Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин «Маалымат алуу чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» токтому
Бул документ боюнча сурооңуз барбы?Чат-боттун жообун документ менен салыштырыңыз
ЖИ мыйзамдын тексти боюнча жооп беретЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берет · акысыз
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ
2026-жылдын 9-февралы № 70
Маалымат алуу чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө
(КР Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 4-мартындагы № 145 токтомунун редакциясына ылайык)
Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларын актуалдаштыруу максатында, “Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. (КР Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 4-мартындагы № 145 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын
16-июлундагы № 328 “Гидрометеорология чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын гидрометеорология жана жаратылыш айлана-чөйрөсүнүн булганышынын мониторинги боюнча маалымат берүү тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу” токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин: жогоруда аталган токтом менен бекитилген Гидрометеорология чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын гидрометеорология жана жаратылыш айлана-чөйрөсүнүн булганышынын мониторинги боюнча маалымат берүү тартиби жөнүндө жободо:
– 3-пункттун үчүнчү абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
“Адистештирилген метеорологиялык, агрометеорологиялык, гидрологиялык маалымат Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 12-июнундагы № 304 “Мамлекеттик органдардын жана алардын ведомстволук мекемелеринин мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрүнүн бирдиктүү реестрин бекитүү жөнүндө” токтомуна ылайык акы төлөө негизинде берилет.”;
– 7-пункттун үчүнчү абзацындагы “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарынын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын карамагында турган маалыматтарга жетүү жөнүндө” деген сөздөр “Маалымат алуу укугу жөнүндө” деген сөздөргө алмаштырылсын.
3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2019-жылдын
7-августундагы № 404 “Кыргыз Республикасынын товардык рынокторунда үстөмдүк абалды ээлеген чарба жүргүзүүчү субъекттердин мамлекеттик реестрине киргизилген чарба жүргүзүүчү субъекттерге экономикалык-статистикалык байкоо жүргүзүүнүн тартибин бекитүү жөнүндө” токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин: жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын товардык рынокторунда үстөмдүк абалды ээлеген чарба жүргүзүүчү субъекттердин мамлекеттик реестрине киргизилген чарба жүргүзүүчү субъекттерге экономикалык-статистикалык байкоо жүргүзүүнүн тартибинде:
– 2-пункттун онунчу абзацындагы “мамлекеттик каттоо кызматынын органдарынан жана” деген сөздөр алып салынсын;
– 4-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
“4. Реестрге киргизилген чарба жүргүзүүчү субъекттердин ишин экономикалык-статистикалык байкоо жүргүзүү үчүн баштапкы маалымат катары монополияга каршы орган тарабынан чарба жүргүзүүчү субъекттер боюнча жалпыланган маалыматтар жана маалыматтар маалымат берүү тартиби жөнүндө жана маалымат алуу укугу жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын талаптарын эске алуу менен колдонулат.”;
– 11-пункттагы “Кыргыз Республикасынын Бузуулар жөнүндө кодексине” деген сөздөр “Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндө кодексине” деген сөздөргө алмаштырылсын;
– 13-пункттагы “Кыргыз Республикасынын Жоруктар жөнүндө кодексине” деген сөздөр “Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндө кодексине” деген сөздөргө алмаштырылсын;
– 14-пункттун тогузунчу абзацындагы “41 жана 42-беренелерине” деген сөздөр “41 жана 42-беренелерине” деген сөздөргө алмаштырылсын;
– 15-пункттун экинчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
“– “Атаандаштык жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын ченемдерин бузуунун белгилери табылган учурда
– Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын
4-ноябрындагы № 619 “Кыргыз Республикасынын монополияга каршы мыйзамдарын бузуу тууралуу иштерди кароо эрежелерин бекитүү жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн жана Министрлер Кабинетинин монополияга каршы жөнгө салуу маселелери боюнча айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын монополияга каршы мыйзамдарын бузуу тууралуу иштерди кароо эрежелерине ылайык монополияга каршы мыйзамдарды бузуу жөнүндө иштерди кароо жөнүндө;”;
– 16-пункттагы “Кыргыз Республикасынын бузуулар жөнүндө мыйзамдарында” деген сөздөр “Кыргыз Республикасынын укук бузуулар жөнүндө мыйзамдарында” деген сөздөргө алмаштырылсын.
4. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып жети күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы
А.А. Касымалиев
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 7 · цитата келтиргендер: 5 · байланышкандар: 0
Цитата келтиргендер (5)
- Кыргыз Республикасынын товардык рынокторунда үстөмдүк абалды ээлеген чарба жүргүзүүчү субъекттердин мамлекеттик реестрине киргизилген чарба жүргүзүүчү субъекттерге…Порядок · 07.08.2019 · № 404
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 16-июлундагы № 328 токтому менен бекитилген "Гидрометеорология чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын гидрометеорология…Положение · 16.07.2018 · № 328
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 4-марты № 145 "Улуттук санарип экотутум жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" токтомуПостановление · 04.03.2026 · № 145
- КР Өкмөтүнүн 2018-жылдын 11-апрелиндеги № 200 "Түндүк" электрондук ведомстволор аралык өз ара аракеттенүү системасындагы маалыматтык системалардын өз ара аракеттенүүсүнө карата…Постановление · 11.04.2018 · № 200 · Күчүн жоготкон
- Министрлер Кабинетинин 04.03.2026-жылдагы №145 токтомуПостановление · 04.03.2026 · № 145
Шилтеме берет (7)
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 4-ноябрындагы № 619 "Кыргыз Республикасынын монополияга каршы мыйзамдарын бузуу тууралуу иштерди кароо эрежелерин…Постановление · 04.11.2022 · № 619
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндөКонституционный закон · 11.10.2021 · № 122
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 12-июнундагы № 304 "Мамлекеттик органдардын жана алардын ведомстволук мекемелеринин мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрүнүн…Постановление · 12.06.2024 · № 304
- КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 7-августундагы № 404 "Кыргыз Республикасынын товардык рынокторунда үстөмдүк абалды ээлеген чарба жүргүзүүчү субъекттердин мамлекеттик реестрине…Постановление · 07.08.2019 · № 404
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 4-марты № 145 "Улуттук санарип экотутум жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" токтомуПостановление · 04.03.2026 · № 145
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 16-июлундагы № 328 "Гидрометеорология чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын гидрометеорология жана жаратылыш…Постановление · 16.07.2018 · № 328
- Атаандаштык жөнүндөЗакон · 22.07.2011 · № 116 · Күчүн жоготкон