Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинин «Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигине караштуу Кайра иштетүү өнөр жайы жана органикалык айыл чарба департаменти тарабынан көрсөтүлүүчү мамлекеттик кызматтын стандартын бекитүү жөнүндө» буйругу
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН СУУ РЕСУРСТАРЫ, АЙЫЛ ЧАРБА ЖАНА КАЙРА ИШТЕТҮҮ ӨНӨР ЖАЙЫ МИНИСТРЛИГИНИН БУЙРУГУ
2026-жылдын 8-июлу № 05/2-17/184 Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигине караштуу Кайра иштетүү өнөр жайы жана органикалык айыл чарба департаменти тарабынан көрсөтүлүүчү мамлекеттик кызматтын стандартын бекитүү жөнүндө
Жарандарга жана юридикалык жактарга мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн сапатын жана жеткиликтүүлүгүн жогорулатуу максатында “Мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүүлөр жөнүндө” Кыргыз Республикасынын 2014-жылдын 17-июлундагы № 139 Мыйзамына, “Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин айрым ченем жаратуу ыйгарым укуктарын мамлекеттик органдарга жана жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органдарына өткөрүп берүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 3-мартындагы № 115 токтомунун 1-тиркемесинин 2-пунктунун негизинде, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 7-мартындагы № 98 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги (мындан ары – Министрлик) жөнүндө жобонун 14-пунктун жетекчиликке алып, буйрук кылам:
1. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 12-июнундагы № 304 токтому менен бекитилген “Мамлекеттик органдардын жана алардын ведомстволук мекемелеринин мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрүнүн бирдиктүү реестрине” киргизилген Министрликке караштуу Кайра иштетүү өнөр жайы жана органикалык айыл чарба департаменти тарабынан көрсөтүлүүчү мамлекеттик кызматтын стандарты 1-тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. Министрликтин Кайра иштетүү өнөр жайын өнүктүрүү башкармалыгына:
– расмий жарыяланган күндөн тартып 3 (үч) жумушчу күндүн ичинде ушул буйруктун көчүрмөсүн мамлекеттик жана расмий тилдерде эки нускада, анын жарыяланган булагы жөнүндө маалыматтарды көрсөтүү менен кагаз жана электрондук түрдө Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине жөнөтсүн;
– ушул буйрук күчүнө кирген күндөн тартып 3 (үч) жумушчу күндүн ичинде жарыяланган булагы жөнүндө маалыматтарды көрсөтүү менен ушул буйруктун мамлекеттик жана расмий тилдеги көчүрмөсүн, кагаз жана электрондук түрдө Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясына маалымат үчүн жиберсин;
3. Министрликтин санариптештирүү жана мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдү өнүктүрүү бөлүмү “Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларын расмий жарыялоо булактары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2010-жылдын 26-февралындагы № 117 токтомуна ылайык ушул буйрук катталган күндөн тартып 3 (үч) жумушчу күндүн ичинде аны расмий жарыялоону камсыз кылсын.
4. Министрликке караштуу Кайра иштетүү өнөр жайы жана органикалык айыл чарба департаменти ушул буйрукту ишке ашыруу боюнча чараларды көрсүн.
5. Бул буйруктун аткарылышын контролдоо ушул багытты тейлеген министрдин орун басарына жүктөлсүн.
6. Бул буйрук расмий жарыяланган күндөн тартып 7 (жети) күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
2026-жылдын 8-июлунда https://egov.kg/kg/ministry/agriculture/npa расмий сайтында жарыяланды
| Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары - министр | Э.А. Акунбеков |
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 5 · цитата келтиргендер: 0 · байланышкандар: 2
Шилтеме берет (5)
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 3-мартындагы № 115 "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин айрым ченем жаратуу ыйгарым укуктарын мамлекеттик…Постановление · 03.03.2023 · № 115
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 7-мартындагы № 98 "Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги жөнүндө"…Постановление · 07.03.2024 · № 98
- Мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүүлөр жөнүндөЗакон · 17.07.2014 · № 139
- КР Өкмөтүнүн 2010-жылдын 26-февралындагы № 117 "Кыргыз Республикасынын нормативдик укуктук актыларын расмий жарыялоо булактары жөнүндө"Постановление · 26.02.2010 · № 117
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 12-июнундагы № 304 "Мамлекеттик органдардын жана алардын ведомстволук мекемелеринин мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрүнүн…Постановление · 12.06.2024 · № 304
Байланышкан документтер (2)
Булактын (cbd.minjust.gov.kg) маалыматы боюнча, кайсы акт кайсыга шилтеме берери көрсөтүлбөйт.
- Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги жөнүндө (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 7-мартындагы № 98…Положение · 07.03.2024 · № 98
- Министрликке караштуу Кайра иштетүү өнөр жайы жана органикалык айыл чарба департаменти тарабынан көрсөтүлүүчү мамлекеттик кызматтын стандартынын (Кыргыз Республикасынын Суу…Приложение · 08.07.2026 · № 05/2-17/184