Кыргыз Республикасынын Кооптуу өндүрүштүк объекттерде колдонулуучу техникалык жабдууларды жана тоо-кен-транспорттук жабдуулардын реестрин жүргүзүү жөнүндө жобо (Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинин буйругу менен бекитилди № 3 тиркеме)
Бул документ боюнча сурооңуз барбы?Чат-боттун жообун документ менен салыштырыңыз
ЖИ мыйзамдын тексти боюнча жооп беретЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берет · акысыз
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинин 2026-жылыдн 26-июнундагы № 01-01/195 буйругу менен бекитилди
№ 3 тиркеме
Кыргыз Республикасынын Кооптуу өндүрүштүк объекттерде колдонулуучу техникалык жабдууларды жана тоо-кен-транспорттук жабдуулардын реестрин жүргүзүү жөнүндө жобо Ι. Жалпы жоболор
1.1. Өндүрүштөгү кооптуу объектилерде колдонулуучу техникалык жабдууларды, тоо-кен транспорттук жабдууларды жана жарылуучу заттарды жана күчтүү уулуу заттарды ташуучу автотранспорт каражаттарын каттоо боюнча ушул Жобо өнөр жай коопсуздугу жаатындагы контролдук жана көзөмөлдөө ыйгарым укуктары берилген аткаруу бийлигинин ыйгарым укуктуу органы тарабынан жүргүзүлөт (мындан ары – ыйгарым укуктуу көзөмөл органы) жана Кыргыз Республикасынын ведомстволук караштуулугуна жана менчик формасына карабастан тоо-кен иштерин жүргүзгөн жана жарылуучу заттарды жана күчтүү уулуу заттарды автотранспорт аркылуу ташуучу бардык ишканалар, уюмдар жана башка субъекттер (мындан ары – ээси) үчүн милдеттүү болуп эсептелет.
1.2. Жобо тоо-кен иштеринде колдонулуучу техникалык жабдууларды, тоо-кен транспорттук жабдууларды каттоонун, кайра каттоонун жана эсептен чыгаруунун тартибин аныктайт (мындан ары – жабдуу).
1.3. Жабдуулар же технологиялык транспорт каражаттары, ээси кандай менчик формасында жана ведомстволук караштуулукта болбосун, ыйгарым укуктуу көзөмөл органында милдеттүү түрдө катталышы керек.
1.4. Эгерде жабдуу же технологиялык транспорт чет өлкөдө чыгарылган болсо, анда каттоо учурунда ээси аны чыгарган өлкөнүн компетенттүү органдары тарабынан берилген шайкештик сертификатын, ошондой эле мамлекеттик же расмий тилге ылайыктуу котормосу менен берүүгө милдеттүү.
1.5. Каттоого тийиштүү жабдуулардын тизмеси 1-тиркемеде көрсөтүлгөн.
ΙΙ. Жабдууларды же технологиялык транспорт каражаттарын каттоо, кайра каттоо жана эсептен чыгаруу тартиби
2.1. Жабдууну же технологиялык транспорт каражатын каттоо үчүн ээси ыйгарым укуктуу көзөмөл органына төмөнкү документтерди берет:
2-тиркемеде көрсөтүлгөн форма боюнча арыз; жабдуунун же технологиялык транспорт каражатынын техникалык паспорту (ээси каттоо карточкасын алат); транспорт каражатынын жарылуучу жана күчтүү уулуу заттарды ташууга уруксаты бар экендиги тууралуу күбөлүк; жабдуунун же технологиялык транспорттун өнөр жай коопсуздугу боюнча нормативдик документтерге шайкештиги тууралуу эксперттик корутунду; жабдууда же технологиялык транспортто өрт өчүрүүчү жана башка коргоо каражаттарынын болушу;
2.2. Жабдууларды же технологиялык транспортту каттоо же каттоодон баш тартуу жөнүндө чечим ыйгарым укуктуу жөнгө салуучу орган тарабынан келип түшкөн арыз катталгандан кийин 14 күндүн ичинде кабыл алынат.
Жабдууларды каттоодон баш тартуу жөнүндө ээсине жазуу жүзүндө билдирилет, анда баш тартуунун себептери көрсөтүлөт жана тиешелүү ченемдик укуктук актылардын талаптары келтирилет. Ушул Эрежелердин 2.1-бөлүмүндө көрсөтүлгөн документтер берилбеген учурда, жабдууларды же транспорттук каражатты каттоого арыз берүү токтотулат. Эгерде берилген документтер ушул Эрежелердин 2.1-бөлүмүнө ылайык келсе, жабдуулар же транспорттук каражаттар журналга катталат жана арыз ээсине белгиленген формадагы каттоо картасы берилет (3-тиркеме).
2.3. Жабдууга же технологиялык транспортко берилген каттоо номери ак фондо кара түстөгү цифралар менен так көрүнгөн табличкага жазылып, көрүнүктүү жерине орнотулат.
2.4. Жабдууну же технологиялык транспорт каражатын кайра каттоо башка бирөөгө келишимдин негизинде өткөрүлүп берилген учурда жүргүзүлөт. Бул үчүн бир айлык мөөнөт ичинде кайра каттоо орду боюнча арыз жана ушул Жобонун 2.1-пунктунда көрсөтүлгөн документтер тапшырылышы керек.
2.5. Эгерде жабдуу же технологиялык транспорт эксплуатацияга жараксыз болуп калса, аларды эсептен чыгаруу жүргүзүлөт. Бул үчүн бир айлык мөөнөт ичинде каттоо орду боюнча эсептен чыгаруу себептери көрсөтүлгөн арыз тапшырылат. Каттоо карточкасы катталган органга кайтарылат.
2.6. Каттоо, кайра каттоо же эсептен чыгаруу тууралуу белгилер ыйгарым укуктуу көзөмөл органынын тармактык бөлүмдөрүндө жүргүзүлүүчү каттоо журналында белгиленет.
2.7. Эгерде ээси жабдууларды же технологиялык транспортту каттоо картасын жоготуп алса, анын өтүнүчү боюнча 14 күндүн ичинде тиешелүү дубликат берилет, бул тууралуу каттоо журналында белгиленет.
Тиркеме 1 Ыйгарым укуктуу көзөмөл органында каттоого тийиштүү жабдуулар
тазалоо жана өтмө комплекстер, анын ичинде агрегаттар жана комбайндар; шахта стволдорун жана көтөрүлмө өтмөлөрдү казуу үчүн машиналар жана комплекстер; жүктөөчү машиналар; кооптуу өндүрүш объектилеринде колдонулуучу лента конвейерлери; шахта электр локомотивдери, дизель локомотивдери; дизель кыймылдаткычтуу өз алдынча жүрүүчү машиналар, анын ичинде бульдозерлер, автосамосвалдар, грейдерлер, жүктөгүчтөр жана экскаваторлор; шахта көтөрүүчү машиналар, шахта клетьтери, клеть жана скиптер үчүн илинме жана чиркегич шаймандар, клеть парашюттары; жер алдындагы иштер үчүн жүктөө-транспорт жана жеткирүүчү машиналар; майдалоочу жана жуучу шаймандар; жер алдындагы жана ачык тоо-кен иштерине арналган бургу комплекттери жана бургу станоктору; майдалоочу-сорттоочу жабдуулар.
Тиркеме 2 Кимге: _________________________________________________________ (ишкананын же жеке ишкердин аталышы, аты-жөнү, телефон номери)
Арыз Өтүнөм каттоону жүргүзүү: ___________________________________ (жабдуунун, технологиялык транспорттун аталышы) Колдонулушу: ________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________ Мамлекеттик номери: _____________________________________________ Завод номери: __________________________________________________ Маркасы, модели: ________________________________________________ Чыгарылган жылы: _______________________________________________ Завод-чыгаруучу: ________________________________________________ Кыскача техникалык мүнөздөмөсү: _________________________________
Колдонулуучу жери: ______________________________________________
Кол койгон: Руководитель (Жетекчи) ________________________
Тиркеме 3
Алдыңкы тарабы
Каттоо карточкасы №___________________________ (жабдуунун же технологиялык транспорттун) Мамл. номери: __________________________________ Зав. номери: ____________________________________ Маркасы: ______________________________________ Чыгарылган жылы: ______________________________ Кыскача техникалык мүнөздөмөсү: ________________
Колдонулушу (максаты): _________________________ Ээси: _________________________________________
Дареги жана телефон номери: ____________________
Арт жагы
Каттоого алынгандыгы тууралуу белги
Мөөнөт, мөөр коюлуучу жер Эсептен чыгарылгандыгы тууралуу белги
Мөөнөт, мөөр коюлуучу жер Эскертүү: Эсептен чыгарылган учурда каттоо карточкасы катталган жерине кайтарылат.
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.