдик деңгээлдерден ашпайт:
1) LTOmass:
а) 2023-жылдын 1-январында же андан кийин чыгарылган кыймылдаткычтар үчүн:
• 200 кН ашык эсептик тартуу күчүнө ээ кыймылдаткычтар үчүн:
LTOmass/Foo = 347,5;
• 26,7 кН ашык, бирок 200 кН ашпаган эсептик тартуу күчүнө ээ кыймылдаткычтар үчүн:
LTOmass/Foo = 4646,9 – 21,497Foo;
б) 2023-жылдын 1-январында же андан кийин типтик тастыктамага арыз берилген кыймылдаткычтардын тиби же модели үчүн:
• 150 кН ашык эсептик тартуу күчү бар кыймылдаткычтар үчүн:
LTOmass/Foo = 214,0;
• 26,7 кН ашык, бирок 150 кН ашпаган эсептик тартуу күчүнө ээ кыймылдаткычтар үчүн:
LTOmass/Foo = 1251,1 – 6,914Foo;
2) LTOnum:
а) 2023-жылдын 1-январында же андан кийин чыгарылган кыймылдаткычтар үчүн:
• 200 кН ашык эсептик тартуу күчү бар кыймылдаткычтар үчүн:
LTOnum/Foo = 4,170 × 1015;
• 26,7 кН ашык, бирок 200 кН ашпаган эсептик тартуу күчүнө ээ кыймылдаткычтар үчүн:
LTOnum/Foo = 2,669 × 1016 – 1,126 × 1014Foo;
б) 2023-жылдын 1-январында же андан кийин типтик сертификатка арыз берилген кыймылдаткычтардын тиби же модели үчүн:
• 150 кН ашык эсептик тартуу күчү бар кыймылдаткычтар үчүн:
LTOnum/Foo = 2,780 × 1015;
• 26,7 кНдан ашык, бирок 150 кНдан ашпаган эсептик тартуу күчкө ээ кыймылдаткычтар үчүн:
LTOnum/Foo = 1,490 × 1016 – 8,080 × 1013 Foo.
44. Өндүрүүчү төмөнкү нлТЧ эмиссиясынын маанилерин билдирет, алар жол жоболорго ылайык өлчөнгөн жана эсептелген:
a) максималдуу EImass (миллиграмм/кг күйүүчү май),
b) максималдуу EInum (бөлүкчөлөр/кг күйүүчү май).
§3. Талап кылынган маалымат
Эскертүү: Талап кылынган маалымат үч топко бөлүнөт:
1) кыймылдаткычтын мүнөздөмөлөрүн, колдонулуучу күйүүчү майдын жана маалыматтарды талдоо ыкмасын аныктоо үчүн жалпы маалымат;
2) кыймылдаткычты(тарды) сыноо(лор) учурунда алынган маалыматтар; жана
3) туунду маалымат.
45. Эмиссия боюнча тастыктамаланууга тийиш болгон ар бир кыймылдаткычтын түрү боюнча төмөнкү маалыматтар берилет:
1) кыймылдаткычтын белгиси;
2) эсептелген тартуу күчү (кН менен);
3) басымды жогорулатуунун базалык даражасы;
4) күйүүчү майдын стандарттык мүнөздөмөлөрү;
5) күйүүчү майдагы суутектин көлөмүнүн көмүртектин көлөмүнө болгон катышы;
6) маалыматтарды чогултуу ыкмалары;
7) маалыматтарды талдоо ыкмасы.
46.Тастыктамалоо максатында сыноодон өтүп жаткан ар бир кыймылдаткыч боюнча төмөнкү маалыматтар берилет:
1) күйүүчү майдын күйүүсүнүн пайдалуу жылуулугу (МДж/кг);
2) күйүүчү майдын курамындагы суутектин көлөмү (масса боюнча %);
3) күйүүчү майдын курамындагы жалпы ароматтык заттардын көлөмү (көлөм боюнча %);
4) күйүүчү майдын курамындагы нафталиндердин көлөмү (көлөм боюнча %);
5) күйүүчү майдын курамындагы күкүрттүн көлөмү (масса боюнча ppm).
47. Тастыктамалоо максатында сыноодон өтүп жаткан ар бир кыймылдаткыч боюнча 7-тиркеменин ыкмаларына же тастыктамалоочу ыйгарым укуктуу орган менен макулдашылган ар кандай эквиваленттүү ыкмаларга ылайык өлчөөлөрдүн жана эсептөөлөрдүн натыйжасында алынган төмөнкү маалыматтар берилет:
1) LTO циклинин ар бир тартуу режиминде күйүүчү майдын чыгымы (кг/сек);
2) LTO циклинин ар бир тартуу режиминде EImass (миллиграмм/кг күйүүчү май);
3) LTO циклинин ар бир тартуу режиминде EInum (бөлүкчөлөр/кг күйүүчү май).
48. Тастыктамалоо максатында сыноодон өтүп жаткан ар бир кыймылдаткыч боюнча төмөнкүдөй алынган маалыматтар берилет:
1) эмиссиянын интенсивдүүлүгү, башкача айтканда, EImass × күйүүчү майдын чыгымы, (миллиграмм/сек) нлТЧ массасы үчүн;
2) эмиссиянын интенсивдүүлүгү, башкача айтканда, EInum × күйүүчү майдын чыгымы, (бөлүкчөлөр/сек) нлТЧ саны үчүн;
3) LTO циклинин ичинде өлчөнгөн нлТЧнын жалпы массалык эмиссиясы (миллиграмм);
4) LTO циклинин ичинде өлчөнгөн нлТЧнын жалпы сандык эмиссиясы (бөлүкчөлөр);
5) LTOmass/Foo маанилери (миллиграмм/кН);
6) LTOnum/Foo маанилери (бөлүкчөлөр/кН);
7) нлТЧнын максималдуу массалык концентрациясы (микрограмм/м3).
49. Эмиссия боюнча тастыктамаланууга тийиш болгон ар бир кыймылдаткычтын түрү боюнча нлТЧ, LTOmass/Foo жана LTOnum/Foo максималдуу массалык концентрациясынын мүнөздүү деңгээлдери көрсөтүлөт.
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.