138-берене. Квалификациялык комиссия
Күчүндө · 03.06.2026 редакциясы · 21-глава
1. Жеке сот аткаруучунун ишин жүзөгө ашырууга талапкер адамдардын кесиптик даярдыгынын деңгээлин аныктоо үчүн ыйгарым укуктуу мамлекеттик органда курамы 5 мүчөдөн турган квалификациялык комиссия түзүлөт.
2. Квалификациялык комиссиянын ыйгарым укуктарына төмөнкүлөр кирет:
1) экзамен тапшырууга уруксат берүү жөнүндө чечим кабыл алуу;
2) квалификациялык экзамен өткөрүү;
3) жеке сот аткаруучунун күбөлүгүн берүү же болбосо берүүдөн баш тартуу жөнүндө чечим кабыл алуу.
3. Квалификациялык комиссиянын курамына Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасынын эки өкүлү жана ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын үч өкүлү киргизилет.
Квалификациялык комиссия жөнүндө жобону жана анын курамын ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган бекитет.
4. Экзаменди өткөрүү жана жеке сот аткаруучунун күбөлүгүн берүү тартиби жөнүндө жобо Кыргыз Республикасынын Башкы прокурору тарабынан бекитилет.
Берененин тексти 03.06.2026 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
138-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду сайтыңыздагы барактын HTML кодуна коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/230046882/st-138" title="138-берене - Аткаруу өндүрүшү чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>