Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
КР Президентинин ПУ № 189 «Талас мамлекеттик университетин түзүү жөнүндө» Жарлыгы
Документ күчүн жоготкон
Документ реестрде «Утратил силу» деп белгиленген. Учурдагы редакциясын текшербестен күчүндөгү документтерде ага шилтеме берүүгө болбойт. «Указ Президента КР от 11 сентября 2025 года УП № 256 "О некоторых вопросах в сфере образования Кыргызской Республики"» негизинде күчүн жоготту. Учурдагы редакциянын датасы: 2025-09-11.
Кыргыз Республикасынын Президентинин 2025-жылдын 11-сентябрындагы № 256 Жарлыгына ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИ ЖАРЛЫГЫ 2000-жылдын 25-июлу ПУ № 189 Талас мамлекеттик университетин түзүү жөнүндө (Кыргыз Республикасынын Президентинин 2006-жылдын 29-декабрындагы ПЖ № 646 Жарлыгынын редакциясына ылайык) Республиканын билим берүү системасын андан ары өнүктүрүү жана чыңдоо, окуу, илим жана өндүрүш потенциалын топтоонун региондук принцибин камсыз кылуу максатында, ошондой эле Талас областын социалдык-экономикалык жактан өнүктүрүү, анын жогорку квалификациялуу адистерге муктаждыгын эске алып, ТОКТОМ КЫЛАМ:
1. И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик педагогикалык университетинин Талас филиалынын, Кыргыз мамлекеттик курулуш, транспорт жана архитектура университетинин Талас филиалынын, Кыргыз мамлекеттик улуттук университетинин Талас филиалынын, Кыргыз агрардык академиясынын Талас филиалынын базасында Талас мамлекеттик университети түзүлсүн.
(Кыргыз Республикасынын Президентинин 2006-жылдын 29-декабрындагы ПЖ № 646 Жарлыгынын редакциясына ылайык)
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү Талас мамлекеттик университетин түзүү менен байланышкан уюштуруу жана финансы маселелерин бир айлык мөөнөттө чечсин.
3. Бул Указдын аткарылышына контролдук кылуу милдети Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын социалдык саясат бөлүмүнө жүктөлсүн.
4. Бул Указ кол коюлган күндөн тартып күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти
А.Акаев
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 2 · цитата келтиргендер: 4 · байланышкандар: 1
Цитата келтиргендер (4)
- Кыргыз Республикасынын Президентинин 2025-жылдын 11-сентябрындагы ПЖ № 256 "Кыргыз Республикасынын билим берүү чөйрөсүндөгү айрым маселелер жөнүндө" ЖарлыгыУказ · 11.09.2025 · № 256
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 24-декабрындагы № 826 "Кыргыз Республикасынын кесиптик жогорку билим берүүнүн мамлекеттик билим берүү уюмдарын кайра…Постановление · 24.12.2025 · № 826
- Постановление Правительства КР от 4 сентября 2000 года №546 "О реализации Указа Президента Кыргызской Республики от 25 июля 2000 года "О создании Таласского государственного…Постановление · 04.09.2000 · № 546 · Күчүн жоготкон
- КР Президентинин 2006-жылдын 29-декабрындагы ПЖ № 646 ""Талас мамлекеттик университетин түзүү жөнүндө" 2000-жылдын 25-июлундагы Кыргыз Республикасынын Президентинин Указына…Указ · 29.12.2006 · № 646 · Күчүн жоготкон
Шилтеме берет (2)
- Кыргыз Республикасынын Президентинин 2025-жылдын 11-сентябрындагы ПЖ № 256 "Кыргыз Республикасынын билим берүү чөйрөсүндөгү айрым маселелер жөнүндө" ЖарлыгыУказ · 11.09.2025 · № 256
2 ичинен 1 көрсөтүлдү. Толук тизме - шилтемелер панелинде.
Байланышкан документтер (1)
Булактын (cbd.minjust.gov.kg) маалыматы боюнча, кайсы акт кайсыга шилтеме берери көрсөтүлбөйт.