Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
Т.Кулатов айылдык кеңешинин «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына айрым мамлекеттик ыйгарым укуктарды берүү жөнүндө” келишимин бекитүү жөнүндө токтому
Т.КУЛАТОВ АЙЫЛДЫК АЙМАГЫ КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Т.Кулатов айылдык кеңешинин VIII-чакырылышынын кезектеги 7-сессиясы
2025-жылдын 30-майы №7-8 «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына айрым мамлекеттик ыйгарым укуктарды берүү жөнүндө” келишимин бекитүү жөнүндө Кыргыз Республикасынын Президентинин 2023-жылдын 29-декабрындагы ПЖ № 370 Жарлыгына негиз «Берилген айрым мамлекеттик ыйгарым укуктарды ишке ашыруу үчүн республикалык бюджеттен жергиликтүү бюджеттерге берилүүчү трансферттердин көлөмүн эсептөөнүн убактылуу методикасын бекитүү жөнүндөгү» жобосуна ылайык Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жана жергиликтүү мамлекеттик администрациялар жөнүндөгү» мыйзамына ылайык, Т.Кулатов айыл аймагынын айылдык кеңешинин VIII чакырылышындагы кезексиз сессиясынын отуруму токтом кылат:
1.Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 19-декабрындагы №715 токтомуна ылайык “жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына айрым мамлекеттик ыйгарым укуктарды берүү жөнүндөгү” Кыргыз Республикасынын Санариптик өнүктүрүү министрлигине караштуу Калкты каттоо департаменти менен Т.Кулатов айыл аймагынын айыл өкмөтү ортосунда Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2021-жылдын 11-мартындагы № 90 токтому менен бекитилген “Кыргыз Республикасында жарандык абалдын актыларын мамлекеттик каттоо тартиби жөнүндөгү” нускаманын негизинде түзүлгөн келишимине макулдук берилсин.
2.Токтомдун аткарылышы Т.Кулатов айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысынын орун басары-жооптуу катчы Таш уулу Эшполотко жүктөлсүн.
3.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Т.Кулатов айыл аймагынын айылдык кеңешинин “Мыйзамдуулук, мандат, укук, дин иштери, жана депутаттардын этика боюнча комиссиясына тапшырылсын.
Төрага
А.Эшимбаев
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 3 · цитата келтиргендер: 0 · байланышкандар: 0
Шилтеме берет (3)
- КР Өкмөтүнүн 2014-жылдын 19-декабрындагы № 715 "Берилген айрым мамлекеттик ыйгарым укуктарды ишке ашыруу үчүн республикалык бюджеттен жергиликтүү бюджеттерге берилүүчү…Постановление · 19.12.2014 · № 715
- Кыргыз Республикасынын Президентинин 2023-жылдын 29-декабрындагы ПЖ № 370 "Кыргыз Республикасынын айыл аймактарынын жана шаарларынын деңгээлинде пилоттук режимде…Указ · 29.12.2023 · № 370 · Күчүн жоготкон
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2021-жылдын 11-мартындагы № 90 "Кыргыз Республикасында жарандык абалдын актыларын мамлекеттик каттоо тартиби жөнүндө нускаманы бекитүү тууралуу"…Постановление · 11.03.2021 · № 90 · Күчүн жоготкон