2-берене
Күчүндө · 05.06.2026 редакциясы
Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндө кодексине («Эркин-Тоо» гезити, 2021-жылдын 16-ноябры, № 122–133) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) 28-берененин 31-пункту күчүн жоготту деп таанылсын;
2) 31-берененин 3-бөлүгүнүн экинчи абзацы «149,» деген цифралардан кийин «193,» деген цифралар менен толукталсын;
3) 31-1-берене күчүн жоготту деп таанылсын;
4) 37-берене төмөндөгүдөй редакцияда баяндалсын:
«37-берене. Транспорт каражатын мажбурлап эвакуациялоо жана дөңгөлөктөрдүн блокираторлорун же шаймандардын башка түрлөрүн колдонуу
1. Транспорт каражатын адистештирилген унаа токтотуучу жайга мажбурлап эвакуациялоого төмөнкү негиздердин жок дегенде бирөөсү болгондо гана жол берилет:
1) эгер транспорт каражаты темир жолдо, туннелде, көпүрөдө же эстакадада, жөө жүрүүчүнүн өткѳѳлүндѳ, көрүнүшү чектелген жол кесилишинде калтырылса, ошондой эле эгер транспорт каражаты жол транспорт кырсыгынын катышуучусу болсо;
2) шашылыш, укук коргоо жана коммуналдык кызматтардын, ошондой эле коомдук транспорттун иштөөсүнө тоскоолдук жаратуу, анын ичинде подъезддерге жана чакыруу болгон жерлерге өтмөктөргө, авариялык чыкмактарга, өрт гидранттарына, авариялык-калыбына келтирүү иштери жүргүзүлүүчү жерлерге жана рельс жолдоруна бөгөт коюу;
3) майыптыгы бар адамдарга арналган орундарды ээлөө, тротуарларды, пандустарды жана тактилдик жолдорду тосуу;
4) авариялык же оңдоо иштерине байланыштуу кыймылга убактылуу чектѳѳ киргизилген участокто транспорт каражаты калтырылса.
2. Дөңгөлөктөрдү блокировкалоо айдоочу жол кыймылынын эрежелерин жана автомобиль жолдорун пайдалануу жана коргоо тартибин белгилөөчү ченемдик укуктук актыларды бузган учурда, транспорт каражатын кыймылга келтирүү мүмкүнчүлүгүн (дөңгөлөктүн айлануусун) жокко чыгарган техникалык каражаттарды транспорт каражатына мажбурлап орнотуудан турат.
Шаймандардын башка түрлөрү рулдук башкарууну жана газ педалдарын блокировкалоо үчүн колдонулат (мотоциклдер, трициклдер, квадроциклдер жана башка мототранспорт үчүн).
3. Транспорт каражатын мажбурлап эвакуациялоодо Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан аныкталуучу тийиштүү сайтка маалыматты жайгаштыруу аркылуу транспорт каражатынын турган жери жөнүндө менчик ээсине кабар берилет, бул тууралуу маалыматтар Укук бузуулардын бирдиктүү реестринин автоматташтырылган маалыматтык тутумуна (АМТ) киргизилет. Транспорт каражатын мажбурлап эвакуациялоо жана дөңгөлөктөргө блокираторлорду колдонуу тууралуу укук бузуу жөнүндө протоколдо тиешелүү белги коюлат.
4. Транспорт каражатын мажбурлап эвакуациялоо жана аны сактоо боюнча чыгымдардын орду укук бузууну жасаган адам тарабынан толтурулат.
5. Транспорт каражатын мажбурлап эвакуациялоо, адистештирилген унаа токтотуучу жайга алып баруу, аны сактоо жана дөңгөлөктөргө блокираторлорду же шаймандардын башка түрлөрүн колдонуу тартиби Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан аныкталат.»;
5) 38-берененин 2-бөлүгүндө:
а) 1-пунктта «айдоочулук күбөлүгү» деген сөздөр «транспорт каражаттарын башкаруу укугуна күбөлүгү» деген сөздөргө алмаштырылсын;
б) 2-пунктта «айдоочулук күбөлүктү» деген сөздөр «транспорт каражаттарын башкаруу укугуна күбөлүктү» деген сөздөргө алмаштырылсын;
6) 39-берене төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
«39-берене. Атайын укуктан ажыратуу
1. Адамга берилген атайын укуктан (транспорт каражаттарын башкаруу укугу, аңчылык кылуу укугу, лицензия ж.б.) ажыратуу аталган укукту пайдалануунун белгиленген тартибин бузгандыгы үчүн кошумча укуктук кесепет катары колдонулат.
2. Адам бир жыл ичинде ушул Кодекстин 95, 131, 147, 427 жана
428-беренелеринде каралган укук бузууларды эки же андан көп жолу жасаган, ошондой эле бир жыл ичинде башка укук бузууларды үч же андан көп жолу жасаган учурда, атайын укуктан ажыратуу түрүндөгү кошумча укуктук кесепетти колдонуу жѳнүндѳ маселе демилгеленет.
3. Ушул Кодекстин 21-главасында жана 449-беренесинин 2-бөлүгүндө каралган укук бузууларды жасагандыгы үчүн атайын укуктан ажыратуу тийиштүү берененин санкциясына ылайык дайындалат.
4. Адамды атайын укуктан ажыратуу мындай укукту берген ыйгарым укуктуу орган тарабынан ушул Кодекстин 572-беренесинде белгиленген тартипте жүзөгө ашырылат.»;
7) 50-берене төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
«50-берене. Жаза чаралардын жана кошумча укуктук кесепеттердин мөөнөттөрүн эсептөө Жаза чаралардын жана кошумча укуктук кесепеттердин мөөнөттөрү саат, күн, сутка, ай жана жыл менен эсептелет.»;
8) 184-берене төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
«184-берене. Транспорт каражаттарын документи жок башкаруу
1. Айдоочунун транспорт каражатын транспорт каражаттарын башкаруу укугуна күбөлүгү жок же болбосо тиешелүү категориясыз же транспорт каражатын каттоочу документи, же болбосо жүргүнчүлөрдү ташуу боюнча ишти жүзөгө ашырууга лицензиясы жок башкаруусу –
жеке жактарга 10 эсептик көрсөткүч өлчөмүндө айып пул салууга алып келет.
2. Жер үстүндө жүрүүчү транспорт каражатынын ээсинин транспорт каражатын жарандык-укуктук жоопкерчилигин милдеттүү камсыздандырууну тастыктаган, мыйзамдарда каралган документи жок башкаруусу –
жеке жактарга 30 эсептик көрсөткүч, юридикалык жактарга 130 эсептик көрсөткүч өлчөмүндө айып пул салууга алып келет.
3. Кандай болбосун транспорт каражатын башкарууга укугу жок адамдын, ага тете укугу убактылуу токтотулган адамдын транспорт каражатын башкаруусу, же транспорт каражатын башкарууга укугу жок адамга мындай транспорт каражатын башкарууга берүүсү – жеке жактарга 150 эсептик көрсөткүч өлчөмүндө айып пул салууга алып келет.
4. Транспорт каражаттарын башкаруу укугунан мурда ажыратылган адамдын транспорт каражатын башкаруусу −
жеке жактарга 200 эсептик көрсөткүч өлчөмүндө айып пул салууга алып келет.
Эскертүү. Ушул берененин жоболору мыйзамдарда белгиленген тартипте транспорт каражатын айдоо боюнча окутуучу курстардан өтүп жаткан адамдарга карата колдонулбайт.»;
9) 186-берененин аталышында жана 1-бөлүгүндө «айдоочулук күбөлүктү» деген сөздөр «транспорт каражаттарын башкаруу укугуна күбөлүктү» деген сөздөргө алмаштырылсын;
10) 189-берененин 2-бөлүгүнүн экинчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
«жеке жактарга транспорт каражатын башкаруу укугунан 6 айлык мөөнөткө ажыратууга менен 200 эсептик көрсөткүч өлчөмүндө айып пул салууга алып келет.»;
11) 190-берененин аталышында жана 1-бөлүгүндө «мопедди,» деген сөз алып салынсын;
12) 192-берене төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
«192-берене. Жол кыймылынын эрежелеринин башка талаптарын жана транспорт каражаттарын пайдаланууга жол берүү боюнча негизги жоболорду жана кызмат адамдарынын жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо боюнча милдеттерин бузуу
1. Ушул Кодексте каралгандарды кошпогондо, жол кыймылынын эрежелеринин башка талаптарын жана транспорт каражаттарын пайдаланууга жол берүү боюнча негизги жоболорду жана кызмат адамдарынын жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо боюнча милдеттерин бузуу –
эскертүүгө же жеке жактарга 10 эсептик көрсөткүч өлчөмүндө айып пул салууга алып келет.
2. Транспорт каражатынын, жүктүн, автомобиль жолунун, көчөнүн, темир жол өткөөлүнүн, жол курулмасынын же башка мүлктүн бузулуусуна алып келген жол кыймылынын эрежелеринин талаптарын жана транспорт каражаттарын пайдаланууга жол берүү боюнча негизги жоболорду жана кызмат адамдарынын жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо боюнча милдеттерин бузуу –
жеке жактарга 55 эсептик көрсөткүч өлчөмүндө айып пул салууга алып келет.
3. Эгерде укук бузуучунун аракеттеринде кылмыш жазасына тартуучу жосундун белгилери жок болсо, адамдын ден соолугуна зыян келтирүүчү, жол кыймылынын эрежелеринин башка талаптарын жана транспорт каражаттарын пайдаланууга жол берүү боюнча негизги жоболорду жана жол кыймылынын коопсуздугун камсыз кылуу боюнча кызмат адамдарынын милдеттерин бузуу –
жеке жактарга 100 эсептик көрсөткүч өлчөмүндө айып пул салууга алып келет.
4. Кылмыш жазасына тартуучу жосундун белгилери жок болгондо, жол транспорт кырсыгынын катышуучусу болуп саналган айдоочу кырсык болгон жерди жол кыймылынын эрежелеринин талаптарын бузуу менен таштап кетсе –
жеке жактарга транспорт каражатын башкаруу укугунан 6 айлык мөөнөткө ажыратуу менен 200 эсептик көрсөткүч өлчөмүндө айып пул салууга алып келет.
5. Кылмыш жазасына тартуучу жосундун белгилери жок болгондо, кандай болбосун транспорт каражаттарын башкарууга укугу жок адам өзү катышуучусу болуп саналган жол транспорт кырсыгы болгон жерди таштап кетсе –
жеке жактарга 200 эсептик көрсөткүч өлчөмүндө айып пул салууга алып келет.
6. Автомобиль жолдору менен жүрүү үчүн транспорт каражатынын белгиленген жол берилген салмак-габариттик параметрлеринин ченемдерин бузууларды (ашырууларын) фото жана видео фиксациялоо функциясы бар атайын техникалык каражаттар орнотулган жол участокторунда жолдун жүрүүчү бөлүгүндөгү чийиндердин талаптарын аткарбоо –
жеке жактарга 200 эсептик көрсөткүч өлчөмүндө айып пул салууга алып келет. Эскертүү. Жол транспорт кырсыгынын катышуучусу бул кырсык тууралуу кабарлоону милдеттүү камсыздандыруу жѳнүндѳ мыйзамдарга ылайык биргелешип түзүү укугун колдонгон шартта, жарандык-укуктук жоопкерчилиги камсыздандырылган адам ушул берене менен каралган, транспорт каражатынын бузулуусуна алып келген жолдо жүрүү эрежелерин бузгандыгы үчүн жоопкерчиликке тартылууга тийиш эмес.»;
13) 193-берене төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
«193-берене. Мас абалындагы айдоочунун транспорт каражатын башкаруусу, мас абалындагы же транспорт каражатын башкарууга укугу жок адамга транспорт каражатын башкарууга берүү
1. Алкоголдук, баңгизат каражаттарынын, психотроптук жана башка маң кылуучу заттардан мас абалда болушкан айдоочунун же транспорт каражатын башкарууга укугу жок адамдын автотранспорт каражатын башкаруусу –
жеке жактарга транспорт каражатын башкаруу укугунан эки жылдык мөөнөткө ажыратуу менен 800 эсептик көрсөткүч өлчөмүндө айып пул салууга алып келет.
2. Айдоочунун же транспорт каражатын башкарууга укугу жок, транспорт каражатын башкарган адамдын белгиленген тартипте мас абалын күбөлөндүрүүдөн өтүүдөн баш тартуусу – жеке жактарга транспорт каражатын башкаруу укугунан үч жылдык мөөнөткө ажыратуу менен 1000 эсептик көрсөткүч өлчөмүндө айып пул салууга алып келет.
3. Автомототранспорт каражатын эксплуатациялоо үчүн жооптуу адамдын алкоголдук, баңгизаттык же кандай болбосун башкача мас абалдагы же болбосо бул каражатты башкарууга укугу жок адамды автомототранспорт каражатын башкарууга жол берүүсү, буга тете автомототранспорт каражатынын айдоочусунун же болбосо ээсинин мас абалдагы адамга аны башкарууга берүүсү –
жеке жактарга 200 эсептик көрсөткүч, юридикалык жактарга 550 эсептик көрсөткүч өлчөмүндө айып пул салууга алып келет.
4. Ушул берененин 1-бөлүгүндө каралган, этиятсыздыктан материалдык зыян же болбосо адамдын ден соолугуна залал келтирүүгө алып келген жосун, эгерде укук бузуучунун аракеттеринде кылмыш жазага тартуучу жосундун белгилери жок болсо – жеке жактарга транспорт каражатын башкаруу укугунан үч жылдык мөөнөткө ажыратуу менен 1000 эсептик көрсөткүч өлчөмүндө айып салууга алып келет.»;
14) 449-берененин 2-бөлүгүнүн экинчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
«жеке жактарга транспорт каражатын башкаруу укугунан бир жылдык мөөнөткө ажыратуу менен 200 эсептик көрсөткүч өлчөмүндө айып пул салууга алып келет.»;
15) 454-берененин 1-бөлүгүнүн 1-пунктунда «189-берененин 2-бөлүгү,
192-берененин 4-бөлүгү, 193-берененин 1–21, 4−5-бөлүктөрү» деген сөздөр жана «449-берененин 2-бөлүгү» деген сөздөр алып салынсын;
16) 456-беренеде:
a) биринчи абзацта «182–188-беренелери, 189-беренесинин
1-бөлүгү, 190, 191-беренелери, 192-беренесинин 1–3-бөлүктөрү, 193-беренесинин 3 жана 6-бөлүктөрү, 194–201» жана «447, 448-беренелери, 449-берененин 1-бөлүгү, 450-беренеси» деген сөздөр тиешелүүлүгүнө жараша «182–201» жана «447–450-беренелери» деген цифраларга алмаштырылсын;
б) экинчи абзацта «189-беренесинин 2-бөлүгүндө, 192-беренесинин
4-бөлүгүндө, 193-беренесинин 1–21, 4–5-бөлүктөрүндө,» жана «, 449-беренесинин 2-бөлүгүндө» деген сөздөр алып салынсын;
17) 513-берененин 5-бөлүгү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
«5. Мындай каражаттарды ыйгарым укуктуу органдын атайын транспорттук жана башка каражаттарында колдонууну кошпогондо, автоматтык режимде иштеген, укук бузууларды белгилөө үчүн фото, кино тартуу жана видео жазуу функциялары бар атайын техникалык каражаттарды колдонууга тиешелүү жол белгилери милдеттүү түрдө орнотулган шартта жол берилет.»;
18) 518-беренеде:
а) 1-бөлүк төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
«1. Укук бузуу жөнүндө иш укук бузуу жасалган жерде ыйгарым укуктуу органдын кызмат адамы тарабынан каралат жана чечилет, эгерде:
1) ушул Кодекстин 519-беренесинде каралган жагдайлар жок болсо;
2) бул укук бузуу сот тарабынан каралууга тийиш болбосо;
3) жаза чарасы катары эскертүү колдонулса;
4) адам укук бузуу жасаган фактысын жана ага ушул жаза чарасын жана кошумча укуктук кесепеттердин колдонуларын талашып-тартышпаса.»;
б) төмөнкүдөй мазмундагы 4-бөлүк менен толукталсын:
«4. Жаза чарасын жана (же) кошумча укуктук кесепеттерди колдонуу жөнүндө ыйгарым укуктуу органдын чечими кагаз жүзүндө же электрондук формада түзүлүүчү укук бузуу жөнүндө протоколдо (токтомдо) баяндалат, анын көчүрмөсү укук бузуучуга жеринде тапшырылат же болбосо электрондук кызмат көрсөтүүлөрдүн мамлекеттик порталы, мобилдик тиркемелер, электрондук почта же мобилдик телефонго СМС-билдирүү аркылуу жөнөтүлөт.»;
19) 546-берененин 5-бөлүгүнүн биринчи сүйлөмү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын: «Атайын техникалык, анын ичинде фото жана кино тартуу, видео фиксациялоо функциялары бар каражаттардын жардамы менен табылган бир эле ошол укук бузуу үчүн укук бузуу жөнүндө токтомду кайталап түзүүгө тыюу салынат.»;
20) 552-берененин 1-бөлүгү төмөнкүдөй мазмундагы 3 жана 4-пункттар менен толукталсын:
«3) токтомду өзгөртүү жөнүндө;
4) укук бузуу жөнүндө иш боюнча токтомду жокко чыгаруу жана жаңы аныктама чыгаруу тууралуу.»;
21) 563-берененин 5-бөлүгүндө «189-беренесинин 1-бөлүгүн, 193-беренесинин 3 жана 6-бөлүктөрүн» жана «449-беренесинин 1-бөлүгүн» деген сөздөр тиешелүүлүгүнѳ жараша «189, 193-беренелерин» жана «449-беренесин» деген сөздөргө алмаштырылсын;
22) 564-1 жана 564-2 беренелер күчүн жоготту деп таанылсын.
Берененин тексти 05.06.2026 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
2-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду сайтыңыздагы барактын HTML кодуна коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/230047510/st-2" title="2-берене - Жол кыймылынын коопсуздугун камсыз кылуу маселелери боюнча Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>