Кыргыз Республикасынын Транспорт жана Жол Министрилигинин «Учкучтар, диспетчердик курамды, бортоператорлорду, борттук коштоочуларды, Кыргыз Республикасынын жарандык авиациясынын окуу жайларына окууга тапшырган жана окуп жаткан жактарды медициналык күбөлөндүрүү жөнүндө Жобону бекитүү туралуу» буйругу
Бул документ боюнча сурооңуз барбы?Чат-боттун жообун документ менен салыштырыңыз
ЖИ мыйзамдын тексти боюнча жооп беретЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берет · акысыз
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ТРАНСПОРТ ЖАНА ЖОЛ МИНИСТРИЛИГИ БУЙРУК 2017-жылдын 8-ноябры №3 «Учкучтар, диспетчердик курамды, бортоператорлорду, борттук коштоочуларды, Кыргыз Республикасынын жарандык авиациясынын окуу жайларына окууга тапшырган жана окуп жаткан жактарды медициналык күбөлөндүрүү жөнүндө Жобону бекитүү туралуу» Жарандык авиация эл аралык уюмунун Стандарттарына жана Сунуш кылган практикасына ылайык келтирүүнү камсыздоо максатында 2014-жылдын 15-сентябрындагы №530 «Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым ченем чыгаруучу ыйгарым укуктарын аткаруу бийлигинин бир катар мамлекеттик органдарына өкүлдөө жөнүндө» токтомуна ылайык, БУЙРУК КЫЛАМ:
1. Учкучтар, диспетчердик курамды, бортоператорлорду, борттук коштоочуларды, Кыргыз Республикасынын жарандык авиациясынын окуу жайларына окууга тапшырган жана окуп жаткан жактарды медициналык күбөлөндүрүү жөнүндө тиркемедеги Жобо бекитилсин.
2. Бул буйрук расмий жарыялангандан 10 күн өткөндөн кийин күчүнө кире тургандыгы бекитилсин.
3. Кыргыз Республикасынын Транспорт жана жол министрлигине караштуу Жарандык авиация агенттиги бул буйрукту аткарууга кабыл алсын.
4. Бул буйруктун аткарылышын көзөмөлдөө Кыргыз Республикасынын Транспорт жана жол министринин орун басары Г.К.Абдралиевага жүктөлсүн.
Министрдин орун басары А. И.Жусубалиев
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 1 · цитата келтиргендер: 2 · байланышкандар: 0
Цитата келтиргендер (2)
- "Кыргыз Республикасынын жарандык авиация окуу жайларында окуган жана окууга тапшырып жаткан жактарды, борттук коштоочуларды, борттук операторлорду, учуучу, диспетчердик курамды…Положение · 08.11.2017
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Жарандык авиация мамлекеттик агенттигинин 2025-жылдын 27-декабрындагы № 12 «Кыргыз Республикасынын жарандык авиациясынын…Приказ · 29.12.2025 · № 12
Шилтеме берет (1)
- КР Өкмөтүнүн 2014-жылдын 15-сентябрындагы № 530 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым ченем жаратуу ыйгарым укуктарын аткаруу бийлигинин бир катар мамлекеттик органдарына…Постановление · 15.09.2014 · № 530 · Күчүн жоготкон