Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
Кыргыз Республикасынын Окмотунун « Туугандардын бирге иштешине жол берилүүчү мамлекеттик уюмдардын тизмеси жөнүндө»
Документ күчүн жоготкон
Документ реестрде «Утратил силу» деп белгиленген. Учурдагы редакциясын текшербестен күчүндөгү документтерде ага шилтеме берүүгө болбойт. «Постановление Кабинета Министров КР от 29 декабря 2025 года № 842 "О Перечне государственных или муниципальных организаций, в которых допускается совместная работа родственников"» негизинде күчүн жоготту. Учурдагы редакциянын датасы: 2025-12-29.
КР Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 29-декабрындагы № 842 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
Бишкек шаары, Өкмөт Үйү
2005-жылдын 16-августу N 372
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ
Туугандардын бирге иштешине жол берилүүчү
мамлекеттик уюмдардын тизмеси жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Эмгек кодексинин 68-статьясын ишке ашыруу
максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:
1. Туугандардын бирге иштешине жол берилүүчү мамлекеттик уюмдардын
тиркелген тизмеси бекитилсин.
2. Бул токтом жалпыга маалымдоо каражаттарында жарыялансын.
Премьер-министрдин милдетин аткаруучу Ф.Кулов
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн
2005-жылдын 16-августундага N 372
токтому менен бекитилген
Туугандардын бирге иштешине жол берилүүчү
мамлекеттик уюмдардын тизмеси
1. Мамлекеттик айыл чарба ишканалары менен уюмдары же айыл жерле-
ринде жайгашкан айыл чарбасы боюнча илимий изилдөө уюмдары. (*)
2. Темир жол транспортунун линиялык ишканалары. (*)
3. Байланыштын эксплуатациялык ишканалары менен уюмдары. (*)
4. Саламаттык сактоонун дарылоо-алдын алуу жана санаториялык-про-
филактикалык мекемелери. (*)
5. Окутуу жана тарбиялоо мекемелери.
6. Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын Кыргыз
Республикасынын бийик тоолуу жана жетүүгө кыйын болгон райондорунда
жайгашкан мекемелери.
7. Мамлекеттик театрлар, көркөм жамааттар жана студиялар.
8. Гидрометеокызматтын тармактык уюмдары.
9. Геологиялык экспедициялар, партиялар, отряддар жана участкалар.
10. Токой жана суу чарба уюмдары.
11. Айыл жерлериндеги агартуу, саламаттык сактоо, социалдык кам-
сыздоо уюмдары, маданий-агартуу мекемелери.
12. Жалпы пайдалануудагы жолдорду эксплуатациялоочу жол уюмдары.
(*)
13. Алыскы жана жетүүгө кыйын райондордо курулушту ишке ашыруучу
курулуш, курулуш монтаждоо жана башка адистештирилген уюмдар жана учас-
токтор. (*)
14. Көлмөдөгү, көлдөгү, суудагы балыкчылык чарбалары, балык завод-
дору, көбөйтүп-өстүрүүчү чарбалар жана балык питомниктери, балык чарба-
сынын башка ишканалары, мекемелери жана уюмдары. (*)
(*) - башкы бухгалтерлер менен кассирлердин кызматтарынан тышкары.
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 2 · цитата келтиргендер: 1 · байланышкандар: 1
Цитата келтиргендер (1)
Шилтеме берет (2)
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 29-декабры № 842 "Туугандардын бирге иштешине жол берилүүчү мамлекеттик же муниципалдык уюмдардын тизмеги жөнүндө" токтомуПостановление · 29.12.2025 · № 842
- Трудовой Кодекс Кыргызской РеспубликиКодекс · 04.10.1997 · № 70 · Күчүн жоготкон
Байланышкан документтер (1)
Булактын (cbd.minjust.gov.kg) маалыматы боюнча, кайсы акт кайсыга шилтеме берери көрсөтүлбөйт.
- Кыргыз Республикасынын Эмгек кодексиКодекс · 04.08.2004 · № 106 · Күчүн жоготкон