1-берене
Күчүндө · 05.06.2026 редакциясы
Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексине («Эркин-Тоо» гезити, 2021-жылдын 16-ноябры, № 122–133) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) 57-берененин 2-бөлүгүндө «4-бөлүгүндө» деген сөздөр «4 жана 5-бөлүктөрүндө» деген сөздөргө алмаштырылсын;
2) 63-беренеде:
а) 4-бөлүк «өзгөчө субъекти тарабынан» деген сөздѳрдѳн кийин «ушул Кодекстин 312-беренесинде каралган кылмыштар, ошондой эле» деген сөздөр менен толукталсын;
б) төмөнкүдөй мазмундагы эскертүү менен толукталсын:
«Эскертүү. Ушул Кодекстин 312 жана 315-беренелеринде каралган белгилүү бир иш менен алектенүү укугунан ажыратуу түрүндөгү кошумча жаза транспорт каражаттарын башкаруу укугунан ажыратуу түрүндө колдонулат.»;
3) 82-берененин 2-бөлүгүнүн 7-пункту «173-беренелеринде,» деген сөздөрдөн кийин «312-берененин 4 жана 5-бөлүктөрүндө» деген сөздөр менен толукталсын»;
4) 312-берене төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
«312-берене. Транспорт каражаттарынын кыймылынын жана аларды эксплуатациялоонун коопсуздук эрежелерин бузуу
1. Транспорт каражатын башкарган адам тарабынан транспорт каражаттарынын кыймылынын жана аларды эксплуатациялоонун этиятсыздыктан ден соолугуна анча оор эмес залал келтирген коопсуздук эрежелерин бузуу –
үч жылга чейинки мөөнөткө белгилүү бир кызмат ордун ээлөө же болбосо белгилүү бир иш менен алектенүү укугунан ажыратуу менен 800дөн 1000 эсептик көрсөткүчкө чейин айып салууга жазаланат.
2. Этиятсыздыктан ден соолукка оор залал келтирген ошол эле жосун – 1000ден 2000 эсептик көрсөткүчтөргө чейин айып салууга же үч жылдан алты жылга чейинки мөөнөткө белгилүү бир кызмат ордун ээлөө же болбосо белгилүү бир иш менен алектенүү укугунан ажыратуу менен беш жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат.
3. Этиятсыздыктан ден соолугуна өзгөчө оор залал келтирген ошол эле жосун – алты жылдан тогуз жылга чейинки мөөнөткө белгилүү бир кызмат ордун ээлөө же болбосо белгилүү бир иш менен алектенүү укугунан ажыратуу менен беш жылдан сегиз жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат.
4. Ушул берененин 1 же 2-бөлүктөрдө каралган, алкоголду, күчтүү таасир этүүчү заттарды, баңгизат каражаттарын, психотроптук заттарды жана алардын аналогдорун же башка мас кылуучу заттарды колдонуудан улам мас абалында жасалган жосундар –
алты жылдан тогуз жылга чейинки мөөнөткө белгилүү бир кызмат ордун ээлөө же болбосо белгилүү бир иш менен алектенүү укугунан ажыратуу менен беш жылдан сегиз жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат.
5. Ушул берененин 3-бөлүгүндө каралган, алкоголду, күчтүү таасир этүүчү заттарды, баңгизат каражаттарын, психотроптук заттарды жана алардын аналогдорун же башка мас кылуучу заттарды колдонуудан улам мас абалында жасалган жосундар –
тогуз жылдан он эки жылга чейинки мөөнөткө белгилүү бир кызмат ордун ээлөө же болбосо белгилүү бир иш менен алектенүү укугунан ажыратуу менен сегиз жылдан он жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат. Эскертүү. Ушул Кодекстин 211, 312 − 316-беренелеринде транспорт каражаттары деп аларды башкарууга жол кыймылы чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык транспорт каражаттарын башкаруу укугу берилген транспорт каражаттарынын бардык түрлөрү түшүнүлөт.»;
5) төмөнкүдөй мазмундагы 312-1-берене менен толукталсын:
«312-1-берене. Укук бузгандыгы үчүн мурда жаза чарасы колдонулган, мас абалындагы адамдын транспорт каражатын башкаруусу Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндө кодексинин 193-беренесинин 1, 2 жана 4-бөлүктөрүндө каралган укук бузуулар үчүн мурда жаза чарасына тартылган адам жаза чарасын аткаруу аяктаган күндөн тартып бир жылдын ичинде алкоголду, күчтүү таасир этүүчү заттарды, баңгизат каражаттарын, психотроптук заттарды же алардын аналогдорун же болбосо башка маң кылуучу заттарды колдонуудан улам мас абалында транспорт каражатын башкаруусу − белгилүү бир кызмат ордун ээлөө укугунан ажыратуу менен 1000ден 1500 эсептик көрсөткүчкѳ чейин айып пул салууга же бир жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат.».
Берененин тексти 05.06.2026 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
1-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Берененин байланыштары
Беренеде аталган актылар (1)
- Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексиКодекс · 28.10.2021 · № 127
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду сайтыңыздагы барактын HTML кодуна коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/230047510/st-1" title="1-берене - Жол кыймылынын коопсуздугун камсыз кылуу маселелери боюнча Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>