Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 50 жообу - акысыз.
Мисалы:
289-берене. Кемеге деңиз күрөөсү менен камсыз кылынган өзгөчө талаптар
Күчүнө кире элек · 04.08.2026 редакциясы · 31-глава
1. Кемеге деңиз күрөөсү менен кеме ээсине төмөнкүлөргө карата талаптар камсыздалат:
1) кеме капитанына жана кеменин экипажынын башка мүчөлөрүнө алардын кеменин бортунда иштегендиги үчүн төлөнүүгө тийиш болгон эмгек акыларга жана башка суммаларга, анын ичинде репатриациялоого кеткен чыгашаларга жана кеме капитанынын жана кеменин экипажынын башка мүчөлөрүнүн атынан төлөнүүчү, социалдык камсыздандыруу боюнча төгүмдөргө;
2) кемени эксплуатациялоого түздөн-түз байланыштуу кургактыкта же сууда адамдын өмүрүнө же ден соолугуна келтирилген зыяндын ордун толтурууга;
3) кемени куткаруу үчүн сый акыларга;
4) порт жана канал жыйымдарын, башка кеме жолдорундагы жыйымдарды жана лоцмандык жыйымдарды төлөөгө;
5) кемеде ташылуучу жүктөрдөн, контейнерлерден жана жүргүнчүлөрдүн буюмдарынан башка мүлктүн жоголгондугунун же бузулгандыгынын натыйжасында кемени эксплуатациялоодо келтирилген реалдуу зыяндын ордун толтурууга.
2. Кемеге деңиз күрөөсү менен, эгерде мындай талаптар бул үчүн жоопкерчилик ушул Кодекстин 25-главасынын жоболору менен жөнгө салынуучу, деңиз чөйрөсүнүн мунай же башка кооптуу жана зыяндуу заттар менен булганышынан улам келтирилген зыянга, ошондой эле бул үчүн жоопкерчилик ушул Кодекстин 26-главасынын жоболору менен жөнгө салынуучу, чөккөн мүлктү алып салууга байланыштуу келип чыкса, ушул берененин 1-бөлүгүнүн 2 жана 5-пункттарында каралган талаптар камсыз кылынбайт.
Берененин тексти 04.08.2026 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 50 жообу - акысыз.
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/230049561/st-289" title="289-берене - Кыргыз Республикасынын Соода үчүн деңизде сүзүү жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>