Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН АВИАЦИЯЛЫК ЭРЕЖЕЛЕРИ-16 «Айлана-чөйрөнү коргоо» 3-том. СО2 эмиссиясы (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Жарандык авиация мамлекеттик агенттигинин буйругуна тиркеме)
| | | Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Жарандык авиация мамлекеттик агенттигинин 2026-жылдын 11-августундагы № 13-21-10 буйругуна 1- тиркеме |
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН АВИАЦИЯЛЫК ЭРЕЖЕЛЕРИ-16
«Айлана-чөйрөнү коргоо»
3-том. СО2 эмиссиясы
1-бап. Аныктамалар, шарттуу белгилер
§ 1. Аныктамалар
Иштеп чыгуучу мамлекет - Конструкция тиби үчүн жооптуу уюмга карата юрисдикциясы бар мамлекет. Үн ылдамдыгынан төмөн учуучу учак – Мах саны 1ден ашкан ылдамдыкта туруктуу горизонталдык учууну аткара албаган учак. Учуу экипажынын кабина аймагы (зонасы) - бул кабинанын учуу экипажы гана колдонуу үчүн арналган бөлүгү. Баштапкы геометриялык коэффициент - бул учактын фюзеляжынын эки өлчөмдүү проекциясын колдонуу менен фюзеляждын өлчөмүн өлчөөгө негизделген оңдоо коэффициенти. Конструкция тиби - учуу жарамдуулугун аныктоо максатында аба кемесинин, кыймылдаткычтын же аба винтинин тибин аныктоо үчүн зарыл болгон маалыматтардын жана маалыматтын жыйындысы. Максималдуу учуу салмагы - типтүү конструкциянын конфигурациясы үчүн учуу салмагынын бардык маанилеринин эң жогоркусу. Максималдуу жүргүнчү сыйымдуулугу - учактын түрү үчүн максималдуу тастыктамаланган жүргүнчүлөрдүн саны. Мүнөздөмөлөрдү эсептөө модели – учуу сыноолорунун такталган маалыматтарына негизделип ырасталган аналитикалык каражат же ыкма, ал стандарттык шарттарда СО2 эмиссиясынын баалоо көрсөткүчүн эсептөө максатында SAR маанилерин аныктоо үчүн колдонулушу мүмкүн. CO2 боюнча тастыктамаланбаган учактын модификацияланган варианты - колдонулуп жаткан типтин тастыктамасына жооп берген, бирок ИКАОнун 16-тиркемесинин III томуна ылайык тастыктамаланбаган, учактын учууга жарамдуулугу жөнүндө биринчи тастыктама берилгенге чейин типтин конструкциясына CO2 эмиссиясынын болжолдуу маанисин 1,5% дан ашык жогорулаткан өзгөртүү киргизилген же CO2 үчүн олуттуу өзгөрүү деп эсептелген жеке учак. СО2 эмиссиясы боюнча тастыктамаланган учактын модификацияланган варианты - типтин конструкциясына өзгөртүү киргизилген учак, ал анын максималдуу учуу салмагын же СО2 эмиссиясынын болжолдуу көрсөткүчүн төмөнкүдөн ашыкча көбөйтөт:
1) 5700 кг максималдуу учуу салмагында 1,35%дан сызыктуу азаюу менен;
2) 60 000 кг максималдуу учуу салмагында 0,75%дан сызыктуу азаюу менен;
3) 600 000 кг максималдуу учуу салмагында 0,70%;
4) 600 000 кг ашкан максималдуу учуу салмактарында туруктуу жана 0,70%га барабар.
Эскертүү: Айрым мамлекеттерде, тастыктамалоочу орган конструкциянын, конфигурациянын, кубаттуулуктун же салмактын сунушталган өзгөрүшү ушунчалык олуттуу деп эсептесе, анда учуу жарамдуулугунун белгиленген нормаларына толук шайкештигин текшерүү талап кылынат, бул учакка типтин жаңы тастыктамасы талап кылынат. Оптималдуу шарттар - Учуу эксплуатациясы боюнча колдонмодо көрсөтүлгөн бекитилген эксплуатациялык режимдердин диапазонундагы абсолюттук бийиктик менен аба ылдамдыгынын айкалышы, ал учактын ар бир баштапкы массасында учуунун менчик алыстыгынын эң жогорку маанисин камсыз кылат. Учак (Аба кемеси) - абадан оор учуучу аппарат, кыймылдаткыч менен иштетилет, учуудагы көтөрүүчү күчү негизинен учуунун бул шарттарында кыймылсыз калган беттердеги аэродинамикалык реакциялардын эсебинен түзүлөт. Типтин тастыктамасы – бул келишим түзүүчү мамлекет тарабынан аба кемесинин, кыймылдаткычтын же аба винтинин типтүү конструкциясын аныктоо жана бул конструкциянын ошол мамлекеттин учууга жарамдуулук боюнча тиешелүү нормаларына жооп берерин тастыктоо үчүн берилген документ. Эскертүү. Кыймылдаткычтын же аба винтинин тиби үчүн айрым келишим түзүүчү мамлекеттер типтин тастыктамасына теңдеш документ бериши мүмкүн. Учуунун бирдикке туура келген аралыгы — учак крейсердик учуу режиминде керектелген күйүүчү майдын бирдигине туура келген аралык. Эквиваленттүү методика – бул 16-КРАЭнин ушул томунда көрсөтүлгөндөн айырмаланган, бирок тастыктамалоочу органдын техникалык баалоосу боюнча, CO2 эмиссиясынын баалоо көрсөткүчүнүн иш жүзүндө ошол эле маанисин берген сыноо же талдоо методикасы.
§ 2. Шарттуу белгилер
1. Ушул 16-КРАЭнин III томунда төмөндө келтирилген шарттуу белгилер колдонулганда, алар төмөнкү маанилерге ээ:
Гц - герц (секундасына циклдер) AVG - орточо CG - оордук борбору CO2 - көмүр кычкыл газы g0 - деңиз деңгээлинде жана 45,5° географиялык кеңдикте эркин түшүүнүн стандарттык ылдамдануусу, 9,80665 (м/с2) MTOM - максималдуу учуу салмагы (кг) OML - сырткы контур сызыгы RGF - баштапкы геометриялык коэффициент RSS - квадраттардын суммасынын тамыры SAR - учуунун бирдикке туура келген аралыгы (км/кг) TAS - чыныгы аба ылдамдыгы (км/саат) Wf - учактын күйүүчү майынын жалпы чыгымы (кг/саат)
2-бап. Күйүүчү майды керектөөгө негизделген учактарды СО2 эмиссиясы боюнча тастыктамалоо стандарты
§ 1. Административдик маселелер
2. Ушул эрежелердин бул параграфынын жоболору, эгерде мындай учактар эл аралык аэронавигацияда иштесе, ушул эрежелердин 2-главасында CO2 эмиссиясы боюнча тастыктамалоо максатында аныкталган класстарга кирген бардык учактарга карата колдонулат.
3. Кыргыз Республикасы башка мамлекет тарабынан жүргүзүлгөн CO2 эмиссиясы боюнча тастыктаманы жарактуу деп тааныйт.
4. Кыргыз Республикасынын Авиациялык эрежелерине киргизилген «16-КРАЭ Айлана-чөйрөнү коргоо. 3-том. CO2 эмиссиясы» (16-КРАЭ) түзөтүүсү, эгерде жаңы типке типтин тастыктамасына арыз берүү күнүнө, модификацияланган вариантта типтик конструкцияга өзгөртүү киргизүүгө макулдук берүү күнүнө же ушул мамлекеттин тастыктамалоочу органы тарабынан белгиленген эквиваленттүү жол-жобонун алкагында арыз берүү күнүнө карата колдонулса, Келишим түзүүчү мамлекет тарабынан колдонулат.
5. 16-КРАЭ талаптарын колдонуунун башталыш датасы болуп типтин тастыктамасына иштеп чыгуучу мамлекетке арыз берүү датасы же иштеп чыгуучу мамлекеттин тастыктамалоочу органы тарабынан белгиленген эквиваленттүү жол-жобонун алкагында арыз берүү датасы эсептелет.
6. Арыз, тастыктамалоочу орган бул мөөнөттү узарткан өзгөчө учурларды кошпогондо, учактын конкреттүү тибине карата колдонулуучу учууга жарамдуулук ченемдеринде көрсөтүлгөн мөөнөт ичинде жарактуу болот. Эгерде мындай жарактуулук мөөнөтү ашып кетсе, 16-КРАЭ талаптарынын колдонулушун аныктоо үчүн колдонулуучу күн — ушул жарактуулук мөөнөтүн эске алуу менен, типтин тастыктамасы берилген же типтин конструкциясындагы өзгөртүүлөр бекитилген күн, же болбосо долбоорлоочу мамлекет тарабынан белгиленген эквиваленттүү жол жобосунун алкагында бекитүү берилген күн болуп саналат.
7. CO2 боюнча тастыктамаланбаган учактардын модификацияланган варианттары жана CO2 боюнча тастыктамаланган учактардын модификацияланган варианттары үчүн 16-КРАЭ талаптарын колдонууга тиешелүү жоболор "типтин конструкциясына өзгөртүүнү тастыктамалоо үчүн тапшырык" берилген датага тиешелүү. 16-КРАЭ талаптарын колдонуунун башталышын аныктоо үчүн колдонула турган дата типтин конструкциясына өзгөртүүнү биринчи тастыктамалаган Келишим түзүүчү мамлекетке өзгөртүү киргизүүгө тапшырык берилген дата болуп саналат.
8. Эгерде учуу жарамдуулугунун тастыктамасы биринчи жолу өзүнчө учак үчүн берилген болсо, анда Кыргыз Республикасы КРАЭ-16 талаптарын колдонуунун башталышын аныктоо үчүн колдоно турган дата кайсы болбосун Келишим түзүүчү мамлекет тарабынан биринчи учуу жарамдуулугунун тастыктамасы берилген дата болуп саналат.
9. Тастыктамалоочу орган өзү ыйгарган же ырастаган CO2 эмиссиясынын баалоо көрсөткүчүнүн тастыктамаланган маанисин жарыялайт.
10. Кыргыз Республикасы учакты чыгарууга жооптуу уюмга карата юрисдикциясы бар башка Келишим түзүүчү мамлекеттин компетенттүү ыйгарым укуктуу органы тарабынан берилген учактар үчүн бошотууларды тиешелүү жол жобо колдонулган шартта жарактуу деп тааныйт.
3-бап. Салмагы 5700 кг ашык үн ылдамдыгынан төмөн учуучу реактивдүү учактар. Салмагы 8618 кг ашык винттүү учактар
§1. Колдонулушу
11. Амфибия-учактарды, атайын эксплуатациялык талаптарды аткаруу үчүн алгач долбоорлонгон же модификацияланган жана колдонулуучу учактарды, нөлдүк баштапкы геометриялык коэффициент (RGF) менен долбоорлонгон учактарды жана өрткө каршы күрөшүү максаттары үчүн атайын долбоорлонгон же модификацияланган жана колдонулуучу учактарды кошпогондо, бул бөлүмдүн талаптары төмөнкүлөргө карата колдонулат:
1) 5700 кг ашык максималдуу учуу салмагы бар, анын ичинде модификацияланган варианттары бар, үн ылдамдыгынан төмөн учуучу реактивдүү учактарга, типтик тастыктамага арыз 2020-жылдын 1- январда же андан кийин берилген, максималдуу учуу салмагы 60 000 кг же андан аз жана максималдуу жүргүнчү сыйымдуулугу 19 орун же андан аз болгон учактардан тышкары;
2) 5700 кг ашык жана 60 000 кг же андан аз максималдуу учуу салмагы бар, анын ичинде модификацияланган варианттары бар, үн ылдамдыгынан төмөн учуучу реактивдүү учактарга жана максималдуу жүргүнчү сыйымдуулугу 19 орун же андан аз болгон, типтин тастыктамага арыз 2023-жылдын 1- январда же андан кийин берилген.
3) типтин тастыктамасына арыз 2020-жылдын 1- январда же андан кийин берилген, максималдуу учуу салмагы 8618 кг ашкан бардык винттүү учактар, анын ичинде алардын модификацияланган варианттары;
4) максималдуу тастыктамаланган учуу салмагы 5700 кг ашкан, CO2 эмиссиясы боюнча тастыктамаланбаган үн ылдамдыгынан төмөн учуучу реактивдүү учактардын модификацияланган варианттары, анын ичинде алардын CO2 эмиссиясы боюнча тастыктамаланган кийинки модификацияланган варианттары, алардын тип конструкциясына өзгөртүү киргизүүгө тастыктамалоого арыз 2023-жылдын 1- январда же андан кийин берилген;
5) максималдуу тастыктамаланган учуу салмагы 8618 кг ашкан, CO2 эмиссиясы боюнча тастыктамаланбаган винттүү учактардын модификацияланган варианттары, анын ичинде алардын CO2 эмиссиясы боюнча тастыктамаланган кийинки модификацияланган варианттары, алардын тип конструкциясына өзгөртүү киргизүүгө тастыктамалоого арыз 2023-жылдын 1- январда же андан кийин берилген;
6) максималдуу тастыктамаланган учуу салмагы 5700 кг ашкан, CO2 боюнча тастыктамаланбаган айрым үн ылдамдыгынан төмөн учуучу реактивдүү учактар, аларга биринчи жолу учууга жарамдуулук тастыктамасы 2028-жылдын 1- январда же андан кийин берилген;
7) максималдуу тастыктамаланган учуу салмагы 8618 кг ашкан, CO2 боюнча тастыктамаланбаган айрым винттүү учактар, аларга биринчи жолу учууга жарамдуулук тастыктамасы 2028-жылдын 1- январда же андан кийин берилген.
12. 10-пунктка карабастан, Кыргыз Республикасы өзүнүн реестрине катталган учактарга карата кыймылдаткычты чектелген мөөнөткө алмаштыруу учурунда, эгерде типтин конструкциясындагы өзгөртүүдө учактын 90 күндөн ашпаган мөөнөттө эксплуатацияланышы каралса, ушул 16-КРАЭ жоболоруна шайкештигин далилдөө талап кылынбайт деп тааный алат. Бул эреже талап кылынган техникалык тейлөө иштерин аткарууга байланыштуу киргизилген өзгөртүүлөргө гана тиешелүү.
13. Учакты өндүрүү үчүн жооптуу уюмдун үстүнөн юрисдикцияга ээ болгон тастыктамалоочу ыйгарым укуктуу орган же компетенттүү ыйгарым укуктуу орган 10-пунктта көрсөтүлгөн жоболорду колдонуудан бошотууларды бере алат. Мындай учурларда ыйгарым укуктуу орган бошотуу жөнүндө документ берет. Бошотууну берүү учактын туруктуу формулярында катталат. Мындай ыйгарым укуктуу орган чыгарыла турган бошотулган учактардын санын жана алардын айлана-чөйрөгө тийгизген таасирин эске алат. Учактын сериялык номери боюнча аныкталган бошотуулар жөнүндө маалымат расмий мамлекеттик реестр аркылуу берилет.
§ 2. CO2 эмиссиясынын баалоо көрсөткүчү
14. Бул көрсөткүч ушул Эрежелердин 3-главасынын § 3-пунктунда көрсөтүлгөн баштапкы массанын үч мааниси үчүн белгиленген 1/SAR маанилеринин орточосу катары аныкталат.
Эскертүү 1. Көрсөткүчтүн мааниси кг/км бирдиктеринде туюнтулат. Эскертүү 2. СО2 эмиссиясынын болжолдуу көрсөткүчү фюзеляждын өлчөмүнө ылайыкталган учуунун салыштырмалуу аралыгына (SAR) негизделген көрсөткүч болуп саналат.
§ 3. Учактын баштапкы массасынын маанилери
15. Ушул талаптарга ылайык сыноолорду жүргүзүүдө учактын баштапкы массасынын төмөнкү үч маанисинин ар бири боюнча 1/SAR мааниси аныкталат:
1) чоң брутто массасы: максималдуу учуу массасынын (MTOM) 92 %ы;
2) орточо брутто массасы: чоң брутто массасы менен кичине брутто массасынын жөнөкөй арифметикалык орточосу;
3) кичине брутто массасы: (0,45 × MTOM) + (0,63 × (MTOM0,924)).
16. MTOM үчүн CO2 эмиссиясы боюнча тастыктамалоонун алкагында, MTOMдон кичине учуу салмактары үчүн да CO2 эмиссиясы боюнча тастыктамалоо жүргүзүлөт. Бирок, MTOM үчүн CO2 көрсөткүчтөрүн милдеттүү түрдө тастыктамалоодон тышкары, арыз берүүчүлөр MTOMдон кичине учуу салмактары үчүн CO2 көрсөткүчтөрүн бекитүүгө ыктыярдуу түрдө кайрыла алышат.
§ 4 CO2 эмиссиясынын уруксат берилген көрсөткүчүнүн эң жогорку жол берилген мааниси
17. CO₂ эмиссиясынын баалоо көрсөткүчүнүн мааниси баалоо методикаларына ылайык аныкталат.
18. CO₂ эмиссиясынын баалоо көрсөткүчүнүн мааниси төмөнкү пункттарда аныкталган деңгээлден ашпайт:
1) 10 1, 2) жана 3-пункттарда көрсөтүлгөн, тастыктамаланган максималдуу учуу салмагы 60 000 кг же андан аз болгон учактар үчүн: Максималдуу жол берилген маани = 10 (-2,73780 + (0,681310 * log 10 (MTOM)) + (-0,0277861 * (log 10 (MTOM))^2));
2) 10-пункттун 1) жана 3)-пунктчаларында көрсөтүлгөн, тастыктамаланган максималдуу учуу салмагы 60 000 кг ашык, бирок 70 395 кг барабар же андан аз болгон учактар үчүн:
Эң жогорку жол берилген мааниси = 0,764;
3) 10 1) жана 3-пункттарда көрсөтүлгөн, тастыктамаланган максималдуу учуу салмагы 70 395 кг ашкан учактар үчүн:
Максималдуу жол берилген маани = 10 (-1,412742 + (-0,020517 * log 10 (MTOM)) + (0,0593831 * (log 10 (MTOM))^2));
4) 10-пункттун 4), 5), 6) жана 7)-пункттарында көрсөтүлгөн, тастыктамаланган максималдуу учуу салмагы 60 000 кг же андан аз болгон учактар үчүн: Максималдуу жол берилген маани = 10 (-2,57535 + (0,609766 * log 10 (MTOM)) + (-0,0191302 * (log 10 (MTOM))^2));
5) 10-пункттун 4), 5), 6) жана 7)-пункттарында көрсөтүлгөн, тастыктамаланган максималдуу учуу салмагы 60 000 кг ашык, бирок 70 107 кг барабар же андан аз болгон учактар үчүн:
Эң жогорку жол берилген мааниси = 0,797;
6) 10 4), 5), 6) жана 7-пункттарында көрсөтүлгөн, тастыктамаланган максималдуу учуу салмагы 70 107 кг ашык болгон учактар үчүн:
Максималдуу жол берилген маани = 10 (-1,39353 + (-0,020517 * log 10 (MTOM)) + (0,0593831 * (log 10 (MTOM))^2)).
§ 5. Учактын салыштырма учуу аралыгын аныктоо үчүн стандарттык шарттар
19. Стандарттык шарттарга учактын бекитилген номиналдык иштөө режимдеринин чегинде төмөнкү шарттар кирет:
1) ушул эрежелердин 3-бөлүмүнүн 3-главасында аныкталган учактын жалпы салмагынын маанилери;
2) арыз ээси тарабынан тандалган абсолюттук бийиктиктин жана аба ылдамдыгынын маанилеринин айкалышы;
Эскертүү. Жалпысынан алганда, бул шарттар SARдын эң жогорку маанисин берген абсолюттук бийиктиктин жана аба ылдамдыгынын маанилеринин айкалышына дал келет деп болжолдонот, ал адатта оптималдуу бийиктикте максималдуу аралык режиминде крейсердик учуунун Мах санына мүнөздүү. Оптималдуудан айырмаланган шарттарды тандоо арыз ээсинин кызыкчылыгына туура келбейт, анткени бул SARдын маанисине терс таасирин тийгизет.
3) туруктуу (ылдамдануусуз), түз жана горизонталдуу учуу;
4) учак узунунан жана туурасынан тең салмакталган;
5) Эл аралык жарандык авиация уюмунун (ИКАО) стандарттуу күндүзгү атмосферасы;
6) чыныгы түндүк багытында тынч абада эсептик бийиктикте жана 45,5° геодезиялык кеңдикте учууну аткарган учактын тартылуу күчүнүн ылдамдануусу g0го негизделген;
7) күйүүчү майыдын төмөнкү күйүү жылуулугу 43,217 МДж/кг (18 580 БТЕ/фунт) барабар;
8) арыз берүүчү тарабынан тандалган учактын оордук борборунун (СG) баштапкы абалы учактын массасынын үч баштапкы маанисинин ар бири үчүн эсептик крейсердик мүнөздөмөлөр үчүн мүнөздүү болгон СG орточо жайгашуусуна туура келет;
Эскертүү: Узунунан тең салмактуулукту башкаруу системасы менен жабдылган учак үчүн CG баштапкы абалын ушул системанын жардамы менен тандаса болот.
9) Канаттын конструкциясына жүктөм шарттарын арыз ээси учактын жүк көтөрүмдүүлүгүн жана күйүүчү майдын чыгымын башкаруу боюнча өндүрүүчүнүн стандарттык практикасын эске алуу менен аткарылган өкүлчүлүктүү учуулар үчүн тандайт;
10) Арыз ээси тарабынан тандалган электрдик жана механикалык кубаттуулукту жана абаны тандоо режими эсептелген крейсердик мүнөздөмөлөрдү эске алат жана өндүрүүчү тарабынан сунушталган методикага ылайык келет;
Эскертүү: Кошумча жабдууларды, мисалы, жүргүнчүлөр үчүн маалыматтык-көңүл ачуу системаларын колдонууга байланыштуу кубаттуулукту жана абаны тандоону эске алуу зарыл эмес.
11) Кыймылдаткычтардан аба тандоо системалары башкаруу/турукташтыруу муктаждыктары үчүн кыймылдаткычтын бул моделинин эсептик мүнөздөмөлөрүнө ылайык иштейт, алар конкреттүү шарттар үчүн каралган;
12) Арыз берүүчү тандаган кыймылдаткычтын мүнөздөмөлөрүнүн начарлоо деңгээли мүнөздөмөлөрдүн баштапкы начарлоо деңгээлине туура келет (минималдуу 15 учуу же кыймылдаткычтын абада 50 саат иштеши).
20. Эгерде сыноо шарттары стандарттык шарттардан айырмаланса, сыноо шарттары менен стандарттык шарттардын ортосундагы айырмага түзөтүүлөр киргизилет.
§6 Сыноо ыкмасы
21. CO₂ эмиссиясынын баалоо көрсөткүчүнүн мааниси негизделген SAR маанилери түздөн-түз учуу сыноолорунун натыйжаларынын же учуу сыноолору менен тастыкталган мүнөздөмөлөрдү эсептөө моделинин негизинде аныкталат.
22. Сыноо жүргүзүлүүчү учактын конфигурациясы тастыктамаланып жаткан типтин конструкциясына дал келет.
23. Сыноо жана талдоо методикалары CO₂ эмиссиясынын баалоо көрсөткүчүнүн маанисин алуу үчүн белгиленген тартипте ишке ашырылат. Бул методикалар учуу алдындагы иш-чаралардан баштап, учуудан кийинки маалыматтарды талдоого чейинки учуу сыноолорунун бүткүл циклин камтыйт.
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.