1-берене
Күчүндө · 28.07.2026 редакциясы
Кыргыз Республикасынын Эмгек кодексине ("Эркин-Тоо" гезити, 2025-жылдын 28-январы, № 6) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) 63-берене төмөнкүдөй мазмундагы 6-пункт менен толукталсын:
"6) Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоодо добуш берүү күнү.";
2) Кодекс төмөнкүдөй мазмундагы 65-1-берене менен толукталсын:
"65-1-берене. Шайлоодо добуш берүү күнү
1. Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоодо добуш берүү күнү дем алыш күнү болуп саналат.
2. Кызматкер добуш берүүгө катышкандыгы тастыкталган шартта ошол күн үчүн анын бир күндүк орточо эмгек акысы сакталат.
3. Кызматкерлерди ошол күнү ишке тартуу ушул Кодекстин 67 жана 109-беренелерине ылайык жүзөгө ашырылат. Мында ушул берененин 2-бөлүгүндө белгиленген ченемдер колдонулбайт.
4. Жарандардын добуш берүүгө катышкандыгы тастыкталган учурда Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан аныкталуучу тартипте кошумча жеңилдиктерди жана артыкчылыктарды берүү каралышы мүмкүн.".
Берененин тексти 28.07.2026 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
1-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Берененин байланыштары
Беренеде аталган актылар (1)
- Кыргыз Республикасынын Эмгек кодексиКодекс · 23.01.2025 · № 23
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду сайтыңыздагы барактын HTML кодуна коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/230050086/st-1" title="1-берене - Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына (Кыргыз Республикасынын Эмгек кодексине, «Мамлекеттик пенсиялык социалдык камсыздандыруу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына) өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>