Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
Мамлекеттик сатып алуулар чөйрөсүндөгү административдик даттанууларды жана кайрылууларды кароо боюнча көз карандысыз комиссиянын ишине акы төлөөнүн тартиби жана шарттары жөнүндө жобо (Кыргыз РеспубликасынынМинистрлер Кабинетинин 243 токтомуна)
Күчүнө кире элек
Документ реестрде «Не вступил в силу» деп белгиленген: ал али күчүнө кире элек. Колдонуудан мурун күчүнө кирген күнүн текшериңиз. Учурдагы редакциянын датасы: 2026-04-13.
Тиркеме
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 13-апрелиндеги № 243 токтомуна)
Мамлекеттик сатып алуулар чөйрөсүндөгү административдик даттанууларды жана кайрылууларды кароо боюнча көз карандысыз комиссиянын ишине акы төлөөнүн тартиби жана шарттары жөнүндө жобо
1-глава. Жалпы жоболор
1. Бул Жобо «Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 45-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан түзүлүүчү Административдик даттанууларды жана кайрылууларды кароо боюнча көз карандысыз комиссиянын (мындан ары – Көз карандысыз комиссия) мүчөлөрүнүн ишине акы төлөөнүн тартибин, шарттарын жана механизмдерин аныктайт.
2. Көз карандысыз комиссиянын мүчөлөрүнүн ишине акы төлөө ушул Жободо белгиленген тартипте мамлекеттик сатып алуулар системасын жөнгө салууну камсыз кылуучу мамлекеттик орган (мындан ары – ыйгарым укуктуу орган) тарабынан республикалык бюджеттин каражаттарынын жана ыйгарым укуктуу органдын атайын эсебинин каражаттарынын эсебинен жүзөгө ашырылат.
2-глава. Акы төлөөнүн критерийлери жана шарттары
3. Көз карандысыз комиссиянын мүчөлөрүнүн ишине акы төлөө белгиленген тарифтерге ылайык ар бир каралган административдик даттануу же кайрылуу үчүн жүргүзүлөт.
Эгерде административдик даттануу же кайрылуу кайрадан берилсе жана ал боюнча ошол эле тарапка, ошол эле предметке, ошол эле сатып алууга карата жана ошол эле негизде Көз карандысыз комиссиянын чечими бар болсо, анда төлөм жүргүзүлбөйт.
4. Төлөмдү эсептөөгө негиз болуп мамлекеттик сатып алуулар веб-порталынын электрондук реестриндеги маалыматтар менен тастыкталган белгиленген мөөнөттөрдө административдик даттанууну же кайрылууну кароо жана ал боюнча чечим чыгаруу фактысы саналат.
5. Арыз ээси тарабынан мыйзамдын талаптары бузулгандыгына байланышкан негиздер (анын ичинде формасын, берүү тартибин же мөөнөттөрүн сактабоо) боюнча административдик даттануу же кайрылуу четке кагылган учурда Көз карандысыз комиссиянын мүчөлөрүнө акы белгиленген тарифтен 50 % өлчөмүндө төлөнөт.
6. Көз карандысыз комиссиянын мүчөсү административдик даттанууну же кайрылууну кароонун белгиленген мөөнөттөрүн өзүнүн айыбы боюнча бузган учурда тиешелүү административдик даттанууну же кайрылууну кароо үчүн акы белгиленген тарифтен 50 % өлчөмүндө төлөнөт.
3-глава. Тарифтер жана акы төлөө тартиби
7. Көз карандысыз комиссиянын бир мүчөсү тарабынан бир административдик даттанууну же кайрылууну кароо үчүн берилүүчү сый акынын өлчөмү Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитетинин расмий маалыматтарына ылайык Кыргыз Республикасындагы орточо айлык эмгек акынын чегинде төмөнкү формула боюнча белгиленет:
КРдеги ОАЭА / ИК = ОКЭА → ОКЭА / 8 = ОСЭА → ОСЭА × У = С. мында: КРдеги ОАЭА – Кыргыз Республикасындагы орточо айлык эмгек акы; ИК – ай ичиндеги иш күндөрү; ОКЭА – орточо күндүк эмгек акы; 8 – бир күндөгү иш убактысынын узактыгы (саат менен); ОСЭА – орточо сааттык эмгек акы; У – бир административдик даттанууну же кайрылууну кароого кеткен убакыт (саат менен); С – комиссиянын бир мүчөсү тарабынан бир административдик даттанууну же кайрылууну кароо үчүн сый акынын өлчөмү.
8. Ыйгарым укуктуу орган Көз карандысыз комиссиянын мүчөлөрүнө бир айлык орточо эмгек акыдан ашпаган өлчөмдө сый акыларды жана дем берүүчү төлөмдөрдү төлөөгө укуктуу.
9. Сый акы жана дем берүүчү төлөмдөр ыйгарым укуктуу органдын буйругу менен белгиленет жана бекитилет.
10. Көз карандысыз комиссиянын мүчөлөрүнө төлөмдөр административдик даттанууларды жана кайрылууларды кароо фактын тастыктаган мамлекеттик сатып алуулардын веб-порталынан ай сайын алынган отчеттун негизинде ыйгарым укуктуу орган тарабынан жүргүзүлөт.
11. Акы төлөө ай сайын отчеттук мезгилден кийинки айдын 10унан кечиктирбестен акча каражаттарын Көз карандысыз комиссиянын мүчөлөрүнүн банктык эсептерине которуу жолу менен жүргүзүлөт.
12. Отчеттук мезгилде административдик даттануулар жана кайрылуулар болбогон учурда төлөмдөр жүргүзүлбөйт.
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 2 · цитата келтиргендер: 0 · байланышкандар: 0
Шилтеме берет (2)
- Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндөЗакон · 14.04.2022 · № 27
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 13-апрели № 243 "Мамлекеттик сатып алуулар чөйрөсүндөгү административдик даттанууларды жана кайрылууларды кароо боюнча…Постановление · 13.04.2026 · № 243 · Күчүнө кире элек