Кыргыз Республикасынын Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлигинин «КР КЭ 22-105:2026 «Курулуш конструкцияларын коррозиядан коргоо» Кыргыз Республикасынын курулуш эрежелерин бекитүү жөнүндө» буйругу
Бул документ боюнча сурооңуз барбы?Чат-боттун жообун документ менен салыштырыңыз
ЖИ мыйзамдын тексти боюнча жооп беретЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берет · акысыз
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН КУРУЛУШ, АРХИТЕКТУРА ЖАНА ТУРАК ЖАЙ-КОММУНАЛДЫК ЧАРБА МИНИСТРЛИГИНИН БУЙРУГУ
2026-жылдын 19-августу № 128-нпа
КР КЭ 22-105:2026 «Курулуш конструкцияларын коррозиядан коргоо» Кыргыз Республикасынын курулуш эрежелерин бекитүү жөнүндө
Курулуш конструкцияларын коррозиядан коргоого карата бирдиктүү техникалык талаптарды белгилөө, ошондой эле долбоорлоо жана куруу жаатындагы Кыргыз Республикасынын ченемдик-техникалык документтерин түзүү жана иштеп чыгуу максатында, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 3-мартындагы № 115 «Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин айрым ченем жаратуу ыйгарым укуктарын мамлекеттик органдарга жана жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органдарына өткөрүп берүү жөнүндө» токтомун жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 22-апрелиндеги № 221 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлиги жөнүндө жобону жетекчиликке алып буйрук кылам:
1. КР КЭ 22-105:2026 «Курулуш конструкцияларын коррозиядан коргоо» Кыргыз Республикасынын курулуш эрежелери тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. Жер титирөөгө туруктуу курулуш жана инженердик долбоорлоо мамлекеттик институту:
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2010-жылдын 26-февралындагы № 117 «Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларын расмий жарыялоо булактары жөнүндө» токтомуна ылайык, бул буйрукту расмий жарыялоо боюнча чараларды көрсүн;
- расмий жарыяланган күндөн тартып үч жумуш күндүн ичинде бул буйруктун көчүрмөсүн мамлекеттик жана расмий тилдерде эки нускада, кагаз жүзүндө жана электрондук түрдө, аталган буйруктун жарыяланган булагын көрсөтүү менен Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине жөнөтсүн;
- бул буйрук күчүнө кирген күндөн тартып үч жумуш күндүн ичинде Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясына маалымат үчүн жөнөтүлсүн.
3. ССР Союзунун Курулуш иштери боюнча мамлекеттик комитетинин 1985-жылдын 13-декабрындагы № 223 токтому менен бекитилген КЧжЭ 3.04.03-85 «Курулуш конструкцияларын жана курулмаларын коррозиядан коргоо» Курулуш ченемдери жана эрежелеринин Кыргыз Республикасынын аймагында колдонулушу токтотулсун.
4. Бул буйруктун аткарылышын контролдоону өзүмө калтырам.
5. Бул буйрук расмий жарыяланган күндөн тартып 15 күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
| Министрдин биринчи орун басары (министр жок учурда) | | Б.Ч. Чолпонбаев |
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 3 · цитата келтиргендер: 2 · байланышкандар: 1
Цитата келтиргендер (2)
- Курулуш конструкцияларын коррозиядан коргоо (Кыргыз Республикасынын Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлигинин 2026-жылдын 19-августундагы № 128-нпа…Приложение · 19.08.2026 · № 128-нпа
- КР КЭ 22-105:2026 «Курулуш конструкцияларын коррозиядан коргоо»Строительные правила · 19.08.2026 · № СП КР 22-105:2026
Шилтеме берет (3)
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 3-мартындагы № 115 "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин айрым ченем жаратуу ыйгарым укуктарын мамлекеттик…Постановление · 03.03.2023 · № 115
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 22-апрели № 221 "Кыргыз Республикасынын Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлигинин маселелери…Постановление · 22.04.2025 · № 221
- КР Өкмөтүнүн 2010-жылдын 26-февралындагы № 117 "Кыргыз Республикасынын нормативдик укуктук актыларын расмий жарыялоо булактары жөнүндө"Постановление · 26.02.2010 · № 117
Байланышкан документтер (1)
Расмий булактын маалыматы боюнча, кайсы акт кайсыга шилтеме берери көрсөтүлбөйт.