Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин «Кыргыз Республикасынын кесиптик жогорку билим берүүнүн мамлекеттик билим берүү уюмдарын кайра уюштуруунун айрым маселелери жөнүндө» токтому
Бул документ боюнча сурооңуз барбы?Чат-боттун жообун документ менен салыштырыңыз
ЖИ мыйзамдын тексти боюнча жооп беретЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берет · акысыз
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ 2025-жылдын 24-декабры № 826 Кыргыз Республикасынын кесиптик жогорку билим берүүнүн мамлекеттик билим берүү уюмдарын кайра уюштуруунун айрым маселелери жөнүндө
Финансылык, материалдык жана интеллектуалдык ресурстарды консолидациялоо, билим берүү кызмат көрсөтүүлөрүнүн дүйнөлүк рыногунда Кыргыз Республикасынын кесиптик жогорку билим берүүсүнүн мамлекеттик билим берүү уюмдарынын потенциалын жана атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүн жогорулатуу максатында, Кыргыз Республикасынын Президентинин 2025-жылдын 11-сентябрындагы № 256 “Кыргыз Республикасынын билим берүү чөйрөсүндөгү айрым маселелер жөнүндө” Жарлыгын ишке ашыруу үчүн, Кыргыз Республикасынын Граждандык кодексинин 92-статьясына, “Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. “Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университети” мекемеси ага төмөнкүлөрдү кошуу жолу менен кайра уюштурулсун:
1) “Баткен мамлекеттик университети” мекемесин;
2) “Талас мамлекеттик университети” мекемесин;
3) “Сатыбалды Нааматов атындагы Нарын мамлекеттик университети” мекемесин.
2. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 18-февралындагы № 86 “Кыргыз Республикасынын Баткен облусунун калкына мамлекеттик жана муниципалдык кызматтарды көрсөтүү жөнүндө” токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
жогоруда көрсөтүлгөн токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Баткен облусунун калкына мамлекеттик органдар тарабынан акысыз же жеңилдетилген негизде көрсөтүлүүчү мамлекеттик кызматтардын тизмесинде:
– 5-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
“
5
Кыргыз Республикасынын Агартуу министрлиги
Ден соолугу начар балдарды белгиленген окуу милдетинен тышкары башталгыч, негизги жана жалпы орто билим берүүнүн негизги жалпы билим берүү программалары боюнча үйдөн окутууну уюштуруу
Бакалавр квалификациясын ыйгаруу менен педагогикалык жогорку билимдүү мугалимдин бир сааттык эмгек акысынын өлчөмү – 87,80 сом
Акысыз
“;
– төмөнкүдөй мазмундагы 51 -пункт менен толукталсын:
“
51
Кыргыз Республикасынын Илим, жогорку билим берүү жана инновациялар министрлиги
Жалпы орто билим берүүнүн базасында белгиленген квотадан (мамлекеттик заказдан) тышкары (окутуунун күндүзгү формасында) кесиптик орто билим берүү
Кызыл-Кыя медициналык колледжи: контракт – 27 000 сом;
Т. Кулатов
атындагы Кызыл-Кыя кен техникалык инновация жана экономика колледжи: контракт – 16 800 сом; Сүлүктү педагогикалык колледжи: контракт – 16 000 сом
Окуп жаткандардын 10 %ы үчүн 50 % арзандатуу жана жетим балдардын жана ата-энесинин камкордугусуз калган балдардын, социалдык-аялуу үй-бүлөлөрдөгү балдардын жана эң жакшы бааларга окуган студенттердин арасынан окуп жаткандардын 15 %ы үчүн 25 % арзандатуу: Кызыл-Кыя медициналык колледжи: 50 % – 13 500 сом; 25 % – 20 250 сом;
Т. Кулатов
атындагы Кызыл- Кыя кен техникалык инновация жана экономика колледжи: 50 % – 8 400 сом; 25 % – 12 600 сом; Сүлүктү педагогикалык колледжи: 50 % – 8 000 сом; 25 % – 12 000 сом
Бакалавр даярдоо программалары боюнча белгиленген квотадан (мамлекеттик заказдан) тышкары окутуунун күндүзгү формасында кесиптик жогорку билим берүү
Ж. Баласагын
атындагы Кыргыз улуттук университети (Баткен облусунда жайгашкан түзүмдүк бөлүмдөр): контракт – 26 400 сом
Окуп жаткандардын 10 %ы үчүн 50 % арзандатуу жана жетим балдардын жана ата-энесинин камкордугусуз калган балдардын, социалдык-аялуу үй-бүлөлөрдөгү балдардын жана эң жакшы бааларга окуган студенттердин арасынан окуп жаткандардын 15 %ы үчүн 25 % арзандатуу:
Ж. Баласагын
атындагы Кыргыз улуттук университети (Баткен облусунда жайгашкан түзүмдүк бөлүмдөр) 50 % – 13 200 сом; 25 % – 19 800 сом
“.
3. Төмөнкүлөр күчүн жоготту деп таанылсын:
1) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1996-жылдын 19-июлундагы № 331 “Нарын мамлекеттик университетин түзүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Президентинин 1996-жылдын 22-майындагы Жарлыгын ишке ашыруу боюнча чаралар тууралуу” токтому;
2) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2000-жылдын 4-сентябрындагы № 545 “Баткен мамлекеттик университетин түзүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Президентинин 2000-жылдын 25-июлундагы Указын турмушка ашыруу тууралу” токтому;
3) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2000-жылдын 4-сентябрындагы № 546 “Талас мамлекеттик университетин түзүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Президентинин 2000-жылдын 25-июлундагы Указын турмушка ашыруу тууралу” токтому;
4) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 27-августундагы № 377 “Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жана күчүн жоготту деп табуу жөнүндө” токтомунун 10-пункту;
5) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 18-декабрындагы № 786 “Нарын мамлекеттик университетине Сатыбалды Нааматовдун ысмын ыйгаруу жөнүндө” токтому.
4. Кыргыз Республикасынын Илим, жогорку билим берүү жана инновациялар министрлиги:
1) “Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университети” мекемесинин уставын бекитсин;
2) ушул токтомдун 1-пунктунда көрсөтүлгөн кайра уюштурулуучу билим берүү уюмдарынын өткөрүп берүү актыларын бекитсин;
3) белгиленген тартипте “Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университети” мекемесин мамлекеттик кайра каттоону жүргүзсүн;
4) окуу процессин үзгүлтүксүз уюштурууну камсыз кылсын;
5) өз чечимдерин ушул токтомго ылайык келтирсин;
6) бул токтомдон келип чыгуучу башка чараларды көрсүн.
5. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги ушул токтомдун 1-пунктунда көрсөтүлгөн билим берүү уюмдарынын мамлекеттик билим берүү гранттарын каржылоону тиешелүү жылдарга республикалык бюджетте каралган каражаттардын чегинде жүзөгө ашырсын.
6. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.
7. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
“Эркин-Тоо” мамлекеттик расмий гезитинин 2025-жылдын 26-декабрындагы № 102 (3759) саны менен жарыяланды
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы
А.А. Касымалиев
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 10 · цитата келтиргендер: 7 · байланышкандар: 0
Цитата келтиргендер (7)
- КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 18-февралындагы № 86 "Кыргыз Республикасынын Баткен облусунун калкына мамлекеттик жана муниципалдык кызматтарды көрсөтүү жөнүндө" токтомуПостановление · 18.02.2022 · № 86
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 27-августундагы № 377 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жана күчүн…Постановление · 27.08.2007 · № 377
- Постановление Правительства КР от 4 сентября 2000 года №545 "О реализации Указа Президента Кыргызской Республики от 25 июля 2000 года "О создании Баткенского государственного…Постановление · 04.09.2000 · № 545 · Күчүн жоготкон
- Постановление Правительства КР от 4 сентября 2000 года №546 "О реализации Указа Президента Кыргызской Республики от 25 июля 2000 года "О создании Таласского государственного…Постановление · 04.09.2000 · № 546 · Күчүн жоготкон
- КР Окмотунун 2009-жылдын 18-декабрындагы №786 "Нарын мамлекеттик университетине Сатыбалды Нааматовдун ысмын ыйгаруу жөнүндө" токтомуПостановление · 18.12.2009 · № 786 · Күчүн жоготкон
- Постановление Правительства КР от 19 июля 1996 года № 331 "О мерах по реализации Указа Президента Кыргызской Республики от 22 мая 1996 года "О создании Нарынского…Постановление · 19.07.1996 · № 331 · Күчүн жоготкон
- Положение о Нарынском государственном университете ( Утверждено постановлением Правительства Кыргызской Республики от 19 июля 1996 года N 331)Положение · 19.07.1996 · № 331 · Күчүн жоготкон
Шилтеме берет (10)
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндөКонституционный закон · 11.10.2021 · № 122
- КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 18-февралындагы № 86 "Кыргыз Республикасынын Баткен облусунун калкына мамлекеттик жана муниципалдык кызматтарды көрсөтүү жөнүндө" токтомуПостановление · 18.02.2022 · № 86
- Кыргыз Республикасынын Президентинин 2025-жылдын 11-сентябрындагы ПЖ № 256 "Кыргыз Республикасынын билим берүү чөйрөсүндөгү айрым маселелер жөнүндө" ЖарлыгыУказ · 11.09.2025 · № 256
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 27-августундагы № 377 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жана күчүн…Постановление · 27.08.2007 · № 377
- КР Окмотунун 2009-жылдын 18-декабрындагы №786 "Нарын мамлекеттик университетине Сатыбалды Нааматовдун ысмын ыйгаруу жөнүндө" токтомуПостановление · 18.12.2009 · № 786 · Күчүн жоготкон
- КР Президентинин 2000-жылдын 25-июлундагы ПУ № 189 "Талас мамлекеттик университетин түзүү жөнүндө" ЖарлыгыУказ · 25.07.2000 · № 189 · Күчүн жоготкон
- Постановление Правительства КР от 4 сентября 2000 года №545 "О реализации Указа Президента Кыргызской Республики от 25 июля 2000 года "О создании Баткенского государственного…Постановление · 04.09.2000 · № 545 · Күчүн жоготкон
- Постановление Правительства КР от 4 сентября 2000 года №546 "О реализации Указа Президента Кыргызской Республики от 25 июля 2000 года "О создании Таласского государственного…Постановление · 04.09.2000 · № 546 · Күчүн жоготкон
- Указ Президента КР от 25 июля 2000 года УП №190 " О создании Баткенского государственного университета"Указ · 25.07.2000 · № 190 · Күчүн жоготкон
- Указ Президента КР от 22 мая 1996 года УП N 172 "О создании Нарынского государственного университета"Указ · 22.05.1996 · № 172 · Күчүн жоготкон