2026-2028-жылдары Кыргыз Республикасында мамлекеттик тилди өнүктүрүү ПРОГРАММАСЫ
Бул документ боюнча сурооңуз барбы?Чат-боттун жообун документ менен салыштырыңыз
ЖИ мыйзамдын тексти боюнча жооп беретЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берет · акысыз
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.Биринчи жооп дароо келет - акысыз жана каттоосуз.
| 1-тиркеме | ||
| (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 10-июлундагы № 481 токтомуна) |
2026-2028-жылдары Кыргыз Республикасында мамлекеттик тилди өнүктүрүү ПРОГРАММАСЫ
1-глава. Киришүү
Кыргыз Республикасында тил саясаты мамлекеттик башкаруу, билим берүү, маданият жана коомдук мейкиндикке интеграциялоо маселелери менен тыгыз байланыштуу, бул аны мамлекетти туруктуу өнүктүрүү үчүн артыкчылыктуу кылат, анын өзөгүндө мамлекеттик тилди өнүктүрүү жана анын коомдук турмушта колдонулушун кеңейтүү маселеси камтылган. Мамлекеттик тил жарандык иденттүүлүктү өнүктүрүүнүн, социалдык биримдикке жана коомдун ынтымагына жетүүнүн негизи болуп эсептелет, ошондуктан адамдын жашоосунун бардык чөйрөлөрүндө анын натыйжалуу иштешин камсыз кылуу Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тил саясатынын артыкчылыктуу багыттарынын бири болуп саналат. Мамлекеттик тилдин өнүгүшү - коомду консолидациялоодо негизги фактор. Көп тилдүүлүк жана маданий ар түрдүүлүк шарттарында ал элдин ынтымагын чыңдоого өбөлгө түзүү менен бириктирүүчү ролду ойнойт. 2026-2028-жылдары Кыргыз Республикасында мамлекеттик тилди өнүктүрүү программасы (мындан ары - Программа) бул чөйрөдөгү учурдагы саясаттын уландысы болуп эсептелет жана Кыргыз Республикасынын Конституциясын, "Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тили жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамын, 2030-жылга чейин Кыргыз Республикасын өнүктүрүүнүн улуттук программасын, Кыргыз Республикасынын "Улуттук дем - дүйнөлүк бийиктик" уңгужолун жана башка стратегиялык документтерди ишке ашыруу максатында иштелип чыкты. Программада мамлекеттик тил саясатынын стратегиялык максаттары жана артыкчылыктуу милдеттери, ошондой эле аларга жетүүнүн механизмдери аныкталат. Программа Кыргыз Республикасынын жарандарынын, чет өлкөлүк жарандардын жана жарандыгы жок адамдардын мамлекеттик тилди үйрөнүүгө мыйзамда белгиленген кепилдиктерин жана укуктарын сактоо менен ишке ашырылат. Мындан тышкары ал Кыргыз Республикасынын аймагында жана анын чегинен тышкары мамлекеттик тилди жайылтууга, расмий жана эне тилдерди сактоого жана өнүктүрүүгө багытталган. Программа мамлекеттик органдардын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, бизнестин, коомдук уюмдардын жана эксперттик коомчулуктун өкүлдөрүнүн катышуусу менен иштелип чыккан.
2-глава. Учурдагы кырдаалга жалпы талдоо
2021-жылдан 2025-жылга чейинки мезгилде Кыргыз Республикасында мамлекеттик тил саясаты Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 1-октябрындагы № 510 "Кыргыз Республикасында 2021-2025-жылдары мамлекеттик тилди өнүктүрүү жана тил саясатын өркүндөтүү программасын бекитүү жөнүндө" токтому менен бекитилген Программанын алкагында ишке ашырылып келди. Кыргыз тилинин мамлекеттик тил катары статусун жогорулатуу, аны жарандык консолидациялоонун, маданий өзгөчөлүктүн жана мамлекеттик иденттүүлүктүн негизги фактору катары бекемдөө бул программанын негизги максаты болгон. Программа тилдин иштешинин укуктук негиздерин чыңдоого, аны окутуудагы ыкмаларды модернизациялоого, тилдик чөйрөнү санариптештирүүгө, жарандардын бардык категориялары үчүн тилдик билимге жеткиликтүүлүктү камсыздоого жана тилди күнүмдүк жашоонун бардык чөйрөлөрүндө колдонуу үчүн шыктандыруучу база түзүүгө багытталган. Беш жылдык мөөнөттө жогоруда аталган Программанын ишке ашырылышы маанилүү институционалдык жана маңыздуу натыйжаларды берди. 2023-жылы "Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тили жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамы кабыл алынып, анда кыргыз тилинин милдеттүү колдонуу чөйрөлөрү аныкталган: мамлекеттик, муниципалдык органдардын иши, соттук өндүрүшү, билим берүү, коргоо жана укук коргоо иши, ченемдик укуктук актыларды иштеп чыгуу, иш кагаздарын жүргүзүү, географиялык аталыштар, жарнама, жалпыга маалымдоо каражаттары, колдонуучу интерфейстер, транспорт жана калкты тейлөө чөйрөсү. Кыргыз тилиндеги документ жүгүртүүнүн үлүшү 60%дан (2020-ж.), 79%га (2025-ж.) чейин өстү. Тил саясатын санариптештирүүнүн алкагында кыргыз тилин үйрөнүү үчүн электрондук платформалар жана мобилдик тиркемелер иштелип чыкты жана ишке киргизилди, аларды 10000ден ашык адам пайдаланууда. Электрондук терминологиялык база түзүлдү, иш кагаздарын жүргүзүү шаблондорду, нускамаларды жана методикалык материалдарды иштеп чыгуу менен стандартташтырылды, тилди илгерилетүү боюнча иш-чаралар коомдук акциялар, семинарлар, конкурстар, тренингдер жана жарандарды, өзгөчө жаштарды тартуунун башка формалары аркылуу активдештирилди. Жогоруда аталган Программа бир катар жагымдуу факторлордун фонунда ишке ашырылды. Алардын арасында - саясий эрктин жана мамлекеттик деңгээлде колдоонун болушу, улуттук өзүн-өзү аныктоо жана маданий аң-сезимди таануу процесстеринин күчөшү, кыргыз иденттүүлүгүн бекемдөөгө коомдук суроо-талап, санариптик инструменттерди өнүктүрүү, ошондой эле билим берүү мекемелеринде окутуу тилине жана менчигинин формасына карабастан кыргыз тилин милдеттүү түрдө окутуунун мыйзамдык жактан бекитилиши. Көп тилдүү жана көп маданияттуу чөйрөдө жашоонун тарыхый тажрыйбасы да маанилүү ресурс болуп, бул өлкөнүн бардык этностук топторунун эне тилдеринин өнүгүшүнө да өбөлгө түздү. Миграциялык процесстер бир жагынан чет тилдерди үйрөнүүгө кызыгууну жаратса, экинчи жагынан кыргыз тилин мамлекеттик коммуникациянын жана элдин биримдигинин негизги каражаты катары сактоо жана өнүктүрүү зарылдыгын актуалдаштырды. Бирок жогоруда аталган Программаны ишке ашыруу бир катар олуттуу тоскоолдуктарга да туш болду. Негизги чектөөлөрдүн арасында аткаруунун жана контролдоонун натыйжалуу механизмдеринин жоктугун, ведомстволор аралык мамлекеттик өз ара аракеттенүүнүн үзгүлтүккө учурашын, институционалдык координациянын алсыздыгын, ошондой эле тил саясатын ишке ашырууга мониторинг жүргүзүү системасынын жетишсиз өнүккөндүгүн баса белгилөөгө болот. Экономикалык кыйынчылыктар жогоруда аталган Программанын артыкчылыктуу багыттарынын бөлүктөрүн ишке ашырууну да татаалдаштырды. Илимий жана иштиктүү чөйрөдө кыргыз тилинин атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүнүн чектелгендиги олуттуу тоскоолдук бойдон калууда, узак убакыт бою тилдин өнүгүшү көбүнчө адабий-көркөм контекстте гана болгон, бул заманбап илимий, техникалык жана кесиптик лексиканын тартыштыгына жана чектелүүсүнө алып келди. Айрым чөйрөлөрдө кыргыз тилин бүтүндөй улуттун эмес, бир гана этностун тили катары кабыл алуу сакталууда. Бул калктын бир бөлүгүндө аны үйрөнүүгө болгон кызыгууну төмөндөтүүдө жана мамлекеттик тилдин жалпы руханий-маданий баалуулук катары өнүгүшүн токтотууда. Ошону менен бирге тилдин социалдык статусун жогорулатуу жана аны популярдаштыруу маанилүү милдет бойдон калууда. Бирок мамлекеттик башкаруу системасында тилди мажбурлап ишке киргизүү өзгөчө шаарлардагы мамлекеттик жана муниципалдык кызматчылардын тилди билүү деңгээлин түп-тамырынан бери жакшыртпайт. Кыргыз тилинде иш кагаздарын жүргүзүүгө өтүү стандарттардын, сөздүктөрдүн, шаблондордун жана санариптик инструменттердин жетишсиздигинен улам татаалдашууда. Мыйзамдарда жана практикада базалык терминдердин ("эне тил", "мамлекеттик тил" жана "расмий тил") бирдиктүү түшүнүгү жоктугунан улам укуктук жана уюштуруучулук баш аламандык жаралууда. Мамлекеттик тилде заманбап жана кызыктуу контенттин тартыштыгы олуттуу чакырык бойдон калууда. Башка өлкөлөрдүн санариптик мүмкүнчүлүктөрүн Кыргызстандын потенциалы менен салыштырууга болбойт. Сапаттуу контентти түзүү олуттуу финансылык салымдарды талап кылат, ошол эле учурда мындай контенттин рыногу азырынча өнүгө элек жана экономикалык туруксуз бойдон калууда. Мындан тышкары күнүмдүк тилдик практиканын жөнөкөйлөшүүсүнүн өсүшү жана илимий тилдин эскиргендиги байкалууда, бул лингвистикалык ыкманы модернизациялоону жана терминологиялык базаны жаңыртууну талап кылат. Билим берүү системасында тилди практикалык өздөштүрүү көндүмдөрүн калыптандырбаган, механикалык жаттап алуу практикасы сакталууда. Деңгээлдер боюнча окутуу системасы (A1, B1, В2, C1, С2) жок, ал окутууну эл аралык стандарттарга ылайык жүргүзүүгө мүмкүндүк бермек. Натыйжада мектептердин жана ЖОЖдордун бүтүрүүчүлөрү мамлекеттик тилди кесиптик иш үчүн жетиштүү көлөмдө билбейт. Билим берүү мекемелеринде кыргыз тилин окутуунун учурдагы системасы терең трансформацияга муктаж. Эскирген методикалар, билим алуучулардын шыктануусунун төмөндүгү, өзгөчө тилди эне тили же чет тили катары окутуу жаатындагы педагогдордун жетишсиз даярдыгы, ошондой эле тилди билүү деңгээлин (A1, B1, С1 ж.б.) эске алуу менен жекелештирилген программалардын жоктугу билим берүү процессинин натыйжалуулугун олуттуу төмөндөтүүдө. Мектепке чейинки жана башталгыч билим берүү мекемелериндеги кырдаал өзгөчө тынчсызданууну жаратууда, ал жерде кыргыз тилин окутуу көбүнчө заманбап методикалык жана педагогикалык стандарттарга шайкеш келбейт. Кыргыз тилин экинчи тил катары үйрөнүү системасы да олуттуу толуктап иштеп чыгууну талап кылат. Мында окутуучулар тарабынан көрүлгөн шыктандыруу чаралары жана эмоционалдык колдоо чоң роль ойнойт. Мамлекеттик тилди милдеттүү билүү талабы кээде жарандардын укуктарын чектеген тоскоолдук катары кабыл алынууда, ошол эле учурда тилди ыктыярдуу жана шыктануу менен үйрөнүү үчүн жетиштүү шарттар түзүлгөн эмес. Дүйнөлүк практикада мамлекет мамлекеттик тил боюнча акысыз курстарды уюштурат, тоскоолдуктарды эмес, шыктанууну түзүү менен зарыл болгон инфраструктураны жана жеңилдиктерди камсыз кылат. Башка түзүмдүк проблемалардын арасында - тил жөнүндө мыйзамдардын талаптарын сактоо боюнча аткаруу тартибинин начардыгы, тил саясатын өнүктүрүү боюнча илимий базанын чектелгендиги, ошондой эле кыргыз тилинде сапаттуу, актуалдуу, мультимедиалык контентти иштеп чыгуу жана жайылтуу үчүн жогорку квалификациялуу кадрлардын жоктугу да бар. Санариптик чечимдердин жана аналитикалык мониторинг системаларынын начар өнүгүшү прогрессти баалоо жана чараларды реалдуу убакытта адаптациялоо мүмкүнчүлүктөрүн да чектейт. Башкаруу системасындагы олуттуу проблемалардын бири өнүгүүнүн жана эл аралык интеграциянын ресурсу катары көп тилдүүлүктүн маанилүүлүгүн түшүнбөстүк болуп саналат. Этностук топтордун тилдик кызыкчылыктарына көңүл бурбоо жана тар тилдүү мамиле кылуу глобалдык эмгек рыногунда Кыргыз Республикасынын жарандарынын атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүн начарлатат жана социалдык ажырымдын өсүшүнө түздөн-түз алып келет. Эркин рынок шарттарында англис тилине (биринчи кезекте IT-секторунун жана глобалдык мобилдүүлүктүн өнүгүшү менен шартталган) жана жумушка орношуу жана коммуникация үчүн зарыл болгон орус тилине жогору суроо-талап байкалууда. Бул мамлекеттик тилдин кадыр-баркын түшүрөт жана калк тарабынан аны үйрөнүүгө карата жумшак каршылыкты жаратат. Бүгүнкү күндө мамлекет тарабынан кыргыз тилин өнүктүрүүгө артыкчылыктуу басым жасалууда, ошол эле учурда этностук коомчулуктардын эне тилдерин колдоого жана атаандаштыкка жөндөмдүү ресурс катары көп тилдүүлүктү өнүктүрүүгө көңүл бурулбай калууда. Өлкөдөгү этностук жана тилдик топтордун көп түрдүүлүгү инклюзивдүүлүккө, билингвизмди колдоого жана көп тилдүү билим берүүнү сактоого негизделген тил саясатын талап кылууда. Бул факторлорго көңүл бурбоо социалдык чыңалуунун өсүү тобокелдигин жаратат, эне тилдерди сактоо жана мамлекеттик тил саясатынын деңгээлинде башка тилдерди өнүктүрүү боюнча чаралар менен катар мамлекеттик тилди илгерилетүүнү талап кылат. Мамлекеттик тилдин маданий өнүгүү, билим берүү жана карьералык мүмкүнчүлүктөр менен байланышы аны популярдаштырууну жөнөкөйлөтө тургандыгын талдоо көрсөтүүдө. Ошондой эле тилди билүү деңгээлинин критикалык ой жүгүртүүнүн, санариптик көндүмдөрдүн жана кесиптик талаптын өнүгүшү менен тыгыз өз ара байланышы байкалууда. Азыркы учурда мамлекеттик тилди колдоо боюнча формалдуу декларациядан системалуу, башкарылуучу жана натыйжага багытталган тил саясатына өтүү зарылдыгы анык болууда. Мамлекеттик тилдин туруктуу өнүгүшүн камсыз кылуу үчүн бир нече багыттардагы так жана макулдашылган иш-аракеттерди жүргүзүү зарыл:
- тил саясатын башкаруу системасын институттук бекемдөө;
- тил саясатынын натыйжалуулугуна мониторинг жүргүзүү жана баалоо инструменттерин ишке киргизүү;
- мамлекеттик тил боюнча кадрларды даярдоо жана кайра даярдоо системасын трансформациялоо;
- билим берүү стандарттарын жана окутуу методикаларын модернизациялоо;
- мамлекеттик тилде медиапродукцияларды жана контентти түзүүгө дем берүү;
- санариптик сервистерди кеңейтүү, ошондой эле мүмкүнчүлүктөрдүн, кесиптик карьеранын жана жарандык иденттүүлүктүн тили катары кыргыз тилинин оң аброюн калыптандыруу.
3-глава. Программанын максаты, артыкчылыктары, милдеттери жана чаралары
Социомаданий жана технологиялык чөйрөнүн тез өзгөрүшү шарттарында тилди күнүмдүк коммуникация каражаты катары гана эмес, социалдык биримдикти, улуттук иденттүүлүктү жана мамлекеттин туруктуу өнүгүүсүн камсыз кылуучу стратегиялык ресурс катары да кароо керек. Натыйжалуу мамлекеттик тил саясаты системалуулук, илимий негиздүүлүк, ишке ашырууда ийкемдүүлүк, секторлор аралык өз ара аракеттенүү, ачыктык жана жетишилген натыйжаларды баалоонун ачык-айкындуулугу принциптерине негизделүүгө тийиш. Программанын максаты - мамлекеттик башкаруу, билим берүү, илим, жалпыга маалымдоо каражаттары жана коомдук-маданий турмуш чөйрөлөрүндө мамлекеттик тилдин позициясын системалуу бекемдөөнү камсыз кылуу, ошондой эле Кыргыз Республикасында тилдик көп түрдүүлүктү сактоого жана өнүктүрүүгө колдоо көрсөтүү. Бул максаттарга жетүү үчүн Программада төмөнкүдөй артыкчылыктуу багыттар аныкталган:
- мамлекеттик башкарууда мамлекеттик тилди активдүү илгерилетүү;
- билим берүүдө жана илимде мамлекеттик тилди өнүктүрүү;
- коомдук-маданий жана медиа мейкиндикте мамлекеттик тилди өнүктүрүү.
1-артыкчылыктуу багыттын негизги милдеттери:
- мамлекеттик жана муниципалдык кызматчылардын мамлекеттик тилди билүү деңгээлин жогорулатуу. Бул милдет төмөнкүдөй чаралар менен ишке ашырылат:
"Кыргызтест" системасынын талаптарына ылайык мамлекеттик жана муниципалдык кызматчылар, аскер кызматчылары жана укук коргоо органдарынын кызматкерлери үчүн тездетилген окутуу программаларын иштеп чыгуу жана кесиптик, иштиктүү коммуникацияга багытталган мамлекеттик тилди билүү деңгээлин (A1, А2, B1, В2, С1) жогорулатуу курстарын уюштуруу; кызыкдар мамлекеттик органдарды жана илимий-академиялык коомчулукту тартуу менен деңгээлдик система боюнча мамлекеттик тилди окутуунун (аралыктан окутуу мүмкүнчүлүгү менен) окуу-методикалык программасын иштеп чыгуу жана бекитүү; адистештирилген программаларды жана методикалык материалдарды иштеп чыгуу; мамлекеттик жана муниципалдык кызматчылардын, аскер кызматчыларынын жана укук коргоо органдарынын кызматкерлеринин ар түрдүү категориялары үчүн электрондук курстарды жана аралыктан окутуу модулдарын иштеп чыгуу; мамлекеттик жана муниципалдык кызматчылардын, аскер кызматчыларынын жана укук коргоо органдарынын кызматкерлеринин тилдик даярдыгы боюнча мониторинг жүргүзүү жана жылдык отчеттуулукту түзүү;
- мамлекеттик тилди үйрөнүүнүн санариптик инструменттерин өркүндөтүү. Бул милдет төмөнкүдөй чаралар менен ишке ашырылат:
мамлекеттик жана муниципалдык кызматчылардын тилдик даярдыгы боюнча мониторинг жүргүзүү жана жылдык отчеттуулукту түзүү; Кыргыз Республикасынын жарандары, чет өлкөлүк жарандар ж.б. үчүн мамлекеттик тилди өз алдынча үйрөнүүнүн онлайн-платформасын (интерактивдүү курстар, тесттер ж.б.) иштеп чыгуу; "Кыргызча оңой" (Easy kyrgyz) мобилдик тиркемесинин тилдик ресурстарын өркүндөтүү; мамлекеттик тилдеги документтердин сапатын текшерүү жана жакшыртуу үчүн жасалма интеллекттин (ЖИ) негизинде электрондук жардамчыны иштеп чыгуу; машиналык (ЖИ) которуу сервистерин жакшыртуу жана мобилдик тиркемени иштеп чыгуу; үндү текстке, текстти үнгө айландыруу сервистерин өркүндөтүү; чат-бот сервисинин маалыматтар базасын кеңейтүү; балдар үчүн оюн форматындагы мамлекеттик тилди окутуучу мобилдик тиркемени (алфавит, чакан оюндар, аудиодиалогдор, сөздөрдү таануу ж.б.) өркүндөтүү;
- мамлекеттик башкарууда мамлекеттик тилди колдонууну кеңейтүү. Бул милдет төмөнкүдөй чаралар менен ишке ашырылат:
мамлекеттик тилдеги документтердин бирдиктүү стандарттарын, шаблондорун жана санариптик үлгүлөрүн жүргүзүү; мамлекеттик тилди расмий-иштиктүү стилде ишке киргизүү маселелери боюнча маалыматтык ресурсту (мамлекеттик башкарууда иш кагаздарын жүргүзүү стандарттары, методикалык материалдар, мыкты практикалар, отчеттуулук формалары ж.б.) иштеп чыгуу;
- мамлекеттик органдарда мамлекеттик тилди колдонууга мониторинг жүргүзүү жана баалоо, ошондой эле тил саясатынын ишке ашырылышын контролдоо системасын ишке киргизүү. Бул милдет төмөнкүдөй чаралар менен ишке ашырылат:
мамлекеттик тилди өнүктүрүү жаатында бирдиктүү саясатты координациялоо (мониторинг жүргүзүү жана баалоо) механизмин түзүү жана ишке киргизүү; министрликтер, ведомстволор жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан мамлекеттик тилди илгерилетүү боюнча жылдык пландарды иштеп чыгуу жана бекитүү; министрликтердин жана ведомстволордун мамлекеттик тилди өнүктүрүү үчүн жооптуу кызматкерлеринин квалификациясын жогорулатуу. 2-артыкчылыктуу багыттын негизги милдеттери:
- мектепке чейинки, мектептик жана кесиптик билим берүү системасында мамлекеттик тилди окутуунун сапатын жана аны билүү деңгээлин жогорулатуу. Бул милдет төмөнкүдөй чаралар менен ишке ашырылат:
мектепке чейинки билим берүү уюмдары үчүн мамлекеттик тилде окуу-методикалык материалдарды иштеп чыгуу жана жайылтуу; мамлекеттик тилди эне тили жана экинчи тил катары окутуунун заманбап методикаларга басым жасоо менен окутуучулардын квалификациясын жогорулатуу; жалпы билим берүү уюмдары үчүн заманбап окуу материалдарын иштеп чыгуу жана жайылтуу;
- кесиптик билим берүү уюмдарында мамлекеттик тилди окутуу. Бул милдет төмөнкүдөй чара менен ишке ашырылат:
тармактык өзгөчөлүктү эске алуу менен кесиптик башталгыч билим берүү уюмдары үчүн "Кесиптик кыргыз тили" программаларын иштеп чыгуу;
- илимий чөйрөдө мамлекеттик тилди өнүктүрүү жана илимий иште аны илгерилетүү. Бул милдет төмөнкүдөй чаралар менен ишке ашырылат:
илимдин ар кандай тармактары үчүн адистештирилген глоссарийлерди жана сөздүктөрдү түзүү; мамлекеттик тилдеги илимий басылмаларды колдоо; чет элдик илимий адабияттарды, негизги илимий эмгектерди жана окуу китептерин кыргыз тилине которуу жана ылайыкташтыруу; илимий кадрлардын тилдик квалификациясын жогорулатуу; мамлекеттик тилди илимий иш-чараларга, форумдарга жана конференцияларга интеграциялоо.
- мамлекеттик тилде илимий, тармактык терминологияны жана сөздүктөрдү иштеп чыгуу жана жаңыртуу. Бул милдет төмөнкүдөй чаралар менен ишке ашырылат:
ведомстволор аралык эксперттик топту түзүү жана мамлекеттик тилдин терминологиясын жана лексикалык системасын иретке келтирүү боюнча иштерди жүргүзүү: терминологиялык лексиканы идентификациялоонун (унификациялоонун) базалык принциптерин эске алуу менен тармактык (юридикалык, медициналык, техникалык, финансылык, аскердик, укук коргоочулук, диний ж.б.) терминдерди иштеп чыгуу, ошондой эле кеңири колдонулган сөздөрдү жана түшүнүктөрдү камтыган сөздүктөрдү түзүү; кыргыз Википедиясын системалуу өнүктүрүү;
- Кыргыз Республикасынын аймагындагы топонимдерге инвентаризация жүргүзүү (талдоо жана тизмегин түзүү). Бул милдет төмөнкүдөй чаралар менен ишке ашырылат:
мамлекеттик тилдеги топонимдерди тактоо, инвентаризациялоо боюнча экспедициялык топторду түзүү жана алардын ишин уюштуруу; такталууга тийиш болгон топонимдерге илимий жана лингвистикалык экспертиза жүргүзүү; мамлекеттик тилде топонимдердин картографиялык маалыматтар базасын жаңыртуу. 3-артыкчылыктуу багыттын негизги милдеттери:
- мамлекеттик тилдин маданият жана массалык коммуникациялар чөйрөсүндөгү позицияларын бекемдөө. Бул милдет төмөнкүдөй чаралар менен ишке ашырылат:
мамлекеттик тилде анимациялык контентти түзүүгө колдоо көрсөтүү; балдар контентин түзүүгө колдоо көрсөтүү (видеороликтер ж.б.); окуучулар жана тарбиячылар үчүн "Акыл таймаш" интеллектуалдык конкурсту уюштуруу; студенттер менен тарбиялануучулар арасында "Билги" интеллектуалдык теледолбоорун уюштуруу;
- мамлекеттик тилдеги контентти кеңейтүү, инновациялык билим берүү методикаларын жана медиапродукттарды иштеп чыгуу аркылуу мамлекеттик тилди жана маданиятты популярдаштыруу. Бул милдет төмөнкүдөй чаралар менен ишке ашырылат:
кыргыз тилин чет тили катары "Кыргыз тили - достук көпүрөсү" деген аталыш менен окутуунун методикаларын түзүү боюнча студенттик долбоорлордун конкурсун өткөрүү; Кыргызстандын маданиятына, адабиятына, илимине, аскердик ишине жана мамлекеттүүлүгүнө олуттуу салым кошкон тарыхый инсандар жөнүндө, ошондой эле өз эмгеги менен коомго үлгү болгон кыргызстандыктар жөнүндө кыска видеосюжеттердин серияларын чыгаруу; анимациялык коштоо менен балдар караокесин YouTube платформасында уюштуруу, ошондой эле эски кыргыз ырларынын учурдагы караокесинин сапатын жакшыртуу; балдар үчүн көркөм адабияттын жана музыкалык чыгармалардын мыкты авторлору үчүн конкурс уюштуруу; 3 жаштан 12 жашка чейинки балдар үчүн арналган үч тилде (кыргыз, орус жана англис) кооз музыкалык китептерди чыгаруу; балдар үчүн жомок китептерди даярдоо жана басып чыгаруу; кийинки серияларын чыгаруу менен мурунку Программанын алкагында ишке ашырылуучу анимациялык долбоордун өндүрүшүн (балдар үчүн мультфильмдерди тартууну) улантуу;
- коомдук жана маданий турмушта туруктуу тилдик чөйрөнү түзүү. Бул милдет төмөнкүдөй чаралар менен ишке ашырылат:
визуалдык тилдик чөйрөнү өнүктүрүү, тактап айтканда мамлекеттик тилди жарнамаларда, көрнөк-жарнактарда, көрсөткүчтөрдө, афишаларда, транспортто, музейлерде жана галереяларда колдонуу; бардык расмий иш-чараларда, маданият мекемелеринде жана калкка кызматтарды көрсөтүү чөйрөсүндө мамлекеттик тилди колдонууну камсыз кылуу;
- мамлекеттик тилди популярдаштырууга, руханий-адептик өнүктүрүүгө жана дене тарбия жаатында билим берүү процессине өбөлгө түзүүчү окуу жана методикалык куралдарды, ошондой эле башка чыгармалык материалдарды даярдоо жана басып чыгаруу. Бул милдет төмөнкүдөй чаралар менен ишке ашырылат:
мамлекеттик тилди өнүктүрүүгө өбөлгө түзүүчү көркөм адабияттарды, монографияларды, ошондой эле балдардын интерактивдүү иллюстрацияланган энциклопедияларын басып чыгаруу; азыркы кыргыз мамлекеттүүлүгүн түптөгөн аталар жөнүндө мамлекеттик тилдеги китептерди басып чыгаруу; спорт жана дене тарбия жаатында кыргыз тилиндеги адистештирилген окуу материалдарын жана китептерди басып чыгаруу.
4-глава. Программанын күтүлүүчү натыйжалары
Ушул Программа мамлекеттик органдар, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, академиялык коомчулук, коомдук уюмдар, эл аралык өнөктөштөр жана жеке сектордун өкүлдөрү менен биргеликте ишке ашырылат. Программаны ишке ашыруу мамлекеттик тилди өнүктүрүү үчүн зарыл болгон институттук жана билим берүү негиздерин түзүүгө өбөлгө түзөт. Программаны натыйжалуу ишке ашыруунун негизи болуп мамлекеттик тилдин статусун жогорулатууга жана аны туруктуу өнүктүрүү үчүн зарыл болгон шарттарды түзүүгө арналган өркүндөтүлгөн мыйзамдык база саналат. Программанын максаттарына жетүүнүн негизги индикаторлору:
- жыл сайын мамлекеттик тилди В2 деңгээлинде билген мамлекеттик кызматкерлердин санынын 3-5%га өсүшү;
- жыл сайын мамлекеттик тилди С1 деңгээлинде билген мамлекеттик кызматкерлердин санынын 3%га өсүшү;
- мамлекеттик тилде документ жүгүртүүнүн үлүшүнүн 90%га чейин жетүүсү;
- мамлекеттик тилди билген (жалпы республикалык тестирлөөнүн - ЖРТ натыйжаларынын негизинде) мектеп бүтүрүүчүлөрүнүн санынын көбөйүшү;
- коомдо мамлекеттик тилди позитивдүү кабыл алуу деңгээлинин жогорулашы (социологиялык сурамжылоолордун маалыматтары боюнча);
- тилдик көп түрдүүлүктүн сакталышын камсыз кылуучу башка тилдерди колдонуу мүмкүнчүлүгүнө калктын канааттануу деңгээлинин өсүшү (социологиялык сурамжылоолордун маалыматтары).
5-глава. Программаны ишке ашыруунун жагымдуу өбөлгөлөрү жана тобокелдиктери
Программаны ийгиликтүү ишке ашыруунун негизги жагымдуу өбөлгөлөрү болуп төмөнкүлөр саналат:
- мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын мамлекеттик тилди өнүктүрүүгө колдоо көрсөтүүсү;
- Кыргызстандын бирдиктүү элинин улуттук аң-сезиминин жана жарандык иденттүүлүгүнүн өсүшү;
- мамлекеттик органдардын, жарандардын жана уюмдардын мамлекеттик тилди үйрөнүүгө жана колдонууга кызыгуусу;
- мамлекет тарабынан колдоонун жана каржылоонун болушу;
- тилди тез үйрөнүү мүмкүнчүлүгүн кеңейтүүчү заманбап санариптик технологиялардын болушу;
- жагымдуу чөйрөнү түзүү үчүн кызыкдар тараптардын (илимдин, билим берүүнүн, бизнестин жана жаштардын) тажрыйба алмашуусуна жана ресурстарын бириктирүүсүнө өбөлгө түзгөн жеке компаниялар жана бизнес-коомчулук менен кызматташуу.
Программаны ишке ашыруунун негизги тобокелдиктери болуп каржылоонун жетишсиздиги жана административдик жол-жоболук тоскоолдуктар саналат, алар тил саясатын жүзөгө ашыруу үчүн укуктук тоскоолдуктарды жаратат, чаралардын натыйжалуулугун төмөндөтөт жана алардын аткарылышын жайлатат. Кадрдык жана техникалык чектөөлөр, мамлекеттик органдар менен кызыкдар уюмдардын ортосундагы начар координация, ошондой эле мамлекеттик тилди өнүктүрүү чөйрөсүндө натыйжалуу чечимдерди илгерилетүүнү жана киргизүүнү кыйындаткан өз ара аракеттенүүнүн жетишсиз деңгээли кошумча коркунучтар болуп саналат.
6-глава. Программага мониторинг жүргүзүү жана баалоо
Программанын ишке ашырылышына мониторинг жүргүзүүчү мамлекеттик орган болуп Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик тил жана тил саясаты боюнча улуттук комиссия саналат. Милдеттерди аткарууну талдоонун негизинде ал Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясы жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети үчүн жыйынды отчётту түзөт. Мониторинг жүргүзүү системасынын негизги объекттери жана инструменттери болуп Иш-чаралар планы жана Программаны ишке ашыруу индикаторлорунун матрицасы саналат. Индикаторлор матрицасынын негизинде ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган жетишилген прогрессти баалайт жана аларды өз убагында чечүү үчүн проблемалуу маселелерди аныктайт. Программа аяктагандан кийин мамлекеттик тилди андан ары колдоо жана өнүктүрүү боюнча түзөтүү чараларын жана сунуштарды иштеп чыгуу максатында жетишилген натыйжаларга баалоо жүргүзүлөт. Мониторинг жүргүзүү жана баалоо төмөнкүлөргө багытталат:
- Программаны ишке ашырууда кызыкдар тараптарды координациялоону жана алардын өз ара аракеттенүүсүн күчөтүүгө;
- жаңы чакырыктарды, проблемалуу зоналарды жана билдирилген натыйжалардан четтөөлөрдү өз убагында аныктоого;
- чаралардын ишке ашырылышына системалуу талдоо жүргүзүүгө жана баалоого, ошондой эле коюлган милдеттерге жетүүгө;
- зарыл болгон түзөтүүлөрдү жана өзгөртүүлөрдү киргизүүгө.
Программаны ишке ашыруунун натыйжалуулугуна мониторинг жүргүзүү жана талдоо үзгүлтүксүз негизде жүргүзүлөт жана мамлекеттик тил жана тил саясаты боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын ишинин негизи болуп калат. Натыйжалуулуктун бардык көрсөткүчтөрү жылына эки жолу көзөмөлдөнөт.
7-глава. Программаны финансылык камсыздоо
Каржылоонун натыйжалуу системасы - Программаны ийгиликтүү ишке ашыруунун негизги фактору. Программаны ишке ашыруу тиешелүү жылдарга каралган негизги милдеттерди чечүүгө, анын ичинде билим берүү демилгелерине, инфраструктураны өнүктүрүүгө жана башка стратегиялык багыттарга багытталган республикалык бюджеттин каражаттарынын эсебинен жүзөгө ашырылат. 2026-2028-жылдарга Программанын иш-чараларын ишке ашыруу үчүн 354628,0 миң сом талап кылынат, анын ичинде:
- 2026-жылга - 133000,0 миң сом;
- 2027-жылга - 124341,5 миң сом;
- 2028-жылга - 97286,5 миң сом.
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.Биринчи жооп дароо келет - акысыз жана каттоосуз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 5 · цитата келтиргендер: 0 · байланышкандар: 0
Шилтеме берет (5)
- Кыргыз Республикасынын 2023-жылдын 17-июлундагы № 140 "Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тили жөнүндө" Конституциялык МыйзамыКонституционный Закон · 17.07.2023 · № 140
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 10-июлундагы № 481 "2026-2028-жылдары Кыргыз Республикасында мамлекеттик тилди өнүктүрүү программасын бекитүү жөнүндө"…Постановление · 10.07.2026 · № 481
- Кыргыз Республикасынын КонституциясыКонституция · 05.05.2021
- Кыргыз Республикасында 2021-2025-жылдары мамлекеттик тилди өнүктүрүү жана тил саясатын өркүндөтүү программасы (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 1-октябрындагы № 510…Программа · 01.10.2020 · № 510 · Күчүн жоготкон
- КР Өкмөтүнүн 2020-жылдын 1-октябрындагы № 510 "Кыргыз Республикасында 2021-2025-жылдары мамлекеттик тилди өнүктүрүү жана тил саясатын өркүндөтүү программасын бекитүү жөнүндө"…Постановление · 01.10.2020 · № 510 · Күчүн жоготкон