Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
Көк-Жар айылдык кеңешинин Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына айрым мамлекеттик ыйгарым укуктарды берүү жөнүндө келишимин бекитип берүү жөнүндө токтому
КөК-ЖАР АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН КЕӉЕШИ ТОКТОМ Көк-Жар айылдык кеңешинин VIII-чакырылышынын кезексиз 7-сессиясы
2025-жылдын 15-майы №7-13 Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына айрым мамлекеттик ыйгарым укуктарды берүү жөнүндө келишимин бекитип берүү жөнүндө Кыргыз Республикасынын Президентинин 2023-жылдын 29-декабрындагы ПЖ №370 Жарлыгына негиз «Берилген айрым мамлекеттик укуктарды ишке ашыруу үчүн республикалык бюджеттен жеригилктүү бюджеттерге берилүүчү трансферттердин көлөмүн эсептөөнүн убактылуу методикасын бекитүү жөнүндөгү» жобосуна ылайык, «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жана жергиликтүү мамлекеттик администрациялар жөнүндөгү» мыйзамына ылайык, Көк-Жар айылдык кеңеши токтом кылат:
1.Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 19-декабрындагы №715 токтомуна ылайык, Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына айрым мамлекеттик ыйгарым укуктарды берүү жөнүндөгү» Кыргыз Ресупбликасынын Санариптик өнүктүрүү министирлигине караштуу Калкты каттоо департаменти менен Көк-Жар айыл өкмөтү ортосунда Кыргыз Республикасынын өкмөтүнүн 2021-жылдын 11-мартындагы №90 токтому менен бекитилген «Кыргыз Республикасында жарандык абалдын актыларын мамлекеттик каттоо тартиби жөнүндөгү» нускаманын негизинде келишим түзүүгө макулдук берилсин.
2.Токтомду мыйзам чегинде аткарууга алуу жагы Көк-Жар айыл өкмөтүнүн башчысынын орун басар-жооптуу катчысы Н.Бороновага жүктөлсүн.
3.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы мыйзамдуулук, билим берүү, ишкердүүлүк жана саламаттыкты сактоо боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага
Р.Арапов
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 3 · цитата келтиргендер: 0 · байланышкандар: 0
Шилтеме берет (3)
- КР Өкмөтүнүн 2014-жылдын 19-декабрындагы № 715 "Берилген айрым мамлекеттик ыйгарым укуктарды ишке ашыруу үчүн республикалык бюджеттен жергиликтүү бюджеттерге берилүүчү…Постановление · 19.12.2014 · № 715
- Кыргыз Республикасынын Президентинин 2023-жылдын 29-декабрындагы ПЖ № 370 "Кыргыз Республикасынын айыл аймактарынын жана шаарларынын деңгээлинде пилоттук режимде…Указ · 29.12.2023 · № 370 · Күчүн жоготкон
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2021-жылдын 11-мартындагы № 90 "Кыргыз Республикасында жарандык абалдын актыларын мамлекеттик каттоо тартиби жөнүндө нускаманы бекитүү тууралуу"…Постановление · 11.03.2021 · № 90 · Күчүн жоготкон