145-берене. Жеке сот аткаруучунун ишине төлөмдөрдүн суммасын карызкордон өндүрүү тартиби
Күчүндө · 03.06.2026 редакциясы · 21-глава
1. Жеке сот аткаруучу ал тарабынан жасалган аткаруу аракеттерине төлөөгө суммаларды, аткаруу өндүрүшү аяктагандан кийин төлөнүүгө тийиш болгон суммаларды, ошондой эле өндүрүп алуучу тарабынан төлөнгөн жана кайтарылууга тийиш болгон суммаларды бекитүү жөнүндө токтом чыгарат жана аны карызкорго жана өндүрүп алуучуга жөнөтөт. Аталган токтом он күндүк мөөнөттө сотко даттанылышы мүмкүн.
2. Аткаруу документин мажбурлап аткартууга бергенден кийин аны ыктыярдуу түрдө аткаруу карызкорду жеке сот аткаруучунун ишин аткаруу боюнча иш жүзүндө тартылган чыгымдарды жана төлөмдөрдү төлөөдөн бошотпойт.
3. Карызкордун аткаруу документин жеке сот аткаруучусуз аткаруусу аны аткаруу боюнча иш жүзүндө тартылган чыгымдарды жана жеке сот аткаруучунун ишине төлөмдөрдү төлөөдөн бошотпойт.
Эгерде карызкор токтомдо көрсөтүлгөн, жүргүзүлгөн эсепке ылайык суммаларды ыктыярдуу түрдө төлөбөсө, жеке сот аткаруучу карызды карызкордон сот тартибинде өндүрүп алат.
4. Карызкорлордон өндүрүлгөн суммаларды, ошондой эле кызыкдар адамдар үчүн багытталган башка суммаларды убактылуу сактоо үчүн жеке сот аткаруучу банктык эсеп ачат.
Берененин тексти 03.06.2026 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
145-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду сайтыңыздагы барактын HTML кодуна коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/230046882/st-145" title="145-берене - Аткаруу өндүрүшү чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>