КР Өкмөтүнүн «Кыргыз Республикасында 2021-2025-жылдары мамлекеттик тилди өнүктүрүү жана тил саясатын өркүндөтүү программасын бекитүү жөнүндө» токтому
Документ күчүн жоготкон
Документ реестрде «Утратил силу» деп белгиленген. Учурдагы редакциясын текшербестен күчүндөгү документтерде ага шилтеме берүүгө болбойт. «Постановление Кабинета Министров КР от 10 июля 2026 года № 481 "Об утверждении Программы развития государственного языка в Кыргызской Республике на 2026-2028 годы"» негизинде күчүн жоготту. Учурдагы редакциянын датасы: 2026-07-10.
Бул документ боюнча сурооңуз барбы?Чат-боттун жообун документ менен салыштырыңыз
ЖИ мыйзамдын тексти боюнча жооп беретЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берет · акысыз
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
КР Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 10-июлундагы № 481 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ 2020-жылдын 1-октябры № 510 Кыргыз Республикасында 2021-2025-жылдары мамлекеттик тилди өнүктүрүү жана тил саясатын өркүндөтүү программасын бекитүү жөнүндө (КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 7-февралындагы № 67 токтомунун редакциясына ылайык) Мамлекеттик тилди өнүктүрүү жана тил саясатын өркүндөтүү максатында, Кыргыз Республикасынын Президентинин 2018-жылдын 31-октябрындагы № 221 Жарлыгы менен бекитилген 2018-2040-жылдары Кыргыз Республикасын өнүктүрүүнүн улуттук стратегиясын ишке ашыруунун алкагында, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:
1. Бекитилсин:
- Кыргыз Республикасында 2021-2025-жылдары мамлекеттик тилди өнүктүрүү жана тил саясатын өркүндөтүү программасы (мындан ары - Программа) 1-тиркемеге ылайык;
- Программаны ишке ашыруу боюнча иш-чаралар планынын аткарылышына мониторинг жүргүзүү боюнча жумушчу топтун курамы 2-тиркемеге ылайык.
(КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 7-февралындагы № 67 токтомунун редакциясына ылайык)
2. Программанын жооптуу аткаруучулары болуп саналган министрликтер, административдик ведомстволор, мамлекеттик мекемелер жана уюмдар, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары (макулдашуу боюнча):
1) Программаны милдеттүү түрдө аткаруу боюнча толук чараларды көрүшсүн;
2) квартал сайын, отчеттук мезгилден кийинки айдын 5инен кечиктирбей Программаны ишке ашыруунун жүрүшү тууралуу маалыматты Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик тил жана тил саясаты боюнча улуттук комиссияга берип турушсун.
(КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 7-февралындагы № 67 токтомунун редакциясына ылайык)
3. Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик тил жана тил саясаты боюнча улуттук комиссия (макулдашуу боюнча) ар бир жарым жылдыктын жыйынтыгы боюнча, отчеттук мезгилден кийинки айдын 25инен кечиктирбестен Программаны ишке ашыруунун жыйынтыгы боюнча отчетту Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясына берсин.
(КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 7-февралындагы № 67 токтомунун редакциясына ылайык)
4. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.
(КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 7-февралындагы № 67 токтомунун редакциясына ылайык)
5. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
"Эркин Тоо" газетасынын 2020-жылдын 16-октябрындагы № 86 жарыяланды
| Премьер-министр | К.А. Боронов |
| 2-тиркеме |
Кыргыз Республикасында 2021-2025-жылдары мамлекеттик тилди өнүктүрүү жана тил саясатын өркүндөтүү программасын ишке ашыруу боюнча иш-чаралар планынын аткарылышына мониторинг жүргүзүү боюнча жумушчу топтун КУРАМЫ (КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 7-февралындагы № 67 токтомунун редакциясына ылайык) Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик тил жана тил саясаты боюнча улуттук комиссиянын төрагасы, жумушчу топтун жетекчиси (макулдашуу боюнча); Кыргыз Республикасынын финансы министринин орун басары, жумушчу топтун жетекчисинин орун басары; Кыргыз Республикасынын билим берүү жана илим министринин орун басары; Кыргыз Республикасынын маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министринин орун басары; Кыргыз Республикасынын санариптик өнүктүрүү министринин орун басары; Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын вице-президенти (макулдашуу боюнча); Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Улуттук аттестациялык комиссиянын төрагасы (макулдашуу боюнча); Кыргыз Республикасынын Коомдук телерадиоберүү корпорациясынын генералдык директору (макулдашуу боюнча); Кыргыз Республикасынын "ЭлТР" мамлекеттик телерадиоберүү компаниясынын директору; "Кыргыз тили" коомдук бирикмесинин президенти (макулдашуу боюнча); "Бакдөөлөт" коомдук фондунун президенти (макулдашуу боюнча).
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 4 · цитата келтиргендер: 8 · байланышкандар: 0
Пленумдун түшүндүрмөлөрү жана сот практикасы (1)
Бул актыны колдонгон Жогорку Соттун Пленумунун токтомдору жана Конституциялык соттун чечимдери.
- Р. Т. Исакжановдун кайрылуусуна байланыштуу «Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тили жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 32-беренесинин 1-бөлүгүнүн…Конституциялык соттун чечими · Решение Конституционного суда · 08.05.2024
Цитата келтиргендер (8)
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 10-июлундагы № 481 "2026-2028-жылдары Кыргыз Республикасында мамлекеттик тилди өнүктүрүү программасын бекитүү жөнүндө"…Постановление · 10.07.2026 · № 481
- 2026-2028-жылдары Кыргыз Республикасында мамлекеттик тилди өнүктүрүү ПРОГРАММАСЫПрограмма · 10.07.2026 · № 481
- Кашкар-Кыштак айылдык кеңешинин 2024– жылдын 23-январы № 3 "Кашкар-Кыштак айылдык кеңешинин жана туруктуу комиссияларынын 2024-жылга карата иш пландарын бекитүү жөнүндө" токтомуПостановление · 23.01.2024 · № 3
- Баш-Булак айыл аймагынын айылдык кеңешинин 2024-жылдын 13-декабры № 2/5 Баш-Булак айыл өкмөтүнүн 2025-жылга карата бардык тармак боюнча ишке ашырыла турган негизги иш…Постановление · 13.12.2024 · № 2/5
- Р. Т. Исакжановдун кайрылуусуна байланыштуу «Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тили жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 32-беренесинин 1-бөлүгүнүн…Решение Конституционного суда · 08.05.2024
- Кыргыз Республикасында 2021-2025-жылдары мамлекеттик тилди өнүктүрүү жана тил саясатын өркүндөтүү программасы (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 1-октябрындагы № 510…Программа · 01.10.2020 · № 510 · Күчүн жоготкон
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетин 2022-жылдын 7-февралындагы № 67 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 1-октябрындагы № 510 "Кыргыз Республикасында…Постановление · 07.02.2022 · № 67 · Күчүн жоготкон
- Кргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 10-февралындагы № 64 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 1-октябрындагы № 510 "Кыргыз Республикасында…Постановление · 10.02.2023 · № 64 · Күчүн жоготкон
Шилтеме берет (4)
- КР Президентинин 2018-жылдын 31-октябрындагы ПЖ № 221 "2018-2040-жылдары Кыргыз Республикасын өнүктүрүүнүн улуттук стратегиясы жөнүндө" ЖарлыгыУказ · 31.10.2018 · № 221
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 10-июлундагы № 481 "2026-2028-жылдары Кыргыз Республикасында мамлекеттик тилди өнүктүрүү программасын бекитүү жөнүндө"…Постановление · 10.07.2026 · № 481
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндөЗакон · 18.06.2012 · № 85 · Күчүн жоготкон
4 ичинен 3 көрсөтүлдү. Толук тизме - шилтемелер панелинде.