Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 50 жообу - акысыз.
Мисалы:
373-берене. Гендердик өзүн өзү баалоо жүргүзүүнүн тартиби
Күчүндө · 17.07.2026 редакциясы
1. Гендердик өзүн өзү баалоо үй-бүлөлүк зомбулуктан сактоо жана коргоо боюнча ар бир субъекттин бекитилген планынын негизинде жүргүзүлөт.
Гендердик өзүн өзү баалоо жүргүзүүнү координациялоо гендердик маселелер боюнча жооптуу адамга жүктөлөт.
2. Гендердик өзүн өзү баалоо жүргүзүү үчүн тиешелүү чөйрөдө зарыл болгон билимге жана иш тажрыйбасына ээ адистер тартылышы мүмкүн.
3. Үй-бүлөлүк зомбулуктан сактоо жана коргоо боюнча субъекттер гендердик өзүн өзү баалоо боюнча отчетторду үй-бүлөлүк зомбулуктан сактоо жана коргоо боюнча субъекттердин ишин координациялоо боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга Министрлер Кабинети тарабынан бекитилген тартипте жана атайын формалардын негизинде жыл сайын берет жана аларды үй-бүлөлүк зомбулуктан сактоо жана коргоо боюнча субъекттердин ишин координациялоо боюнча ыйгарым укуктуу органдын расмий сайтына жана жалпыга маалымдоо каражаттарына жарыялайт.
4. Гендердик өзүн өзү баалоо жүргүзүүнүн жыйынтыктары боюнча гендердик өзүн өзү баалоо боюнча отчет түзүлөт, ал аяктаган күндөн тартып 10 жумуш күндөн кечиктирилбестен үй-бүлөлүк зомбулуктан сактоо жана коргоо боюнча субъекттердин ишин координациялоо боюнча ыйгарым укуктуу органга жиберилет.
5. Гендердик өзүн өзү баалоонун натыйжаларын үй-бүлөлүк зомбулуктан сактоо жана коргоо боюнча субъекттердин ишин координациялоо боюнча ыйгарым укуктуу орган бир айдын ичинде үй-бүлөлүк зомбулуктан сактоо жана коргоо боюнча бардык субъекттердин жетекчилеринин ведомстволор аралык кеңешмесинин кароосуна берет.
Кароонун жыйынтыктары боюнча үй-бүлөлүк зомбулуктан сактоо жана коргоо боюнча ар бир субъект гендердик теңчиликке жетишүү жана үй-бүлөлүк зомбулуктун алдын алуу боюнча өз ишинин натыйжалуулугун жогорулатууга багытталган чараларды, анын ичинде кадрдык саясатты жүргүзүүдө аныктайт. Көрсөтүлгөн чаралардын ишке ашырылышын контролдоо үй-бүлөлүк зомбулуктан сактоо жана коргоо боюнча субъекттин жетекчисине жүктөлөт.".
Берененин тексти 17.07.2026 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 50 жообу - акысыз.
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/230048932/st-373" title="373-берене - Гендердик теңчилик маселелери боюнча Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>