146-берене. Жеке сот аткаруучунун кеңсеси, кызматтык жайы
Күчүндө · 03.06.2026 редакциясы · 21-глава
1. Жеке сот аткаруучунун кеңсеси жеке сот аткаруучунун ишин камсыз кылуу максатында түзүлгөн мекеменин уюштуруу-укуктук формасындагы коммерциялык эмес уюм болуп саналат.
2. Жеке сот аткаруучунун кеңсеси жеке сот аткаруучунун күбөлүгүн алгандан кийин жеке сот аткаруучу тарабынан түзүлөт. Жеке сот аткаруучу бир гана кеңсенин уюштуруучусу (тең уюштуруучусу) боло алат.
3. Бир жеке сот аткаруучу тарабынан түзүлгөн жеке сот аткаруучунун кеңсеси өз ишин уставдын негизинде жүзөгө ашырат.
Жеке сот аткаруучунун кеңсеси бир нече жеке сот аткаруучулар тарабынан түзүлгөндө уюштуруу документи катары уюштуруу келишими да болушу мүмкүн. Жеке сот аткаруучунун кеңсесин уюштуруучу (уюштуруучулар) аны мамлекеттик каттоодон өткөргөндөн кийин он календардык күндүн ичинде бул тууралуу ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга жазуу жүзүндө билдирүүгө жана анын карамагына жеке сот аткаруучунун кеңсесинин уюштуруу документтеринин көчүрмөлөрүн берүүгө милдеттүү.
4. Жеке сот аткаруучунун кеңсесинин аталышында "жеке сот аткаруучумун кеңсеси" же "жеке сот аткаруучулардын кеңсеси" деген сөздөр камтылууга тийиш.
5. Жеке сот аткаруучунун кеңсесин түзүүгө мамлекеттик органдардын агайым уруксаты талап кылынбайт.
Берененин тексти 03.06.2026 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
146-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду сайтыңыздагы барактын HTML кодуна коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/230046882/st-146" title="146-берене - Аткаруу өндүрүшү чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>