Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
Маданият жана искусство чөйрөсүндөгү билим берүү уюмдарынын жетекчилеринин кызмат орундарына конкурс өткөрүү, дайындоо жана кызмат орундарынан бошотуу тартиби жөнүндө жобо (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин токтомуна)
Күчүнө кире элек
Документ реестрде «Не вступил в силу» деп белгиленген: ал али күчүнө кире элек. Колдонуудан мурун күчүнө кирген күнүн текшериңиз. Учурдагы редакциянын датасы: 2026-08-17.
Тиркеме | (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 17-августундагы № 556 токтомуна) |
Маданият жана искусство чөйрөсүндөгү билим берүү уюмдарынын жетекчилеринин кызмат орундарына конкурс өткөрүү, дайындоо жана кызмат орундарынан бошотуу тартиби жөнүндө жобо
1-глава. Жалпы жоболор
1. Ушул Жобо Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлигинин (мындан ары – Министрлик) карамагында турган маданият жана искусство чөйрөсүндөгү билим берүү уюмдарынын жетекчилеринин кызмат орундарына конкурс өткөрүү, дайындоо жана кызмат орундарынан бошотуу тартибин аныктайт.
2. Ушул Жобонун колдонулушу Министрликтин карамагында турган балдардын музыкалык мектептерине, балдардын көркөм өнөр мектептерине жана искусство мектептерине жайылтылат.
3. Маданият жана искусство чөйрөсүндөгү билим берүү уюмдарынын жетекчилеринин кызмат орундарына талапкерлерге коюлуучу квалификациялык талаптар Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 29-майындагы № 278 «Маданият, искусство, маалымат жана кинематография мекемелеринин кызматкерлери үчүн квалификациялык талаптарды бекитүү жөнүндө» токтому менен бекитилген квалификациялык талаптарга ылайык аныкталат.
4. Маданият жана искусство чөйрөсүндөгү билим берүү уюмдарынын жетекчилеринин бош кызмат орундарын ээлөөгө конкурс Министрлик тарабынан өткөрүлөт жана ага катышууга төмөнкү Кыргыз Республикасынын жарандарына жол берилет:
1) тиешелүү кызмат орду үчүн белгиленген квалификациялык талаптарга шайкеш келген;
2) соттуулугу жок;
3) соттун чечими боюнча тиешелүү кызмат орундарын ээлөө же тиешелүү иш менен алектенүү укугунан ажыратылбаган;
4) сот тарабынан аракетке жөндөмсүз же аракетке жөндөмдүүлүгү чектелген деп таанылбаган;
5) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген учурларда педагогикалык иш менен алектенүүгө чектөөлөрү жок;
6) ушул Жободо каралган документтерди тапшырган.
2-глава. Конкурсту жарыялоо,
документтерди кабыл алуу жана кароо
5. Министрлик тарабынан маданият жана искусство чөйрөсүндөгү билим берүү уюмунун жетекчисинин бош кызмат орду болгон учурда конкурс жарыяланат.
6. Конкурс өткөрүү жөнүндө кулактандыруу Министрликтин расмий сайтына жайгаштырылат.
7. Конкурс өткөрүү жөнүндө кулактандырууда төмөнкүлөр көрсөтүлөт:
1) бош кызмат ордунун аталышы;
2) маданият жана искусство чөйрөсүндөгү билим берүү уюмунун толук аталышы жана жайгашкан жери;
3) талапкерге коюлуучу квалификациялык талаптар;
4) жетекчинин негизги кызматтык милдеттери;
5) конкурска катышуу үчүн зарыл болгон документтердин тизмеги;
6) документтерди кабыл алуу мөөнөтү жана орду;
7) тестирлөөнү өткөрүүнүн датасы, убактысы жана орду;
8) маалымат алуу үчүн байланыш маалыматтары.
8. Документтерди кабыл алуу мөөнөтү конкурс өткөрүү жөнүндө кулактандыруу жайгаштырылган күндөн тартып он жумуш күндү түзөт.
9. Конкурска катышуу үчүн талапкер төмөнкү документтерди тапшырат:
1) конкурска катышуу жөнүндө арыз;
2) Кыргыз Республикасынын жаранынын паспортунун көчүрмөсү;
3) сүрөтү менен кадрларды эсепке алуу боюнча өздүк баракча;
4) резюме;
5) билими жөнүндө документтердин көчүрмөлөрү;
6) эмгек ишмердигин жана иш стажын ырастаган документтер;
7) соттуулугунун жоктугу жөнүндө маалымкат;
8) 3x4 өлчөмүндөгү эки сүрөт;
9) талапкердин кесиптик жетишкендиктерин ырастаган документтер (бар болсо).
10. Документтер Министрликтин кадрлар кызматы тарабынан кагаз түрүндө же конкурс өткөрүү жөнүндө кулактандырууда көрсөтүлгөн Министрликтин расмий электрондук почта дарегине электрондук формада кабыл алынат.
11. Документтерди кабыл алуу мөөнөтү аяктагандан кийин берилген документтер кабыл алынбайт.
12. Талапкер берилген документтердин жана маалыматтардын ишенимдүүлүгү жана аныктыгы үчүн жеке жоопкерчилик тартат.
13. Министрликтин кадрлар кызматы документтерди кабыл алуу мөөнөтү аяктагандан кийин үч жумуш күндүн ичинде берилген документтердин толуктугун жана талапкерлердин ушул Жободо белгиленген талаптарга шайкештигин текшерет.
14. Документтерди текшерүүнүн жыйынтыгы боюнча кадрлар кызматы тестирлөөгө киргизилген талапкерлердин тизмесин түзөт.
15. Тестирлөөгө киргизилгендердин тизмесине камтылган талапкерлерге тестирлөө өткөрүүнүн датасы, убактысы жана орду жөнүндө кабарланат.
16. Талапкерлердин жеке маалыматтарын иштетүү, сактоо жана пайдалануу Кыргыз Республикасынын Санарип кодексине ылайык жүзөгө ашырылат.
3-глава. Тестирлөөнү өткөрүү
17. Конкурс тестирлөө формасында өткөрүлөт.
18. Талапкерлерди тестирлөө Министрлик тарабынан Кыргыз Республикасынын Агартуу министрлигине караштуу Билим берүүнүн сапатын өнүктүрүү департаментинин уюштуруу-техникалык базасын пайдалануу менен өткөрүлөт.
19. Талапкерлер Кыргыз Республикасынын Конституциясын, Кыргыз Республикасынын Эмгек кодексин, Кыргыз Республикасынын Жарандык кодексин, «Маданият жөнүндө» жана «Билим берүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын билүүсү, ошондой эле башкаруучулук компетенциялар, жана тиешелүү маданият жана искусство чөйрөсүндөгү билим берүү уюмунун профили боюнча педагогиканын жана психологиянын негиздери боюнча тестирлөөдөн өтүшөт.
20. Тестирлөө 60 суроодон турат.
21. Ар бир туура жооп үчүн 1 балл берилет. Баллдардын эң жогорку саны 60 баллды түзөт.
22. Тестирлөөнүн узактыгы 60 мүнөттү түзөт.
23. Конкурстан өтүү үчүн тесттик суроолордун жалпы санынын 50 пайызынан кем эмесин түзгөн босого балл алуу керек.
24. Тесттик суроолордун жалпы санынын 50 пайызынан аз балл алган талапкер конкурстан өткөн жок деп эсептелет.
25. Тестирлөөнүн натыйжалары протокол менен таризделет.
26. Тестирлөөнүн натыйжалары жөнүндө протоколго тестирлөөнү өткөрүүнү камсыз кылуучу Министрликтин жана Кыргыз Республикасынын Агартуу министрлигине караштуу Билим берүүнүн сапатын өнүктүрүү департаментинин жооптуу адамдары кол коёт.
4-глава. Конкурстун жыйынтыктарын чыгаруу
27. Тестирлөөнүн жыйынтыгы боюнча тесттик суроолордун жалпы санынын 50 пайызынан кем эмесин алган шартта эң көп балл топтогон талапкер конкурстун жеңүүчүсү деп таанылат.
28. Тестирлөөнүн жыйынтыгы боюнча баллдардын саны тең болгон учурда, маданият, искусство же билим берүү чөйрөсүндө эң көп иш стажы бар талапкер артыкчылыкка ээ болот.
29. Конкурстун натыйжалары тестирлөөнүн натыйжаларынын протоколу таризделген күндөн тартып үч жумуш күндүн ичинде Министрликтин расмий сайтына жайгаштырылат.
30. Конкурс төмөнкү учурларда өткөрүлгөн жок деп таанылат:
1) конкурска катышууга арыздар жок болсо;
2) тестирлөөгө киргизилген талапкерлер жок болсо;
3) бардык талапкерлер босого баллдан өтпөсө;
4) бардык талапкерлер тестирлөөгө келбесе.
31. Конкурс өткөрүлгөн жок деп таанылган учурда Министрлик протокол таризделген күндөн тартып он жумуш күндүн ичинде кайра конкурс жарыялайт.
32. Конкурс тестирлөөгө киргизилген экиден кем эмес талапкер болгон учурда өткөрүлөт.
33. Конкурс кайра жарыяланган учурда ушул Жобонун талаптарына жооп берген жана тестирлөөгө киргизилген бир талапкер болгон учурда конкурс өткөрүүгө жол берилет.
34. Талапкер конкурстун натыйжаларына «Административдик иштин негиздери жана административдик жол-жоболор жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамында каралган тартипте даттанууга укуктуу.
5-глава. Кызмат ордуна дайындоо жана бошотуу
35. Маданият жана искусство чөйрөсүндөгү билим берүү уюмунун жетекчисин дайындоо Министрликтин буйругу менен таризделет.
36. Маданият жана искусство чөйрөсүндөгү билим берүү уюмунун жетекчиси менен Кыргыз Республикасынын Эмгек кодексине ылайык эмгек келишими түзүлөт.
37. Маданият жана искусство чөйрөсүндөгү билим берүү уюмунун жетекчиси беш жылдык мөөнөткө дайындалат.
38. Бир эле адам Министрликтин карамагындагы маданият жана искусство чөйрөсүндөгү бир эле билим берүү уюмунун жетекчиси кызмат ордун жыйындысында 10 жылдан ашык ээлей албайт.
39. Маданият жана искусство чөйрөсүндөгү билим берүү уюмунун жетекчисинин ыйгарым укуктары ал дайындалган мөөнөт аяктаганда же Кыргыз Республикасынын Эмгек кодексинде, «Билим берүү жөнүндө» жана «Маданият жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамдарына, ошондой эле эмгек келишиминин шарттарында каралган учурларда мөөнөтүнөн мурда токтотулат.
40. Маданият жана искусство чөйрөсүндөгү билим берүү уюмунун жетекчисин кызмат ордунан бошотуу Министрликтин буйругу менен таризделет.
41. Маданият жана искусство чөйрөсүндөгү билим берүү уюмунун жетекчиси кызмат ордунан бошотулган учурда конкурстун натыйжасы боюнча жетекчи дайындалганга чейин жетекчинин милдеттерин аткаруу Кыргыз Республикасынын Эмгек кодексинде белгиленген тартипте жүктөлөт.
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 6 · цитата келтиргендер: 0 · байланышкандар: 0
Шилтеме берет (6)
- Кыргыз Республикасынын Эмгек кодексиКодекс · 23.01.2025 · № 23
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 29-майындагы № 278 "Маданият, искусство, маалымат жана кинематография мекемелеринин кызматкерлери үчүн квалификациялык талаптарды…Постановление · 29.05.2020 · № 278
- Кыргыз РеспубликасынынКодекс · 31.07.2025 · № 178
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 17-августу № 556 "Маданият жана искусство чөйрөсүндөгү билим берүү уюмдарынын жетекчилеринин кызмат орундарына конкурс…Постановление · 17.08.2026 · № 556
- Административдик иштин негиздери жана административдик жол-жоболор жөнүндөЗакон · 31.07.2015 · № 210
- Кыргыз Республикасынын КонституциясыКонституция · 05.05.2021