Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин тескемесине өзгөртүү киргизүү тууралуу) тескемеси
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТЕСКЕМЕСИ
2026-жылдын 29-июну № 487-т
Кыргыз Республикасынын Президентинин 2024-жылдын 17-июлундагы № 191 "Кыргыз Республикасынын "Менин үйүм" мамлекеттик турак жай программасын бекитүү жөнүндө" Жарлыгы менен бекитилген Кыргыз Республикасынын "Менин үйүм" мамлекеттик турак жай программасын натыйжалуу ишке ашыруу максатында, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык:
1. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 10-октябрындагы № 606-т тескемесине төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) 3-пункт күчүн жоготту деп таанылсын;
2) төмөнкүдөй мазмундагы 3-1-пункт менен толукталсын:
"3-1. "МИК" ААКка Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча мамлекеттик агенттик менен биргеликте курулушу аяктагандан кийин 10% турак жайды өзү жасалгалап бүтүрүү жана жалпы аянты 1200 кв.м, оңдоосу жана эмереги менен медициналык багыттагы жайды медициналык жабдууларсыз "МИК" ААКтын менчигине өткөрүп берүү шартында ушул тескеменин 1-пунктунда көрсөтүлгөн жер тилкесинде турак жана башка жайларды куруу жөнүндө "Экиз Иншаат ве Тижарет" ("Ekiz Insaat ve Ticaret") жоопкерчилиги чектелген коому менен макулдашуу түзүү сунушталсын.".
2. "Мамлекеттик ипотекалык компания" ачык акционердик коомуна ушул тескемеден келип чыгуучу башка чараларды көрүү сунушталсын.
| Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы | | А.А. Касымалиев |
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 3 · цитата келтиргендер: 1 · байланышкандар: 0
Цитата келтиргендер (1)
Шилтеме берет (3)
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндөКонституционный закон · 11.10.2021 · № 122
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 10-октябрындагы № 606-т (Мамлекеттин менчигинде турган жер участокту "Мамлекеттик ипотекалык компания" ачык акционердик…Распоряжение · 10.10.2023 · № 606-р
- Кыргыз Республикасынын Президентинин 2024-жылдын 17-июлундагы ПЖ № 191 "Кыргыз Республикасынын "Менин үйүм" мамлекеттик турак жай программасын бекитүү жөнүндө" ЖарлыгыУказ · 17.07.2024 · № 191