Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин «Мамлекеттик сатып алуулар чөйрөсүндөгү административдик даттанууларды жана кайрылууларды кароо боюнча көз карандысыз комиссиянын ишине акы төлөөнүн тартиби жана шарттары жөнүндө» токтому
Күчүнө кире элек
Документ реестрде «Не вступил в силу» деп белгиленген: ал али күчүнө кире элек. Колдонуудан мурун күчүнө кирген күнүн текшериңиз. Учурдагы редакциянын датасы: 2026-04-13.
Бул документ боюнча сурооңуз барбы?Чат-боттун жообун документ менен салыштырыңыз
ЖИ мыйзамдын тексти боюнча жооп беретЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берет · акысыз
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ
2026-жылдын 13-апрели № 243
Мамлекеттик сатып алуулар чөйрөсүндөгү административдик даттанууларды жана кайрылууларды кароо боюнча көз карандысыз комиссиянын ишине акы төлөөнүн тартиби жана шарттары жөнүндө
«Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 45-беренесине, «Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Мамлекеттик сатып алуулар чөйрөсүндөгү административдик даттанууларды жана кайрылууларды кароо боюнча көз карандысыз комиссиянын ишине акы төлөөнүн тартиби жана шарттары жөнүндө жобо тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги белгиленген тартипте:
1) ушул токтомдон келип чыгуучу чараларды көрсүн;
2) «Кыргыз Республикасынын 2027-жылга жана 2028–2029-жылдардын пландык мезгилине республикалык бюджети жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун иштеп чыгууда ушул токтомдон келип чыгуучу каражаттарды карасын.
3. Бул токтом расмий жарыяланууга тийиш жана 2027-жылдын 1-январынан тартып күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы
А.А. Касымалиев
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 2 · цитата келтиргендер: 1 · байланышкандар: 0
Цитата келтиргендер (1)
- Мамлекеттик сатып алуулар чөйрөсүндөгү административдик даттанууларды жана кайрылууларды кароо боюнча көз карандысыз комиссиянын ишине акы төлөөнүн тартиби жана шарттары жөнүндө…Положение · 13.04.2026 · № 243 · Күчүнө кире элек
Шилтеме берет (2)
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндөКонституционный закон · 11.10.2021 · № 122
- Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндөЗакон · 14.04.2022 · № 27