Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
Постановление Правительства КР «О реализации Указа Президента Кыргызской Республики от 25 июля 2000 года «О создании Баткенского государственного университета»
Документ күчүн жоготкон
Документ реестрде «Утратил силу» деп белгиленген. Учурдагы редакциясын текшербестен күчүндөгү документтерде ага шилтеме берүүгө болбойт. «Постановление Кабинета Министров КР от 24 декабря 2025 года № 826 "О некоторых вопросах реорганизации государственных образовательных организаций высшего профессионального образования Кыргызской Республики"» негизинде күчүн жоготту. Учурдагы редакциянын датасы: 2025-12-24.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 24-декабрындагы № 826 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
Бишкек шаары, Өкмөт Үйү 2000-жылдын 4-сентябры № 545
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ
"Баткен мамлекеттик университетин түзүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Президентинин 2000-жылдын 25-июлундагы Указын турмушка ашыруу тууралу
"Баткен мамлекеттик университетин түзүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Президентинин 2000-жылдын 25-июлундагы Указын аткаруу үчүн Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:
1. Ош мамлекеттик университетинин Кызыл-Кыя филиалыиын, Ош технологиялык университетинин Кызыл-Кыя филиалынын, Ош технологиялык уииверситетинин Сүлүктү филиалынын, Ош мамлекеттик университетинин Сүлүктү филиалынын, Оштогу жогорку педагогикалык колледждин Сүлүктү филиалынын, И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик педагогикалык университетинин Окуу-консультативдик пунктунун базасында башкы мекемеси Баткен шаарында жайгашуу менен Баткен мамлекеттик университети (БатМУ) түзүлсүн.
2. Баткен областтык мамлекеттик администрациясы эки айлык мөөнөттө Баткен мамлекеттик университетинин башкы мекемесин имарат, зарыл коммуникациялык кызматтар жана каражаттар менен камсыз кылсын; Баткен мамлекеттик университетин жарым-жартылай областтык бюджеттен финансылоо маселесин чечсин.
3. Кыргыз Республикасынын Билим берүү, илим жана маданият министрлиги:
- ушул токтомдун 1-пунктунда саналган билим берүү мекемелеринин негизги фонддорун, транспорт каражаттарын, финансылоо көлөмүн жана материалдык-техникалык каражаттарын 2000-жылдын 25-июлундагы абал боюнча Баткен мамлекеттик университетинин балансына акысыз тартипте өткөрүп берсин;
- Баткен обалсттык мамлекеттик администрациясы менен бирдикте Баткен мамлекеттик университетин материалдык-техникалык жана окуу-методикалык жактан камсыз кылуу маселелерин чечсин;
- Баткен мамлекеттик университетинин уставын каттасын, анын кызмат орундарынын тизмесин аныктасын;
- кадр маселелерин чечсин, керектөөнү жана актуалдуулукту эске алуу менен Баткен мамлекеттик университетинде кадрларды даярдоонун багытын жана адистигин аныктасын.
4. Баткен мамлекеттик университетин финансылоо Ош мамлекеттик университетине, Ош технологиялык университетине Оштогу жогорку педагогикалык колледжге жана И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик педагогикалык университетине бөлүнгөн каражаттардын чектеринде Кыргыз Республикасынын Билим берүү, илим жана маданият министрлиги тарабынан жүзөгө ашырыла тургандыгы белгиленсин.
5. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги Баткен мамлекеттик университетине биринчи курска 2000-2001-окуу жылына бюджеттик негизде 50 орун көлөмүндө студенттерди кабыл алууну жүзөгө ашыруу үчүн кошумча каражаттарды бөлсүн.
6. Кыргыз Республикасынын Билим берүү, илим жана маданият министрлиги, Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги жана Баткен обалсттык мамлекеттик администрациясы Баткен мамлекеттик университетинин окуу-өндүрүштүк базасын жана илимий-окутуучу курамын андан ары түзүү келечектерин эске алып 2010-жылга чейин аны өнүктүрүү жана калыптандыруу концепциясын бир айлык мөөнөттө иштеп чыксын.
7. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Кыргыз Республикасынын Билим берүү, илим жана маданият министрлигине жүктөлсүн.
Премьер-министр
А.Муралиев
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 2 · цитата келтиргендер: 1 · байланышкандар: 0
Цитата келтиргендер (1)
Шилтеме берет (2)
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 24-декабрындагы № 826 "Кыргыз Республикасынын кесиптик жогорку билим берүүнүн мамлекеттик билим берүү уюмдарын кайра…Постановление · 24.12.2025 · № 826
- Указ Президента КР от 25 июля 2000 года УП №190 " О создании Баткенского государственного университета"Указ · 25.07.2000 · № 190 · Күчүн жоготкон