Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
Автотранспорт каражаттарын токтотуу үчүн жыйымды эсептөөнүн жана төлөөнүн тартиби жөнүндө ЖОБО (Кара-Балта шаардык кеңешинин токтому менен бекитилген)
| | | Кара-Балта шаардык кеңешинин 2025-жылдын 5-июнундагы № 23 токтомуна тиркеме |
Автотранспорт каражаттарын токтотуу үчүн жыйымды эсептөөнүн жана төлөөнүн тартиби жөнүндө ЖОБО
I. Жалпы жоболор
1.1. Бул Жобо Кыргыз Республикасынын Салык кодексине, "Салыктык эмес төлөмдөр жөнүндө", "Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жана жергиликтүү мамлекеттик администрация жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына жана Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укуктук актыларына ылайык иштелип чыккан.
1.2. Бул Жобо Кара-Балта шаарынын аймагында транспорт каражаттарын токтотуу үчүн жыйымды (мындан ары - жыйым) эсептөөнүн жана төлөөнүн тартибин аныктайт.
1.3. Бул максаттар үчүн Кара-Балта шаарынын мэриясы тарабынан атайын жабдылган же белгиленген жерлерге автотранспорт каражаттарын коюу жыйымдын объекти болуп саналат.
1.4. Жыйымды Кара-Балта шаарынын мэриясынын ыйгарым укуктуу түзүмдүк бөлүмү (мындан ары - шаардык мэриянын ыйгарым укуктуу органы) жүргүзөт.
1.5. Бул Жободо автотранспорт каражаттарынын токтоп турушу деп Кара-Балта шаардык мэриясы тарабынан атайын жабдылган же ушул максаттар үчүн белгиленген жерлерде транспорт каражаттарынын убактылуу болушу түшүнүлөт.
1.6. "Атайын жабдылган жай" - Кара-Балта шаарынын мэриясы тарабынан аныкталган, тиешелүү белгилер, жол белгилери менен белгиленген, убактылуу тосмосу жана/же транспорттук каражаттарды талаптагыдай тейлөө үчүн башка каражаттары бар транспорттук каражаттарды токтотуучу жай.
1.7. «Белгиленген аянт» — Кара-Балта шаардык мэриясы тарабынан аныкталган, тиешелүү белгилер менен белгиленген автотранспорт каражаттарынын токтоп турган жери.
II. Жыйым төлөөчүлөр
2.1. Жыйым төлөөчүлөрү бул максаттар үчүн Кара-Балта шаардык мэриясы тарабынан атайын жабдылган же белгиленген жерлерге автоунааларын койгон юридикалык жана жеке жактар.
III. Жыйым ставкасы
3.1. Жыйым ставкасы бир унаа токтотуучу жай үчүн эсептелген парковка көрсөткүчүнүн 20 пайызы өлчөмүндө белгиленет.
3.2. Жыйымдардын өлчөмү Кара-Балта шаардык мэриясынын сунушу менен Кара-Балта шаардык кеңешинин чечими менен аныкталат.
IV. Жыйымды төлөөнүн тартиби жана шарттары
4.1. Жыйым автотранспорт каражатын атайын жабдылган же Кара-Балта шаардык мэриясы тарабынан бул максаттар үчүн белгиленген жерлерге коюуда, кассалык аппарат аркылуу төлөм жүргүзүү жолу менен төлөнөт.
4.2. Жыйымдын суммасы ай сайын, отчеттук айдан кийинки айдын 20сынан кечиктирбестен мэриянын ыйгарым укуктуу органы тарабынан Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте катталган жери боюнча салык кызматынын ыйгарым укуктуу органына эсептөөлөрдү берүү менен жергиликтүү бюджетке чегерилет.
V. Төлөөчүлөрдүн жана мэриянын ыйгарым укуктуу органынын милдеттери жана жоопкерчиликтери
5.1. Төлөөчүлөр жыйымды толук жана өз убагында төлөөгө милдеттүү. Бузуулар болгон учурда алар Кыргыз Республикасынын колдонуудагы мыйзамдарына ылайык жоопкерчилик тартышат.
5.2. Мэриянын ыйгарым укуктуу органы жыйым төлөөчүгө төлөнгөндүгү жөнүндө квитанцияны өз убагында берүүгө милдеттүү. Бузуулар аныкталган учурда мэриянын ыйгарым укуктуу органы Кыргыз Республикасынын колдонуудагы мыйзамдарына ылайык жоопкерчилик тартат.
5.3. Мэриянын ыйгарым укуктуу органы инкассациянын суммасын эсептөөнүн жана өндүрүүнүн тартибин, төлөө мөөнөттөрүн жана чегерүү тартибин так сактоого милдеттүү. Отчеттук маалыматтарды бербегендиги, жыйымды бюджетке чегерүү мөөнөттөрүн бузгандыгы үчүн мэриянын ыйгарым укуктуу органы Кыргыз Республикасынын колдонуудагы мыйзамдарына ылайык жоопкерчилик тартат.
5.4. Унаа токтотуучу жайларды уюштуруу, аларды тейлөө жана квитанцияларды даярдоо үчүн жоопкерчилик мэриянын ыйгарым укуктуу органына жүктөлөт.
5.5. Жыйымдын суммасын жергиликтүү бюджетке төлөөнүн толуктугун жана өз убагында чегерилишин контролдоо "Салыктык эмес төлөмдөр жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына жана Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укуктук актыларына ылайык салык органдары тарабынан жүзөгө ашырылат.
| МСжМБ башчысы | А.С. Байышбаев |
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 2 · цитата келтиргендер: 0 · байланышкандар: 2
Шилтеме берет (2)
- Кыргыз Республикасынын Салык кодексиКодекс · 18.01.2022 · № 3
- Бейсалык төлөмдөрЗакон · 14.04.1994 · № 1480-XII · Күчүн жоготкон
Байланышкан документтер (2)
Булактын (cbd.minjust.gov.kg) маалыматы боюнча, кайсы акт кайсыга шилтеме берери көрсөтүлбөйт.
- Жергиликтуу мамлекеттик администрация жана жергиликтуу өз алдынча башкаруу органдары жөнүндөЗакон · 20.10.2021 · № 123
- Кара-Балта шаардык кеңешинин 2025-жылдын 5-июнундагы № 23 "Кара-Балта шаарында автотранспорт каражаттарын токтотуу үчүн жыйымдын ставкасын бекитүү жөнүндө жана автотранспорт…Постановление · 05.06.2025 · № 23