Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
Кара-Балта шаардык кеңешинин «Кара-Балта шаарында автотранспорт каражаттарын токтотуу үчүн жыйымдын ставкасын бекитүү жөнүндө жана автотранспорт каражаттарын токтотуу үчүн жыйымды эсептөөнүн жана төлөөнүн тартиби жөнүндө жобону бекитүү жөнүндө» токтому
КАРА-БАЛТА ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН ТОКТОМУ
2025-жылдын 5-июну № 23
Кара-Балта шаарында автотранспорт каражаттарын токтотуу үчүн жыйымдын ставкасын бекитүү жөнүндө жана автотранспорт каражаттарын токтотуу үчүн жыйымды эсептөөнүн жана төлөөнүн тартиби жөнүндө жобону бекитүү жөнүндө
«Салыктык эмес төлөмдөр жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 68-беренесине ылайык, шаардык бюджеттин киреше бөлүгүн көбөйтүү максатында Кара-Балта шаардык кеңеши токтом кылат:
1. Кара-Балта шаарында автотранспорт каражаттарын токтотуу үчүн жыйым ставкасы бир унаа токтотуучу жай үчүн эсептик көрсөткүчтүн 20 пайыз өлчөмүндө бекитилсин.
2. “Автотранспорт каражаттарын токтотуу үчүн жыйымды эсептөөнүн жана төлөөнүн тартиби жөнүндө жобо” тиркемеге ылайык бекитилсин.
3. Кара-Балта шаарынын мэриясы:
- Кара-Балта шаарынын бюджетине унаа токтотуучу жайдын акысынын толук түшүүсү камсыз кылынсын.
4. Бул токтом Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Кыргыз Республикасынын юстиция Министрлигине жөнөтүлсүн.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Регламент, депутаттардын этикасы жана укуктук маселелер боюнча туруктуу депутаттык комиссиясына, ошондой эле Кара-Балта шаарынын мэри М.Р.Джекшеновго тапшырылсын.
___________________ Таркатылсын: көктөмөгө, Кара – Балта ш. мэриясына, МСжМБга, ДСУ, КР ЮМга.
| Кеңештин төрагасы | | М. Дуйшеналиев |
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 1 · цитата келтиргендер: 0 · байланышкандар: 1
Шилтеме берет (1)
- Бейсалык төлөмдөрЗакон · 14.04.1994 · № 1480-XII · Күчүн жоготкон
Байланышкан документтер (1)
Булактын (cbd.minjust.gov.kg) маалыматы боюнча, кайсы акт кайсыга шилтеме берери көрсөтүлбөйт.