139-берене. Тартип комиссиясы
Күчүндө · 03.06.2026 редакциясы · 21-глава
1. Тартип комиссиясы ыйгарым укуктуу органда түзүлүүчү жеке сот аткаруучулардын тартиптик органы болуп саналат. Тартип комиссиясы жеке сот аткаруучулардын кесиптик жүрүм-турум эрежелерин жана аткаруу өндүрүшү жөнүндө мыйзамдарды бузууга байланышкан аракеттерине (аракетсиздигине) даттанууларды карайт, ошондой эле аларды тартиптик жоопкерчиликке тартуу маселелерин чечет.
2. Тартиптик өндүрүштү кароонун жыйынтыгы боюнча тартип комиссиясы жеке сот аткаруучуга төмөнкү таасир этүү чараларын колдонуу жөнүндө сунушту ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга киргизүүгө укуктуу:
1) эскертүү;
2) жеке сот аткаруучунун күбөлүгүнүн колдонулуусун токтото туруу;
3) жеке сот аткаруучунун күбөлүгүнүн колдонулуусун токтотуу (жеке сот аткаруучунун ишин жүзөгө ашыруу укугунан ажыратуу).
3. Тартип комиссиясынын курамы жана иш тартиби ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан бекитилүүчү жобо менен аныкталат.
4. Ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын жеке сот аткаруучуга жаза чарасын колдонуу жөнүндө чечими Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасына же сотко даттанылышы мүмкүн.
Берененин тексти 03.06.2026 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
139-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду сайтыңыздагы барактын HTML кодуна коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/230046882/st-139" title="139-берене - Аткаруу өндүрүшү чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>