Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Жарандык авиация мамлекеттик агенттигинин «Кыргыз Республикасынын жарандык авиациясынын окуу жайларына тапшырышкан жана окуп жаткан жарандарды жана авиациялык персоналды медициналык күбөлөндүрүүдөн өткөрүү боюнча Колдонмону бекитүү жөнүндө» буйругу
Бул документ боюнча сурооңуз барбы?Чат-боттун жообун документ менен салыштырыңыз
ЖИ мыйзамдын тексти боюнча жооп беретЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берет · акысыз
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНЕ КАРАШТУУ ЖАРАНДЫК АВИАЦИЯ МАМЛЕКЕТТИК АГЕНТТИГИНИН БУЙРУГУ 2025-жылдын 29-декабры № 12
«Кыргыз Республикасынын жарандык авиациясынын окуу жайларына тапшырышкан жана окуп жаткан жарандарды жана авиациялык персоналды медициналык күбөлөндүрүүдөн өткөрүү боюнча Колдонмону бекитүү жөнүндө»
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 3-марттагы № 115 «Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин айрым ченем жаратуу ыйгарым укуктарын мамлекеттик органдарга жана жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органдарына өткөрүп берүү жөнүндө» токтомуна ылайык, Эл аралык жарандык авиация уюмунун Стандарттары жана Сунушталган практикаларына шайкеш келтирүү максатында, жарандык авиациянын персоналын медициналык текшерүүдөн өткөрүүнүн тартибин жана мөөнөттүүлүгүн аныктоо максатында, Кыргыз Республикасынын Аба кодексинин 80-беренесине, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Жарандык авиация мамлекеттик агенттигинин 2025-жылдын 18-мартындагы № 01 буйругу менен бекитилген Кыргыз Республикасынын авиациялык эрежелери «КРАЭ-1. Авиациялык персоналга күбөлүктөрдү берүү» эрежелерине ылайык, буйрук кылам:
1. Кыргыз Республикасынын жарандык авиациясынын окуу жайларына тапшырышкан жана окуп жаткан жарандарды жана авиациялык персоналды медициналык күбөлөндүрүүдөн өткөрүү боюнча Колдонмо тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Жарандык авиация мамлекеттик агенттигине:
- ушул буйрукту аткарууга кабыл алсын;
- күчүнө кирген күндөн тартып үч жумушчу күндүн ичинде Кыргыз Республикасынын ченемдик-укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн ушул буйрукту мамлекеттик жана расмий тилдерде кагаз жана электрондук түрдө Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясына маалымат үчүн жөнөтсүн;
- катталган күндөн тартып үч жумушчу күндүн ичинде бул буйрук мамлекеттик жана расмий тилдерде «Эркин Тоо» газетасына жарыялансын.
3. Кыргыз Республикасынын Транспорт жана жол министрлигине 2017-жылдын 8-ноябрындагы № 3 «Кыргыз Республикасынын жарандык авиациясынын окуу жайларында окуган жана окууга тапшырып жаткан жактарды, борт коштоочуларды, борттук операторлорду, учуучу, диспетчердик курамды, медициналык күбөлөндүрүү жөнүндө Жобону бекитүү тууралуу» буйругун күчүн жоготту деп табуу сунушталсын.
4. Бул буйрук расмий жарыяланган күндөн тартып жети күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
5. Бул буйруктун аткарылышын көзөмөлдөө директордун орун басары К.Т. Төлөгөновго жүктөлсүн.
Директор
Д.К. Бостонов
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 4 · цитата келтиргендер: 1 · байланышкандар: 1
Цитата келтиргендер (1)
Шилтеме берет (4)
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 3-мартындагы № 115 "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин айрым ченем жаратуу ыйгарым укуктарын мамлекеттик…Постановление · 03.03.2023 · № 115
- Кыргыз Республикасынын АбаКодекс · 06.08.2015 · № 218
- Кыргыз Республикасынын Транспорт жана Жол Министрилигинин 2017-жылдын 8-ноябры №3 «Учкучтар, диспетчердик курамды, бортоператорлорду, борттук коштоочуларды, Кыргыз…Приказ · 08.11.2017 · № 3
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Жарандык авиация мамлекеттик агенттигинин 2025-жылдын 18-мартындагы № 01 «Авиациялык персоналга күбөлүк берүү жөнүндө.…Приказ · 18.03.2025 · № 01
Байланышкан документтер (1)
Булактын (cbd.minjust.gov.kg) маалыматы боюнча, кайсы акт кайсыга шилтеме берери көрсөтүлбөйт.