144-берене. Жеке сот аткаруучунун ишин каржылоо жана кызмат көрсөтүүлөрүнө акы төлөө
Күчүндө · 03.06.2026 редакциясы · 21-глава
1. Жеке сот аткаруучу, ушул Мыйзамдын 49-беренесинде каралган учурларды кошпогондо, өндүрүп алуучу менен мажбурлап аткартуу боюнча кызмат көрсөтүүгө келишим түзөт.
2. Келишимге жеке сот аткаруучу жана өндүрүп алуучу кол койгон учурдан тартып аткаруу документи аткарууга кабыл алынды деп эсептелет.
3. Аткаруу документтерин мажбурлап аткартуу боюнча кызмат көрсөтүү жөнүндө келишим жарандык мыйзамдарга ылайык түзүлөт.
Кызмат көрсөтүү жөнүндө типтүү келишим ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан бекитилет.
4. Аткаруу иш-аракеттери жеке сот аткаруучу тарабынан акы төлөнүүчү негизде жүргүзүлөт. Жеке сот аткаруучу тарабынан жасалган аткаруу иш-аракеттерине төлөө ушул Мыйзамда белгиленген төлөмдүн өлчөмдөргө ылайык жүргүзүлөт.
5. Жеке сот аткаруучу өз ишин өз алдынча каржылайт.
6. Жеке сот аткаруучулардын аткаруу документтерин аткаруу боюнча иши ишкердик иш болуп саналбайт.
7. Жеке сот аткаруучунун кызмат көрсөтүүлөрүнө төлөө карызкордон өндүрүп алынган каражаттардын эсебинен аткаруу өндүрүшүнүн чегинде жүргүзүлөт. Төлөмдүн өлчөмү өндүрүлүп алынган сумманын же мүлктүн наркынын пайыздык туюндурулушу менен белгиленет. Мүлктүк эмес мүнөздөгү аткаруу документтери боюнча төлөмдүн өлчөмү эсептик көрсөткүчтөр менен белгиленет.
8. Жеке сот аткаруучунун кызмат көрсөтүүлөрүнө төлөө аткаруу документи толугу менен же жарым-жартылай аткарылган учурда гана жүргүзүлөт. Эгерде мүлктүк мүнөздөгү аткаруу документи жарым-жартылай аткарылса, анда жеке сот аткаруучуга анын кызмат көрсөтүүлөрүнө төлөөнүн өндүрүлүп алынган суммасына же мүлктүн наркына пропорционалдуу бөлүгү гана төлөнөт.
9. Жеке сот аткаруучунун кызмат көрсөтүүлөрүнө төлөө карызкор тарабынан аткаруу документин ыктыярдуу түрдө аткаруу жөнүндө сунуш тапшырылганга чейин, башкача айтканда, аткаруу документин кабыл алган учурдан тартып толук өлчөмдө же жарым-жартылай аткарылган учурда өндүрүлөт.
10. Доону камсыз кылуу жөнүндө аткаруу документи боюнча жеке сот аткаруучунун кызмат көрсөтүүлөрүнө төлөө камсыз кылуу чараларын көрүү жөнүндө өтүнүч билдирген тараптан өндүрүлөт.
11. Жеке сот аткаруучуга өзүнүн кызмат көрсөтүүлөрүнө төлөөнүн белгиленген суммаларынын өлчөмдөрүн өзгөртүүгө тыюу салынат.
12. Аткаруу документин кабыл алгандан кийин өндүрүп алуучу аткаруу аракеттерин жасоо боюнча чыгымдарды жабуу үчүн зарыл болгон сумманы жеке сот аткаруучунун көрсөтмөсү боюнча анын эсебине салууга милдеттүү.
13. Эгерде аткаруу документи толук же жарым-жартылай аткарылгандан кийин карызкор тарабынан аткаруу боюнча чыгымдардын орду толтурулбаса, жеке сот аткаруучу карызкордон тиешелүү суммаларды өндүрүп алуу жөнүндө токтом чыгарат.
14. Аткаруу документи кабыл алынгандан кийин аткаруу документин карызкор түздөн-түз өндүрүп алуучуга аткаруусу карызкорду жеке сот аткаруучунун кызмат көрсөтүүлөрү үчүн төлөмдөрдү төлөөдөн жана аткаруу боюнча чыгымдардын ордун толтуруудан бошотпойт.
15. Кармалган жана төлөнгөн суммалардын өлчөмүнө макул болбогон учурда, кызыкдар тарап ашыкча кармалган жана төлөнгөн сумманы кайтарып берүү жөнүндө жеке сот аткаруучуга жазуу жүзүндө кайрылат.
16. Жеке сот аткаруучу ашыкча кармалган жана төлөнгөн сумманы арыз келип түшкөн күндөп тартып он жумуш күндүн ичинде кайтарып берүүгө же болбосо аларды кайтарып берүүдөн баш тартууга милдеттүү.
17. Жеке сот аткаруучунун сумманы которуудан баш тартуусу менен туюнтулган аракетин (аракетсиздигин) кызыкдар тарап сотко даттанууга укуктуу.
18. Эгерде сот жеке сот аткаруучунун кызмат көрсөтүүлөрүнө акы төлөөнүн өлчөмүн өндүрүүдөгү же аныктоодогу аракеттерин мыйзамсыз деп тааныса, жеке сот аткаруучу сот актысы мыйзамдуу күчүнө кирген күндөн тартып он жумуш күндүн ичинде негизсиз алынган суммаларды алардан өндүрүлүп алынган же аларды төлөгөн адамга кайтарып берүүгө милдеттүү.
19. Жеке сот аткаруучунун кызмат көрсөтүүлөрүнө төлөмдүн өлчөмү өндүрүп алуучу менен жеке сот аткаруучунун ортосундагы келишим боюнча өндүрүп алуу суммасына жараша белгиленет жана аткаруу документи толук же жарым-жартылай аткарылган учурда аткаруу өндүрүшү аяктагандан кийин төлөнүүчү, иш жүзүндө өндүрүлгөн карыздын суммасынан пайыз менен туюндурулат.
20. Жеке сот аткаруучунун ишине төлөмдүн аткаруу өндүрүшүнүн алкагында төлөнүүчү сумма иштин категориясына жараша төмөнкүдөй өлчөмдө белгиленет:
1) мүлктүк (акчалай) мүнөздөгү аткаруу документтери үчүн өндүрүп алуу суммасына жараша:
1500 эсептик көрсөткүчкө чейин - өндүрүлгөн сумманын 25 пайызы өлчөмүндө; 1500 эсептик көрсөткүчтөн 6000 эсептик көрсөткүчкө чейин - өндүрүлгөн сумманын 15 пайызы өлчөмүндө; 6000 эсептик көрсөткүчтөн 30000 эсептик көрсөткүчкө чейин - өндүрүлгөн сумманын 10 пайызы өлчөмүндө; 30000 эсептик көрсөткүчтөн 60000 эсептик көрсөткүчкө чейин - өндүрүлгөн сумманын 8 пайызы өлчөмүндө; 60000 эсептик көрсөткүчтөн 120000 эсептик көрсөткүчкө чейин - өндүрүлгөн сумманын 5 пайызы өлчөмүндө; 120000 эсептик көрсөткүчтөн жогору - өндүрүлгөн сумманын 3 пайызы өлчөмүндө;
2) мүлктүк эмес (акчалай эмес) мүнөздөгү аткаруу документтери үчүн жеке жактардан 500 эсептик көрсөткүч, юридикалык жактардан 1000 эсептик көрсөткүч өлчөмүндө.
21. Жеке сот аткаруучунун ишине төлөө ушул главада белгиленген өлчөмдө өндүрүп алуучу тарабынан төмөнкүдөй учурларда төлөнөт:
1) анын негизинде аткаруу баракчасы берилген соттук акт жокко чыгарылганда;
2) өндүрүп алуучу сот аткаруучу тарабынан өндүрүшкө кабыл алынган жана толук же жарым-жартылай аткарылган аткаруу документи боюнча өндүрүп алуудан баш тартканда;
3) өндүрүп алуучу карызкордун ага берилип жаткан мүлкүн алуудан баш тартканда.
Берененин тексти 03.06.2026 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
144-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду сайтыңыздагы барактын HTML кодуна коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/230046882/st-144" title="144-берене - Аткаруу өндүрүшү чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>