137-берене. Аткаруу документтерин аткаруу боюнча иштин кепилдиктери
Күчүндө · 03.06.2026 редакциясы · 21-глава
1. Жеке сот аткаруучу өз ишинде калыс жана көз карандысыз болот жана Кыргыз Республикасынын Конституциясын, Кыргыз Республикасындагы аткаруу өндүрүшүн жөнгө салуучу башка ченемдик укуктук актыларды, ошондой эле Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык күчүнө кирген эл аралык келишимдерди жетекчиликке алат.
2. Жеке сот аткаруучуга кызматтык милдеттерин аткарууда, ошондой эле анын кеңсесинде иштеген жактарга, мыйзамда каралган учурларды кошпогондо, аткаруу иш-аракеттерин жасоого байланыштуу аларга белгилүү болгон маалыматтарды, анын ичинде ыйгарым укуктарын токтоткондон же жумуштан бошотулгандан кийин да жарыялоого, документтерди ачыкка чыгарууга тыюу салынат.
Аткарылган аткаруу иш-аракеттери жөнүндө маалыматтар (документтер) бул аракеттер алардын атынан, алардын тапшырмасы боюнча же аларга карата жасалган адамдарга гана берилиши мүмкүн. Аткарылган аткаруу иш-аракеттери жөнүндө маалымкаттар соттун, прокурордун, тергөө органдарынын талабы боюнча алардын өндүрүшүндө турган кылмыш же жарандык иштерге байланыштуу берилет.
Берененин тексти 03.06.2026 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
137-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Берененин байланыштары
Беренеде аталган актылар (1)
- Кыргыз Республикасынын КонституциясыКонституция · 05.05.2021
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/230046882/st-137" title="137-берене - Аткаруу өндүрүшү чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>