Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин «2026-2028-жылдары Кыргыз Республикасында мамлекеттик тилди өнүктүрүү программасын бекитүү жөнүндө» токтому
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ
2026-жылдын 10-июлу № 481
2026-2028-жылдары Кыргыз Республикасында мамлекеттик тилди өнүктүрүү программасын бекитүү жөнүндө
"Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тили жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 36-беренесинин 1-бөлүгүн аткаруу үчүн, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Төмөнкүлөр бекитилсин:
1) 2026-2028-жылдары Кыргыз Республикасында мамлекеттик тилди өнүктүрүү программасы (мындан ары - Программа) 1-тиркемеге ылайык;
2) 2026-2028-жылдары Кыргыз Республикасында мамлекеттик тилди өнүктүрүү программасын ишке ашыруу боюнча иш-чаралар планы (мындан ары - Иш-чаралар планы) 2-тиркемеге ылайык;
3) 2026-2028-жылдары Кыргыз Республикасында мамлекеттик тилди өнүктүрүү программасын ишке ашыруу боюнча индикаторлор матрицасы 3-тиркемеге ылайык;
4) 2026-2028-жылдары Кыргыз Республикасында мамлекеттик тилди өнүктүрүү программасынын ресурстук чыгымдарын баалоо 4-тиркемеге ылайык.
2. Министрликтер жана административдик ведомстволор, Кыргыз Республикасынын Президентинин облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн аппараттары, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары (макулдашуу боюнча):
1) белгиленген мөөнөттө Программаны жана Иш-чаралар планын ишке ашыруу боюнча чараларды көрсүн;
2) ар бир жарым жылдыктын жыйынтыгы боюнча отчеттук мезгилден кийинки айдын 10унан кечиктирбестен Программаны жана Иш-чаралар планын ишке ашыруунун жүрүшү жөнүндө маалыматты Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик тил жана тил саясаты боюнча улуттук комиссияга берсин;
3) ар бир жылдын жыйынтыгы боюнча отчеттук мезгилден кийинки айдын 10унан кечиктирбестен Программаны ишке ашыруу боюнча индикаторлорго жетишүү жөнүндө маалыматты Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик тил жана тил саясаты боюнча улуттук комиссияга берсин.
3. Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик тил жана тил саясаты боюнча улуттук комиссия ар бир жарым жылдыктын жыйынтыгы боюнча отчеттук мезгилден кийинки айдын 20сынан кечиктирбестен Программаны жана Иш-чаралар планын ишке ашыруунун жүрүшү жөнүндө маалыматты Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясына берсин.
4. Төмөнкүлөр күчүн жоготту деп таанылсын:
1) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 1-октябрындагы № 510 "Кыргыз Республикасында 2021-2025-жылдары мамлекеттик тилди өнүктүрүү жана тил саясатын өркүндөтүү программасын бекитүү жөнүндө" токтому;
2) Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 7-февралындагы № 67 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 1-октябрындагы № 510 "Кыргыз Республикасында 2021-2025-жылдары мамлекеттик тилди өнүктүрүү жана тил саясатын өркүндөтүү программасын бекитүү жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" токтому;
3) Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 10-февралындагы № 64 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 1-октябрындагы № 510 "Кыргыз Республикасында 2021-2025-жылдары мамлекеттик тилди өнүктүрүү жана тил саясатын өркүндөтүү программасын бекитүү жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" токтому.
5. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.
6. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
| Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы | А.Касымалиев | |
| 2-тиркеме |
2026-2028-жылдары Кыргыз Республикасында мамлекеттик тилди өнүктүрүү программасын ишке ашыруу боюнча ИШ-ЧАРАЛАР ПЛАНЫ
| № | Милдеттер | Чаралар | Аткаруу мөөнөтү | Күтүлүүчү натыйжалар | Жооптуу аткаруучулар |
| 1 | 2 | 3 | 4 | 5 | 6 |
| 1-глава. Мамлекеттик башкарууда мамлекеттик тилди активдүү илгерилетүү | |||||
| 1 | Мамлекеттик жана муниципалдык кызматчылардын мамлекеттик тилди билүү деңгээлин жогорулатуу | 1) "Кыргызтест" системасынын талаптарына ылайык мамлекеттик жана муниципалдык кызматчылар, аскер кызматчылары жана укук коргоо органдарынын кызматкерлери үчүн тездетилген окутуу программасын иштеп чыгуу жана кесиптик жана иштиктүү коммуникацияга багытталган мамлекеттик тилди билүү деңгээлдерин (А1, А2, B1, B2, C1) жогорулатуу курстарын уюштуруу | 2026-2028-жылдар | Калкка мамлекеттик тилде кызматтарды көрсөтүүнүн натыйжалуулугун жана сапатын жогорулатууга багытталган окутуу курстары уюштурулду. 1200 мамлекеттик жана муниципалдык кызматчылар, аскер кызматчылары жана укук коргоо органдарынын кызматкерлери окуудан өттү | ОМКБ |
| 2) кызыкдар мамлекеттик органдарды жана илимий- академиялык коомчулукту тартуу менен аралыктан окутуу мүмкүнчүлүгү менен деңгээлдик система боюнча мамлекеттик тилди окутуунун окуу-методикалык программасын иштеп чыгуу жана бекитүү | 2026-2028-жылдар | Мамлекеттик жана муниципалдык кызматчыларды аралыктан окутуу мүмкүнчүлүгү менен мамлекеттик тилди окутуунун окуу-методикалык программасы иштелип чыкты жана ишке киргизилди, ошондой эле курстардан өтүү тестирлөөгө даярдыктын бир этабы катары таануу камсыз кылынды | Кыргызтест | ||
| 3) адистештирилген программаларды жана методикалык материалдарды иштеп чыгуу | 2026-2028-жылдар | Мамлекеттик жана муниципалдык кызматчылар үчүн адистештирилген программалар жана методикалык материалдар иштелип чыкты | Кыргызтест | ||
| 4) мамлекеттик жана муниципалдык кызматчылардын, аскер кызматчыларынын жана укук коргоо органдарынын кызматкерлеринин ар кандай категориялары үчүн электрондук курстарды жана аралыктан окутуу модулдарын иштеп чыгуу | 2026-жыл | Мамлекеттик жана муниципалдык кызматчылардын, аскер кызматчыларынын жана укук коргоо органдарынын кызматкерлеринин ар кандай категориялары үчүн электрондук курстар жана аралыктан окутуу модулдары иштелип чыкты | Кыргызтест | ||
| 5) мамлекеттик жана муниципалдык кызматчылардын, аскер кызматчыларынын жана укук коргоо органдарынын кызматкерлеринин тилдик даярдыгы боюнча мониторинг жүргүзүү жана жылдык отчетторду түзүү | 2026-2028-жылдар | Мамлекеттик жана муниципалдык кызматчылардын, аскер кызматчыларынын жана укук коргоо органдарынын кызматкерлеринин мамлекеттик тилди билүү деңгээлдери боюнча жыл сайын анык отчеттор берилди | МТСУК | ||
| 2 | Мамлекеттик тилди үйрөнүүнүн санариптик инструменттерин өркүндөтүү | 1) Кыргыз Республикасынын жарандары, чет өлкөлүк жарандар ж.б. тарабынан мамлекеттик тилди өз алдынча үйрөнүүнүн онлайн-платформасын иштеп чыгуу (интерактивдүү курстар, тесттер ж.б.) | 2026-2028-жылдар | Мамлекеттик тилди аралыктан окутуу үчүн онлайн-платформа иштелип чыкты | ОМКБ |
| 2) "Кыргызча оңой" (Easy kyrgyz) мобилдик тиркемесинин тилдик ресурсун өркүндөтүү | 2026-2028-жылдар | "Кыргызча оңой" (Easy kyrgyz) мобилдик тиркемеси өркүндөтүлдү, тиркеменин тилдик базасы кеңейтилди, мамлекеттик тилди билүү деңгээлдери (В1, В2) жана интерактивдүү элементтер менен толукталды, мамлекеттик тилди ыңгайлуу санариптик форматта үйрөнүүгө мүмкүнчүлүк түзүлдү | МТСУК | ||
| 3) мамлекеттик тилдеги документтердин сапатын текшерүү жана жакшыртуу үчүн жасалма интеллекттин (ЖИ) негизинде электрондук жардамчыны иштеп чыгуу. | 2026-2028-жылдар | Мамлекеттик тилдеги документтердин сапатын текшерүү жана жакшыртуу үчүн жасалма интеллекттин (ЖИ) негизинде электрондук жардамчы иштелип чыкты | МТСУК | ||
| 4) машиналык (ЖИ) которуу сервистерин жакшыртуу жана мобилдик тиркеме иштеп чыгуу | 2026-2028-жылдар | Машиналык которуу сервиси жакшыртылды жана мобилдик тиркеме иштелип чыкты | МТСУК | ||
| 5) үндү текстке, текстти үнгө айландыруу сервистерин өркүндөтүү | 2026-2028-жылдар | Үндү текстке, текстти үнгө айландыруу сервисине үндөрдүн бир нече түрлөрү кошулду. Үндү текстке айландыруу сервисине диалекттерди жана башка тилдерди таануу функциясы кошулду | МТСУК | ||
| 6) чат-бот сервисинин маалыматтар базасын кеңейтүү | 2026-2028-жылдар | Чат-бот сервисине мамлекеттик тилдеги суроо-жооп иретинде түзүлгөн маалыматтар базасы кеңейтилди | МТСУК | ||
| 7) балдар үчүн оюн форматында кыргыз тилин окутуу үчүн мобилдик тиркемени өркүндөтүү (алфавит, чакан оюндар, аудиодиалогдор, сөз таануу) | 2026-жыл | Балдар үчүн кыргыз тилин оюн форматында окутуу үчүн мобилдик тиркеме өркүндөтүлдү (алфавит, чакан оюндар, аудиодиалогдор, сөз таануу) | МТСУК | ||
| 3 | Мамлекеттик башкарууда мамлекеттик тилдин колдонулушун кеңейтүү | 1) Мамлекеттик тилдеги документтердин бирдиктүү стандарттарын, шаблондорун жана санариптик үлгүлөрүн киргизүү | 2026-2028-жылдар | Мамлекеттик тилде даярдалган жана таризделген документтердин үлүшү көбөйтүлдү | МТСУК |
| 2) мамлекеттик тилди расмий-иштиктүү стилде ишке киргизүү маселелери боюнча маалыматтык ресурсту (мамлекеттик башкарууда иш кагаздарын жүргүзүү стандарттары, методикалык материалдар, мыкты практикалар, отчеттуулук формалары ж.б.) иштеп чыгуу | 2026-2028-жылдар | Мамлекеттик органдарда, билим берүүдө, медиада жана коомдук чөйрөдө мамлекеттик тилди колдонуу боюнча эрежелердин жана сунуштамалардын жыйындысын түзгөн санариптик ресурс иштелип чыкты | МТТСУК | ||
| 4 | Мамлекеттик органдарда мамлекеттик тилге мониторинг жүргүзүү жана баалоо, ошондой эле тил саясатынын ишке ашырылышын контролдоо системасын ишке киргизүү | 1) мамлекеттик тилди өнүктүрүү жаатында бирдиктүү саясатты координациялоо (мониторинг жүргүзүү жана баалоо) механизмин түзүү жана ишке киргизүү | 2026-2028-жылдар | Министрликтерде, ведомстволордо жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарында мамлекеттик тил саясатын ырааттуу жана системалуу ишке ашырууну камсыз кылган бирдиктүү ведомстволор аралык координациялоо механизми түзүлдү. Мамлекеттик тилди өнүктүрүү боюнча ишти үзгүлтүксүз пландоону кепилдеген бирдиктүү система ишке киргизилди | МТТСУК |
| 2) министрликтер, ведомстволор жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан мамлекеттик тилди илгерилетүү боюнча жылдык пландарды иштеп чыгуу жана бекитүү | 2026-2028-жылдар | Министрликтер, ведомстволор жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан мамлекеттик тилди илгерилетүү боюнча жылдык план иштелип чыкты жана бекитилди | Министрликтер, ведомстволор, ЖӨБО | ||
| 3) министрликтердин жана ведомстволордун мамлекеттик тилди өнүктүрүү үчүн жооптуу кызматкерлеринин квалификациясын жогорулатуу | 2026-2028-жылдар | Министрликтердин жана ведомстволордун мамлекеттик тилди өнүктүрүү үчүн жооптуу ыйгарым укуктуу кызматкерлеринин квалификациясы жогорулатылды. Мамлекеттик органдарда жана ЖӨБОдо мамлекеттик тилдин колдонулушу жөнүндө маалыматтарды чогултууга, талдоого жана макулдашууга мүмкүндүк берген аналитикалык система түзүлдү | МТТСУК, министрликтер, ведомстволор, ЖӨБО | ||
| 2-глава. Билим берүүдө жана илимде мамлекеттик тилди өнүктүрүү | |||||
| 5 | Мектепке чейинки, мектепте жана кесиптик билим берүү системасында мамлекеттик тилди окутуунун сапатын жана аны билүү деңгээлин жогорулатуу | 1) мектепке чейинки, мектепте жана кесиптик билим берүү уюмдары үчүн мамлекеттик тилде окуу-методикалык материалдарды иштеп чыгуу жана жайылтуу | 2026-2028-жылдар | Мектепке чейинки билим берүү уюмдары үчүн мамлекеттик тилде окуу-методикалык материалдар иштелип чыкты жана жайылтылды | Агартуумин |
| 2) мамлекеттик тилди эне тили жана экинчи тил катары окутуунун заманбап методикаларына басым жасоо менен окутуучулардын квалификациясын жогорулатуу | 2026-2028-жылдар | Жыл сайын кыргыз тилин эне тили жана экинчи тил катары окуткан 500гө жакын мугалимдин квалификациясы жогорулатылды | Агартуумин, РПККЖж-КДИ | ||
| 3) жалпы билим берүү уюмдары үчүн заманбап окуу материалдарын иштеп чыгуу жана жайылтуу | 2026-2028-жылдар | 1-12-класстар үчүн "Кыргыз тили" (эне тили катары); "Кыргыз тили" (экинчи тил катары) предметтери боюнча окуу-методикалык комплекс иштелип чыкты жана жарыяланды | Агартуумин | ||
| 6 | Кесиптик билим берүү уюмдарында мамлекеттик тилди окутуу | Тармактык өзгөчөлүктү эске алуу менен кесиптик башталгыч билим берүү уюмдары үчүн "Кесиптик кыргыз тили" программасын иштеп чыгуу | 2026-2028-жылдар | Тармактык өзгөчөлүктү эске алуу менен "Кесиптик кыргыз тили" программасы иштелип чыкты жана апробацияланды | Агартуумин |
| 7 | Илимий чөйрөдө мамлекеттик тилди өнүктүрүү жана илимий иште аны илгерилетүү | 1) илимдин ар кандай тармактары үчүн адистештирилген глоссарийлерди жана сөздүктөрдү түзүү | 2026-2028-жылдар | Илимий чөйрөдө, документтерде жана билим берүү материалдарында мамлекеттик тилди колдонуунун үлүшү жогорулады. Студенттер, изилдөөчүлөр жана адистер үчүн мамлекеттик тилдеги илимий маалыматты алуу кеңейди. Китептердин 1000ге жакын нускасы басылды | УИАнын Б.Юнусалиев атындагы Тил илими институту, ИЖБИМ |
| 2) мамлекеттик тилдеги илимий басылмаларды колдоо | 2026-2028-жылдар | Мамлекеттик тилдеги илимий басылмалардын (макалалардын, монографиялардын жана рецензияланган журналдардын) саны көбөйдү | УИАнын Б.Юнусалиев атындагы Тил илими институту, ИЖБИМ | ||
| 3) чет элдик илимий адабияттарды, негизги илимий эмгектерди жана окуу китептерин кыргыз тилине которуу жана адаптациялоо | 2026-2028-жылдар | Кыргыз тилин билген студенттер жана адистер үчүн алдынкы дүйнөлүк билимге жетүү мүмкүнчүлүгү камсыз кылынды | УИАнын Б.Юнусалиев атындагы Тил илими институту, ИЖБИМ | ||
| 4) илимий кадрлардын тилдик квалификациясын жогорулатуу | 2026-2028-жылдар | ЖОЖдордун 200гө жакын илимий кызматкеринин тилдик квалификациясы жогорулатылды | УИАнын Б.Юнусалиев атындагы Тил илими институту, ИЖБИМ | ||
| 5) мамлекеттик тилди илимий иш-чараларга, форумдарга жана конференцияларга интеграциялоо | 2026-2028-жылдар | Кыргыз тилинде өткөрүлгөн конференциялардын, форумдардын жана семинарлардын үлүшү көбөйдү | УИАнын Б.Юнусалиев атындагы Тил илими институту, ИЖБИМ | ||
| 8 | Мамлекеттик тилде илимий, тармактык терминологияны жана сөздүктөрдү иштеп чыгуу жана жаңыртуу | 1) ведомстволор аралык эксперттик топту түзүү жана кыргыз тилинин терминологиясын жана лексикалык системасын иретке келтирүү боюнча иштерди жүргүзүү | 2026-2028-жылдар | Лингвистикалык базаны иштеп чыгуу боюнча эксперттик топ түзүлдү жана тиешелүү план бекитилди | КЭТБ, УИА |
| 2) терминологиялык лексиканы идентификациялоонун (унификациялоонун) базалык принциптерин эске алуу менен тармактык (юридикалык, медициналык, техникалык, финансылык, аскердик, укук коргоочулук, диний ж.б.) терминдерди иштеп чыгуу, ошондой эле кеңири колдонулган сөздөрдү жана түшүнүктөрдү камтыган сөздүктөрдү түзүү | Терминология боюнча сунуштамалар иштелип чыкты жана кабыл алынды, ошондой эле терминдерди унификациялоо, которуу жана колдонуу боюнча бирдиктүү стандарттар аныкталды. Мындан тышкары кыргыз тилинин орфографиялык жана түшүндүрмө сөздүктөрү, ошондой эле тармактар боюнча тармактык терминологиялык сөздүктөр түзүлдү | КЭТБ, УИА | |||
| 3) лингвистикалык сөздүктүн электрондук маалыматтар базасын түзүү | 2026-2028-жылдар | Программалык камсыздоо менен бирдиктүү лингвистикалык сөздүктүн платформасы иштелип чыкты жана ишке киргизилди | МТТСУК | ||
| 4) кыргыз Википедиясын системалуу өнүктүрүү | 2026-2028-жылдар | Википедияга макалаларды даярдоо жана жайгаштыруу боюнча ыктыярчылар окутулду, кыргыз Википедиясынын макалалары (20000ден ашык макала) өркүндөтүлдү жана стандартташтырылды | МТТСУК | ||
| 9 | Кыргыз Республикасынын аймагындагы топонимдерге инвентаризация жүргүзүү (талдоо жана тизмегин түзүү) | 1) мамлекеттик тилдеги тарыхый аталыштарды жана топонимдерди тактоо жана инвентаризациялоо, экспедициялык топторду түзүү жана алардын ишин уюштуруу | 2026-2027-жылдар | Кыргыз Республикасынын бардык региондорунда топонимдерди жана тарыхый аталыштарды тактоо жана инвентаризациялоо боюнча иштер жүргүзүлдү. Такталган топонимдер бирдиктүү реестрге киргизилди | Мамкартография, МТТСУК |
| 2) такталууга тийиш болгон топонимдерге илимий-лингвистикалык экспертиза жүргүзүү | 2026-2028-жылдар | Такталууга тийиш болгон топонимдер боюнча илимий негизделген корутундулар даярдалды жана бекитилди | КЭТБ | ||
| 3) мамлекеттик тилде топонимдердин маалыматтар базасын жаңыртуу | 2026-2028-жылдар | Мамкартография, МТТСУК | |||
| 3-глава. Коомдук-маданий жана медиа мейкиндикте мамлекеттик тилди өнүктүрүү | |||||
| 10 | Мамлекеттик тилдин маданият жана массалык коммуникациялар чөйрөсүндөгү позицияларын бекемдөө | 1) мамлекеттик тилде анимациялык контентти түзүүгө колдоо көрсөтүү | 2026-2028-жылдар | Балдар үчүн мамлекеттик тилдеги анимациялык продукциянын үлүшү көбөйдү | ММЖСМ |
| 2) балдар контентин (видеороликтер ж.б.) түзүүгө колдоо көрсөтүү | 2026-2028-жылдар | Балдар үчүн кыргыз тилинде 150гө жакын видеоролик тартылды | МТТСУК | ||
| 3) окуучулар жана тарбиячылар үчүн "Акыл таймаш" интеллектуалдык конкурсун уюштуруу | 2026-2028-жылдар | Окуучулардын жана тарбиялануучулардын интеллектуалдык потенциалы жогорулады Логикалык ой жүгүртүү, аналитикалык жөндөмдөр жана чечимдерди ыкчам кабыл алуу өнүктү | УТРК | ||
| 4) студенттер менен тарбиялануучулар арасында "Билги" интеллектуалдык теледолбоорун уюштуруу | 2026-2028-жылдар | Студенттер менен тарбиялануучулар арасында окуу маданияты жайылтылды, кыргыз тилинде көркөм адабияттар окулгандыктан сабаттуулук жана сөз байлыгы олуттуу жогорулады | УТРК | ||
| 11 | Мамлекеттик тилдеги контентти кеңейтүү, инновациялык билим берүү методикаларын жана медиапродукттарды иштеп чыгуу аркылуу мамлекеттик тилди жана маданиятты популярдаштыруу | 1) кыргыз тилин чет тили катары "Кыргыз тили - достук көпүрөсү" деген аталыш менен окутуунун методикаларын түзүү боюнча студенттик долбоорлордун конкурсун өткөрүү | 2026-2028-жылдар | Болжол менен 15 жаңы методика жана билим берүү продукту түзүлдү, ал эми алардын эң жакшылары ЖОЖдорго жана ЖМКга киргизүүгө сунушталды. Кыргыз тили санариптик чөйрөдө заманбап жана талап кылынган тил катары көрсөтүлдү, натыйжада жаштардын арасында ага болгон кызыгуу артты | УТРК |
| 2) Кыргызстандын маданиятына, адабиятына, илимине, аскердик ишине жана мамлекеттүүлүгүнө олуттуу салым кошкон тарыхый инсандар жөнүндө, ошондой эле өз эмгеги менен коомго үлгү болгон кыргызстандыктар жөнүндө кыска видеосюжеттердин серияларын чыгаруу | 2026-2028-жылдар | "Кыйындар көмүскөдө калбасын" рубрикасында тарыхый инсандар тууралуу видеосюжеттер даярдалды | МТСУК | ||
| 3) анимациялык коштоо менен балдар караокесин YouTubе уюштуруу, ошондой эле эски кыргыз ырларынын учурдагы караокесинин сапатын жакшыртуу | 2026-2028-жылдар | Youtube платформасына кийин жайгаштыруу менен балдар караокеси уюштурулду, анимациялык коштоону кошуу менен белгилүү балдар ырлары жазылды | МТСУК | ||
| 4) балдар үчүн көркөм адабияттын жана музыкалык чыгармалардын мыкты авторлору үчүн конкурс уюштуруу | 2026-2028-жылдар | Мыкты авторлорду аныктоо жана аларга сыйлыктарды тапшыруу менен балдар чыгармаларына конкурс уюштурулду | МТСУК | ||
| 5) 3 жаштан 12 жашка чейинки балдар үчүн арналган үч тилде (кыргыз, орус жана англис) кооз музыкалык китептерди чыгаруу | 2026-2028-жылдар | 3 жаштан 12 жашка чейинки балдар үчүн болжол менен 5000 нуска тираж менен үч тилде (кыргыз, орус жана англис) иллюстрацияланган музыка китептери иштелип чыкты | МТСУК | ||
| 6) балдар үчүн жомок китептерди даярдоо жана басып чыгаруу | 2027-жыл | Болжол менен 5000 нуска тираж менен жомок китептер басып чыгарылды | МТСУК | ||
| 7) кийинки серияларын чыгаруу менен мурунку программанын алкагында ишке ашырылуучу анимациялык долбоорду андан ары өндүрүү (балдар үчүн мультфильмдерди тартуу) | 2026-жыл | Улуттук медиаплатформаларга кийин жайгаштыруу менен 0дөн 3 жашка жана 3төн 5 жашка чейинки балдар үчүн жалпы узактыгы 306 мүнөт болгон жаңы 2D жана 3D анимациялык сериалдар чыгарылды | УТРК | ||
| 12 | Коомдук жана маданий турмушта туруктуу тилдик чөйрөнү түзүү | 1) визуалдык тилдик чөйрөнү өнүктүрүү: мамлекеттик тил жарнамаларда, көрнөк- жарнактарда, көрсөткүчтөрдө, афишаларда, транспортто, музейлерде жана галереяларда | 2026-2028-жылдар | Бардык көрнөк-жарнактар жана визуалдык материалдар "Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тили жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын талаптарына ылайык таризделди. Коомдук жайларда мамлекеттик тилдеги маалыматка жетүү мүмкүндүгү камсыздалды | ЖӨБО, МТСУК |
| 2) бардык расмий иш-чараларда, маданият мекемелеринде жана калкка кызматтарды көрсөтүү чөйрөсүндө мамлекеттик тилди колдонууну камсыз кылуу | 2026-2028-жылдар | Мамлекеттик тилди расмий коммуникацияда, маданий иште жана мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдө колдонуу | Министрликтер, ведомстволор, ЖӨБО | ||
| 13 | Мамлекеттик тилди популярдаштырууга, руханий-адептик өнүктүрүүгө жана дене тарбия жаатында билим берүү процессине өбөлгө түзүүчү окуу жана методикалык куралдарды, ошондой эле башка чыгармалык материалдарды даярдоо жана басып чыгаруу | 1) кыргыз тилин өнүктүрүүгө өбөлгө түзүүчү көркөм адабияттарды, монографияларды, ошондой эле иллюстрациялары бар балдардын интерактивдүү энциклопедияларын басып чыгаруу | 2026-2028-жылдар | Мектепке чейинки жана мектеп курагындагы балдар үчүн болжол менен 8400 нуска китеп басып чыгарылды | КЭТБ |
| 2) азыркы кыргыз мамлекеттүүлүгүн түптөгөн аталар жөнүндө кыргыз тилинде китептерди басып чыгаруу | 2026-2028-жылдар | Азыркы кыргыз мамлекеттүүлүгүн түптөгөн адамдарга арналган 1600дөн ашык китеп чыгарылды | КЭТБ | ||
| 3) спорт жана дене тарбия жаатында кыргыз тилиндеги адистештирилген окуу материалдарын жана китептерди басып чыгаруу | 2026-2028-жылдар | Спорт мектептеринде окугандар жана машыктыруучулар үчүн кыргыз тилинде 1250 окуу китеби басып чыгарылды | КЭТБ |
Кыскартуулардын тизмеси
| Мамкартография | - | Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Жер ресурстары, кадастр, геодезия жана картография боюнча мамлекеттик агенттиктин алдындагы "Мамкартография" геодезия жана картография боюнча мамлекеттик мекемеси |
| УИАнын Б.Юнусалиев атындагы Тил илими институту | - | Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын Болот Юнусалиев атындагы Тил илими институту |
| Кыргызтест | - | Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик тил жана тил саясаты боюнча улуттук комиссиянын алдындагы "Кыргызтест" мамлекеттик мекемеси |
| ММЖСМ | - | Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлиги |
| Агартуумин | - | Кыргыз Республикасынын Агартуу министрлиги |
| ИЖБИМ | - | Кыргыз Республикасынын Илим, жогорку билим берүү жана инновациялар министрлиги |
| МТСУК | - | Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик тил жана тил саясаты боюнча улуттук комиссия |
| УТРК | - | Кыргыз Республикасынын Улуттук телерадиоберүү корпорациясы |
| ЖӨБО | - | Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органы |
| РПККЖжКДИ | - | Республикалык педагогикалык кызматкерлердин квалификациясын жогорулатуу жана кайра даярдоо институту |
| ОМКБ | - | Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик тил жана тил саясаты боюнча улуттук комиссиянын алдындагы Окуу-маалыматтык жана котормо борбору |
| КЭТБ | - | Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик тил жана тил саясаты боюнча улуттук комиссиянын алдындагы "Кыргыз энциклопедия жана терминология борбору" мамлекеттик мекемеси |
| 3-тиркеме |
2026-2028-жылдары Кыргыз Республикасында мамлекеттик тилди өнүктүрүү программасын ишке ашыруу боюнча индикаторлор МАТРИЦАСЫ
| № | Көрсөткүч | Өлчөө бирдиги | Базалык жыл 2025 | Аралык индикаторлор (жылдык) | Акыркы индикаторлор | Жооптуу аткаруучулар | Маалымат булагы | |
| 2026 | 2027 | 2028 | ||||||
| 1-глава. Мамлекеттик башкарууда мамлекеттик тилди активдүү илгерилетүү | ||||||||
| 1 | Мамлекеттик органдарда кыргыз тилиндеги документ жүгүртүүнүн үлүшү | % | 60% | 70% | 80% | 95% | МТСУК, министрликтер жана ведомстволор, ЖӨБО | "Инфодокс" |
| 2 | Мамлекеттик жана муниципалдык кызматчылардын мамлекеттик тилди В1, В2, С1 деңгээлдеринде билгендердин үлүшү | % | 30% | 50% | 70% | 90% | МТСУК | "Кыргызтест" жыйынтыктары |
| 3 | Иштелип чыккан жана ишке киргизилген электрондук шаблондордун жана документтердин үлгүлөрүнүн саны | Саны | 700 | 1000 | 1500 | 2000 | МТСУК | Document.kg порталынын маалыматы |
| 4 | Онлайн курстардын жана окутуу ресурстарынын саны | Саны | 0 | 1 | 1 | 2 | МТСУК | Отчет |
| 5 | Тилдик квалификациясын жогорулаткан мамлекеттик жана муниципалдык кызматчылардын үлүшү | Саны | 300 | 400 | 400 | 1200 | МТСУК | Отчет |
| 2-глава. Билим берүүдө жана илимде мамлекеттик тилди өнүктүрүү | ||||||||
| 6 | Кыргыз тилин эне тили жана экинчи тил катары окутуу методикасы боюнча окуудан өткөн (квалификациясын жогорулатуудан) окутуучулардын саны | Саны | 500 | 500 | 1500 | Агартуумин | Отчет | |
| 7 | Мамлекеттик тилде илимий жарыялоолордун жана журналдардын саны | Саны | 100 | 150 | 300 | УИА, ИЖБИМ | Отчет | |
| 8 | Илимдин ар кандай тармактары үчүн илимий терминдердин, адистештирилген глоссарийлердин жана сөздүктөрдүн саны | Саны | 25 | 30 | 35 | 70 | КЭТБ | Отчет |
| 9 | Илимий кадрлардын тилдик квалификациясын жогорулатуу | Саны | 200 | 200 | 600 | УИА, ИЖБИМ | Отчет | |
| 10 | Мамлекеттик тилдеги жаңыланган топонимдердин үлүшү | % | 50 % | 70 % | 100% | Мамкартография, КЭТБ | Отчет | |
| 3-глава. Коомдук-маданий жана медиа мейкиндикте мамлекеттик тилди өнүктүрүү | ||||||||
| 11 | Мамлекеттик тилдеги анимациялык контентке колдоо көрсөтүү | Саны | - | 3 | 3 | 9 | ММЖСМ | Отчет |
| 12 | Балдар контентинин саны (видеороликтер ж.б.) | Саны | - | 20 | 20 | 60 | МТСУК | Отчет |
| 13 | YouTube платформасында жүктөлгөн мамлекеттик тилдеги балдар караокесинин үлүшү | Саны | - | 10 | 10 | 30 | МТСУК | Отчет |
Кыскартуулардын тизмеси
| Мамкартография | - | Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Жер ресурстары, кадастр, геодезия жана картография боюнча мамлекеттик агенттиктин алдындагы "Мамкартография" геодезия жана картография боюнча мамлекеттик мекемеси |
| Кыргызтест | - | Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик тил жана тил саясаты боюнча улуттук комиссиянын алдындагы "Кыргызтест" мамлекеттик мекемеси |
| ММЖСМ | - | Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлиги |
| Агартуумин | - | Кыргыз Республикасынын Агартуу министрлиги |
| ИЖБИМ | - | Кыргыз Республикасынын Илим, жогорку билим берүү жана инновациялар министрлиги |
| УИА | - | Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясы |
| МТСУК | - | Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик тил жана тил саясаты боюнча улуттук комиссия |
| ЖӨБО | - | жергиликтүү өз алдынча башкаруу органы |
| "Инфодокс" ЭДС | - | "Инфодокс" электрондук документ жүгүртүү системасы |
| КЭТБ | - | Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик тил жана тил саясаты боюнча улуттук комиссиянын алдындагы "Кыргыз энциклопедия жана терминология борбору" мамлекеттик мекемеси |
| 4-тиркеме |
2026-2028-жылдары Кыргыз Республикасында мамлекеттик тилди өнүктүрүү программасынын ресурстук чыгымдарын баалоо
| № | Милдеттер | Чаралар/аракеттер | Аткаруу мөөнөтү | Өлчөө бирдиги | Каржылоого керектөө | Мүмкүнчүлүктөр | Финансылык ажырым | |||||||||
| РБ | МБ | Башка | Бардыгы | РБ | МБ | Башка | Бардыгы | РБ | МБ | Башка | Бардыгы | |||||
| 1 | 2 | 3 | 4 | 5 | 6 | 7 | 8 | 9 | 10 | 11 | 12 | 13 | 14 | 15 | 16 | 17 |
| 1-глава. Мамлекеттик башкарууда мамлекеттик тилди активдүү илгерилетүү | ||||||||||||||||
| 1 | Мамлекеттик жана муниципалдык кызматчылардын мамлекеттик тилди билүү жана өздөштүрүү мүмкүнчүлүктөрүн түзүү жана кеңейтүү | 1) "Кыргызтест" системасынын талабы боюнча мамлекеттик, муниципалдык кызматчылар, аскер кызматчылары жана укук коргоо органдарынын кызматкерлери үчүн тездетилген окутуу программасын даярдоо жана кесиптик, иштиктүү коммуникацияга багытталган мамлекеттик тилди билүү деңгээлдерин (А1, А2, B1, B2, C1) жогорулатуу курстарын уюштуруу | 2026-жыл | миң сом | 1200,0 | 0 | 0 | 1200,0 | 1200,0 | 0 | 0 | 1200,0 | 0 | 0 | 0 | 0 |
| 2027-жыл | миң сом | 1200,0 | 0 | 0 | 1200,0 | 1200,0 | 0 | 0 | 1200,0 | 0 | 0 | 0 | 0 | |||
| 2028-жыл | миң сом | 1200,0 | 0 | 1200,0 | 12 000 | 0 | 0 | 1200,0 | 0 | 0 | 0 | 0 | ||||
| 2) кызыкдар мамлекеттик органдарды жана илимий-академиялык коомчулукту тартуу менен деңгээлдик система боюнча мамлекеттик тилди окутуунун (аралыктан окутуу мүмкүнчүлүгү менен) окуу-методикалык программасын иштеп чыгуу жана бекитүү | 2026-жыл | миң сом | 550,0 | 0 | 0 | 550,0 | 550,0 | 0 | 0 | 550,0 | 0 | 0 | 0 | 0 | ||
| 2027-жыл | миң сом | 750,0 | 0 | 0 | 750,0 | 750,0 | 0 | 0 | 750,0 | 0 | 0 | 0 | 0 | |||
| 2028-жыл | миң сом | 500,0 | 0 | 0 | 500,0 | 500,0 | 0 | 0 | 500,0 | 0 | 0 | 0 | 0 | |||
| 3) адистештирилген программаларды жана методикалык материалдарды иштеп чыгуу | 2026-жыл | миң сом | 800,0 | 0 | 0 | 800,0 | 800,0 | 0 | 0 | 800,0 | 0 | 0 | 0 | 0 | ||
| 2027-жыл | миң сом | 850,0 | 0 | 0 | 850,0 | 850,0 | 0 | 0 | 850,0 | 0 | 0 | 0 | 0 | |||
| 2028-жыл | миң сом | 850,0 | 0 | 0 | 850,0 | 850,0 | 0 | 0 | 850,0 | 0 | 0 | 0 | 0 | |||
| 4) мамлекеттик жана муниципалдык кызматчылардын, аскер кызматчыларынын жана укук коргоо органдарынын кызматкерлеринин ар түрдүү категориялары үчүн электрондук курстарды жана аралыктан окутуу модулдарын иштеп чыгуу | 2026-жыл | миң сом | 3500,0 | 0 | 0 | 3500,0 | 3500,0 | 0 | 0 | 3500,0 | 0 | 0 | 0 | 0 | ||
| 5) мамлекеттик жана муниципалдык кызматчылардын, аскер кызматчыларынын жана укук коргоо органдарынын кызматкерлеринин тилдик даярдыгы боюнча мониторинг жүргүзүү жана жылдык отчеттуулукту түзүү | 2026-2028-жылдар | миң сом | 0 | 0 | 0 | 0 | 0 | 0 | 0 | 0 | 0 | 0 | 0 | 0 | ||
| 2 | Кыргыз тилин үйрөнүүнүн санариптик инструменттерин өркүндөтүү | 1) Кыргыз Республикасынын жарандары, чет өлкөлүк жарандар ж.б. үчүн мамлекеттик тилди өз алдынча үйрөнүүнүн онлайн-платформасын (интерактивдүү курстар, тесттер ж.б.) иштеп чыгуу | 2026-жыл | миң сом | 2000,0 | 0 | 0 | 2000,0 | 2000,0 | 0 | 0 | 2000,0 | 0 | 0 | 0 | 0 |
| 2027-жыл | миң сом | 500,0 | 0 | 0 | 500,0 | 500,0 | 0 | 0 | 500,0 | 0 | 0 | 0 | 0 | |||
| 2028-жыл | миң сом | 500,0 | 0 | 0 | 500,0 | 500,0 | 0 | 0 | 500,0 | 0 | 0 | 0 | 0 | |||
| 2) "Кыргызча оңой" (Easy kyrgyz) мобилдик тиркемесинин тилдик ресурстарын өркүндөтүү | 2026-жыл | миң сом | 2000,0 | 0 | 0 | 2000,0 | 2000,0 | 0 | 0 | 2000,0 | 0 | 0 | 0 | 0 | ||
| 2027-жыл | миң сом | 2000,0 | 0 | 2000,0 | 2000,0 | 0 | 0 | 2000,0 | 0 | 0 | 0 | 0 | ||||
| 2028-жыл | миң сом | 2000,0 | 0 | 0 | 2000,0 | 2000,0 | 0 | 0 | 2000,0 | 0 | 0 | 0 | 0 | |||
| 3) мамлекеттик тилдеги документтердин сапатын текшерүү жана жакшыртуу үчүн жасалма интеллекттин (ЖИ) негизинде электрондук жардамчыны иштеп чыгуу | 2026-жыл | миң сом | 2000,0 | 0 | 0 | 2000,0 | 2000,0 | 0 | 0 | 2000,0 | 0 | 0 | 0 | 0 | ||
| 2027-жыл | миң сом | 1000,0 | 0 | 0 | 1000,0 | 1000,0 | 0 | 0 | 1000,0 | 0 | 0 | 0 | 0 | |||
| 4) машиналык (ЖИ) которуу сервистерин жакшыртуу жана мобилдик тиркемени иштеп чыгуу | 2027-жыл | миң сом | 2500,0 | 0 | 0 | 2500,0 | 2500,0 | 0 | 0 | 2500,0 | 0 | 0 | 0 | 0 | ||
| 2028-жыл | миң сом | 2500,0 | 0 | 0 | 2500,0 | 2500,0 | 0 | 0 | 2500,0 | 0 | 0 | 0 | 0 | |||
| 5) үндү текстке, текстти үнгө айландыруу сервистерин өркүндөтүү | 2026-жыл | миң сом | 2000,0 | 0 | 0 | 2000,0 | 2000,0 | 0 | 0 | 2000,0 | 0 | 0 | 0 | 0 | ||
| 2027-жыл | миң сом | 1500,0 | 0 | 0 | 1500,0 | 1500,0 | 0 | 0 | 1500,0 | 0 | 0 | 0 | 0 | |||
| 6) чат-бот сервисинин маалыматтар базасын кеңейтүү | 2027-жыл | миң сом | 1600,0 | 0 | 0 | 1600,0 | 1600,0 | 0 | 0 | 1600,0 | 0 | 0 | 0 | 0 | ||
| 7) балдар үчүн оюн форматындагы мамлекеттик тилди окутуучу мобилдик тиркемени (алфавит, чакан оюндар, аудиодиалогдор, сөздөрдү таануу) өркүндөтүү | 2026-жыл | миң сом | 2000,0 | 0 | 0 | 2000,0 | 2000,0 | 0 | 0 | 2000,0 | 0 | 0 | 0 | 0 | ||
| 2027-жыл | миң сом | 1500,0 | 0 | 0 | 1500,0 | 1500,0 | 0 | 0 | 1500,0 | 0 | 0 | 0 | 0 | |||
| 2028-жыл | миң сом | 1000,0 | 0 | 0 | 1000,0 | 1000,0 | 0 | 0 | 1000,0 | 0 | 0 | 0 | 0 | |||
| 3 | Мамлекеттик башкарууда мамлекеттик тилди колдонууну кеңейтүү | 1) мамлекеттик тилдеги документтердин бирдиктүү стандарттарын, шаблондорун жана санариптик үлгүлөрүн жүргүзүү | 2026-2028-жылдар | миң сом | 0 | 0 | 0 | 0 | 0 | 0 | 0 | 0 | 0 | 0 | 0 | 0 |
| 2) мамлекеттик тилди расмий-иштиктүү стилде ишке киргизүү маселелери боюнча маалыматтык ресурсту (мамлекеттик башкарууда иш кагаздарын жүргүзүү стандарттары, методикалык материалдар, мыкты практикалар, отчеттуулук формалары ж.б.) иштеп чыгуу | 2026-2028-жылдар | миң сом | 0 | 0 | 0 | 0 | 0 | 0 | 0 | 0 | 0 | 0 | 0 | 0 | ||
| 4 | Мамлекеттик органдарда мамлекеттик тилге мониторинг жүргүзүү жана баалоо, ошондой эле тил саясатынын ишке ашырылышын контролдоо системасын ишке киргизүү | 1) мамлекеттик тилди өнүктүрүү жаатында бирдиктүү саясатты координациялоо (мониторинг жүргүзүү жана баалоо) механизмин түзүү жана ишке киргизүү | 2026-2028-жылдар | миң сом | 0 | 0 | 0 | 0 | 0 | 0 | 0 | 0 | 0 | 0 | 0 | 0 |
| 2) министрликтер жана ведомстволор, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан мамлекеттик тилди илгерилетүү боюнча жылдык пландарды иштеп чыгуу жана бекитүү | 2026-жыл | миң сом | 0 | 0 | 0 | 0 | 0 | 0 | 0 | 0 | 0 | 0 | 0 | 0 | ||
| 3) министрликтердин жана ведомстволордун мамлекеттик тилди өнүктүрүү үчүн жооптуу кызматкерлеринин квалификациясын жогорулатуу | 2026-2028-жылдар | миң сом | 0 | 0 | 0 | 0 | 0 | 0 | 0 | 0 | 0 | 0 | 0 | 0 | ||
| 2-глава. Билим берүүдө жана илимде мамлекеттик тилди өнүктүрүү | ||||||||||||||||
| 5 | Мектепке чейинки, мектепте жана кесиптик билим берүү системасында мамлекеттик тилди окутуунун сапатын жана аны билүү деңгээлин жогорулатуу | 1) мектепке чейинки билим берүү уюмдары үчүн мамлекеттик тилде окуу-методикалык материалдарды иштеп чыгуу жана жайылтуу | 2028-жыл | миң сом | 0 | 0 | 0 | 0 | 0 | 0 | 0 | 0 | 0 | 0 | 0 | 0 |
| 2) мамлекеттик тилди эне тили жана экинчи тил катары заманбап лингвистикалык окутууга басым жасоо менен окутуучулардын квалификациясын жогорулатуу | 2026-жыл | миң сом | 1000,0 | 0 | 0 | 1000,0 | 1000,0 | 0 | 0 | 1000,0 | 0 | 0 | 0 | 0 | ||
| 2027-жыл | миң сом | 1000,0 | 0 | 0 | 1000,0 | 1000,0 | 0 | 0 | 1000,0 | 0 | 0 | 0 | 0 | |||
| 2028-жыл | миң сом | 1000,0 | 0 | 0 | 1000,0 | 1000,0 | 0 | 0 | 1000,0 | 0 | 0 | 0 | 0 | |||
| 3) жалпы билим берүү уюмдары үчүн заманбап окуу материалдарын иштеп чыгуу жана жайылтуу | 2026-2028-жылдар | миң сом | 0 | 0 | 0 | 0 | 0 | 0 | 0 | 0 | 0 | 0 | 0 | 0 | ||
| 6 | Кесиптик билим берүү уюмдарында мамлекеттик тилди окутуу | Тармактык өзгөчөлүктү эске алуу менен кесиптик башталгыч билим берүү уюмдары үчүн "Кесиптик кыргыз тили" программасын иштеп чыгуу | 2026-2028-жылдар | миң сом | 0 | 0 | 0 | 0 | 0 | 0 | 0 | 0 | 0 | 0 | 0 | 0 |
| 7 | 1) илимдин ар кандай тармактары үчүн адистештирилген глоссарийлерди жана сөздүктөрдү түзүү | 2026-жыл | миң сом | 600,0 | 0 | 0 | 600,0 | 600,0 | 0 | 0 | 600,0 | 0 | 0 | 0 | 0 | |
| 2027-жыл | миң сом | 1500,0 | 0 | 0 | 1500,0 | 1500,0 | 0 | 0 | 1500,0 | 0 | 0 | 0 | 0 | |||
| 2028-жыл | миң сом | 1500,0 | 0 | 0 | 1500,0 | 1500,0 | 0 | 0 | 1500,0 | 0 | 0 | 0 | 0 | |||
| 2) мамлекеттик тилдеги илимий басылмаларды колдоо | 2026-жыл | миң сом | 700,0 | 0 | 0 | 700,0 | 700,0 | 0 | 0 | 700,0 | 0 | 0 | 0 | 0 | ||
| 2027-жыл | миң сом | 1000,0 | 0 | 0 | 1000,0 | 1000,0 | 0 | 0 | 1000,0 | 0 | 0 | 0 | 0 | |||
| 2028-жыл | миң сом | 1800,0 | 0 | 0 | 1800,0 | 1800,0 | 0 | 0 | 1800,0 | 0 | 0 | 0 | 0 | |||
| 3) чет элдик илимий адабияттарды, негизги илимий эмгектерди жана окуу китептерин мамлекеттик тилге которуу жана адаптациялоо | 2026-жыл | миң сом | 1500,0 | 0 | 0 | 1500,0 | 1500,0 | 0 | 0 | 1500,0 | 0 | 0 | 0 | 0 | ||
| 2027-жыл | миң сом | 1500,0 | 0 | 0 | 1500,0 | 1500,0 | 0 | 0 | 1500,0 | 0 | 0 | 0 | 0 | |||
| 2028-жыл | миң сом | 1500,0 | 0 | 0 | 1500,0 | 1500,0 | 0 | 0 | 1500,0 | 0 | 0 | 0 | 0 | |||
| 4) илимий кадрлардын тилдик квалификациясын жогорулатуу | 2026-жыл | миң сом | 800,0 | 0 | 0 | 800,0 | 800,0 | 0 | 0 | 800,0 | 0 | 0 | 0 | 0 | ||
| 2027-жыл | миң сом | 800,0 | 0 | 0 | 800,0 | 800,0 | 0 | 0 | 800,0 | 0 | 0 | 0 | 0 | |||
| 2028-жыл | миң сом | 800,0 | 0 | 0 | 800,0 | 800,0 | 0 | 0 | 800,0 | 0 | 0 | 0 | 0 | |||
| 5) кыргыз тилин илимий иш-чараларга, форумдарга жана конференцияларга интеграциялоо | 2026-2028-жылдар | 0 | 0 | 0 | 0 | 0 | 0 | 0 | 0 | 0 | 0 | 0 | 0 | |||
| 8 | Мамлекеттик тилде илимий, тармактык терминологияны жана сөздүктөрдү иштеп чыгуу жана жаңыртуу | 1) ведомстволор аралык эксперттик топту түзүү жана мамлекеттик тилдин терминологиясын жана лексикалык системасын иретке келтирүү боюнча иштерди жүргүзүү | 2026-жыл | миң сом | 4457,3 | 0 | 0 | 4457,3 | 4457,3 | 0 | 0 | 4457,3 | 0 | 0 | 0 | 0 |
| 2027-жыл | миң сом | 4457,3 | 0 | 0 | 4457,3 | 4457,3 | 0 | 0 | 4457,3 | 0 | 0 | 0 | 0 | |||
| 2028-жыл | миң сом | 4457,3 | 0 | 0 | 4457,3 | 4457,3 | 0 | 0 | 4457,3 | 0 | 0 | 0 | 0 | |||
| 2) терминологиялык лексиканы идентификациялоонун (унификациялоонун) негизги принциптерин эске алуу менен тармактык (юридикалык, медициналык, техникалык, финансылык, аскердик, укук коргоочулук, диний ж.б.) терминдерди иштеп чыгуу, ошондой эле кеңири колдонулуучу сөздөрдү жана түшүнүктөрдү камтыган сөздүктөрдү түзүү | 2026-жыл | миң сом | 0 | 0 | 0 | 0 | 0 | 0 | 0 | 0 | 0 | 0 | 0 | 0 | ||
| 2026-2028-жылдар | миң сом | 0 | 0 | 0 | 0 | 0 | 0 | 0 | 0 | 0 | 0 | 0 | 0 | |||
| 3) лингвистикалык сөздүктүн электрондук маалыматтар базасын түзүү | 2026-жыл | миң сом | 3000,0 | 0 | 0 | 3000,0 | 3000,0 | 0 | 0 | 3000,0 | 0 | 0 | 0 | 0 | ||
| 4) кыргыз Википедиясын системалуу өнүктүрүү | 2026-жыл | миң сом | 7600,0 | 0 | 0 | 7600,0 | 7600,0 | 0 | 0 | 7600,0 | 0 | 0 | 0 | 0 | ||
| 2027-жыл | миң сом | 7600,0 | 0 | 0 | 7600,0 | 7600,0 | 0 | 0 | 7600,0 | 0 | 0 | 0 | 0 | |||
| 2028-жыл | миң сом | 7600,0 | 0 | 0 | 7600,0 | 7600,0 | 0 | 0 | 7600,0 | 0 | 0 | 0 | 0 | |||
| 9 | Кыргыз Республикасынын аймагындагы топонимдерге инвентаризация жүргүзүү (талдоо жана тизмегин түзүү) | 1) мамлекеттик тилдеги тарыхый аталыштарды жана топонимдерди тактоо жана инвентаризациялоо, экспедициялык топторду түзүү жана алардын ишин уюштуруу | 2026-жыл | миң сом | 19505,0 | 0 | 0 | 19505,0 | 19505,0 | 0 | 0 | 19505,0 | 0 | 0 | 0 | 0 |
| 2027-жыл | миң сом | 19505,0 | 0 | 0 | 19505,0 | 19505,0 | 0 | 0 | 19505,0 | 0 | 0 | 0 | 0 | |||
| 2) такталууга тийиш болгон топонимдерге илимий-лингвистикалык экспертиза жүргүзүү | 2026-жыл | миң сом | 2179,2 | 0 | 0 | 2179,2 | 2179,2 | 0 | 0 | 2179,2 | 0 | 0 | 0 | 0 | ||
| 2027-жыл | миң сом | 2179,2 | 0 | 0 | 2179,2 | 2179,2 | 0 | 0 | 2179,2 | 0 | 0 | 0 | 0 | |||
| 3) мамлекеттик тилдеги топонимдик аталыштардын маалыматтар базасын жаңыртуу | 2026-2028-жылдар | миң сом | 0 | 0 | 0 | 0 | 0 | 0 | 0 | 0 | 0 | 0 | 0 | 0 | ||
| 3-глава. Коомдук-маданий жана медиа мейкиндикте мамлекеттик тилди өнүктүрүү | ||||||||||||||||
| 10 | Маданият жана массалык коммуникация чөйрөсүндө мамлекеттик тилдин позицияларын бекемдөө | 1) мамлекеттик тилде анимациялык контентти түзүүгө колдоо көрсөтүү | 2026-жыл | миң сом | 35721,6 | 0 | 0 | 35721,6 | 35721,6 | 0 | 0 | 35721,6 | 0 | 0 | 0 | 0 |
| 2027-жыл | миң сом | 50000,0 | 0 | 0 | 50000,0 | 50000,0 | 0 | 0 | 50000,0 | 0 | 0 | 0 | 0 | |||
| 2028-жыл | миң сом | 50000,0 | 0 | 0 | 50000,0 | 50000,0 | 0 | 0 | 50000,0 | 0 | 0 | 0 | 0 | |||
| 2) балдар контентин түзүүгө колдоо көрсөтүү (видеороликтер ж.б.) | 2026-жыл | миң сом | 3500,0 | 0 | 0 | 3500,0 | 3500,0 | 0 | 0 | 3500,0 | 0 | 0 | 0 | 0 | ||
| 2027-жыл | миң сом | 3500,0 | 0 | 0 | 3500,0 | 3500,0 | 0 | 0 | 3500,0 | 0 | 0 | 0 | 0 | |||
| 2028-жыл | миң сом | 3500,0 | 0 | 0 | 3500,0 | 3500,0 | 0 | 0 | 3500,0 | 0 | 0 | 0 | 0 | |||
| 3) окуучулар менен тарбиячылар арасында "Акыл таймаш" интеллектуалдык конкурсун уюштуруу | 2026-жыл | миң сом | 700,0 | 0 | 0 | 700,0 | 700,0 | 0 | 0 | 700,0 | 0 | 0 | 0 | 0 | ||
| 2027-жыл | миң сом | 700,0 | 0 | 0 | 700,0 | 700,0 | 0 | 0 | 700,0 | 0 | 0 | 0 | 0 | |||
| 2028-жыл | миң сом | 700,0 | 0 | 0 | 700,0 | 700,0 | 0 | 0 | 700,0 | 0 | 0 | 0 | 0 | |||
| 4) студенттер менен тарбиялануучулар арасында "Билги" интеллектуалдык теледолбоорун уюштуруу | 2026-жыл | миң сом | 2000,0 | 0 | 0 | 2000,0 | 2000,0 | 0 | 0 | 2000,0 | 0 | 0 | 0 | 0 | ||
| 2027-жыл | миң сом | 2000,0 | 0 | 0 | 2000,0 | 2000,0 | 0 | 0 | 2000,0 | 0 | 0 | 0 | 0 | |||
| 2028-жыл | миң сом | 2000,0 | 0 | 0 | 2000,0 | 2000,0 | 0 | 0 | 2000,0 | 0 | 0 | 0 | 0 | |||
| 11 | Мамлекеттик тилдеги контентти кеңейтүү, инновациялык билим берүү методикаларын жана медиапродукттарды иштеп чыгуу аркылуу кыргыз тилин жана маданиятты популярдаштыруу | 1) кыргыз тилин чет тили катары "Кыргыз тили - достук көпүрөсү" деген аталыш менен окутуунун методикаларын түзүү боюнча студенттик долбоорлордун конкурсун өткөрүү | 2026-жыл | миң сом | 1200,0 | 0 | 0 | 1200,0 | 1200,0 | 0 | 0 | 1200,0 | 0 | 0 | 0 | 0 |
| 2027-жыл | миң сом | 1200,0 | 0 | 0 | 1200,0 | 1200,0 | 0 | 0 | 1200,0 | 0 | 0 | 0 | 0 | |||
| 2028-жыл | миң сом | 1200,0 | 0 | 0 | 1200,0 | 1200,0 | 0 | 0 | 1200,0 | 0 | 0 | 0 | 0 | |||
| 2) Кыргызстандын маданиятына, адабиятына, илимине, аскердик ишине жана мамлекеттүүлүгүнө олуттуу салым кошкон тарыхый инсандар, ошондой эле өз эмгеги менен коомго үлгү болгон кыргызстандыктар жөнүндө кыска видеосюжеттердин серияларын чыгаруу | 2026-жыл | миң сом | 2000,0 | 0 | 0 | 2000,0 | 2000,0 | 0 | 0 | 2000,0 | 0 | 0 | 0 | 0 | ||
| 2027-жыл | миң сом | 2000,0 | 0 | 0 | 2000,0 | 2000,0 | 0 | 0 | 2000,0 | 0 | 0 | 0 | 0 | |||
| 2028-жыл | миң сом | 2000,0 | 0 | 0 | 2000,0 | 2000,0 | 0 | 0 | 2000,0 | 0 | 0 | 0 | 0 | |||
| 3) анимациялык коштоо менен балдар караокесин YouTubе уюштуруу, ошондой эле эски кыргыз ырларынын караокесинин сапатын жакшыртуу | 2026-жыл | миң сом | 500,0 | 0 | 0 | 500,0 | 500,0 | 0 | 0 | 500,0 | 0 | 0 | 0 | 0 | ||
| 2027-жыл | миң сом | 500,0 | 0 | 0 | 500,0 | 500,0 | 0 | 0 | 500,0 | 0 | 0 | 0 | 0 | |||
| 2028-жыл | миң сом | 500,0 | 0 | 0 | 500,0 | 500,0 | 0 | 0 | 500,0 | 0 | 0 | 0 | 0 | |||
| 4) балдар үчүн көркөм адабияттын жана музыкалык чыгармалардын мыкты авторлору үчүн конкурс уюштуруу | 2026-жыл | миң сом | 3000,0 | 0 | 0 | 3000,0 | 3000,0 | 0 | 0 | 3000,0 | 0 | 0 | 0 | 0 | ||
| 2027-жыл | миң сом | 3000,0 | 0 | 0 | 3000,0 | 3000,0 | 0 | 0 | 3000,0 | 0 | 0 | 0 | 0 | |||
| 2028-жыл | миң сом | 3000,0 | 0 | 0 | 3000,0 | 3000,0 | 0 | 0 | 3000,0 | 0 | 0 | 0 | 0 | |||
| 5) 3 жаштан 12 жашка чейинки балдар үчүн арналган үч тилде (кыргыз, орус жана англис) кооз музыкалык китептерди чыгаруу | 2026-жыл | миң сом | 3000,0 | 0 | 0 | 3000,0 | 3000,0 | 0 | 0 | 3000,0 | 0 | 0 | 0 | 0 | ||
| 6) балдар үчүн жомок китептерди даярдоо жана басып чыгаруу | 2027-жыл | миң сом | 3000,0 | 0 | 0 | 3000,0 | 3000,0 | 0 | 0 | 3000,0 | 0 | 0 | 0 | 0 | ||
| 7) кийинки серияларын чыгаруу менен мурунку программанын алкагында ишке ашырылуучу анимациялык долбоорду андан ары өндүрүү (балдар үчүн мультфильмдерди тартуу) | 2026-жыл | миң сом | 15486,9 | 0 | 0 | 15486,9 | 15486,9 | 0 | 0 | 15486,9 | 0 | 0 | 0 | 0 | ||
| 12 | Коомдук жана маданий турмушта туруктуу тилдик чөйрөнү түзүү | 1) визуалдык тилдик чөйрөнү өнүктүрүү: мамлекеттик тил жарнамаларда, көрнөк-жарнактарда, көрсөткүчтөрдө, афишаларда, транспортто, музейлерде жана галереяларда | 2026-2028-жылдар | миң сом | 0 | 0 | 0 | 0 | 0 | 0 | 0 | 0 | 0 | 0 | 0 | 0 |
| 2) бардык расмий иш-чараларда, маданият мекемелеринде жана калкка кызматтарды көрсөтүү чөйрөсүндө мамлекеттик тилди колдонууну камсыз кылуу | 2026-2028-жылдар | миң сом | 0 | 0 | 0 | 0 | 0 | 0 | 0 | 0 | 0 | 0 | 0 | 0 | ||
| 13 | Кыргыз тилин өнүктүрүүгө, руханий-адептик өнүктүрүүгө жана дене тарбия жаатында билим берүү процессине арналган окуу куралдарын, методикалык куралдарды жана башка чыгармалык материалдарды даярдоо жана басып чыгаруу | 1) кыргыз тилин өнүктүрүүгө арналган көркөм адабияттарды, монографияларды, ошондой эле иллюстрациялары бар балдардын интерактивдүү энциклопедияларын басып чыгаруу | 2026-жыл | миң сом | 5000,0 | 0 | 0 | 5000,0 | 5000,0 | 0 | 0 | 5000,0 | 0 | 0 | 0 | 0 |
| 2027-жыл | миң сом | 5000,0 | 0 | 0 | 5000,0 | 5000,0 | 0 | 0 | 5000,0 | 0 | 0 | 0 | 0 | |||
| 2028-жыл | миң сом | 7179,2 | 0 | 0 | 7179,2 | 7179,2 | 0 | 0 | 7179,2 | 0 | 0 | 0 | 0 | |||
| 2) азыркы кыргыз мамлекеттүүлүгүн түптөгөн аталар жөнүндө кыргыз тилинде китептерди басып чыгаруу | 2026-жыл | миң сом | 2000,0 | 0 | 0 | 2000,0 | 2000,0 | 0 | 0 | 2000,0 | 0 | 0 | 0 | 0 | ||
| 3) спорт жана дене тарбия жаатында кыргыз тилиндеги адистештирилген окуу материалдарын жана китептерди басып чыгаруу | 2026-жыл | миң сом | 1500,0 | 0 | 0 | 1500,0 | 1500,0 | 0 | 0 | 1500,0 | 0 | 0 | 0 | 0 | ||
| 2027-жыл | миң сом | 500,0 | 0 | 0 | 500,0 | 500,0 | 0 | 0 | 500,0 | 0 | 0 | 0 | 0 | |||
| 2026-жылга бардык чыгымдар | миң сом | 133000,0 | 0 | 0 | 133000,0 | 133000,0 | 0 | 0 | 133000,0 | 0 | 0 | 0 | 0 | |||
| 2027-жылга бардык чыгымдар | миң сом | 124341,5 | 0 | 0 | 124341,5 | 124341,5 | 0 | 0 | 124341,5 | 0 | 0 | 0 | 0 | |||
| 2028-жылга бардык чыгымдар | миң сом | 97286,5 | 0 | 0 | 97286,5 | 97286,5 | 0 | 0 | 97286,5 | 0 | 0 | 0 | 0 | |||
| Программа боюнча бардык чыгымдар | миң сом | 354628,0 | 0 | 0 | 354628,0 | 354628,0 | 0 | 0 | 354628,0 | 0 | 0 | 0 | 0 |
End_nocompare
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 5 · цитата келтиргендер: 5 · байланышкандар: 0
Цитата келтиргендер (5)
- 2026-2028-жылдары Кыргыз Республикасында мамлекеттик тилди өнүктүрүү ПРОГРАММАСЫПрограмма · 10.07.2026 · № 481
- Кыргыз Республикасында 2021-2025-жылдары мамлекеттик тилди өнүктүрүү жана тил саясатын өркүндөтүү программасы (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 1-октябрындагы № 510…Программа · 01.10.2020 · № 510 · Күчүн жоготкон
- КР Өкмөтүнүн 2020-жылдын 1-октябрындагы № 510 "Кыргыз Республикасында 2021-2025-жылдары мамлекеттик тилди өнүктүрүү жана тил саясатын өркүндөтүү программасын бекитүү жөнүндө"…Постановление · 01.10.2020 · № 510 · Күчүн жоготкон
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетин 2022-жылдын 7-февралындагы № 67 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 1-октябрындагы № 510 "Кыргыз Республикасында…Постановление · 07.02.2022 · № 67 · Күчүн жоготкон
- Кргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 10-февралындагы № 64 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 1-октябрындагы № 510 "Кыргыз Республикасында…Постановление · 10.02.2023 · № 64 · Күчүн жоготкон
Шилтеме берет (5)
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндөКонституционный закон · 11.10.2021 · № 122
- Кыргыз Республикасынын 2023-жылдын 17-июлундагы № 140 "Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тили жөнүндө" Конституциялык МыйзамыКонституционный Закон · 17.07.2023 · № 140
- КР Өкмөтүнүн 2020-жылдын 1-октябрындагы № 510 "Кыргыз Республикасында 2021-2025-жылдары мамлекеттик тилди өнүктүрүү жана тил саясатын өркүндөтүү программасын бекитүү жөнүндө"…Постановление · 01.10.2020 · № 510 · Күчүн жоготкон
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетин 2022-жылдын 7-февралындагы № 67 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 1-октябрындагы № 510 "Кыргыз Республикасында…Постановление · 07.02.2022 · № 67 · Күчүн жоготкон
- Кргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 10-февралындагы № 64 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 1-октябрындагы № 510 "Кыргыз Республикасында…Постановление · 10.02.2023 · № 64 · Күчүн жоготкон