40-берене. Кеме документтерин берүү
Күчүнө кире элек · 04.08.2026 редакциясы · 4-глава
1. Каттоо жөнүндө күбөлүк жана Кеме реестринде катталган кемеге менчик укугу жөнүндө күбөлүк Кыргыз Республикасынын деңиз администрациясы тарабынан берилет.
2. Сүзүүгө жарактуулугу жөнүндө күбөлүк, эл аралык өлчөө күбөлүгү, жүк маркасы жөнүндө эл аралык күбөлүк, жүргүнчү күбөлүгү, классификациялык күбөлүк, кеме экипажынын минималдуу курамы жөнүндө күбөлүк классификациялык коомдор тарабынан берилет жана ушул Кодекстин 7-беренесинин 5-бөлүгүнүн талаптарына ылайык Кеме реестринде каттоо үчүн таанылат.
3. Эл аралык конвенцияларда жана колдонмолордо белгиленген техникалык талаптарга ылайык келген кеме радио байланыш станцияларына уруксат телекоммуникацияларды тармактык жөнгө салуучу тарабынан берилет.
4. Ушул Кодекстин 32-беренесинде жана ушул берененин 1-бөлүгүндө көрсөтүлгөн кеме документтерин берүү үчүн жыйымдарды алуунун тартиби Министрлер Кабинети тарабынан Кыргыз Республикасынын салыктык эмес кирешелер жөнүндө мыйзамдарына ылайык белгиленет.
Берененин тексти 04.08.2026 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
40-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Берененин байланыштары
Бул актынын ага шилтеме берген беренелери
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду сайтыңыздагы барактын HTML кодуна коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/230049561/st-40" title="40-берене - Кыргыз Республикасынын Соода үчүн деңизде сүзүү жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>