288-берене. Деңиз кемесин күрөөгө коюу жөнүндө келишим
Күчүнө кире элек · 04.08.2026 редакциясы · 31-глава
1. Деңиз кемесин же курулуп жаткан деңиз кемесин күрөөгө коюу жөнүндө келишим боюнча Кеме реестринде катталган кеме кредиторго (күрөө кармоочуга) акчалай милдеттенмени камсыз кылуу үчүн менчик ээси (күрөө берүүчү) тарабынан күрөөгө коюлат.
2. Эгерде Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында башкача каралбаса, кандай болбосун юридикалык же жеке жак, анын ичинде чет өлкөлүк жак күрөө кармоочу боло алат.
3. Күрөө кеменин менчик ээсинин укугунун күрөө кармоочуга өтүшүнө алып келбейт. Күрөө берүүчү күрөөгө коюлган кемеге болгон менчик укугун мыйзамдарда белгиленген тартипте күрөө предметине карата өндүрүп алуу колдонулган учурга чейин сактап калат.
4. Кыргыз Республикасынын менчигинде турган жана коммерциялык эмес максаттар үчүн гана пайдаланылган мамлекеттик кемелер күрөөгө коюлууга тийиш эмес.
Берененин тексти 04.08.2026 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
288-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/230049561/st-288" title="288-берене - Кыргыз Республикасынын Соода үчүн деңизде сүзүү жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>