Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин «Маданият жана искусство чөйрөсүндөгү билим берүү уюмдарынын жетекчилеринин кызмат орундарына конкурс өткөрүү, дайындоо жана кызмат орундарынан бошотуу тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу» токтому
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ
2026-жылдын 17-августу № 556
Маданият жана искусство чөйрөсүндөгү билим берүү уюмдарынын жетекчилеринин кызмат орундарына конкурс өткөрүү, дайындоо жана кызмат орундарынан бошотуу тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу
Маданият жана искусство чөйрөсүндөгү билим берүү уюмдарынын жетекчилеринин кызмат орундарына конкурс өткөрүүнүн, дайындоонун жана кызмат орундарынан бошотуунун бирдиктүү тартибин белгилөө, кадрдык жол-жоболордун ачыктыгын жана айкындуулугун камсыз кылуу максатында, «Маданият жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 30-беренесине, «Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Маданият жана искусство чөйрөсүндөгү билим берүү уюмдарынын жетекчилеринин кызмат орундарына конкурс өткөрүү, дайындоо жана кызмат орундарынан бошотуу тартиби жөнүндө жобо тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлиги:
1) өзүнүн чечимдерин ушул токтомго ылайык келтирсин;
2) ушул токтомдон келип чыгуучу башка чараларды көрсүн.
3. Бул токтомду ишке ашырууга байланышкан чыгымдар тиешелүү жана кийинки жылдарга республикалык бюджетте Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлигине каралган каражаттардын чегинде жүзөгө ашырылат деп белгиленсин.
4. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.
5. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
| Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы | | А.А. Касымалиев |
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 2 · цитата келтиргендер: 1 · байланышкандар: 0
Цитата келтиргендер (1)
- Маданият жана искусство чөйрөсүндөгү билим берүү уюмдарынын жетекчилеринин кызмат орундарына конкурс өткөрүү, дайындоо жана кызмат орундарынан бошотуу тартиби жөнүндө жобо…Положение · 17.08.2026 · № 556 · Күчүнө кире элек
Шилтеме берет (2)
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндөКонституционный закон · 11.10.2021 · № 122
- Маданият жөнүндөЗакон · 07.04.2009 · № 119