Министрлер Кабинетинин 04.03.2026-жылдагы №145 токтому
Статусу аныкталган эмес
Бул документтин реестрде так статусу жок. Цитата келтирүүдөн мурун булакты текшериңиз.
Бул документ боюнча сурооңуз барбы?Чат-боттун жообун документ менен салыштырыңыз
ЖИ мыйзамдын тексти боюнча жооп беретЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берет · акысыз
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.Биринчи жооп дароо келет - акысыз жана каттоосуз.
Улуттук санарип экотутум жөнүндө жобону бекитүү тууралуу
Кыргыз Республикасынын Санарип кодексин ишке ашыруу максатында, «Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Улуттук санарип экотутум жөнүндө жобо тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш башкармасына караштуу «Кызмат» мамлекеттик мекемеси катышуучулардын санарип ресурстарын «Түндүк» санариптик өз ара аракеттенүү системасына кошуу үчүн коопсуздук серверлеринин аутентификациялык сертификаттарын, санарип кол тамганы текшерүү ачкычтарынын сертификаттарын берүүчү, күбөлөндүрүүчү борбор болуп аныкталсын.
3. Төмөнкүлөр күчүн жоготту деп таанылсын:
1) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын
11-апрелиндеги № 200 «Түндүк» электрондук ведомстволор аралык өз ара аракеттенүү системасындагы маалыматтык системалардын өз ара аракеттенүүсүнө карата талаптарды бекитүү жөнүндө» токтому;
2) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2019-жылдын
17-июнундагы № 296 «Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 11-апрелиндеги № 200 «Түндүк» электрондук ведомстволор аралык өз ара аракеттенүү системасындагы маалыматтык системалардын өз ара аракеттенүүсүнө карата талаптарды бекитүү жөнүндө» токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» токтому;
3) Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 9-февралындагы № 70 «Маалымат алуу чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» токтомунун 1-пункту.
4. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып жети күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Жобо.pdf
Тиркеме 1 .pdf
Тиркеме 2.pdf
Тиркеме 3.pdf
Кыргыз Республикасынын
Министрлер Кабинетинин
Төрагасы А.А. Касымалиев
Тиркемелер
Басып чыгаруу
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.Биринчи жооп дароо келет - акысыз жана каттоосуз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 5 · цитата келтиргендер: 0 · байланышкандар: 0
Шилтеме берет (5)
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндөКонституционный закон · 11.10.2021 · № 122
- Кыргыз РеспубликасынынКодекс · 31.07.2025 · № 178
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 9-февралы № 70 "Маалымат алуу чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү…Постановление · 09.02.2026 · № 70
- КР Өкмөтүнүн 2018-жылдын 11-апрелиндеги № 200 "Түндүк" электрондук ведомстволор аралык өз ара аракеттенүү системасындагы маалыматтык системалардын өз ара аракеттенүүсүнө карата…Постановление · 11.04.2018 · № 200 · Күчүн жоготкон
- КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 17-июнундагы № 296 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 11-апрелиндеги № 200 "Түндүк" электрондук ведомстволор аралык өз ара аракеттенүү…Постановление · 17.06.2019 · № 296 · Күчүн жоготкон