Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин «Медициналык иш менен алектенген жеке жана юридикалык жактарды аккредитациялоо тартибин бекитүү жөнүндө» токтому
Бул документ боюнча сурооңуз барбы?Чат-боттун жообун документ менен салыштырыңыз
ЖИ мыйзамдын тексти боюнча жооп беретЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берет · акысыз
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ
2026-жылдын 3-августу № 522
Медициналык иш менен алектенген жеке жана юридикалык жактарды аккредитациялоо тартибин бекитүү жөнүндө
"Кыргыз Республикасында жарандардын саламаттыгын сактоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 20-беренесинин экинчи бөлүгүн ишке ашыруу максатында, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Медициналык иш менен алектенген жеке жана юридикалык жактарды аккредитациялоо тартиби тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. Бул токтомду ишке ашыруу төмөнкүдөй жүзөгө ашырылат деп белгиленсин:
1) мамлекеттик саламаттык сактоо уюмдары үчүн Кыргыз Республикасынын саламаттык сактоо уюмдарынын тиешелүү жылдарга бекитилген бюджетинин алкагында;
2) жеке менчик формасындагы саламаттык сактоо уюмдары жана жекече иштеген жактар үчүн өздүк каражаттарынын эсебинен.
3. Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги өзүнүн чечимдерин ушул токтомго ылайык келтирсин жана ушул токтомдон келип чыгуучу зарыл чараларды көрсүн.
4. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.
5. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
| Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы | | А.Касымалиев |
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 2 · цитата келтиргендер: 1 · байланышкандар: 0
Цитата келтиргендер (1)
- Медициналык иш менен алектенген жеке жана юридикалык жактарды аккредитациялоо ТАРТИБИПостановление · 03.08.2026 · № 522
Шилтеме берет (2)
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндөКонституционный закон · 11.10.2021 · № 122
- Кыргыз Республикасында жарандардын саламаттыгын сактоо жөнүндөЗакон · 12.01.2024 · № 14