Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
Медициналык иш менен алектенген жеке жана юридикалык жактарды аккредитациялоо ТАРТИБИ
| Тиркеме | ||
| (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 3-августундагы № 522 токтомуна) |
Медициналык иш менен алектенген жеке жана юридикалык жактарды аккредитациялоо ТАРТИБИ
1-глава. Жалпы жоболор
1. Медициналык иш менен алектенген жеке жана юридикалык жактарды аккредитациялоо тартиби (мындан ары - Тартип) менчигинин түрүнө карабастан медициналык иш менен алектенген, Кыргыз Республикасында профилактикалык, дарылоо-диагностикалык, медициналык жана реабилитациялык кызматтарды көрсөтүүчү саламаттык сактоо уюмдарын аккредитациялоонун шарттарын белгилейт, ошондой эле стандарттарга шайкештикти баалоо боюнча саламаттык сактоо уюмдарын аккредитациялоо системасынын иштөөсүнүн жалпы принциптерин, колдонуу чөйрөсүн жана түзүмүн, аккредитациялоонун негизги катышуучуларынын функцияларын, аккредитациялоо боюнча иштерди жүргүзүүнүн жалпы жол-жоболорун жөнгө салат.
2. Мамлекеттик жана муниципалдык саламаттык сактоо уюмдары, ошондой эле жарандарды милдеттүү медициналык камсыздандыруу жаатындагы мамлекеттик саясатты ишке ашыруучу аткаруу органы менен түзүлгөн келишимдердин негизинде Мамлекеттик кепилдиктер программасы боюнча медициналык иш жүргүзгөн жеке менчик формасындагы саламаттык сактоо уюмдары аккредитацияланууга тийиш.
3. Негизги терминдер жана аныктамалар:
1) аккредитацияланган объект - аккредитациялоо стандарттарына ылайык кесиптик ишти жүзөгө ашыруу үчүн аккредитациялоо жол-жобосунан өткөн жеке жана юридикалык жактар;
2) аккредитациялык экспертиза - аккредитациялоонун негизги элементи/этабы, мында аккредитациялоо объектисинин кесиптик ишине бекитилген аккредитациялоо стандарттарынын негизинде баалоо жүргүзүлөт;
3) мониторингдик визит - аккредитациялоо жүргүзүү учурунда аныкталган стандарттарга шайкеш келбестиктерди жоюу боюнча аккредитацияланган объект жүргүзгөн ишти баалоо жол-жобосу;
4) аккредитациялоо боюнча орган - медициналык иш жүргүзгөн жеке жана юридикалык жактарды аккредитациялоо жүргүзүү үчүн саламаттык сактоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын карамагында турган Медициналык аккредитациялык комиссия;
5) аккредитациялоо объекти/аккредитациялануучу объект - медициналык иш менен алектенген жана аккредитацияланган статусун алууга талапкер болгон жеке жана юридикалык жактар (мындан ары - саламаттык сактоо уюмдары);
6) стандарттарга шайкештикти баалоо - аккредитациялоо стандарттарында көрсөтүлгөн талаптардын сакталышын түздөн-түз же кыйыр түрдө аныктоо;
7) саламаттык сактоо системасындагы аккредитациялоо стандарттары (мындан ары - стандарттар) - саламаттык сактоо уюмдарында менеджментти уюштурууга, коопсуздукка, медициналык кызмат көрсөтүүлөрдүн сапатына жана материалдык-техникалык базага карата талаптарды белгилөөчү документтер;
8) аккредитациялоо боюнча эксперт (мындан ары - эксперт) - аккредитациялоо боюнча орган белгилеген критерийлерге ылайык келген, атайын окутуудан жана стажировкадан өткөн, аккредитациялоо боюнча орган тарабынан аккредитациялоо иштерине катышууга компетенттүү деп таанылган адис. Штаттан тышкаркы эксперттердин расмий тизмеси саламаттык сактоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан бекитилет.
2-глава. Аккредитациялоо боюнча иштин негизги максаттары жана принциптери
4. Саламаттык сактоо уюмдарын аккредитациялоо алардын стандарттарга шайкештигин ырастоо, алардын ишинин натыйжаларын таануу үчүн шарттарды түзүү максатында жүзөгө ашырылат.
5. Аккредитациялоо төмөнкү принциптердин негизинде жүзөгө ашырылат:
1) мамлекеттик жана муниципалдык саламаттык сактоо уюмдары үчүн милдеттүүлүк;
2) аккредитациялоо боюнча органдын компетенттүүлүгү жана калыстыгы;
3) аккредитациялоо эрежелеринин ачыктыгы жана жеткиликтүүлүгү;
4) аккредитациялоого талапкер болгон бардык жактардын укуктарынын жана мыйзамдуу кызыкчылыктарынын теңдигин камсыз кылуу;
5) аккредитациялоо боюнча иштердин жүрүшүндө алынган купуя маалымат коммерциялык сыр болуп саналса, аны ачыкка чыгарбоо.
3-глава. Аккредитациялоонун түзүмү жана уюштурулушу
6. Аккредитациялоонун катышуучулары болуп төмөнкүлөр саналат:
1) Саламаттык сактоо уюмдарын аккредитациялоо боюнча байкоочу кеңеш (мындан ары - Байкоочу кеңеш);
2) аккредитациялоо боюнча орган;
3) медициналык иш менен алектенген саламаттык сактоо уюмдары.
7. Байкоочу кеңеш саламаттык сактоо уюмдарын аккредитациялоо системасын башкаруу функциясын жүзөгө ашыруу үчүн саламаттык сактоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан түзүлөт. Байкоочу кеңештин курамы саламаттык сактоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын буйругу менен түзүлөт.
8. Байкоочу кеңештин функциялары:
1) саламаттык сактоо субъекттерин аккредитациялоо чөйрөсүндөгү саясатты иштеп чыгууга катышат;
2) аккредитациялоо системасындагы мамилелерди жөнгө салуучу ченемдик укуктук актыларга жана ченемдик документтерге өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө сунуштарды киргизет;
3) саламаттык сактоо уюмдарын аккредитациялоо үчүн колдонулуучу методдорду жана стандарттарды жакшыртуу боюнча сунуштарды киргизет;
4) аккредитациялоо боюнча органдын отчетторун карайт жана макулдашат;
5) аккредитациялоонун натыйжаларын карайт жана ушул Тартипке ылайык аккредитацияланган саламаттык сактоо уюмдарына категорияларды ыйгаруу жөнүндө чечимдерди кабыл алат;
6) аккредитациялоонун катышуучулары берген апелляцияларды карайт;
7) саламаттык сактоо уюмдарын аккредитациялоонун натыйжаларынын негизинде саламаттык сактоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органдын жетекчилигине анын карамагындагы саламаттык сактоо уюмдарынын жетекчилеринин ишине кызматтык баалоо жүргүзүүнүн зарылдыгы жөнүндө сунуштама мүнөзүндөгү сунуштарды киргизет;
8) саламаттык сактоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга аккредитациялоо системасынын туруктуулугун камсыз кылуу боюнча сунуштарды киргизет;
9) аккредитациялоо системасын өнүктүрүү үчүн донорлорду издөөгө жана тартууга көмөктөшөт;
10) медициналык-санитардык жардамдын коопсуздугун камсыз кылуу жана сапатын жогорулатуу жаатында иштеген башка институционалдык түзүмдөр менен иш-чараларды координациялоону жана маалымат алмашууну жүзөгө ашырат.
9. Саламаттык сактоо уюмдары төмөнкүлөргө милдеттүү:
1) ушул Тартипте белгиленген мөөнөттөрдө аккредитациялоодон өтүү үчүн зарыл болгон документтердин тизмегин аккредитациялоо боюнча органга берүүгө;
2) берилүүчү документтердин аныктыгын камсыз кылууга;
3) аккредитациялоону жана мониторингдик визитти өткөрүү үчүн шарттарды камсыз кылууга;
4) аккредитациялоо жана мониторингдик визит үчүн акы төлөөгө;
5) аккредитациялоону жана мониторингдик визитти өткөрүүгө байланыштуу аккредитациялоо боюнча органдын чыгымдарын (мейманкана, суткалык, транспорттук чыгымдар) ордун толтурууга.
10. Саламаттык сактоо уюмдары төмөнкүлөргө укуктуу:
1) аккредитациялоону өткөрүүнүн тартиби, шарттары жана мөөнөттөрү жөнүндө бардык зарыл маалыматтарды жана документтерди алууга;
2) аккредитациялоодон кайрадан өтүүгө;
3) аккредитациялоонун натыйжалары боюнча кабыл алынган Байкоочу кеңештин чечимдерине белгиленген соттук тартипте даттанууга.
4-глава. Аккредитациялоону өткөрүүнүн негизги этаптары жана тартиби
11. Саламаттык сактоо уюмдарын аккредитациялоо үчүн стандарттар саламаттык сактоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан бекитилет.
12. Саламаттык сактоо уюмдарын аккредитациялоо үчүн стандарттарды иштеп чыгуу жана актуалдаштыруу үчүн негизги булактар:
1) Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жана саламаттык сактоо системасынын ведомстволук ченемдик документтери;
2) улуттук жана мамлекеттик максаттуу стратегиялар, ошондой эле программалар;
3) бекитилген клиникалык колдонмолор/протоколдор;
4) медициналык тейлөөнүн сапаты жана коопсуздугу жаатындагы Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун демилгелери жана инструменттери.
13. Аккредитациялоо үчүн ар бир стандарттын түзүмү төмөнкүлөрдөн турат:
1) стандарттын баяндалышынан;
2) стандарттын талаптарынан (критерийлеринен);
3) стандарттын аткарылышын баалоо механизмдеринен жана индикаторлорунан.
14. Аккредитациялоо үчүн стандарттар саламаттык сактоо уюмдарынын кесиптик ишинин төмөнкүдөй негизги бөлүмдөрү боюнча аныкталат:
1) башкаруу/менеджмент;
2) клиникалык коопсуздук (кесиптик иштин коопсуздугу);
3) медициналык жардамдын сапаты;
4) материалдык-техникалык база жана курчап турган чөйрөнүн коопсуздугу.
15. Аккредитациялоо төмөнкүдөй этаптардан турат:
1) саламаттык сактоо уюмунун аккредитациялоо боюнча органга арыз берүүсү;
2) аккредитациялоо боюнча орган менен саламаттык сактоо уюмунун ортосунда аккредитациялоону өткөрүү жөнүндө келишим түзүү;
3) аккредитациялоо жол-жобосун өткөрүүгө тийиштүү бардык маселелер боюнча аккредитациялоо боюнча органдын аккредитациялоо объектисинин өкүлүнө нускама берүүсү;
4) аккредитациялоо объектисинин аккредитациялоо стандарттары боюнча өзүн-өзү баалоо жол-жобосун жүргүзүүсү, зарыл документтердин пакетин түзүүсү жана документтердин пакетин аккредитациялоо боюнча органга берүүсү;
5) берилген документтерди баалоо жана аккредитациялоо объектисине аккредитациялык экспертиза жүргүзүү үчүн аккредитациялоо боюнча органдын эксперттик топту түзүүсү;
6) эксперттик топтун аккредитациялоо объектисине аккредитациялоо стандарттары боюнча ("жеринде") аккредитациялык экспертиза жүргүзүүсү;
7) аккредитациялоо объектисине аккредитациялык экспертиза жөнүндө отчет даярдоо;
8) аккредитациялоо жөнүндө жана аккредитациялоо объектисине категория ыйгаруу жөнүндө чечим кабыл алуу;
9) аккредитацияланган объектке аккредитациялык аттестатты тариздөө, каттоо жана берүү жана саламаттык сактоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган бекиткен үлгүгө ылайык аккредитацияланган объект менен мониторингдик визит өткөрүү жөнүндө келишим түзүү;
10) түзүлгөн келишимге ылайык эксперттик топтун аккредитацияланган объектке ("жеринде") мониторингдик визит өткөрүүсү.
16. Аккредитациялоо объектиси өз ишине расмий баа алуу үчүн аккредитациялоо жол-жобосун өткөрүү жөнүндө арызды электрондук/кагаз түрүндө аккредитациялоо боюнча органга берет.
17. Аккредитациялоону өткөрүү жөнүндө келишим түзүлгөндөн кийин аккредитациялоо жол-жобосун өткөрүүгө тийиштүү бардык маселелер боюнча аккредитациялоо объектисинин өкүлүнө (өкүлдөрүнө) нускама берилет. Нускама берүү аяктагандан кийин аккредитациялоо объектисинин өкүлүнө аккредитациялоо үчүн стандарттардын пакети, стандарттар боюнча өзүн-өзү баалоо жүргүзүү үчүн унификацияланган форма жана ушул Тартиптин тиркемесине ылайык документтердин тизмеги берилет, алар аккредитациялык экспертиза өткөрүлгөнгө чейин аккредитациялоо боюнча органга берилүүгө тийиш.
18. Аккредитациялоо объектиси өз ишине аккредитациялоо стандарттарына ылайык өзүн-өзү баалоо жүргүзөт жана 30 күндүн ичинде ушул Тартиптин тиркемесине ылайык документтердин пакетин түзөт.
19. Документтер аккредитациялык экспертизага чейин 30 күндөн кечиктирилбестен электрондук/кагаз вариантында аккредитациялоо боюнча органга берилет.
20. Аккредитациялоо боюнча органдын жетекчиси 5 (беш) күндүн ичинде аккредитациялоо объектисине аккредитациялык экспертиза боюнча иштерди жүргүзүү үчүн штаттык жана штаттан тышкаркы эксперттердин ичинен эксперттик топтун жетекчисин жана эксперттик топтун курамын дайындайт. Эксперттик топтун жетекчиси аккредитациялоо боюнча органдын штаттык кызматкерлеринин ичинен дайындалат.
21. Эксперттик топтун жетекчиси аккредитациялоо объектисине аккредитациялык экспертиза жүргүзүүнү уюштурат жана координациялайт жана аны өткөрүүнүн объективдүүлүгү жана аккредитациялык экспертиза жөнүндө отчеттун өз убагында түзүлүшү үчүн жеке жоопкерчилик тартат.
22. Аккредитациялык экспертиза жүргүзүлүп жаткан аккредитациялоо объектиси менен эмгектик (штаттык кызматкер болуп саналбаган айкалыштырып иштегендерди кошпогондо), туугандык же башка мамилелерде турган адистер эксперттик топко киргизилбейт.
23. Берилген документтер ушул Тартиптин тиркемесине ылайык документтердин тизмесине шайкеш келбеген учурда, аккредитациялоо объектисине аккредитациялоо боюнча мындан аркы иштерди жүргүзүүдөн жүйөлүү баш тартуу жөнүндө чечим кабыл алынат. Баш тартуу документтердин пакети аккредитациялоо боюнча органга келип түшкөндөн кийин 10 күндөн кечиктирбестен аккредитациялоо объектисинин электрондук почтасына жазуу жүзүндө жөнөтүлөт. Аккредитациялоо объектиси баш тартуу жөнүндө кабарланган күндөн кийин 15 күндүн ичинде аккредитациялоо боюнча ишти андан ары улантуу үчүн жетишпеген документтерди берет.
24. Аккредитациялык экспертиза эксперттик топтун аккредитациялоо объектисине түздөн-түз баруусу менен жүргүзүлөт.
25. Аккредитациялык экспертиза жүргүзүлүп жаткан мезгилде алынган натыйжалар аккредитациялоо объектиси жүргүзгөн өзүн-өзү баалоо жол-жобосунун натыйжалары менен салыштырылат.
26. Аккредитациялык экспертиза аяктагандан кийин аккредитациялоо боюнча органдын эксперттик тобу 15 күндүн ичинде жыйынтыктоочу отчетту түзөт.
Аккредитациялоо объектисине жүргүзүлгөн аккредитациялык экспертиза жөнүндө отчет аккредитациялоо боюнча органдын жыйналышында (аккредитациялык экспертиза жүргүзүлгөндөн кийин 30 күндөн кечиктирбестен) каралат, анда эксперттердин көпчүлүк добушу менен аккредитациялоо жөнүндө төмөнкүдөй чечимдер кабыл алынат:
1) объект аккредитацияланды - стандарттардын бардык блоктору боюнча жалпы жыйындысында ("Башкаруу/менеджмент", "Клиникалык коопсуздук (кесиптик иштин коопсуздугу)", "Медициналык жардамдын сапаты", "Материалдык-техникалык база жана курчап турган чөйрөнүн коопсуздугу") стандарттарга 70тен 100 пайызга чейин жана стандарттардын төрт блогунун кеминде үчөөсү боюнча шайкеш келгенде;
2) объект аккредитацияланган жок - бардык блоктор боюнча жалпы жыйындысында стандарттарга 70 пайыздан аз шайкеш келгенде же стандарттардын бир блогу боюнча 70 пайыздан аз шайкеш келгенде.
5-глава. Категорияларды ыйгаруу
27. Объектке аккредитацияланган статусун ыйгаруу жөнүндө чечим кабыл алынгандан кийин аккредитациялоо боюнча орган аккредитацияланган объектке төмөнкүдөй категориялардын бирин ыйгаруу үчүн аккредитациялык экспертиза жөнүндө отчетту жана жыйналыштын протоколун Байкоочу кеңешке берет:
1) жогорку - саламаттык сактоо уюму стандарттардын бардык блоктору боюнча жалпы жыйындысында аккредитациялоо стандарттарына 90дон 100 пайызга чейин (жана стандарттардын төрт блогунун кеминде үчөөсү боюнча) шайкеш келгенде;
2) биринчи - саламаттык сактоо уюму стандарттардын бардык блоктору боюнча жалпы жыйындысында аккредитациялоо стандарттарына 80ден 89 пайызга чейин (жана стандарттардын төрт блогунун кеминде үчөөсү боюнча) шайкеш келгенде;
3) экинчи - саламаттык сактоо уюму стандарттардын бардык блоктору боюнча жалпы жыйындысында аккредитациялоо стандарттарына 70тен 79 пайызга чейин (жана стандарттардын төрт блогунун кеминде үчөөсү боюнча) шайкеш келгенде.
28. Аккредитацияланбаган саламаттык сактоо уюму аккредитациялоодон жүйөлүү баш тартуу жөнүндө расмий кабарлангандан кийин 6 (алты) айдын ичинде стандарттарга негизги шайкеш келбестиктерди жоюуга жана аккредитациялоо жол-жобосунан кайрадан өтүүгө укуктуу.
29. Категория ыйгаруу жөнүндө чечим аккредитациялык экспертиза аяктаган күндөн тартып 3 (үч) айдын ичинде аккредитациялык аттестат берүү менен Байкоочу кеңештин жыйналышынын протоколу менен таризделет.
30. Аккредитациялык аттестат типографиялык ыкма менен даярдалат, коргоо даражасына, эсептик серияга, номерге ээ болот жана аты-жөнү көрсөтүлгөн (башка жакка өткөрүп берилбөөчү) документ болуп саналат, аны башка объектке берүүгө тыюу салынат. Аккредитациялык аттестат жоголгон учурда аккредитацияланган объект аккредитациялоо боюнча органга дубликатын берүү жөнүндө арыз берет.
31. Аккредитациялык аттестаттын формасы саламаттык сактоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан бекитилет.
6-глава. Мониторингдик визит жана аккредитациялык аттестатты чакыртуу
32. Аккредитацияланган объектке мониторингдик визит аккредитациялык циклдин этаптарынын бири болуп саналат жана аккредитациялоо жол-жобосунан кийин, аккредитациялык экспертизадан кийин 6 (алты) айдан эрте эмес өткөрүлөт.
33. Мониторингдик визит аккредитациялоо боюнча орган менен аккредитацияланган объекттин ортосунда түзүлгөн келишимдин негизинде өткөрүлөт.
34. Стандарттарга шайкештиги 90 пайызды жана андан жогору көрсөткөн аккредитацияланган объектке мониторингдик визит өткөрүлбөйт.
35. Стандарттарга шайкештиги 70тен 89 пайызга чейинди көрсөткөн аккредитацияланган объектке мониторингдик визит аккредитациялык аттестаттын колдонуу мөөнөтүнүн ичинде бир жолу өткөрүлөт.
36. Аккредитацияланган объект аккредитациялык аттестатты, аккредитациялык экспертиза жөнүндө отчеттун көчүрмөсүн алгандан жана аккредитациялоо боюнча орган менен мониторингдик визит жөнүндө келишим түзгөндөн кийин мониторингдик визит өткөрүү жөнүндө келишимге киргизилген аккредитациялоо стандарттарына шайкеш келбестиктерди жоюу боюнча иштерди жүргүзөт. Аккредитацияланган объект келишимге киргизилген аккредитациялоо стандарттарына шайкеш келбестиктерди жоюу боюнча жүргүзүлгөн иштер жөнүндө мониторингдик визит өткөрүлгөнгө чейин 14 күн калганда аккредитациялоо боюнча органга (жазуу жүзүндө) маалымдайт.
37. Мониторингдик визиттин натыйжалары акт түрүндө таризделет, анда аккредитациялоо стандарттарына шайкеш келбестиктерди жоюу боюнча аккредитацияланган объект жүргүзгөн иштер жөнүндө маалымат чагылдырылат. Мониторингдик визит өткөрүү жөнүндө акт аккредитациялоо боюнча органдын жыйналышында каралат, анда эксперттердин көпчүлүк добушу менен төмөнкүдөй чечимдер кабыл алынат:
1) берилген аккредитациялык аттестатка ылайык объекттин аккредитациялык статусун толук мөөнөткө (үч жылга) сактоо (келишимге киргизилген стандарттарга шайкеш келбестиктердин 50 пайызы жана андан көбү жоюлганда);
2) объекттин аккредитациялык статусунун мөөнөтүн эки жылга чейин кыскартуу (келишимге киргизилген стандарттарга шайкеш келбестиктердин 30дан 49 пайызга чейинкиси жоюлганда);
3) объекттин аккредитациялык статусунун мөөнөтүн бир жылга чейин кыскартуу (келишимге киргизилген стандарттарга шайкеш келбестиктердин 30 пайыздан азы жоюлганда).
38. Аккредитациялык статустун мөөнөтү кыскартылган учурда саламаттык сактоо уюмуна мониторингдик визит өткөрүү жөнүндө актынын көчүрмөсүн тиркөө менен отуз күндүк мөөнөттө жазуу жүзүндө кабар берилет жана ал отуз күндүн ичинде чечимге Байкоочу кеңешке даттана алат.
39. Аккредитациялык аттестатты чакыртуу төмөнкүдөй учурларда жүргүзүлөт:
1) аккредитацияланган объект келишимде айтылган мониторингдик визитти өткөрүүдөн баш тартканда;
2) аккредитацияланган объект жоюлганда.
40. Аккредитациялык аттестат чакыртылгандан кийин саламаттык сактоо субъекти аккредитациялоо боюнча органдын талабы менен ага берилген аккредитациялык аттестатты кайтарууга тийиш.
41. Аккредитация сертификаты жокко чыгарылгандан кийин саламаттык сактоо уюмун кайра аккредитациялоо анын аккредитациядан өтүү жөнүндө арызынын негизинде баштапкы аккредитациялоо үчүн белгиленген тартипте жүргүзүлөт.
7-глава. Аккредитациялык аттестатты кайра тариздөө
42. Аккредитациялык аттестатты кайра тариздөө аккредитацияланган объекттин юридикалык дареги, аталышы өзгөргөндө, ошондой эле бөлүмдөрдүн санын көбөйтүү (азайтуу) жана медициналык кызмат көрсөтүүлөрдүн жаңы түрлөрүн киргизүү же аларды кыскартуу менен байланышпаган аккредитацияланган объект кайра уюштурулган учурда жүргүзүлөт.
43. Аккредитацияланган объект ушул Тартиптин 42-пунктунда көрсөтүлгөн учурларда түшүндүрмө катты тиркөө менен аккредитациялык аттестатты кайра тариздөө жөнүндө арыз берет.
8-глава. Аккредитациялык аттестаттын колдонуу мөөнөтүнүн аякташына байланыштуу кезектеги аккредитациялоо
44. Кезектеги аккредитациялоо аккредитациялык аттестаттын колдонуу мөөнөтү аяктагандан кийин ар бир 3 жыл сайын жүргүзүлөт. Кезектеги аккредитациялоого арыз аккредитациялык аттестаттын колдонуу мөөнөтү аяктаганга чейин 2 ай калганда берилет.
9-глава. Мурда аккредитацияланган объектти түзүмдүк өзгөрүүлөргө байланыштуу аккредитациялоо
45. Аккредитацияланган объект түзүмдүк өзгөрүүлөрдө, бөлүмдөрдүн курамы медициналык кызмат көрсөтүүлөрдүн түрлөрүн көбөйтүү же азайтуу менен өзгөргөн учурда аккредитациялоо боюнча органга кайра аккредитациялоо жүргүзүү жөнүндө арыз берет. Арызга болгон өзгөрүүлөр (жаңы бөлүмдөр жана кызмат көрсөтүүлөрдүн түрлөрү же бөлүмдөрдүн жана кызмат көрсөтүүлөрдүн кыскарышы) баяндалган жазуу жүзүндөгү түшүндүрмө тиркелет.
46. Мурда аккредитацияланган объектти түзүмдүк өзгөрүүлөргө байланыштуу кайра аккредитациялоо, эгерде аккредитациялоо учурунан тартып бир жылдан ашык убакыт өтпөсө, мониторингдик визиттин алкагында жүргүзүлөт. Мониторингдик визит процессинде аккредитациялоо стандарттарына шайкеш келбестиктерди жоюуну баалоо менен катар жаңы түзүмдүк бөлүмдөргө жана медициналык кызмат көрсөтүүлөрдүн түрлөрүнө аккредитациялык экспертиза жүргүзүлөт.
47. Мониторингдик визиттин алкагында жүргүзүлгөн аккредитациялык экспертизанын натыйжалары отчет менен таризделет, ал аккредитациялоо боюнча органдын жыйналышында каралат жана эксперттердин көпчүлүк добушу менен аккредитацияланган объекттин статусун ырастоо жөнүндө же мурда ыйгарылган аккредитацияланган объекттин статусун ырастоодон баш тартуу жөнүндө чечим кабыл алынат.
48. Аккредитацияланган объекттин мурда ыйгарылган статусун ырастоодон баш тартылган учурда объектке отуз күндүк мөөнөттө жазуу жүзүндө жүйөлүү жооп берилет.
Объект отуз күндүн ичинде аккредитациялоо боюнча органдын чечимине Байкоочу кеңешке даттана алат.
49. Мурда ыйгарылган аккредитацияланган статусту ырастоодон баш тартылган учурда объектти кайра аккредитациялоо баштапкы аккредитациялоо үчүн белгиленген тартипте жүргүзүлөт.
10-глава. Аккредитациялоодо финансылык ишти жүргүзүү
50. Саламаттык сактоо уюмдарын аккредитациялоо жана мониторингдик визит Кыргыз Республикасынын жарандык мыйзамдарына ылайык аккредитациялоо боюнча орган менен аккредитациялануучу объекттердин (саламаттык сактоо уюмдарынын) ортосунда түзүлгөн келишимдин негизинде жүзөгө ашырылат.
51. Аккредитациялоо жана мониторингдик визит үчүн төлөмдүн өлчөмү келишимдин негизинде тараптардын макулдашуусу боюнча белгиленет.
52. Аккредитациялоонун наркы төмөнкүлөрдүн негизинде түзүлөт:
1) аккредитациялоону өткөрүүгө кеткен иш жүзүндөгү чыгымдар;
2) административдик чыгымдар;
3) техникалык камсыздоого кеткен чыгымдар;
4) аккредитациялоо жол-жобосун өткөрүүгө байланыштуу башка чыгымдар.
53. Аккредитациялоонун наркы төмөнкүдөй формула боюнча аныкталат:
Н = (Чка + Чэкс + Чадм + Чтех + Чиш),
мында: Н - аккредитациялоонун наркы; Чка - документтерди кабыл алууга жана иштеп чыгууга кеткен чыгымдар; Чэкс - эксперттик баалоону жүргүзүүгө кеткен чыгымдар; Чадм - административдик чыгымдар; Чтех - техникалык чыгымдар; Чиш - иш сапардык чыгымдар. Документтерди кабыл алууга жана иштеп чыгууга кеткен чыгымдар (Чка) төмөнкүлөрдү камтыйт:
1) арызды каттоо жана иштеп чыгуу;
2) документтерди текшерүү;
3) иш кагаздарын жүргүзүү.
Эксперттик баалоого кеткен чыгымдар (Чэкс) төмөнкүлөрдү камтыйт:
1) эксперттерге эмгек акы төлөө;
2) берилген документтерге талдоо жүргүзүү;
3) кадрдык жана материалдык-техникалык ресурстарды баалоо;
4) эксперттик корутунду даярдоо.
Административдик чыгымдар (Чадм) төмөнкүлөрдү камтыйт:
1) уюштуруучулук коштоо;
2) юридикалык жана бухгалтердик камсыздоо (эксперттик баалоого кеткен чыгымдардын 20 пайызына чейинки өлчөмдө аныкталат).
Техникалык чыгымдар (Чтех) төмөнкүлөрдү камтыйт:
1) маалыматтык системаларды жана реестрди жүргүзүү;
2) аккредитациялык сертификатты даярдоо;
3) маалыматтарды архивдөө.
Иш сапардык чыгымдар (Чиш) жерине барып баалоого байланыштуу төмөнкүдөй чыгымдарды камтыйт:
1) транспорттук чыгымдар;
2) жашап турууга кеткен чыгымдар;
3) суткалык чыгымдар.
Иш жүзүндө тартылган бардык иш сапардык чыгымдар документтер менен ырасталат.
54. Аккредитациялык аттестатты кайра тариздөөдө анын наркынын өлчөмүндө акы алынат, аккредитациялык аттестат жоголгон учурда анын дубликаты берилет жана саламаттык сактоо уюму төлөй турган анын наркынын өлчөмүндө акы алынат. Кайра аккредитациялоо үчүн акы баштапкы аккредитациялоону өткөргөн өлчөмдө төлөнөт.
11-глава. Талаш-тартыштарды чечүү
55. Аккредитациялоо органы менен аккредитациялануучу (аккредитацияланган) объекттердин ортосунда келип чыккан талаш-тартыштар эки тараптуу сүйлөшүүлөр жолу менен же Саламаттык сактоо уюмдарын аккредитациялоо боюнча байкоочу кеңеш тарабынан чечилет.
56. Тараптардын ортосундагы пикир келишпестиктерди жөнгө салуу мүмкүн болбогон учурда талаш-тартыш сот тартибинде чечилүүгө тийиш.
| | | Медициналык иш менен алектенген жеке жана юридикалык жактарды аккредитациялоо тартибине тиркеме |
Аккредитациялоого талапкер саламаттык сактоо уюму тарабынан берилүүчү документтердин ТИЗМЕГИ
1. Саламаттык сактоо уюмунун аккредитациялоо органынын жетекчисинин атына аккредитациялоо жүргүзүү жөнүндө арызы.
2. Укук белгилөөчү документтер (уставдын же жобонун көчүрмөсү, мамлекеттик каттоо жөнүндө күбөлүктүн көчүрмөсү, медициналык ишке лицензиянын көчүрмөсү (жеке медициналык мекемелер/жеке ишкерлер).
3. Жетекчи тарабынан бекитилген саламаттык сактоо уюмунун түзүмү (бардык клиникалык-диагностикалык жана көмөкчү түзүмдүк бөлүмдөрдүн жана кабинеттердин тизмеси).
4. Саламаттык сактоо субъектисинин акыркы үч жылдагы ишинин салыштырма талдоосу бар отчет.
5. Саламаттык сактоо субъекти жөнүндө маалыматтар (штаттык бирдиктер, медициналык жабдуулардын жана приборлордун саны, өлчөө каражаттарын текшерүү, транспорт каражаттарынын болушу жөнүндө маалыматтар).
6. Саламаттык сактоо субъекттеринин өзүн-өзү баалоосу жана шайкештигин баалоосу үчүн унификацияланган форма.
7. Саламаттык сактоо субъектисин аккредитациялоого төлөнгөндүгүн жана аккредитациялоону жүргүзүүгө байланыштуу аккредитациялоо органынын чыгымдарынын орду толтурулгандыгын ырастоочу документ.
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.