4-берене
Күчүндө · 17.07.2026 редакциясы
Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексине ("Эркин-Тоо" гезити, 2021-жылдын 16-ноябры, № 122-133) төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин: 189-берененин 1-бөлүгү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын: "1. Адамдын тең укуктуулугун этиятсыздыктан олуттуу залал келтирген бузуу, атап айтканда, укуктарын түз же болбосо кыйыр чектөө, анын ичинде укукту ишке ашырууга тоскоолдук кылуу же болбосо андай мүмкүнчүлүктөн ажыратуу, же жынысына, расасына, улутуна, тилине, майыптыгына, этностук таандыктыгына, дин тутуусуна, курагына, саясий же башка ынанымдарына, билимине, тегине, мүлктүк же башка абалына жараша түз же болбосо кыйыр артыкчылыктарды белгилөө - эки айдан бир жылга чейинки түзөтүү жумуштарына же 200дөн 500 эсептик көрсөткүчтөргө чейин айып пул салууга, же эки жылга чейинки мөөнөткө белгилүү бир кызмат ордун ээлөө же болбосо белгилүү бир иш менен алектенүү укугунан ажыратуу менен же аны колдонбостон эки жылга чейин эркиндигинен ажыратууга жазаланат.".
Берененин тексти 17.07.2026 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
4-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Берененин байланыштары
Беренеде аталган актылар (1)
- Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексиКодекс · 28.10.2021 · № 127
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/230048932/st-4" title="4-берене - Гендердик теңчилик маселелери боюнча Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>