Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 50 жообу - акысыз.
Мисалы:
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 27 - ноябры № 759 «Кыргыз Республикасынын Энергетика министрлигинин иши чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» токтому
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ
2025-жылдын 27 - ноябры № 759
Кыргыз Республикасынын Энергетика министрлигинин иши чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Президентинин 2024-жылдын 5-июнундагы № 137 “2025–2030-жылдарга Кыргыз Республикасында коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча мамлекеттик стратегия жөнүндө” Жарлыгы менен бекитилген 2025–2030-жылдарга Кыргыз Республикасында коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча мамлекеттик стратегияны ишке ашыруу боюнча иш-чаралар планынын (2025–2027-жылдардын орто мөөнөттүү мезгилине I этап үчүн) 5-главасынын 1-пунктунун 2-пунктчасын ишке ашыруу максатында, “Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин
2021-жылдын 15-ноябрындагы № 247 “Кыргыз Республикасынын Энергетика министрлигинин маселелери жөнүндө” токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин: жогоруда көрсөтүлгөн токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Энергетика министрлиги жөнүндө жободо:
– 15-пункт төмөнкүдөй мазмундагы отуз экинчи абзац менен толукталсын:
“– коррупцияны алдын алуунун ички системасын түзүү жана иштетүү үчүн жоопкерчилик тартат;”.
2. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин
2021-жылдын 20-декабрындагы № 320 “Кыргыз Республикасынын Энергетика министрлигинин ведомстволук бөлүмдөрүнүн маселелери жөнүндө” токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) жогоруда көрсөтүлгөн токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Энергетика министрлигине караштуу Отун-энергетикалык комплексин жөнгө салуу боюнча департамент жөнүндө жободо:
– 17-пункт төмөнкүдөй мазмундагы он сегизинчи абзац менен толукталсын:
“– коррупцияны алдын алуунун ички системасын түзүү жана иштетүү үчүн жоопкерчилик тартат;”;
2) жогоруда көрсөтүлгөн токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Энергетика министрлигине караштуу Энергетикалык көзөмөл боюнча кызмат жөнүндө жободо:
– 15-пункт төмөнкүдөй мазмундагы он экинчи абзац менен толукталсын:
“– коррупцияны алдын алуунун ички системасын түзүү жана иштетүү үчүн жоопкерчилик тартат;”;
3) жогоруда көрсөтүлгөн токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Энергетика министрлигине караштуу Энергетика илимий-изилдөө институту жөнүндө жободо:
– 22-пункт төмөнкүдөй мазмундагы 61-пунктча менен толукталсын:
“61) коррупцияны алдын алуунун ички системасын түзүү жана иштетүү үчүн жоопкерчилик тартат;”;
4) жогоруда көрсөтүлгөн токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Энергетика министрлигине караштуу “Энергодолбоор” Кыргыз мамлекеттик илимий-изилдөө жана долбоордук-издеп табуу институту жөнүндө жободо:
– 25-пункт төмөнкүдөй мазмундагы 111-пунктча менен толукталсын:
“111) коррупцияны алдын алуунун ички системасын түзүү жана иштетүү үчүн жоопкерчилик тартат;”.
3. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин
2022-жылдын 7-июнундагы № 300 “Кыргыз Республикасынын Энергетика министрлигине караштуу “Кыргызтранснефтегаз” мамлекеттик ишканасын түзүү жөнүндө” токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин: жогоруда көрсөтүлгөн токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Энергетика министрлигине караштуу “Кыргызтранснефтегаз” мамлекеттик ишканасынын уставында:
– 31-пункт төмөнкүдөй мазмундагы онунчу абзац менен толукталсын:
“– коррупцияны алдын алуунун ички системасын түзүү жана иштетүү үчүн жоопкерчилик тартат;”.
4. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып жети күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы
А.А. Касымалиев
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 50 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 5 · цитата келтиргендер: 6 · байланышкандар: 1
Цитата келтиргендер (6)
- Кыргыз Республикасынын Энергетика министрлигине караштуу Отун-энергетикалык комплексин жөнгө салуу боюнча департамент жөнүндө жобо (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин…Положение · 20.12.2021 · № 320
- Кыргыз Республикасынын Энергетика министрлигине караштуу «Энергодолбоор» Кыргыз мамлекеттик илимий-изилдөө жана долбоордук-издеп табуу институту жөнүндө жобо (Кыргыз…Положение · 20.12.2021 · № 320
- Кыргыз Республикасынын Энергетика министрлигине караштуу Энергетикалык көзөмөл боюнча кызмат жөнүндө жобо (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын…Положение · 20.12.2021 · № 320
- Кыргыз Республикасынын Энергетика министрлигине караштуу Энергетика жана экономика илимий-изилдөө институту жөнүндө жобо (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин…Положение · 20.12.2021 · № 320
- (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 15-ноябрындагы № 247 токтомуна) "Кыргыз Республикасынын Энергетика министрлиги жөнүндө" ЖОБОПоложение · 15.11.2021 · № 247
- Кыргыз Республикасынын Энергетика министрлигине караштуу "Кыргызтранснефтегаз" мамлекеттик ишканасынын УСТАВЫ (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын…Устав · 07.06.2022 · № 300
Шилтеме берет (5)
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндөКонституционный закон · 11.10.2021 · № 122
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 20-декабрындагы № 320 "Кыргыз Республикасынын Энергетика министрлигинин ведомстволук бөлүмдөрүнүн маселелери жөнүндө"…Постановление · 20.12.2021 · № 320
- КР Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 15-ноябрындагы № 247 "Кыргыз Республикасынын Энергетика министрлигинин маселелери жөнүндө" токтомуПостановление · 15.11.2021 · № 247
- Кыргыз Республикасынын Президентинин 2024-жылдын 5-июнундагы ПЖ № 137 "2025-2030-жылдарга Кыргыз Республикасында коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча мамлекеттик стратегия…Указ · 05.06.2024 · № 137
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 7-июнундагы № 300 "Кыргыз Республикасынын Энергетика министрлигине караштуу "Кыргызтранснефтегаз" мамлекеттик ишканасын…Постановление · 07.06.2022 · № 300
Байланышкан документтер (1)
Булактын (cbd.minjust.gov.kg) маалыматы боюнча, кайсы акт кайсыга шилтеме берери көрсөтүлбөйт.