Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинин «Өнөр жай коопсуздугу чөйрөсүндөгү айрым ченемдик укуктук актыларды бекитүү жөнүндө» буйругу
Бул документ боюнча сурооңуз барбы?Чат-боттун жообун документ менен салыштырыңыз
ЖИ мыйзамдын тексти боюнча жооп беретЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берет · акысыз
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖАРАТЫЛЫШ РЕСУРСТАРЫ, ЭКОЛОГИЯ ЖАНА ТЕХНИКАЛЫК КӨЗӨМӨЛ МИНИСТРЛИГИНИН БУЙРУГУ
2026-жылдын 26-июну № 01-01/195
Өнөр жай коопсуздугу чөйрөсүндөгү айрым ченемдик укуктук актыларды бекитүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө” Мыйзамына, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 3-мартындагы № 115 “Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин айрым ченем жаратуу ыйгарым укуктарын мамлекеттик органдарга жана жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органдарына өткөрүп берүү жөнүндө” токтомуна ылайык, буйрук кылам:
1. Тоо-Кен казып алуучу ишканалардын көмөкчү цехтери үчүн коопсуздук эрежелери 1-тиркемеге ылайык бекитилсин;
2. Геологиялык чалгындоо иштериндеги коопсуздук эрежелери 2-тиркемеге ылайык бекитилсин;
3. Кооптуу өндүрүштүк объекттерде колдонулуучу техникалык жабдууларды жана тоо-кен-транспорттук жабдуулардын реестрин жүргүзүү жөнүндө жобо 3-тиркемеге ылайык бекитилсин.
4. Өнөр жай коопсуздугун жөнгө салуу башкармалыгы:
1) ушул буйрук катталгандан кийин үч жумушчу күн ичинде Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2010-жылдын 26-февралындагы № 117 “Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларын расмий жарыялоо булактары жөнүндө” токтомуна ылайык аны расмий жарыялоо боюнча чараларды көрсүн;
2) расмий жарыяланган күндөн тартып үч жумушчу күндүн ичинде буйруктун көчүрмөсүн мамлекеттик жана расмий тилдерде, кагаз жүзүндө жана электрондук түрдө жарыялоо булагын көрсөтүү менен Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине ченемдик укуктук актылардын Мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн жөнөтсүн;
3) буйрук күчүнө кирген күндөн тартып үч жумушчу күндүн ичинде буйруктун көчүрмөсүн маалымат үчүн Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясына жөнөтүлсүн.
5. Бул буйрук расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
6. Бул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстары, экологиялык жана техникалык көзөмөл министринин биринчи орун басары Ж.К. Сейдалиевке жүктөлсүн.
| Министр | | А.Т. Токтобаев |
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 3 · цитата келтиргендер: 3 · байланышкандар: 0
Цитата келтиргендер (3)
- Геологиялык чалгындоо иштериндеги коопсуздук эрежелери (Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинин 2026-жылдын 26-июнундагы №…Правила · 26.06.2026 · № 01-01/195
- Кыргыз Республикасынын Кооптуу өндүрүштүк объекттерде колдонулуучу техникалык жабдууларды жана тоо-кен-транспорттук жабдуулардын реестрин жүргүзүү жөнүндө жобо (Кыргыз…Приложение · 26.06.2026 · № 01-01/195
- Тоо-кен ишканаларындагы көмөкчү цехтер үчүн коопсуздук боюнча эрежелер (Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинин 2026-жылыдн…Правила · 26.06.2026 · № 01-01/195
Шилтеме берет (3)
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 3-мартындагы № 115 "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин айрым ченем жаратуу ыйгарым укуктарын мамлекеттик…Постановление · 03.03.2023 · № 115
- КР Өкмөтүнүн 2010-жылдын 26-февралындагы № 117 "Кыргыз Республикасынын нормативдик укуктук актыларын расмий жарыялоо булактары жөнүндө"Постановление · 26.02.2010 · № 117
- Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндөЗакон · 20.07.2009 · № 241